Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Чер жазуудан акча аябаган мигранттар


Добр аттуу ырчынын Москвада илинген көрнөгү.
Добр аттуу ырчынын Москвада илинген көрнөгү.

Москвага кыргызстандык ырчылар ат тезегин кургатпай келип турушат. Мурда концерттер чакан кафелерде уюштурулуп келсе, эми Москва дарыясында кемеге түшүп же оюн-зоок менен коштолгон шоу программасы бар түнкү клубдарда жылдыздар менен эс алуу жөрөлгөсү модага айланган.

Кыр​гызстандын шоу бизнесинде Добр деген ат менен белгилүү ырчы Адилет Добранов Москвага атайын чакыруулар боюнча гана келип турарын айтат.

Анын баамында, Орусияда мекендештер ырчыларды жылуу кабыл алышат, төлөнгөн акчасы да кыйла көбүрөөк.

Добр
Добр

- Мен өзүм эч качан концерт уюштурбайм, чакырган учурларда гана келип берем. Москвада эки-үч жерде концерт бердим. Уюштуруучулар биз менен байланышып, концертке канча адам келерин, канча акча төлөшөрүн алдын ала макулдашат. Кээ бирлери "момунча беребиз" деп дароо айтат, айрымдары "кирешенин момунча пайызы" силердики деп сүйлөшөт. Албетте, Кыргызстанга караганда бул жакта билет баасы кымбатыраак. Мисалы, Кыргызстанда айылдарда билет баасы 100 сом, Бишкекте өзүм жеке концерт берип көрө элекмин, бирок, укканыма караганда бир билет 500 сом турат. Ал эми Москвада билеттер 500-700 рублдан сатылат.

Өткөн жумада Добр менен бир убакта “Биз” тобундагы Бахтияр Токторов дагы Москвадагы кафелердин биринде концерт берди.

Москвада кафеде өтчү мындай концерттин баасы 300-500 рубль, атайын кемеге түшүп алып шаарды кыдыруу 700-800 рубль, ал эми шоу программа менен коштолгон түнкү клубда көңүл ачуу 1500 рублга чейин болот.

"Биз" тобу
"Биз" тобу

Мындай кечелерге орто эсеп менен 100-300 киши келсе, ырчыга анын популярдуулугуна жараша 30 миңден 100 миң рублга чейин эмгек акы төлөнөт.

Акыркы кезде эстрада жылдыздары менен кемеде көңүл ачууну уюштуруп жаткан “Паритет” агенттигинин кызматкери Азамат Султанов Москвага Кыргызстандан ырчы чакырып, концерт уюштуруу - түйшүктүү иш экенин айтты.

Уюштуруучу тарап ырчынын кызмат акысын, тамак-аш, жаткан жери, жол киресинен тышкары концерт өтчү жайга, жарнамага жана концерттин конокторунун ыңгайлуулугуна толук жоопкерчилик алат.

- Москвага ырчылар келип, кафеде концерт берсе, билеттер 300 рублдан болуп атат, ал эми Москва дарыясында кемеде болсо 500 рублдан. Кемени биз ижарага алабыз. Ошондо кечки 6дан таң атканга чейин Москваны айланып, ушундай өзгөчө шаңдуу эс алууну уюштуруп жатабыз. Бул жакта бардыгы иштейт, анан кээде эс алгылары келет, кафе-ресторанга баргандан баары эле тажайт. Кемени жүз адамдан 300 адамга чейин ылайыктап алса болот.

Файзидин Омотов.
Файзидин Омотов.

Москвада той-кечелерде тамада болуп жүргөн Файзидин Омотов учурда Москвадагы кыргыз жаштарын жөнөкөй концерттер кызыктырбай калганын айтты. Азыр москвалыктар атайын шоу программасы бар түнкү клубда тамак-аш, ичимдиги менен бийге түшүүнү каалайт.

- Мурун москвалыктар “концерт” дегенде аябай сүйүнүп, күтүп кабыл алышчу, азыр көңүл деле бурбай калышты. Жакшы шоу программа жок болсо москвалыктарды таң калтыра албайсың. Азыр Москвада кыргыздардын түнкү клубдары көбөйдү. Ал жакта алып баруучу, диджей дегендер болот. Алар каалагандай музыканы коюп, көңүл ачып турушат. Ошондой эле түнкү клубдарда билет акысына депозит деген дагы кирет. Анын эсебинен тамак-аш, ичимдик алууга болот. Негизи москвалыктар түнкү клубда эс алуу үчүн эки миң рублга чейин билет алуудан дагы качышпайт.

Кыргызстандык ырчылардын Москвага тез-тез каттап, чакан кафе-клубдарда байма-бай концерт коюп жүргөнү менен, шаардагы чоң концерттик залдарга жүз миңдеген элди чогултуп, жеке концерт бергендери жокко эсе. Мындай чоң залдарга кыргызстандык жылдыздар орусиялык же казакстандык кесиптештерин коштоп гана чыгып жүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG