Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Сыйлык бөлүштүрүүнү дагы талкуу коштоду


Анапия Райымбекова жана Самара Каримова.
Анапия Райымбекова жана Самара Каримова.

Эгемендик майрамын утурлай жүздөн ашуун адамга ыйгарылган наам жана сыйлыктар талкууга түштү.

Маданият чөйрөсүндөгүлөргө берилген сыйлыктар жаатында талаш пикирлер арбыды.

Анапия Райымбекова Эмгек сиңирген артист наамын алууну 20 жылдай күткөн. Быйыл Эгемендик майрамынын алдында бул сыйлыкка татыктуу деп табылды:

- Аябай кубанып жатам. Эмгегим кеч болсо да бааланды. Кудайга шүгүр, жакшы адамдар бар экен. Сахнада 31 жылдан бери жүрөм. Ошондо канча жыл күтүп калган болом? Быйыл өзүмдүн балдарымдай болгон жаштар менен тең алдым. Мейли, аларга көз карашым түз. Мындан ары жакшылап иштешсин, эмгек кылышсын, - дейт ырчы.

Президенттин 30-августтагы «Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү" жарлыгына ылайык, 150гө чамалуу адамга жана ондой уюмга мамлекеттик сыйлык, наамдар ыйгарылды. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы он кишиге, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист наамы тогуз адамга берилди. Арасында 26 жаштагы ырчы Самара Каримова да бар:

- Быйыл алам деп күткөн эмесмин. Чынында, сахнага чыкканыма аз убакыт болсо деле аракет кылып, күнү-түнү иштегенимдин үзүрү кайтты деген ойдомун. Бул наам мага дагы да жоопкерчилик жүктөдү. Ушул сыйлыкка татыктуу болууга аракет кылам. Ким иштесе, ким аракет кылса, жаш курагына карабай сыйлык берилгени туура. Сыйлыкка ар бир адам татыктуу.

Эмгек сиңирген артист наамына татыгандардын ичинде тойлорго ылайыкташкан шаңдуу ырлары менен коомчулукка таанылган Гүлжигит Сатыбеков, музыкант Курмангазы Азыкбаевдин кызы Нурайым Азыкбаева жана театр, фольклор ансамбль багытындагы артисттер бар.

Ондогон жылдан бери өнөр сересинде жүрүп, ырларды, симфониялык чыгармаларды жазып жаткан Райхан Бейшеналиева быйыл деле сыйлык алган кишилердин тизмесине кирген жок:

- Балким мен дагы эле татыктуу эместирмин. Наам алайын деп чуркаган эмесмин, чуркабайм дагы. Документ чогултууга кетирген убактымды чыгармачылыкка арнаганым жакшы.

Гүлнур Сатылганова
Гүлнур Сатылганова

​Ал тапта интернеттеги социалдык тармактарда сыйлыктар калыс бөлүштүрүлбөгөнү тууралуу пикирлер жазыла баштады. Көпчүлүгү кечээ жакында сахнага чыккандардын сыйланышын сындап жатышат. Мындай пикирди жактагандар арасында Эл артисти Гүлнур Сатылганова да бар:

- Наам берсе, баарына бирдей караш керек. Мисалы, куурчак театрларын алалы. Ал жакта көп жылдан бери иштеп жүргөндөр бар. Алар бизге окшоп сахнага чыкпайт, элге жүзү көрүнбөйт. Ошол артисттерди ойлогон киши жок.

Сатылганова сыйлык бөлүштүрөрдө өнөр адамдарынын эмгегине жакшылап байкоо салууну сунуштайт.

Түгөлбай Казаков
Түгөлбай Казаков

Коомчулук арасында сыйлык алууда тааныш-билиштик роль ойноп калганы тууралуу айтылган пикирлер арбын. Айрыкча, бийликти, саясатты сындаган куудулдар "өгөй баладай" сыртта калып жатканы сөз болуп келет. Бирок Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков мындай ойлорду четке кагууда:

- Бирөө таанышына сыйлык алып бергиси келсе, бирок албай калса эле "эмгеги сиңген залкарлар албай калды" деп кыйкырып чыгышат. Бул жакта 17 кишиден турган комиссия карап жатпайбы. Биздин коллегиядагы каалаган мүчөдөн сурагыла, бир да кишини өткөзүп бергиле же кулатып бергиле деп айтпайм. Алар жашыруун добуш беришет. Ошондон өткөндөр жогору жакка сунуш кылынат. Кимисине наам берет, кимисине бербейт, ал президенттик алдындагы комиссиянын иши. Биздин ага тиешебиз болбойт.

Мамлекеттик сыйлык алуу үчүн ага ылайыктуу делген адамды кай бир уюм тармакка тиешелүү министрликтерге сунуштайт. Ал жактагы коллегия чечим чыгарып, президенттик аппаратка берет. Аны атайын комиссия карап чыккандан соң мамлекет башчы жарлык чыгарып, сыйлык бөлүштүрүлөт. Наам алган адам мамлекеттик кызматта болсо, сыйлыгынын деңгээлине жараша айлык акысына 2 500 сомдон 5000 сомго чейин кошумча акы берилет. Бирок "Ардак грамота" алган адамдын маянасына үстөк кошулбайт. Пенсияга чыкканда да атайын комиссиянын чечими менен акы кошулушу мүмкүн.

Радио баянды бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG