Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Кытайды капа кылган Нобель сыйлыгы


Кытай бийлигинин чечимине нааразылар митинг өткөрүштү.
Кытай бийлигинин чечимине нааразылар митинг өткөрүштү.

Норвегияда Нобель сыйлыгынын комитети бул жылы Тынчтык сыйлыгы тапшырылбай калышы ыктымалдыгын билдирди. Себеби анын быйылкы лауреаты, кытай диссиденти Лю Сяобонун үй-бүлөсүнөн сыйлыкты алууга бирөө да келе алчудай эмес.

Жыл сайын 10-декабрда Норвегиянын ордо калаасы Ослодо дүйнөгө белгилүү, мартабалуу Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп турат. Бирок бул жылы алты өлкө Нобелдин Тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземине катышуудан баш тартты.

Лю Сяобо ушул тапта түрмөдө жатат. Анын жубайы да үй камагында. Нобель сыйлыгынын комитетинин катчысы Гейр Лундестаддын айтымында, 10-декабрда өтчү салтанатка катышуу ниетин Лю Сяобонун үй-бүлөсүнөн эч ким билдирген эмес.

Лю Сяобо жубайы менен
Ырасмий Бээжин Лю Сяобону кылмышкер деп эсептейт. Ошондон улам Нобелдин Тынчтык сыйлыгы “мамлекеттик түзүлүштү бузууга чакырык таштаган” деген айып менен 11 жылга эркинен ажыратылган Люга ыйгарылганын уккандан тарта кытай бийлиги нааразылыгын билдирип келет.

54 жаштагы Лю Сяобо “Кытайда көп партиялуулук орноп, адам укугу корголсун” деген ураан менен “Хартия-08” уюмун түзгөнү үчүн камакка алынган.

Люга сыйлык ыйгарылганын угары менен бийлик Лю Сяобонун жубайын үй абагына кескен. Бул Люнун жакындарын өлкөдөн чыгарбоо үчүн жасалган кадам болгону айтылууда. Эгерде Люнун өзү, же жакындары сыйлык тапшыруу аземине келбей калса анда 1,4 миллион доллар бул жолу эч кимге тапшырылбай кала тургандыгын комитеттин өкүлү билдирген.

Ошону менен катар Кытай башка мамлекеттерди да быйылкы салтанатка катышпоого үндөгөнүн саясий серепчи Андрей Гаврилов айтат:

Гейр Лундестад
- Кийинки учурда Кытай башка өлкөлөргө өз дипломаттарын Нобелдин сыйлыктарын тапшыруу салтанатына катыштырбашын сурап, болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүүдө.

“Горбачев” корунун адиси Павел Палажченко мындай дейт:

- Дүйнөлүк саясатта азыр Кытай абдан олуттуу оюнчу, ал сунуштаган маселеге көңүл бурбай коюуга йт Ошондой болгон күндө да Батыш өлкөлөрүнүн Бээжин кысымына кайраттуу турушу өрнөк болчу көрүнүш. Орусия жана дагы бир нече өлкө кыя албай, Кытайдын кебине кирип, макул болуп беришти.

Маалым болгондой, Кытай, Ирак, Казакстан, Куба, Марокко жана Орусия Нобелдин Тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземине катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG