Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Тынчтык сыйлыгын алган төртилтиктин эрдиги


Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгынын жаңы лауреаты-Тунистин улуттук диалог квартетинин мүчөлөрү.
Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгынын жаңы лауреаты-Тунистин улуттук диалог квартетинин мүчөлөрү.

Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгын Тунистеги улуттук диалог квартети алды.

Төртилтикке сыйлык “2011-жылкы “Жасмин ыңкылабынан” көп убакыт өтпөй Тунисте плюралисттик демократияны түзүүгө” кошкон албан салымы үчүн берилгени айтылат Норвегиянын Нобель комитетинин 9-октябрдагы жарлыгында.

Быйылкы Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты “Араб жазынан” кийин Тунисте түзүлгөн оор кырдаалда бийликтеги исламчыл жана оппозициядагы дүниябий партиялардын өз ара сүйлөшүүгө баруусуна арачылык кылган.

Тунистеги “Араб жазынын” натыйжасында, 2011-жылы өлкөнү 34 жылга чукул чоюн чеңгелинде кармаган Зин ал-Абидин Бен Али бийликтен оодарылып, диктатор Сауд Арабиясына качып кутулган.

2013-жылы улуттук парламенттин эки солчул мүчөсү исламчыл согушчандардын колунан өлгөнүнө байланыштуу динчил “ан-Нахда” партиясы менен өкмөткө каршы көчө жүрүштөр дембе-дем болуп жатты. Нобель комитетинин билдирүүсүндө белгиленгендей, “саясатчыларды өлтүрүүнүн жана социалдык толкундоолордун натыйжасында демократия жараяны кыйроо коркунучу астында” турган.

Көчөлөр менен аянттарга толгон эл “ан-Нахда” партиясынын исламчыларды саясий системага “камыр-жумур аралаштырууга” аракет кылууда жана исламчыл экстремисттерге каршы батыл күрөшпөйт деп айыптаган. Ал кездеги кырдаалды Норвегиянын Нобель комитетинин төрайымы Кэйси Каллмэн Файв 9-октябрда Осло шаарында Тынчтык сыйлыгына Тунистеги Улуттук диалог квартети татыктуу табылганын жарыялап жатып, төмөндөгүдөй сыпаттады:

- 2011-жылы январда Бен Алинин авторитардык режими кулагандан кийинки Тунистеги абал бир нече себептен улам уникалдуу жана өзгөчө. Биринчиден, ал исламчылар менен дүниябий саясий кыймылдар өлкөнүн асылбаа кызыкчылыгына жетүүдө чогуу иштей аларын көрсөттү. Коогалаңдуу чөлкөмдө диалог жана улуттук сезим канчалык баалуу экени Тунистин мисалы айгинелейт.

Мындай абалда Тунистин башкы эмгек союзу, Өнөр жай, соода жана кол өнөрчүлөр конфедерациясы, Адам укуктары лигасы жана Адвокаттар бирикмеси нааразыларды дагы бир ыңкылапка түрткөндүн ордуна саясий күчтөр менен сүйлөшүү жүргүзүүгө көндүрөт жана диалогго арачылык кылышат. Бул жараян тууралуу Кэйси Каллмэн Файв айым мындай деди:

- Экинчиден, Тунистеги өзгөрүүлөр коомдогу жарандык институттар менен уюмдар өлкөнү демократиялаштырууда омоктуу роль ойной аларын, бул сыяктуу жараяндар өтө татаал кырдаалда дагы шайлоонун эркин бийликтин тынчтык жолу менен алмашуусу мүмкүн экенин көрсөттү. Бул жетишкендик жана "Жасмин ыңкылабынын" ийгилиги колдон учпай, үзүрлүү пайдаланылганы үчүн Улуттук диалог квартетинин эмгеги зор.

Төртилтиктин арачылыгы менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө “ан-Нахда” жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө, өкмөт болсо бийликти улуттук ассамблеяга өткөрүп берүүгө көнөт. Өлкөдө Сирия же Ливияны астын-үстүн кылгандай жарандык согуштун учкуну өчүрүлөт.

Былтыр күздөгү шайлоодо “ан-Нахда” жеңилет, бирок "шайлоо жыйынтыгын тааныбайм" дебестен жеңүүчүлөрдү куттуктап, “конструктивдүү оппозицияга” өтөт.

Бүгүн бирок Тунисте абал туруктуу нукка түштү деп айтканга эрте. Ошон үчүн, Лондондо чыкчу “Телеграф” гезити Нобель комитети сыйлыкты бүткөн иш үчүн эмес, “үмүт үчүн ыйгарды” деп жазды.

Быйыл Нобель атындагы Тынчтык сыйлыгына 273 талапкер, анын ичинде 68 уюм жана 205 адам көрсөтүлгөн. Букмекерлер менен далдалчылардын ишениминде, сыйлыкты Германиянын канцлери Ангела Меркел же католик диниятчылары: эритериялык Мусса Зеран менен Рим Папасы Франциск экөөнүн бири алышы керек эле. Алар Тунистеги улуттук диалог квартетин алдыңкы ондуктун катарына да кошкон эмес.

Тунистик квартетке 8 миллион швед крону 10-декабрда Ослодо тапшырылат. Бул доллар менен эсептегенде 975 миң долларга барабар акча.

XS
SM
MD
LG