Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Музыкадагы уурулук


Кыргызстандын айрым музыканттары ырларын башка өлкөдөгү ырчыларга уурдатып ыза тартса, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө таанымал ырларды которуп ырдоону көнүмүш адатка айланткан кыргыз ырчылары да жок эмес.

Кыргызстанда автордук укук кандай корголот? Чыгармасын уурдаткан автордун моралдык чыгымын толтуруунун кандай жолдору бар? Бирөөнүн чыгармасын пайдаланууга уруксат кандай берилет?

"Азаттыктын" кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу мына ушул музыкадагы автордук укук маселесине арналды.

Талкууга Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектрлөө бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимудинов, журналист Кудрет Тайчабаров жана обончу Съездбек Искеналиев катышты.

“Азаттык”: Аскар мырза, акыркы кезде музыка уурдоо, айрыкча эстрада жанрындагы обондорду уурдоо көнүмүш адатка айланып кетти эле, азыр ага каршы коомчулуктун кыжырдануусу күч алып баратат. Кыргыз эстрадасынын жылдызыбыз деген ырчылар ырдап жүргөн ырларды казакстандык, өзбекстандык жана башка өлкөнүн ырчылары ырдап жатканын укканда обон кимисиники деп таң каласың. Кыргызстанда музыкада автордук укук кандай корголот? Музыка жазган адамдын автор экендиги кантип аныкталат?

Аскар Нажимудинов: “Кыргызстанда автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзам бар. Автордук укук мына ушул мыйзамдын чегинде жөнгө салынат. Ушул мыйзамдын негизинде ар бир тарап автордун уруксаты жок колдонууга же кайра иштеп чыгууга такыр укугу жок. Музыкаларды уурдоо боюнча бизге Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн кайрылуулар келип турат. Ушундай эле доо менен биздин авторлор да кайрылышат. Мындай учурда ырчы же колдонуп жүргөн адам менен байланышып, чыгарма ээси менен сүйлөштүрүп, эки тараптын мамилесин жөнгө салабыз. Эгер эки тарап бир макулдукка келе алышпаса, сот аркылуу чечилет. Бирок азырынча соттун кароосуна бир дагы доо арыз түшө элек. Эгер биздин авторлор укугун коргоо арызы менен бизге расмий түрдө кайрылса, чет өлкөлөрдөгү биздин мекеме сыяктуу мекемелерге кайрылып, тиешелүү аракеттерди көрөбүз. Бирок, азырынча бир да автор расмий түрдө кайрыла элек.

“Азаттык”: Съездбек мырза, сиз эл жакшы көргөн көп ырлардын авторусуз. Ошондой эле көп обондоруңузду башка өлкө ырчылары уурдап ырдап жүрүшөт деп көп айтылат. Алар чын эле уурдап алып ырдап жүрүшөбү же атайын келишим түзүп сатасызбы? Же алардан гонорар алып турасызбы?

Съездбек Искеналиев: Мен бул маселени “Жалгыз гүл” деген ырымды мисалы келтирүү менен айткым келип жатат. Себеби, ошол чыгармамды “Жылдуман” деген казакстандык группа уурдап алып ырдап жүрөт. Андан кийин аны “Нурдостан” деген топ ырдаганы интернеттен белгилүү болду. Алар бул ырга клип да тартышкан. Мен аларды тааныбайм, эч кандай уруксат да берген эмесмин. Алар жөн эле уурдап алып ырдап жүрүшөт. Мен ал тууралуу Кыргызпатентке кайрылгам. Андан кийин ошол ырды алып ырдайлы деген сунуш менен Жеменей деген ырчынын продюсери келген. Келишим тууралуу макулдашканбыз, бирок алар аны түзүүгө кайрылып келишкен жок. Бирок, ал Жеменейдин ырдаганын мен интернеттен көргөн жокмун.

Кыргыз-казак ыр талашпайт

Кыргыз-казак ыр талашпайт

Кыргыз-казак эстрадасындагы жаш аткаруучулардын кызматташуусу, алардын эки элди жакындаштыруудагы ролу эки өлкөнүн расмий дипломатиялык каналдарын артка калтырды.

“Азаттык”: Кудрет мырза, сиз башка элдин обондорун кыргызчага которуп ырдаган жергиликтүү ырчыларга кандай карайсыз? Бул уурулукпу же маданияты окшош элдердин өзгөчө кызматташуусубу?

Кудрет Тайчабаров: Угармандардын табитине жараша музыканы уурдап, сөздөрүн да которуп ырдап жатышат. Бул терс көрүнүш жана композиторлордун чыгармачылык көрөңгөсүнүн бөксөрүп кеткендигин көрсөтүп турат. Биздин композиторлор жакшы иштей албай, ырчылар элге жага турган ырларды өзүлөрү чыгара албагандан кийин уурдоого мажбур болуп жатышат. Кыргызстандагы телерадиолор жылына авторлорго гонорар төлөө үчүн Кыргызпатентке 8 миллион сомдук каражат бөлүшөт. Анын 5-6 миллион сому чет өлкөлүк авторлорго берилип, калган 2-3 миллион сому гана жергиликтүү авторлорго калат экен. Демек, бул Кыргызстанда чет өлкөлүк авторлордун чыгармалары көп ырдалаарын билдирип турат. Тескерисинче, кыргызстандык авторлордун ырларын уурдап алып ырдап жүргөндөр көп, бирок алардын укуктарын коргоого чама жетпейби билбейм, деги биздин талапты көңүлгө көп алышпайт. Мисалы, менин Инстаграмдагы баракчама силердин ырды ырдайлыбы деп суранышат. Бирок, уруксат бере электе эле ырдап калышат. Казакстандык ырчылар Нурлан Насиптин ырын көп уурдашат. Мен анын бир нече ырынын сөзүнүн автору катары соттошууга уруксат алдым. Анткени, Нурлан Насип жакын арада уруксатсыз ырдаган казак ырчылары менен соттошууга чейин барам деп жатат. Ошон үчүн Кыргызпатент ырларга өзгөчө тариф койсо жөнгө салынат беле деп сунуштайм.

Музыкадагы уурулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:54 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG