Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Жакынкы Чыгыштагы саясий оюнчулар


Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү

Жакынкы Чыгышта былтыр “Араб жазы” башталгандан кийин регионалдык күчтөрдүн жүрүшү өзгөрдү. Газа тилкесиндеги жаңжал чөлкөмдөгү оюнчулардын күрөш эрежесин дагы өзгөртүүдө. “Азаттык” аймактагы регионалдык жана эл аралык күчтөрдүн картасына сереп салат.

Жакынкы Чыгыш боюнча адистер Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжалды палестиндердин солчул кыймылынын ичиндеги өзгөрүүлөр менен регионалдык күчтөрдүн: бир жагынан, Сирия, Иран, Египет жана экинчи жактан Израилдин алакасынын өзгөрүшүнүн жыйынтыгы катары баалашууда.

Израил жана премьер Нетаньяхунун өкмөтү
Израилдин абадан жана кургактан ура турган соккусунун максаты палестиналык исламчыл ХАМАС тобунун Израилдин түштүгүн бутага алып, Газага аткан ракеталарын токтотуу. Израилдин аскерий өнөктүгү укуктук жактан алганда, ХАМАС башкарган Газа тараптан (2008-жылдын этеги менен 2009-жылдын башында 3 аптага созулган уруш жүргөн аймактан) күндө атылган ракеталык чабуулдарга жооп деп саналат.

Израилдин АКШдагы элчиси Майкл Орен расмий Тел-Авив «өтө сабырдуулукту карманып», 2009-жылдан бери Газадан атылган 2 жарым миңден ашуун ракетага жооп кайтарбаганын билдирген. Израил бийликтери Евробиримдик, АКШ менен бирге ХАМАСты «террорчул уюм» деп тааныган.

Израилдин коопсуздук кызматы Шин-Беттин маалыматы боюнча ушул жылдын 14-ноябрында Израил ХАМАСтын аскерий жетекчиси Ахмед Жабарини абадан сокку уруп өлтүргөнгө чейин Газадан Израилди көздөй 1 жарым миң ракета атылган. Андан бери Израилдин коргоо күчтөрү Газадан 850 ракета атылып, алардын 300дөн ашууну Израилдин ракетадан коргонуу системасы аркылуу жок кылынганын маалымдайт.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху «Эгер Израил куралын таштаса андан ары Израил болбойт. Эгер арабдар куралын таштаса андан ары согуш болбойт» деп билдирди.

Палестин топтору: ХАМАС жана ФАТХ
ХАМАС - колдоочулары Батыш жээк менен Газа аймагында израилдик баскынчыларга каршы турган мыйзамдуу кыймыл катары мүнөздөшөт.
Бул кыймыл 1987-жылы палестиндердин Израилге каршы биринчи козголоңунан (интифада) кийин түптөлгөн. ХАМАС уставында көрсөткөндөй, Израилди жок кылууну өзүнө максат кылып коёт. ХАМАС тобу Израил таанымайынча, ал да Израилди тааныбай турганын расмий билдирген.

2006-жылы Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАС жеңген. Бирок бул жеңиш Батыш жээкти көзөмөлдөгөн Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын секулярдык улутчул ФАТХ тобу менен каршылашуусуна жем таштаган. Иш жүзүндө 2007-жылы Газадагы тирешүү күч алгандан тарта Газаны контролдоп калган ХАМАС менен автономияны жетектеген ФАТХ бири-биринен саясий жана географиялык жактан ажыраган.

ХАМАСтын Сирияда жайгашкан Саясий бюросу Газада жетекчилик ролуна караганда кыймыл табиятынан козголоңчул мүнөзгө ээ. “Араб жазы” Жакынкы Чыгыштагы саясий жагдайды өзгөрткөндөн бери Газадагы ХАМАСтын лидерлери радикалчыл кыймылдын жогорку жетекчилиги экендигин айтып келүүдө.

Сирия жана президент Башар ал-Асаддын режими
Палестина боюнча америкалык “Task Force” уюмунун ага изилдөөчүсү Хусейин Ибиштин байкашынча, Сириядагы элдик козголоң ХАМАСтын тышкы союздаштарын активдештирген негизги регионалдык фактор болду. ХАМАСтын Саясий бюросу Дамасктагы баш кеңсеси аркылуу Иран жана Сирия менен жакын алакада болгон. Бирок Ибиш жакында "Foreign Policy" журналына жазганына караганда, ХАМАС президент Башардын режимин кулатууга аракеттенгени дайын болгондон кийин Сирия өкмөтү менен ХАМАСтын ортосундагы мамиле “такыр үзүлгөн”. Натыйжада ХАМАСтын Саясий бюросу Дамасктагы баш кеңсесинен күч менен чыгарылган жана анын мүчөлөрү араб өлкөлөрүнө тарап кеткен.

Иран жана президент Махмуд Ахмадинежад
Иран Сириянын негизги өнөктөшү, ошол эле учурда ХАМАСты көп жылдар бою колдоп жүрөт. 2010-жылы Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад ХАМАСты палестин калкынын чыныгы өкүлдөрү деп атаган. Бул Палестин автономиясын башкарган ФАТХ тобунун ачуусун келтирип, уюм Иранды палестин элин бөлүп, жиктешүүнү күчөтүүдө деп айыптаган. Ал ортодо Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас “Араб жазына” чейин ХАМАСты негизинен Иран каржыланганын жарыя кылып жиберди. Ибиш Дамаскта ХАМАСтын Саясий бюросунун жабылышы “ХАМАСка мурункуга салыштырганда солгунураак колдоо көрсөтүп калган Иран менен мамилеге катуу зак кетиргенин” айтат. Ага карабастан, Тегеран ХАМАСка колдоо көрсөткөн билдирүүлөрдү таратууда. Сентябрда Ахмадинежад Израилди Жакынкы Чыгышта тамыры жок “баскынчы” деп, ошон үчүн “тыптыйпыл” кылуу керектигин айткан. Башта болсо Ахмадинежад Израилди “илдет” деп атап, бул өлкө дүйнөлүк картадан жок болушу керек деп жар салган.


Ливан жана “Хезболла”
Ливандагы “Хезболла” тобунун лидери Хассан Насралла араб өлкөлөрүн ХАМАСка колдоо көрсөтүп, согуштан качкан палестиндиктерге өз чек араларын ачууга чакырды. Насралла араб лидерлерин газалык палестиндерге натыйжасыз колдоо көрсөтүүдө деп сындады. Израилди болсо Сириядагы жарандык согуштан пайдаланып, Газага сокку урууда деп сындады. Анын айтуусунда, “Хезболла” 2008-2009-жылдары Газада болгон калабада ХАМАСка Сирия аркылуу жардам берген, азыр Сириядагы согуштун айынан андай мүмкүнчүлүк жок.

Египет жана президент Мохаммед Мурси
Газадагы калаба Египеттин жаңы шайланган президенти Мохаммед Мурсиге чоң жоопкерчилик жүктөдү. Египет миллиондогон долларлык аскерий жардам көрсөткөн АКШ, Сауд Аравия жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу институттардан келген экономикалык көмөктөн кол жууп калбас үчүн алар менен сый мамилени кармап туруусу абзел. 2011-жылы элдик көтөрүлүштүн аркасы менен бийликтен кулаган мурдагы президент Хосни Мубарак Израилдин Жакын Чыгыштагы жакын өнөктөшү саналган. Азыр египеттиктер Мурсини Газадагы жаңжалды карап турбай, кырдаалга киришүүгө үндөөдө. Бул президент Мурсиге Израил менен палестиндердин ортосундагы тынчтыктын данакери болуу вазийпасын жүктөйт.

Катар
Катар Израилди колдогон АКШнын өнөктөшү. Бирок соңку жылдары ХАМАС менен Израил ортосундагы жаңжалда Катардын ХАМАСты колдоосу расмий Доханын америкалыктар менен мамилесине көлөкө түшүрүүдө. Октябрь айында Катардын эмири шейх Хамад бин Халива ат-Тани 2007-жылы ХАМАС бийлик жүргүзө баштагандан кийин Газага биринчи сапар жасаган мамлекет башчы болду. Газада Израилдин аракеттери күчөй баштагандан тарта Катар бийликтери Израил “өз жазасын алсын” деген көз карашын билдирди. Серепчилер Катарды Египет менен бирге Газадагы кырдаалды жөндөөчүлөрдүн катарында аташууда.

Араб лигасы
Баш катчы Набил ал-Араби жетектеген Араб лигасы Израил менен ХАМАСты тынчтыкка чакырууда жана Египеттин ортомчулук аракеттерин колдоодо. Араб өлкөлөрү “Израилдин палестиналыктарга каршы агрессиясын” айыптады жана “агрессияга каршы туруп, Газа тилкесин бир жактуу камалоону бузуп, Израил 2007-жылдан тарта Газага каршы киргизген экономикалык блокаданы токтотууга” чакырууда.

Түркия
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган палестиндер менен израилдиктерди өз ара аткылашууну тезинен токтотууга чакырды. Израилдин Газага киргизген эмбаргосун “акырындап токтотуп”, 90 күндүн ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштады. Дүйшөмбү күнү Эрдоган Газадагы булоон үчүн Израилди “террорчу мамлекет” деген кескин сөзүн айтты.


Просмотреть увеличенную карту

Кошмо Штаттар
АКШ жетекчилиги ХАМАСты Газадагы зордук-зомбулук үчүн күнөөлөп, эки тараптан тең набыт болгондор жана жараат алгандар үчүн кабатырланганын билдирген. 18-ноябрда АКШнын президенти Барак Обама Израил Газадан атылган ракеталардан өзүн коргоого толук укуктуу экенин айтып, бирок израилдик армиянын кризисти “курчутпоосу” жагдайды жеңилдетээрин эскертти. Обама ХАМАСтын Израил тарапка аткан ракеталары “окуяны сур булутка чырмады” деп айтты.

БУУнун Коопсуздук кеңеши
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши ХАМАС менен Израил ортосундагы зордук-зомбулукту токтотууга чакырганы менен азыркыга чейин конкреттүү чара көрө элек. Араб лигасынын чабармандары Коопсуздук кеңешин Израилдин чабуулдарын айтыптоого чакырса, Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сюзан Райс “Израилдин калкына каршы ХАМАС жана башка террорчул уюмдардын зомбулугун актоого болбойт” деди. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун “Изрилдин түштүгү менен Газада зордук-зомбулук күчөп баратканы кейишитүү жана кырдаалдын мындан аркы курчушун токтотуу керек” деген билдирүү таратты. Баш катчы кризис тууралуу Израилдин премьери Нетаньяху жана Египеттин президенти Мурси менен сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG