Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:09

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова "Азаттык" радиосундагы маегинде автордук укук жана мамлекеттик сыйлык ыйгаруудагы өксүктөргө токтолду.

Укук жана барк

"Азаттык": Гүлнур айым, акыркы кездери автордук укук маселесин көп көтөрүп жүрөсүз. Бул “Сахна” деген ырыңыздын талашка түшкөнүнө байланыштуубу же "ыр уурдамай" өнөр ээлери үчүн адатка айланып кеттиби?

Сатылганова: Автордук укук маселесин күчүнө киргизүү күндүн талабы. "Кыргызпатент" ыр жазган акынды же обончуну гана каттоого алып, аларга акы төлөйт экен. Аткаруучулардын да укугу корголушу керек. Бизде андай жок. Мен авторлор менен келишим түзүп, өзүмдүн аткаруучулук укугумду коргогум келип жатат. Ар ким каалаган ырчысынын чыгармасын аткарып эле жүрөт. Себеби, биз ырчылык менен нан таап жейбиз. Мен үчүн бул кесип. Кээ бирөөлөргө хобби болушу мүмкүн. Ошондуктан, өз эмгегимди коргой баштадым. Мен ырдаган ырларды башкалар уруксатсыз аткара албайт.

Ырчы "Азаттыктын" телестудиясында.
Ырчы "Азаттыктын" телестудиясында.

"Азаттык": Сиз маданият кызматкерлерине бериле турган мамлекеттик сыйлыктардын дээрлик баарын алып, “Эл артисти” наамына да ээ болгонсуз. Бирок наам алуу соңку кездери саясатташып кеткенин сахналаш досторуңуз айтып жүрөт. Чынында бул маселе олуттуу көңүл бурууну талап кылып калдыбы же айтылган сындар негизсизби?

Сатылганова: Нааразы болгондор абдан көп. Чындыгында, акыркы кездери "Эл артисти", "Эмгек сиңирген артист" сыйлыгын алгандарга караганда наамы жок өнөр адамы барктуу болуп жатат. Себеби мамлекеттик наамдардын баркы кетти. Аны төмөн деңгээлге түшүрүп салышты. Мурун мамлекеттик наам алуу үчүн өнөр адамы изденчү. Азыр болсо чыкканына бир жыл болгон артисттер сыйланып жатат. Мындан улам көп жылдык эмгеги бар, бирок наамы жок жүргөндөрдүн иштегиси келбей калууда. Чынында наамдар туура эмес берилип жатат. Сахнага чыкканына бир жыл болгондор "эмгек сиңирип" жатат. Наам берсе баарына бирдей, тегиз кароо керек. Мисалы, куурчак театрында бир топ жылдан бери иштеп жүргөндөр бар. Алар бизге окшоп элге чыгып жүзү көрүнбөйт. Бирок сахна артында эмгектенет да. Аларды ойлошпойт. Ар бир өнөр адамынын ишин көзөмөлдөп, баалап турган комиссия болушу керек. Бизде ошол жок.

"Азаттык": Ал комиссияны ким түзүшү керек?

Сатылганова: Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түзүшү керек го. Бирок маселе министрликтен да өйдө жактан чечилет экен. Мен муну көп деле билбейм, аралашпайм. Тааныш же акчанын күчү роль ойнойт деп ойлойм.

Заманбап шоу көйгөйү

"Азаттык": Эгер учурдагы ырчылык өнөрүн алып карасак рейтинги жогору саналуу гана артисттер бар. Алардын бири сиз. Бирок азырынча заманбап стандарттарга дал келген концерт көрө албай жатабыз. Күйөрмандар качан чыныгы шоу концерттерди көрөт?

Сатылганова: Ушул жерден сизге суроо берейин. Менин 2014-жылдагы жеке концертиме бардыңыз беле?

"Азаттык": Барган жокмун, бирок видеосун көрдүм.

Сатылганова: Өзүмдү мактагандай болбоюн, бирок болгонун айтайын. Мен бүт күчүмдү жыйнап, демөөрчүлөрдү таап, жакшы деңгээлде концерт койгом. Кыргызстандагы болгон экран, чырактарды орнотуп, шоу даярдап, "Камбаркан" ансамблинин катышуусунда программаны бийчилер менен тартуулаганбыз. Жакшы концерт болгон. Бирок чыгымы да көп болгон.

"Азаттык": Чыгымга эле шылтай берсе, мыкты денгээлде эч качан концерт уюштурулбайт да.

Сатылганова: Албетте, биз көп мамлекеттер менен бул жаатта теңтайлаша албайбыз. Ал тургай Казакстандын ырчылары да бир топ алдыга кетип, өнүгүп жатышат.

"Азаттык": Аракет кылып жатпайбы алар. Биз кыргыз ырчыларында ошондой өнүгүүнү качан көрөбүз? Жакшы концерт залы жок, чыгымы көп деп жүрө беребизби?

Улуттук филармония.
Улуттук филармония.

Сатылганова: Зал деген бул шылтоо эмес. Бизде бир эле зал - филармония болуп жатпайбы. Спорт сарайы да бар, бирок ал спортко ыңгайлашкан. Ага карабай, артисттерибиз ал жерде концерт тартуулап келет. Шоу-бизнес жагын алып карасак, биздин мамлекетте элдин саны аз. Ошондуктан башка өлкөлөрдөй болуп шоу-бизнести жасай албайбыз. Чет элде бир эле койгон концерт кандай шоу болот жана андан миллиондогон, миллиарддаган акча жасашат. Биз болсо концертти элге отчет берүү жана имиджди көтөрүү үчүн гана коёбуз. Түшкөн акча кетирген чыгымды жаап берсе болду. Ижара акыга беребиз, экран, жарык үчүн, бийчилерге төлөйсүң. Кеткен чыгымды жаап берсе ошого сүйүнөбүз. Биздеги залдарда шоу койгонго мүмкүн эмес. Андай залдарда жарыктар алмашып, сахна өзгөрүп турушу керек. Ар кандай жасалгалары менен болот.

"Азаттык": Колунда бар кишилер Кыргызстанда жок эмес. Башка ар кандай оюн-зоок борборлорун куруп жатышпайбы. Балким сунуштап көрсөңөр аларга деле пайда түшөт да?

Сатылганова: Мен ошону айтам да. Эмнеге кечке эле мейманкана, ресторан кура беришет. Ошонун ордуна бир заманбап концерттик зал салып берсе, ал деле актамак. Мисалы, биздин филармонияга эки миң адам батат. Ошондуктан, биз үч-төрт күн концерт беребиз. Чоң зал болсо, алты миң көрөрман менен бир күндө концертиң бүтөт.

Негизи артисттин зал үчүн башы оорубашы керек. Заманбап залда бардык нерсе болушу кажет, ал тургай режиссер дагы. Ырчы ижара акыны төлөп эле концертке даярдана берет. Биз баарын сырттан издеп жатпайбызбы. Каражат жагынан ырчынын баарында эле мүмкүнчүлүк жок. Кыргызстанда концерттен артист акча таппайт, демек аларды той эле багат.

"Азаттык": Кыргыз аткаруучулары ырчылык кесиптин аброюн түшүрүп жиберди деген ойго кошуласызбы? Сахна тойго алмашты. Муну менен сахнадагы концерттин салмагы жоголду. Демек маданий эс алуу этикасы артка кеттиби?

Сатылганова: Бир чети мунуңуз деле туура. Бирок ар бир майрам, ар бир жакшылык ырчыларсыз өтпөйт. Сапаттуу концерт жасаганга зал жок. Аймакты кыдырып концерт коёюн десең, билеттин баасы 200 сомдон кымбат болсо эл көтөрбөйт. Демек андан да пайда жок. Ал жакка аппараттарды, бийчилерди алып барасың. Аларды багуу керек. Машинеге бензин куюш керек. Кээ бир ырчылардын бизнеси бар, бирок баарында эмес. Негизи артисттер өз оокаты менен убара. Айрымдар "ырчылар мамлекетке салык төлөсүн" деп айтып жатпайбы. Бирок өкмөт бизге жардам бербейт да. Өкмөттүн концерттеринде акысыз ырдайбыз. Бир тыйын төлөшпөйт.

Элдин музыкалык табити өзгөрдү

"Азаттык": Эми сиздин жеке чыгармачылыгыңыз жөнүндө кеп кылсак. Мурда ар бир ырыңыз хитке айланчу. Акыркы жолу 2011-жылы “Асман” аттуу ырдан бери жүрөктүн түпкүрүнө жеткен ырларыңызды уга элекпиз. Себеби эмнеде?

Сатылганова: Чыгармачыл адам дайыма изденет. Кээде жан дүйнөңө кризис келет. Негизи, элдин талабына жараша изденесиң. Адамдар кандай ырларды угуп жатканына кызыгып, ошого жараша иштейсиң. Сиз акыркы жолу "Асман" деген ырыңыз хит болгон деп айтып жатасыз. Бирок андан кийин "Нандын жыты" деген ырды аткардым. Ал да жакшы кабыл алынды. Акыркы чыгармам "Жашоо бакыт" деп аталды. Балким уга элек чыгарсыз. Жакшы ыр болду.

Бирок азыр ырчылар да көбөйдү жана элдин музыкага болгон табити да өзгөрдү. Көпчүлүк жаштарды чет элдин музыкасына окшогон ыргактар кызыктырат. Дагы көңүл бурчу жагдай, бир ырды радиолордон кечке эле жаңырта берсеңиз, элдин кулагына сиңип, кыңылдап ырдап калат. Ал начар болсо да сиңип кетет. Акыркы кездери бул күчөдү. Радиодо ушундай ырлар жаңыра берип, музыкага болгон табит бузулду.

Мурда радиолордо да көркөм кеңештер бар эле. Алар ырды иликтеп, аябай сындан өткөргөндөн кийин гана эфирге уруксат берилчү. Ошондуктан эски ырларды азыркы жаштар да кайра жаңыртып ырдап жатышат. Аны эл да жакшы кабыл алууда. Себеби алар электен өткөн ырлар болчу. Азыр деле радиолорго ошондой көркөм кеңеш уюштуруу керекпи десең жеке радиолор да бар эмеспи. Муну ким көзөмөлдөшү керек? Албетте, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. Менимче, бир комиссия түзүп коюш зарылбы, билбейм...

Гүлнур Сатылганова менен маекти төмөндө уксаңыз болот. Ырчы акыркы чыгармасын да жандуу аткарып, студияда жазылган версиясын да сунуштаган:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG