Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Франциянын күкүгү Эдит Пиаф


Биз демейде бул же тигил тарыхый инсанды сөз кылганда “доор күзгүсү” же “заман жарчысы” деп айтып калабыз.

Чынында эле улуу ырчы Токтогулдун өмүрү, баскан жолу, адам катары, инсан катары тагдыры кыргыз элинин эки кылым тогошкон кездеги тарыхынын күзгүсү эмей эмне.
Франциянын атактуу ырчысы, бүтүндөй улуттун доошу жана абазы атанган Эдит Пиаф да кудум ошондой кайталангыс тарыхый инсандардын катарына кирет.


Франциянын күкүгү Эдит Пиаф
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:13 0:00
Түз линк



Экинчи дүйнөлүк согуштун учурундагы немис баскынчыларынын таманы астында калган Франция, ушул улуу калктын ары жана намысы, каргылданган үнү, бирде шайыр, бирде кайгылуу турмушу Эдит Пиафтын жеке тагдырында, эч кимге окшошпогон, ошону менен бирге терең, кимди да болсо ойго салган, толкундаткан ырларында күзгү сыяктуу чагылды.

Суроо туулат: деги Эдит Пиаф кандай инсан, эмне деген адам, кандай аялзаты болгон?

Жооп: Эдит 1915-жылы кедей үй-бүлөдө туулуп, атасы көчө циркинде ойногон акробат, апасы чала-була артист, айтор эптеп-септеп оокат кылган жөнөкөй кишилер экен.

Атасы Эдит туулган жылы фронтко кетип, апасы артисттик иши менен жер кыдырып, акыры экөө ажырашып тынып, натыйжада кичинекей Эдит бармактайынан чоң энесинин колунда өсүптүр. Алты жашына чейин көзү көрбөй, кийин чоң энеси аны Ыйык Тереза деп аталган касиеттүү жерге алпарып, эмдетип-домдоткондон кийин гана көзү көрө баштаптыр.

Кызы кичине болсо да ырды жакшы көрөөрүн угуп, согуштан аман-эсен келген атасы Эдитти жетелеп алып, көчө кыдырып ырдатчу экен, кызын көпчүлүктүн көңүлүн алып ырда, керек болсо бийле деп үйрөтчү экен.

Келечектеги улуу ырчынын чыгармачылык жолу ошентип көчөлөрдө, цирк шапитолорунда башталыптыр. Он беш жашка толгондо кабареде ыр ырдап, ошол оор турмуштун айынан бою да анча өспөй, бирок сакадай бою сары алтын, башкача айтканда шайыр, бешенеси жарык, ким менен болсо да тил таап кеткен өнөрлүү кыз болуп бойго жетиптир. Он жети жашында турмушка чыгып, кыздуу болуп, бирок ал кызы ич келтеден улам кичинекей кезинде эле чарчап калган экен. Ошондон кийин Эдит Пиаф бир нече жолу турмушка чыгып, бирок эч бир бала төрөй албаптыр.

Эдит Пиафтын ырчы катары, чыныгы сахна жылдызы катары багын ачкан, өз стили бар, эч кимге окшошпогон артист кылып тарбиялаган анын экинчи күйөөсү Раймон Ассо аттуу акын болуптур. Биз билген улуу Пиафтын багын ачкан ошол Раймон Ассо экен. “Париж жана Ак деңиз”, “Менин легионерим” , “Сүйүү гимни”, “Кичинекей Мари” сыяктуу азыр классика болуп калган ырлар атайын Пиаф үчүн жазылып, бул ырларды элге алып чыккан да Пиаф экен. Ошентип көчөлөрдө ырдап нан тапкан Эдит кийин бүткүл Франциянын, бара-бара Европанын эң сүйүктүү ырчыларынын бирине айланыптыр.

Баса белгилеп кетели: Эдит театр сахнасында чоң оркестрдин коштоосу менен аткарылган арияларды эмес, чакан кафелерде, эл арасында ырдалган жөнөкөй ырларды, аскерлер окоптордо жатып, партизандар отту тегеректей отуруп созгон обондорду алып чыкты. Согуш аякатаган соң ырчы репертуарын ого бетер кеңейтти. Акыры француз ырларын эл аралык аренага таанытты. Ошентип жаңы Францияны, эч качан картайбаган, ар дайым жаңылык менен жашаган кереметтүү Парижди дагы бир жолу дүйнөгө көрсөттү, качан болсо жаш, оюндуу жана күлкүлүү, чоң маданияттын санжыргалуу борбору эсептелген кереметтүү шаардын жандуу символуна айланды.

Дүйнөлүк экинчи согуш башталганда Эдит эл аралык аренада таанылып калган ырчы болгон. Франция фашисттердин оккупациясы алдында калганда эч нерседен коркпогон Пиаф токойдогу партизандардын арасында да, Германияда туткунда калган француздардын арасында да патриоттук ырлары менен дем берген экен. Элестүү айтканда, согуш убагында жана согуштан кийин Эдит Пиафтын үнү сөздүн түз маанисинде Франциянын дирилдеп чыккан доошу, үмүттүн отун жандырган руханий ишеними сыяктуу кабыл алынып калган.

Кийин, согуш аяктаган соң Америкага келип концерт бергенде Пиафтын концертине келген президент Гарри Трумэн баштаган саясатчылар, журналисттер Эдит ырдаган ырлардан биринчи кезекте Франциянын күчтүү рухун, маданий кудуретин жана улуттук символун көрүшкөнү бекеринен болгон эмес чыгаар.

Эдит Пиаф Раймон Ассодон кийин да төрт жолу турмушка чыкты. Бирок эч бир балалуу боло албады. Эдит ал кайгысын эч качан сыртка чыгарбаса да, өтө катуу кыжаалат болгондо морфий ичип, өзүн-өзү сооротконун да айта кетишибиз керек. Тилекке каршы, морфий деген морфий го, ошонун айынан акыры Эдит Пиаф ооруга да чалдыкты, нечен азаптарды тартты.

Анын ырчы катары эң акыркы триумфу, өз күйөрмандары менен, Франция менен коштошуусу Париждеги Эйфел мунарасынан туруп элге кайрылып ырдаган учуру десек туура болот го.

Эдит Пиаф 1963-жылы каза болду. Сөөгү атактуу Пер-Лашез көрүстөнүнө, Франциянын эң эле атактуу деген адамдары менен катар коюлду. Аны менен коштошууга миңдеген адамдар катышып, көчөлөргө гүл батпай, бүт Париж тикесинен тик турду. Бирок Эдит эч бир өлгөн жок. Анын артында кереметтүү ырлары, Шарль Азнавур, Ив Монтан сыяктуу окуучулары калды. Анын артында ар дайым ыраазычылык менен эстеген, Эдит Пиафтын атын кастарлап сактаган Франция калды.

XS
SM
MD
LG