Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Президентти Нобелге жеткирген мунаса


Хуан Мануэл Сантос
Хуан Мануэл Сантос

Нобел тынчтык сыйлыгы Колумбия президенти Хуан Мануэл Сантоско берилди. Норвегиянын Нобел комитети анын жарым кылымдан бери уланып келаткан жарандык согушка чекит коюу аракетин баалап, башка өлкөлөр да Колумбиядан үлгү алат деген ишенимин билдирди.

Сентябрдын этегинде Сантос жана солчул радикалдардын лидери тынчтык келишимине кол койгон эле. Бирок колумбиялыктар референдумда козголоңчулар менен макулдашууну четке каккан.

Президент Сантос жана Колумбиянын Революциялык куралдуу күчтөрүнүн (FARC) лидери Тимолеон Хименес тынчтык келишимине 26-сентябрда кол койгон. Өкмөт менен козголоңчулар согуштук аракеттерди токтотуу, жергиликтүү жана чет өлкөлүк судьялардан турган атайын трибуналдарды түзүү, мунапыс берүү жөнүндө макулдашкан.

Мунапыс согуштук жана адамзатка каршы кылмыштарга аралашкандарга жайылбайт.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун (солдо) жана Чили Мишел Бачелет (ортодо), Колумбия президенти Хуан Мануэл Сантос (оңдо). Колумбия өкмөтү менен Колумбиянын Революциялык куралдуу күчтөрүнүн тынчтык келишиминен кийин.
БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун (солдо) жана Чили Мишел Бачелет (ортодо), Колумбия президенти Хуан Мануэл Сантос (оңдо). Колумбия өкмөтү менен Колумбиянын Революциялык куралдуу күчтөрүнүн тынчтык келишиминен кийин.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү 2012-жылы башталып, төрт жылдан кийин жаатташкан тараптар беш баскычтан турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө макулдашуу боюнча мунасага келишти. FARC менен куралдуу тирешүү 52 жылга созулуп, 220 миңдей кишинин өмүрү кыйылган, 25 миң киши дайынсыз жоголууда. 5,7 миллиондон ашуун киши үй-жайсыз калган.

Октябрдын башында тынчтык келишими элдин добушуна коюлуп, бирок көпчүлүк аны колдобой койду. Буга карабай, президент Сантос ок атышпоо макулдашуусу улана берерин, FARC менен сүйлөшүүлөрдү токтотпосун билдирди.

Норвегиянын Нобел комитети “референдумдун жыйынтыгы Колумбиянын келечегинен күмөн жаратты, тынчтык процесси үзгүлтүккө учурап, жарандык уруш кайра тутанат деген кооптонууга жем таштады. Андыктан тараптардын ок чыгарбоону урматташы өтө маанилүү” деп белгиледи:

- Бул сыйлыкты көптөгөн кыйынчылыктарга, кыянатчылыктарга карабай тынчтыктан үмүт үзбөгөн Колумбия элине жана тынчтык процессине салым кошкон бардык адамдарга да таазим катары кабыл алуу керек. Албетте, сыйлык жарандык согуштан жапа чеккендерге да тиешелүү. Президент Сантос Колумбия өкмөтү менен FARCтын партизандары ортосундагы тынчтык келишимине алып келген сүйлөшүүлөрдүн демилгечиси болгон, - деди Норвегиянын Нобел комитетинин төрайымы Каси Кулман Файв.

Референдумда “жок” деп добуш бергендер тынчтык келишими FARCтын согуш кылмыштарын жасаган мүчөлөрүн жазасыз калтырууда дешет.

Келишимдин дагы бир шартына ылайык, козголоңчулар жаңжалдан жабыркагандарга компенсация төлөө үчүн өздөрүнүн мүлкүн, жер аянттарын, компанияларын, каражаттарын, активдерин өткөрүп бермекчи. Уюм куралдуу күрөштөн баш тартып, саясий партияга айлангандан кийин 2018-жылкы шайлоого катышуу укугуна ээ болмокчу.

Жараянды сактап калуу максатында Сантос 5-октябрда мурдагы президент, макулдашуунун ратификациясына каршы кыймылды жетектеп келген Альваро Урибе менен кездешти. Эртеси баш калаа Боготада өкмөт менен оппозиция лидерлиринин жолугушуусунда президент тынчтык келишимин создуктурбоо керектигин белгиледи:

- Келишимге жетишебиз деген ак ниет менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурсак, колумбиялыктардын көбүн канааттандыра турган жаңы макулдашуу боюнча орток пикирге келебиз деп ишенем. Бүтүндөй Колумбиянын кызыкчылыгында аны тезирээк ишке ашырууга тийишпиз. Сүйлөшүүлөрдү кечеңдетсек, тынчтык жараяны кыйрап калмакчы.

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

Быйыл Нобелдин тынчтык сыйлыгына 376 талапкер көргөзүлгөн, алардын 228 жеке адам жана 148 уюм. Бул сыйлык берүү тарыхындагы рекорддук сан.

Сыйлыктын акчалай өлчөмү 8 миллион швед кронасын же дээрлик бир миллион долларды түзөт.

Өткөн жылы сыйлык президент Бен Алинин бийликтен кулашы менен аяктаган ыңкылаптан кийинки улуттук диалог жана демократиялык жараяндарды жүргүзүү үчүн тунистик топко берилген.

Быйылкы фавориттердин арасында аталып жүргөн Сириядагы Ак Каскачан куткаруучулардын ыктыяр тобу жаңы лауреатты сыйлыгы менен куттукташты.

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG