Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Нобелдин адабият сыйлыгын Боб Дилан алды


Боб Дилан
Боб Дилан

Нобел комитети адабият сыйлыгын америкалык ырчы Боб Диланга берүүнү чечти.

Музыка тарыхында Битлзден кийинки эле экинчи орунда аталып жүргөн Дилан өзү аткарган ырлардын музыкасын гана эмес сөздөрүн да жазат. Ушуну менен Нобел сыйлыгынын 2016-жылкы лауреаттарынын бардыгы аталды.

Сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда, филантроп Алфред Нобелдин өлгөн күнүндө өтмөкчү.

Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы Боб Диланга "америкалык ырлардын улуу салттарында жаңы поэтикалык сезимдерди жараткандыгы үчүн" ыйгарылды.

Швеция Академиясынын туруктуу катчысы Сара Даниустун жарыясын залда чогулгандар кол чабуулар менен тосуп алышты.

Боб Дилан тууралуу китептер.
Боб Дилан тууралуу китептер.

Нобел комитетинин уставында бул сыйлык көркөм адабиятка гана эмес, формасы же стили боюнча адабий баалуулук катары саналган башка да чыгармаларга ыйгарылары көрсөтүлгөн.

Буга чейин негизги талапкерлер арасында жапониялык жазуучу Харуки Мураками, кениялык драматург Нгуги Ва Тхионго, сириялык акын Адонис жана башкалар аталып жүргөн.

Rolling Stone ​журналынын 2010-жылкы сурамжылоосуна ылайык, Дилан музыка тарыхында мааниси боюнча Битлз тобунан кийинки экинчи орунда турат. Time журналы болсо 20-кылымдын эң таасирдүү адамдарынын тизмесине киргизген.

Ырларды 10 жашында эле жаза баштаган Дилан 1941-жылы АКШнын Миннесота штатында төрөлгөн. Өз аты Роберт Аллен Циммерман. Баса, өз өмүр баянын чагылдырган китебинде ырчы чоң энесинин фамилиясы Кыргыз экенин, анын үй-бүлөсү Түркиянын Карс чөлкөмүндөгү Кагызман районунан болгонун жазат.

Диландын эң таанымал чыгармалары 1960-жылдарга туш келет. Өз ырларында ал ошол кездеги социалдык толкундоолорду, курдаштарынын мүдөө-талаптарын чагылдырып келген. Анын Blowin' in the Wind жана The Times They are A-Changin' деген ырлары АКШдагы жарандык укуктар үчүн жана согушка каршы кыймылдардын расмий эмес гимнине айланган.

Ырчынын тексттерине саясий, социалдык, философиялык жана адабий көрүнүштөр чоң таасир тийгизген. Ошол кездеги кадыресе поп-музыкадагы тенденциялардан баш тарткан.

1994-жылдан бери Дилан сүрөттөрүнүн алты жыйнагын чыгарган, сүрөттөрү ошондой эле көптөгөн көргөзмөлөргө коюлган.

Музыканттын 100 миллион даана диски сатылган.

Ырчы Грэмми сыйлыгынын жети жолку лауреаты. Беш чыгармасы рок-н-роллдун Даңк залына камтылган. Дилан көптөгөн белгилүү фильмдерге жазылган саундтректердин автору. “Вундекринддер” деген фильм үчүн жазган ыры "Оскар" жана "Алтын глобус" кино сыйлыктарына татыган. 2008-жылы Пулицер сыйлыгынын калысы анын америкалык поп музыкага жана маданиятына салымын өзгөчө баалаган. 2012-жылдын май айында болсо президент Барак Обама Эркиндик медалин тапшырган, кийинки жылы болсо Франциянын Ардактуу легионунун орденин алган.

Барак Обамадан сыйлык алып жаткан учуру.
Барак Обамадан сыйлык алып жаткан учуру.

Адабияттагы жетишкендиктери үчүн Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери берилип келет.

Ошондон бери аны 108 киши алса, анын ичинде 14 аял-жазуучу болгон. Төрт ирет сыйлык бир нече кишиге ыйгарылган. Былтыр Нобел белорустук жазуучу Светлана Алексиевичке тапшырылган болчу.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG