Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Мустафа Кемал Ататүрк


“Ататүрк - сен Түркиясың” деп жазган экен бир түрк акыны. Чынында да сөз төркүнү ошондой. Мустафа Кемал Ататүрк - азыркы Түркиянын негиздөөчүсү, эң биринчи мамлекет башчысы, улуу реформатор, стратег жана аскер башчы.

“Баатырды тарых жаратат, тарыхты эл жасайт” деген сөз бекеринен айтылбаса керек.

Алты кылым өкүм сүргөн Осмон империясы ХХ кылымдын башында өзүнөн-өзү ыдырап, Европанын алдуу-күчтүү мамлекеттеринин талоонуна түшө баштаган заманда, империя түгүл, түрктөр өз ата-конушун жогото баштаган кезде алардын бактысына Ататүрк жаралыптыр.

Ошол опурталдуу заманда дал Ататүрк баш көтөргөн түрк азаматтарын тегерегине топтоп, ошол кездеги баш-аягын таппай калган султандын бийлигине ачык да, жашыруун да тайманбай каршы чыккан.

Ошол тагдыр чечкен опурталдуу убакта Кемал паша: “Я истиклал, я өлүм!” деген ураанды таштап, бардык түрк азаматтарына, уул-кыздарына кайрылган. Түрктөрдүн жерин ар кайсы жеринен бөлүп-жарып, өз бийлигине өткөрүп аткан европалыктардын союзуна, алардын айтканына көнүп берген султандын өзүнө каршы согуш ачкан.

“Я истиклал, я өлүм!”, башкача айтканда “Же эркиндик, же өлүм!” деген сөз эзелтен эр көкүрөк өскөн, эч качан башкаларга моюн сунуп көрбөгөн, “биз Борбор Азиядан келген шерлербиз” деп ар качан өз тарыхына сыймыктанып келген түрктөрдүн намысына тийип, демине дем кошкон.

Ататүрктүн аскер башчы катары баскан даңктуу жолу бир туруп Наполеон Бонопартты элестетсе, ал эми реформатор катары жасаган иштери Орусияны Европанын даңгыр жолуна салып, түбүнөн түрө модернизациялаган Петр Биринчиге да окшоп кетет.

Бирок Ататүрктү эч бир тарыхый ишмер менен салыштырууга болбойт, себеби анын баскан жолу таптакыр башка жол. Анын жолу - башкаларды багынтып, жерин же байлыгын тартып алуу эмес, элди-жерди, Ата мекенди сактоо жолу. Анын жолу - өз жерин сактап, аны цивилизациянын даңгыр жолуна чыгаруу, туура жолду тандоо.

Баса, Ататүрктүн өспүрүм чагында эле качан болсо анын колунан Искендер Зулкарнайын, Наполеон, Чыңгыз хан сыяктуу тарыхый инсандар тууралуу китептер түшпөгөнүн көргөн достору: “сен, сыягы, Наполеон болосуң го, же Искендердей болосуңбу?” деп тамаша аралаш сурашса, ошондо эле кичинекей Мустафа: “мен - мен болом!” деп так кесе жооп берчү экен.

Бирок Кемал Ататүрктүн тагдыры, бүт Түркиянын тагдыры кыйын сыноого түшкөн күндөр көп болгон. Ошондой тагдыр чечкен жыл - 1919-жыл болгон. Ушул жылдын 19-майын Ататүрк өзү да “менин чыныгы туулган күнүм” деп саначу экен. Себеби ошол күн азыркы Түрк республикасынын, же Түрк жумуриятынын көз карандысыздыгы үчүн башталган улуу күрөштүн эң биринчи күнү эле...

Анын себеби мындай: 1918-жылы европалык өнөктөштөр Стамбулдун жартысын басып алып, француз генералы Деспери шаарга ак боз ат минип, керней-сурнай тарттырып, чоң шаани менен жеңүүчү катары кирет. Стамбулга, мурунку Константинополго ак боз ат менен кирүү деген сөз, 1453-жылдан бери түрктөр ээлеп келген Константинопол эми кайра христиан дүйнөсүнүн колуна өттү деген белги, маани эле. Дал ошол мезгилде гректер менен италиялыктар Түркиянын түштүгүн, азыркы Анталияны ээлеп, Измирди алып, ал жерде кылымдар бою жашаган жергиликтүү түрктөрдү айосуз кырып кирген болчу.

Стамбул шаары жайгашкан Босфор кысыгын, Чанаккалени, башкача айтканда Дарданелди англичандар ээлеп, айтор, түрктөрдүн узун жана даңктуу тарыхындагы эң бир каргашалуу убак ушул 1918-19-жылга туура келген экен.
Ушул кордуктун баарын өз көзү менен көрүп туруп, ага чыдоого эч бир мүмкүн эмес эле. Андыктан түрк элинин бардык азаматтарынын башын бириктирип, демине дем кошо турган адам керек болуп турган. Ошол адам - Мустафа Кемал Ататүрк болду.

Ал ошол кездеги мекенчил, намыстуу деген түрк аскер башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүп, Эрзурум шаарында конгресс уюштурган. Ал конгресстин бара-бара таасири күчөп, султандын бийлигине эч бир баш ийбеген убактылуу өкмөткө айланган. Өкмөт кийинчерээк Анкара шаарына жайланышып, анын башында Кемал Ататүрк турган. Ошентип ал жаңы, эгемен Түркия мамлекетин түзүү үчүн узак, татаал күрөштү баштаган.

Сакарияны бошотуп, АКШ президенти Вудро Вилсондун жардамы менен Түркиянын ички территориясында түзүлө калган Армения мамлекетин жок кылып, гректер ээлеп алган Измир шаарын кайра колуна алган. Кан суудай агып, бирок жалаң баатырлык менен, өжөрлүк менен түрктөр Босфорду, Дарданелл кысыгын кайра бошоткон. Ошондо улуу түрк акыны Мехмет Акиф Эрсой “Чанаккале шейиттери” деген атактуу реквиемин жазган. Бул ыр ушул күнгө чейин түрк адабиятынын эң улуу чыгармаларынын бири болуп саналат.

... Бир жолу грек аскерлерин Измир шаарынан кубалап чыгып, Түркияны бошотуу миссиясы аягына чыгып калган кезде, Ататүрктөн бирөө минтип сураган экен: “Пашам, мына эми эң негизги салгылашуу да аяктады, эми эс ала турган чыгаарсыз? Чарчадыңыз, чаалыктыңыз... Анда Ататүрк ага мындай деп жооп узаткан экен: “Каяктагы эс алуу? Чыныгы күрөш эми башталат да. Эң эле кур дегенде эми бири-бирибизди жейбиз, бири-бирибизге бут тособуз...”

Айткандай эле, Түркия Республикасы түзүлүп, анын азыркы территориясы Лозанна келишиминен кийин толугу менен эл аралык масштабда таанылса да, өз мамлекетин Европа деңгээлиндеги мамлекет кылыш үчүн Ататүрк нечен тоскоолдуктарды жеңип, элди өз ыктыярына көндүрүп, тамга менен алиппеден баштап, түрктөр кийген кийимге чейин реформалады. Араб тамгасынан кетип, латын алфавитине өттү, түрк тилин тазалады. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Ататүрк нейтралитет жарыялап, Түркияны бейажал кыргындан сактады.

Мустафа Кемал Ататүрк ХХ кылымдын эң улуу инсаны катары таанылганы белгилүү. Чынында да Ататүрк ошондой улуу лидер болгон. Бирок анын бир сөзү бизге, азыркы кыргыздарга да толугу менен тиешелүү го деп ойлойм. Түркия үчүн, анын территориялык бүтүндүгү, эли-жери үчүн салгылаш жаңы башталып аткан учурда бир чет өлкөлүк дипломат Ататүрккө мындай суроо ыргыткан экен: “Начар курал менен, кедей, сабатсыз калк менен кантип эми эли-жериңерди сактайсыңар, мамлекет курасыңар?” Ошондо Ататүрк ага мындайча жооп айткан экен: “Биз ушул жер, ушул мамлекет үчүн колубуз карышканча кармашабыз. Колубуздун күчү жетпесе тырмагыбыз менен, тырмагыбыздын күчү жетишпесе тишибиз менен кармашабыз”.

Кандай улуу сөздөр! Биз, кыргыздар да, өз мамлекетибизди, эли-жерибизди жан-дилибиз менен, Ататүрк айткандай, колубуз менен, кол күчү жетпесе тырмагыбыз менен, ал да аздык кылса тишибиз менен тырышып сакташыбыз керек.

Бул Мустафа Кемал Ататүрктүн баарыбызга тиешелүү кылып айткан эң улуу сөзү жана осуяты.
XS
SM
MD
LG