Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Нобелди мите менен безгекти жеңгендер алды


Нобель сыйылыгынын жаңы лауреаттары (солдон оңго) Уильям Кэмпбелл, Сатоси Омура жана Юю Ту.
Нобель сыйылыгынын жаңы лауреаттары (солдон оңго) Уильям Кэмпбелл, Сатоси Омура жана Юю Ту.

Физиология жана медицина тармагындагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын жаңы лауреаттары аталды.

960 миң долларлык сыйлык инфекциялык же жугуштуу ооруларды дарылоонун жаңы жолдорун тапканы үчүн Ирландия, Жапония жана Кытай окумуштуулары: Уильям Кэмпбелл, Сатоси Омура жана Юю Туга ыйгарылды.

1901-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарыла баштагандан бери келаткан салтка ылайык, физиология жана медицина тармагындагы илимий ачылыштардын лауреаттары биринчи болуп жарыяланат. Ошо каада сакталып, 5-октябрда илимий чөйрөдөгү эң баалуу эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон илимпоздордун ысымы Швециянын борбору Стокгольмдо аталды.

- Каролин институтунун Нобелдик комитети физиология же медицина боюнча 2015-жыл үчүн Нобель сыйлыгынын жарымын мите курттар жаратчу инфекцияларды дарылоонун жаңы жолун иштеп чыкканы үчүн Уильям Кэмпбелл менен Сатоси Омурага, жарымын безгекти дарылоонун жолун тапканы Юю Туга ыйгарды.

Нобель сыйлыгы Швециянын акчасы менен 8 миллион крон. Аны доллар менен эсептегенде 960 миң болот.

Жогоруда айтылгандай, сыйлыктын тең жарымы ирландиялык Уильям Кэмпбелл менен жапониялык Сатоси Омурага, экинчи жарымы кытайлык Юю Ту айымга берилет.

Кэмпбелл жана Омура жасаган дары ичке кирип, тымызын иш бүтүргөн кыл курт пайда кылчу көз оорусуна жана денени бөлтөк-сөлтөк кылып салчу пил оорусуна шыпаа. Илимпоздор алар жасаган дары үй жандыктарынан адамга өтчү мите курттардын сазайын берерин айтышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, чиркей чаккандан пайда болчу өзөн сокур же онхоцеркоз менен дүйнөдө 18 миллионго жакын адам ооруйт. Алардын ичинен 600 миңдей адам көзүнөн шор агып же көрүүсү начарлап, сокур болуп калат. Бул илдет Батыш жана Ортолук Африкада көп кездешет.

Денеде жаңгактын уюлу сыяктуу бөтөн заттын өсүүсү же мүчөнүн бөөн сыңары чоңоюп кетүүсү пил оорусу деп аталат. Анын экинчи түрүнө кабылган адамдын денесинин кайсы бир бөлүгүндө кандын жүгүрүүсү бузулуп, ал жерде шишик пайда болот. Бул дартка дүйнөдө 120 миллион адам чалдыккан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришинче, 1,4 миллиард чамалуу адамда кан тамырынын берегидей илдетке чалдыгуу коркунучу бар. Ал оору дүйнөлүк экономикага жылына миллиарддаган доллар чыгым келтирет.

Илимий ачылышы Нобель сыйлыгынын теңине татыган кытайлык Юю Ту тапкан "Артемизин" дарысы безгек менен ооругандарга даба. Безгекти дарылоодо акыркы жылдары медиктер чоң ийгиликтерге жетишкенине карабай, ал жылына дүйнөнүн жарды өлкөлөрүндө, өзгөчө Африкада жарым миллиондон көп адамдын өмүрүн жалмайт. Алардын көбү наристелер.

Юю Ту медицина тармагында Нобель сыйлыгын алган 12чи аял болду. Ал безгекти дарылачу дарыны Кытай табыптары эчен кылымдар колдонуп жүргөн 2 миңден ашуун рецепттин арасынан таап, аны жасоонун жаңы технологиясын иштеп чыккан.

Нобель комитети билдиргендей, жаңы лауреаттардын илимий ачылыштары жыл сайын миллиондогон адамдарды майып кылган ооруларды жок кылууда адамзатка кубаттуу курал болуп берет.

XS
SM
MD
LG