Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Өнөрпоздорду таарынткан жаңы талап


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек шаарында салтка айланып калган “Музыкалык Эркиндик” флешмобу мындан ары токтотулушу мүмкүн. Шаар бийлиги аталган иш-чараны өткөрүү үчүн расмий уруксат алууну талап кылып жатат. Уюштуруучулар бул талапка макул эмес.

"Музыкалык Эркиндик" флешмобунда 15-20 чакты өнөрпоз чогулуп, ачык асман алдында түрдүү жанрдагы музыканы ойношчу.

Эки жылдан бери өтүп келе жаткан бул маданий иш-чаранын XI флешмобу август айынын соңуна белгиленген. Бирок бийликтин эскертүүсүнөн кийин быйыл өтпөй калышы ыктымал.

Бул тууралуу флешмобдун уюштуруучусу, Ololo art studio коомдук бирикмесинин жетекчиси Данияр Аманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды:

- Ал мага өзүн Канат деп тааныштырып, Биринчи Май районунун акиминин орунбасары экенин билдирди. Биз чалып, акимдин Канат Бейшенов аттуу орунбасары барын тактадык. Ал бизге эгер кандайдыр бир иш-чара өткөрө турган болсок, акимияттан уруксат алуу керектигин айтты. Биз Канат мырзага "Музыкалык Эркиндикте" музыканттар Эркиндик гүлбагынын ар кайсы жеринде өз өнөрүн көрсөтөрүн, атайын сцена жоктугун, бул саясий акция эместигин түшүндүрдүк. Канат мырза кандай болгон күндө да коомдук жайда өтө турган ар бир иш-чара үчүн сөзсүз уруксат алынышы керектигин айтып жатты. Бул абсурд. Музыканттардын өнөр көрсөтүшүнө уруксат сурагандан көрө бул иш-чараны өткөрбөй койгонубуз жакшы.

Данияр Аманалиев (Сүрөт Д. Аманалиевдин уруксаты менен алынды)
Данияр Аманалиев (Сүрөт Д. Аманалиевдин уруксаты менен алынды)

Аманалиев "Музыкалык Эркиндик" дүйнөдө эч ким менен макулдашуусуз эле өтүп турарын айтууда. Ал Кыргызстанда музыканттар эмнеге өзү жашаган сүйүктүү шаарынын бакчасында өнөр көрсөтүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат сурашы керектигин түшүнбөй жатканын да кошумчалады.

Биринчи Май районунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары Канат Бейшенов болсо "Музыкалык Эркиндик" флешмобун уюштургандардан акимият уруксат суроону талап кылып жатканын ырастап, анын жөн-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Концерт болобу же башкабы анын баарын биз менен келишип туруп жасоо керек да. Борбордо өтүп жаткандан кийин жок дегенде бизге айтып коюшу керек. Биз билбесек деле ошол жердеги тургундар "эмне болуп жатат, элдер чогулуп калды" деп чала беришет. 26-августта Чүй көчөсүнөн ылдый биздин да иш-чарабыз бар. Экөө бири-бирине кайчы келбесин деп сурайбыз да.

Бейшеновдун айтымында, аталган флешмобду өткөрүүгө алдын ала макулдашуу талабы “Атуулдардын тынч жыйынга чогулуу укугу” жөнүндө мыйзамынын негизинде коюлуп жатат.

Германияга, Италияга, Испанияга барганда көрөм, көчөдө түркүн музыканттар бар. Биринен бири өтөт. Аларды көрүп шаарга болгон кызыгууң да ойгонот. Шаарды сүйүп каласың .
Аскат Жетиген

Музыка эркиндигинин күйөрманы Аскат Жетиген аталган долбоордун эң негизги максаты - шаардыктарга жана калаа конокторуна жагымдуу маанай, кубаныч тартуулоо экенин айтып, аны мындайча сүрөттөдү:

- Шаарды аралап баратсаң бирөөлөр элге өзүнүн чыгармачылыгын тартуулап жатса, жок жерден майрам кылып, элдин көңүлүн көтөргөндүн эмнеси жаман? Мисалы мен Германияга, Италияга, Испанияга барганда көрөм, көчөдө түркүн музыканттар бар. Биринен бири өтөт. Аларды көрүп шаарга болгон кызыгууң да ойгонот. Шаарды сүйүп каласың .

Аскат Бишкекте өтүп жаткан “Музыкалык Эркиндик” да сырттан келген конокторду өзүнө тартып, шаардын маданий байлыгын арттырмак деген пикирде.

Анткен менен Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев шаарда өтүп жаткан маданий иш-чаралардын дээрлик баары тийиштүү жерлерден уруксат алышы зарыл экенин эскертип, аны коопсуздук менен байланыштырды:

- Албетте, парктын жетекчилигинен, райондук администрациядан уруксат алуу керек. Коюла турган концерттин репертуары каралышы керек. Бирөөлөр ырдайбыз деп келип тескери үгүт иштерин уюштуруп ийиши мүмкүн. Ошондой болбошу үчүн уруксат кагазы керек. Анын өзүнүн шарты бар. Терроризим коркунучу тооруп, саясий активдүүлүк күчөгөн жылы биз ким эмне деп сүйлөп ийерин билбейбиз да.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 36-беренесинде маданият, көркөм өнөр, адабият эркин экени жазылган.

Көчөдөгү музыка. Бишкек. 2017-жыл, май.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG