Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Жаштыкты узарткан ачылыш Нобелди алды


Жапониялык окумуштуу Иосинори Осуми
Жапониялык окумуштуу Иосинори Осуми

Физика боюнча Нобель сыйлыгын быйыл британиялык үч окумуштуу: Дэвид Тулесс, Дункан Халдейн жана Майк Костерлиц алышты. Сыйлык топологиянын фазалык өткөөлдөрүн изилдөөгө кошкон салымы үчүн берилди. Бир күн мурда медицина тармагы боюнча сыйлык жапониялык окумуштуу Иосинори Осумиге ыйгарылган.

Сыйлыкты ыйгаруу комитетинин чечиминде көргөзүлгөндөй, британиялык илимпоздор «топологиянын фазалык өткөөлдөрүндө жана материянын топологиялык фазаларында» илимий теориялык ачылыштарды жасоо менен материялар ойку-кайкы абалдагы дүйнөнүн эшигин ачышты.

Комитет чечимин 4-октябрда Падышалык илимдер академиясынын баш катчысы Горан Хансон жарыялады:

- Швециянын падышалык илимдер академиясы 2016-жылкы физика боюнча Нобел сыйлыгынын жарымын Дэвид Тулесске, ал эми экинчи жарымын Дункан Холдейн менен Майк Костерлицке ыйгаруу чечимин кабыл алды. Бул сыйлык окумуштууларга топологиянын фазалык өткөөлдөрүндө жана материянын топологиялык фазаларында жасаган теориялык ачылыштары үчүн берилет.

Илимпоздордун ачылыштарын жаңы муундагы электрондук тутумдарда, жогорку өткөргүчтөргө ошондой эле квант компьютерлеринде колдонсо болот. Өз иликтөөлөрүндө лауреаттар геометриялык фигураларды иликтеген математиканын бир бөлүгү - топологияны колдонушкан.

Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары.
Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары.

Физика боюнча Нобел сыйлыгы ушуну менен 108-жолу берилип жатат. Биринчи лауреаттар 1901-жылы жарыяланган. Былтыр Нобел сыйлыгы нейтрино салмакка ээ экенин далилдеп чыккан жапониялык жана канадалык окумуштууларга берилген.

Сыйлык ээлеринин бири Дункан Холдейндин айтымында, бул көп жыл мурда эле жасалган ачылыш болгону менен жакында гана колдонула баштады. Анын кесиптештери Костерлиц жана Таулес материянын жалпак формасында, анын үстүндө же абдан ичке эки мерчемдүү катмарлардын ортосунда пайда болуучу феномендерге басым жасашкан. Бул нерсе бизге көнүмүш болуп калган үч мерчемдүү (узуну, бийиктиги, туурасы бар) мейкиндиктен кыйла айырмаланат.

Окумуштуулар 930 миң доллардай акчалай сыйлыкты үчкө бөлүп алышат. Үчөө тең учурда Кошмо Штаттарда жашайт.

Карылыкты токтото турса болот

3-октябрда Медицина жана физиология тармагы боюнча Нобел сыйлыгы жапониялык окумуштуу Йосинори Осумиге берилди. Ал бул сыйлыкты аутофагия механизмдеринин тармагындагы иликтөөлөрү үчүн алган.

Өзүнүн 1993-жылдагы иликтөөсүндө окумуштуу аутофагия үчүн өтө маанилүү делген 15 генди атаган.

Аутофагия - бул организмдин керексиз клеткалардан арылышы. Адам организминде эки карама-каршы процесс жүрүп турат: бири жаңы клеткалар менен белоктордун синтези, экинчиси эски клеткалардын тазаланып, калыбына келиши. Эгер организмде аутофагия басымдуулук кылса улгайуу процесси жайлайт.

Комитеттин мүчөсү Мария Масучи Осуминин иликтөөлөрү көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берерин айтты:

- Иосинори Осуми жасаган ачылыштар физиологиялык процесстин маанисин жана механизмин ачууда маанилүү ролго ээ. Бул адамдын көптөгөн ооруларын айыктыруу үчүн бир катар жаңы стратегиялардын жаралышына түрткү берет.

Аутофагия эмбриогенез процессинде же клетканын өзүн өзү жок кылуусунда абдан маанилүү. Эгер процесс бузулса жана жараксыз клеткалар жок болбосо, эмбрион тиричиликке ийкемсиз болуп калат. Бул жүрөк ооруларына алып келет. Аутофагияны иликтөө адамдын көптөгөн дартын айыктырганга жардам берет. Ошондой эле вирустарга жана клеткалар ичиндеги бактерияларга каршы иммунитетти активдештирет.

Дал ушул нерсени иликтеген Иосинори Осуми бул сыйлык ал үчүн күтүүсүз болгонун белгиледи:

- Акыркы жылдары мен күтүүсүздөн эле көп сыйлыктарга ээ болуп жатам. Нобел сыйлыгынын деңгээли, албетте, жогору. Мен бала кезимде Нобел сыйлыгын алууну кыялданчу элем. Бирок бул иликтөөнү баштаганда ал тууралуу дегеле ойлонбоптурмун.

Иосинори Осуми.
Иосинори Осуми.

Нобел сыйлыгын башка тармактар боюнча тапшыруу уланууда. Тынчтык сыйлыгы 7-октябрда берилери, ал эми химия боюнча лауреаттар 5-октябрда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG