Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Кыргыз-казак ыр талашпайт


Нурмат Садыров жана Төрегали Төреали
Нурмат Садыров жана Төрегали Төреали

Кыргыз-казак эстрадасындагы жаш аткаруучулардын кызматташуусу, алардын эки элди жакындаштыруудагы ролу эки өлкөнүн расмий дипломатиялык каналдарын артка калтырды.

Акыркы жылдарда казак ырчылары Кыргызстанга, кыргыз ырчылары Казакстанга чоң концерттерге, тойлорго байма-бай чакырыла баштады. Апта ортосунда Бишкекте кыргыз-казак эстрада ырчыларынын концерти достук маанайда өттү.

Казакстанда жылдызы жанып турган эстрада ырчысы Төрегали Төреали жакында Бишкекке келип кыргыз кесиптеши Нурмат Садыров менен “Кыргыз-казак достугу” концертине катышты.

Бул салтанатты уюштурган Кайрат Дархан уулунун айтуусунда, акыркы кезде эки элдин ырчыларынын ортосунда чыгармачылык байланыш күчөй баштады:

- Буга чейин да кыргыз менен казак ырчыларынын биргелешкен концерттери болуп келген. Биздин бул иш-чараны уюштурганыбыздын чоң себеби бар. Дүйнө жүзү боюнча карап көргөндө кыргыз менен казак элиндей маданияты, дини, дили бирге эл жок экен. Андыктан биз боордош элдерден экенибизди кийинки жаш муунга таанытуу үчүн, эки элдин жаштарына достугубузду көрсөтөлү деп ушул долбоорду ишке ашырып жатабыз.

Кайрат эми алдыда аталган долбоор алкагында кыргыз ырчылары Казакстанга барып казак ырчылары менен биргелешкен концерт өткөрүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Казак ырчысы Төрегалинин продюсери, атасы Төреали Тулеповдун ырасташынча, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн жаштарына эки элдин достук мамилесин ошол муун идеал туткан эстрада ырчыларынын мамилеси аркылуу туюнткан таасирдүү болот. Адистин пикиринде, ошол эле учурда кыргыз-казак өнөрпоздору үчүн бири-биринин чыгармаларын аткара берүү да анчалык татаалдык жаратпайт:

- Арийне, башка бир элдин музыкасын, сөзүн алып аткарып чыгуу чоң түйшүктү талап кылат. Ал ырдын авторуна кат жазуу керек, уруксатын алуу зарыл. Ал эми казак менен кыргыздын өнөр адамдарынын бири-бирине ушунчалык жакын, ымалалаш болуп кеткенин ушундан билиңиз, бизде сурабай деле Кыргызбайдын обонун Казакбай же Казакбайдын обонун Кыргызбай ырдап жүрө берет. Кыргыздын обондору казак музыкасына өзүнөн өзү эле бап келип, сиңишип турат. Ошондуктан белгилүү обондорубуз эки элде тең ырдалып жүрөт. Бул үчүн композиторлорубуздун соттошуп жүргөнүн уккан эмесмин.

Тулепов өзүнүн ырчы уулу Төрегалинин чыгармаларын бишкектик жаштар сүйүп угарына, айрыкча кыргыз ырчы кызы Наргиза Айтымбетова менен чогуу ырдаган “Алло” аттуу ыры популярдуу экенине, бул ыр кыргыз тилинде да ырдалып жатканына кубанганын кошумчалады.

Султан Садыралиев
Султан Садыралиев

Казактын дагы бир таанымал ырчысы Кайрат Нуртастын кыргыз жеринде да күйөрмандары көп экени белгилүү. Анын ушул жылдын күзүндө Жалал-Абадда койгон концерти да аншлаг менен өткөн.

Мындан сырткары таанымал ырчылар Казакстандан Кыргызстанга же бул өлкөдөн ал өлкөгө той-топурга да чакырылып турат. Мисалы, кыргыз ырчысы Султан Садыралиев акыркы мезгилде казак тойлоруна тез-тез каттап турарын айтат:

- Биз казактардын тойлоруна көп барабыз. Таразга, Кордайга, Алматыга тойго көп барам. Чындыгын айтканда, казактар кыргыз тилинде ырдаганды аябай жакшы көрүшөт. Билесиз, азыркы учурда казак эли кыргыздын ырларын сүйүп угуп келишет. Эми тойдо элдин көңүлүн көтөрсө болду эмеспи. Алардын бир жакшы жери ырларды казактыкы, кыргыздыкы деп бөлбөй жыргап, бийлеп чын дилинен угат. Эгер жүрөктүн ыры дей турган болсок анда Түгөлбай Казаков байкебиздин ырларын урматтап угушат.

Садыралиев буга улай тойлордо казак угармандары Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу ырынан баштап өзүнүн “Кудача кыз” ырын жана Мирлан Баековдун “Кызыл өрүк” аттуу чыгармасын сүйүп угарын кыстарды.

Кыргызстандын казактары ассоциациясы кеңешинин мүчөсү Назаркул Байжигитовдун баамында, акыркы мезгилде кыргыз-казак музыканттарынын кызматташтыгы күчөп баратканы ырас. Бирок ага мамлекет да өз жардамын тийгизип койсо жакшы болмок:

- Эки элдин музыканттарынын бири-бири менен кызматташып, чогуу концерт коюп жатканы мындай караганда шоу-бизнестин бир көрүнүшү катары сезелиши мүмкүн. Тереңирээк ойлонсок бул жай гана маданий иш-чара эмес, саясий маселе. Мындай экендигине жаш артисттер өздөрү деле баа бербеши мүмкүн. Саясий дегеним Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катташтарды чыңдоо өтө актуалдуу маселе. Артисттер ага өз үлүшүн кошуп жатат. Эгер концерт Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болсо ага миң киши келет. Көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү жаштар болот. Жаштардын бир туугандык сезими ойгонуп, достук мамилеси бекемделет.

Назаркул Байжигитов эгер мамлекет мындай достук мамилелерге колдоо көрсөтүп, алар үчүн жок дегенде концерт өтө турган маданий очоктордун ижара акысын кечип берсе, чыгармачылык мамилелер мындан да кызыйт эле деген пикирде.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG