Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:44

30 млрд даана транзистор баткан тырмактай сенсор. Адамдын терисине окшош трибоэлектрикалык наногенератор. Чокуга тез чыккан электроавтомобил дүйнөлүк рекордду жаңылады. Музыка балдарга оюн бир жерге топтоп, эмоциясын көзөмөлгө алууга жана жөнсүз чыргоолонуусун азайтууга көмөктөшөт.

Музыканын психологиялык пайдасы

Музыкалык билим балдарга оюн бир жерге топтоп, эмоциясын көзөмөлдөөгө жана жөнсүз тынчсыздануусун азайтууга көмөктөшөт.

Берегидей тыянакты Канаданын Вермонт университетинин (University of Vermont College of Medicine) балдар психологиясына адистешкен окумуштуулары музыкалык инструментти (скрипка жана пианино) ойноо менен мээнин ортосундагы байланышты изилдеген соң жасашты.

Бул изилдөөнү "музыкалык аспапта ойноо жана мээнин өнүгүүсү ортосундагы карым-катнаш боюнча эң чоң иликтөө" деп атады Вермонттогу балдар, жаштар жана үй-бүлө борборунун директору, профессор-психиатр Жеймс Худзяк (James Hudziak) жана анын кесиптештери. Алар алты жаштан 18 жашка чейинки 232 баланын мээсин изилдеген.

Жаш өскөн сайын мээнин тышкы кабыгы калыңдай баштайт. Канадалык окумуштуулар мурда мээнин айрым бөлүгүндөгү тышкы кабыктын жукаруусу чочулоо, депрессия, ойду топтой албоо, агрессия жана жүрүм-турумду көзөмөлгө алууда көйгөй жаратарын аныкташкан. Профессор Худзяк иштеп чыккан модель боюнча баланын чөйрөсү: ата-энеси, мугалимдери, достору, үй айбанаттары, сабактан тышкаркы убакта китеп окуу жана спорт менен машыгуу анын психологиялык саламаттыгына кандай таасир этери изилденген.

Изилдөөнүн натыйжасында, музыкалык аспаптарды ойноо мээнин кыймыл-аракетин көзөмөлдөп координациялоочу бөлүгүн өзгөрткөн. Эң маанилүүсү - музыкалык аспаптоо ойноо мээнин эс-тутум менен ойду көзөмөлгө алуучу, келечектеги иштерди уюштуруучу жана пландоочу бөлүгүнүн сырткы кабыгынын калыңдыгына таасир эткен.

Ушинтип, профессор Худзяктын скрипка (пианино) балага психологиялык туруксуздук менен күрөшүүгө бир бөтөлкө таблеткага караганда алда канча көп жардамдашат деген гипотезасы ырасталды.

"Биз негативдүү нерселердин натыйжасына маани берип, бирок аны дарылоодо эч качан позитивдүү нерселерди пайдаланбайбыз", - деди Жеймс Худзяк.

АКШнын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү орто мектептердин окуучуларынын төрттөн үчү сабактан тышкары убакта музыка же искусство менен "өтө сейрек машыгат же эч качан машыккан эмес".

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.jaacap.com)

Транзистор баткан тырмактай сенсор

Дүйнөдөгү эң кичинекей сенсордун башкаруучу электродунун узундугу 10 нанометр. Ал эми IBM компаниясынын окумуштуулары ойлоп тапкан жаңы технология ал сенсордун узундугун эки эсе - 5 нанометрге кыскартууну мүмкүн кылат.

Алар бири-бирине кат-кат коюлган төрт нанобаракчадан турган жана FinFET деп аталган архитектуралык түзүлүшү жаңы структураны иштеп чыгышты. Береги нанобаракчалар кремнийден жасалат. Эсептөөлөргө караганда, чоңдугу көйнөктүн топчусундай чиптин кристаллына береги транзистордун 30 миллиард даана жаңы структурасы жайгашат. Арйине, жаңы структура эмгек өндүрүмдүүлүктү кескин жогорулатат.

Транзистордун чоңдугун 5 нанометрге чейин кичирейтүү чиптин кристаллына кошумча дагы 10 млрд транзистр жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Принцибинде стандарттык транзисторлордун көлөмүн 5 нанометрге чейин кичирейтсе болот. Бирок андай кадамга баруу азыр колдонуудагы технологиянын чеги болмок. Ошон үчүн IBM компаниясынын инженерлери чиптерди жайгаштыруунун жаңы архитектурасын иштеп чыгышкан.

Бул технология IBM 2015-жылы GlobalFoundries жана Samsung компаниялары менен бирге иштеп чыккан 7-нанометрдик технологиясынын негизинде жасалды. Жаңы материалдарды жана технологияны пайдаланып иштелген мындай технологиядагы чиптерге 20 миллиардга чамалуу транзистор сыйган.

IBM компаниясынын окумуштуу-инженерлери ойлоп тапкан 7-нанометрдик технология сатыкка 2019-жылы чыгат деп мерчемделүүдө.

5 нанометрдик чиптердин өндүрүмдүүлүгү 10 наномтерлик чиптерге салыштырганда 40 эсе жогору, бирок энергияны 75% аз керектейт. Маалымдалганга караганда, 5 нанометрдик чиптер кеңири колдонууга төрт-беш жылдан кийин чыгышы мүмкүн.

(Булагы: http://newatlas.com, http://www.silicon.co.uk)

Адамдын терсине окшош наногенератор

Адамдын терисине окшош трибоэлектрикалык наногенератор (skin-like triboelectric nanogenerator, STENG ) Кытайдын нано илимдер жана нанотехнологиялар боюнча илимий борборунда жасалды. Береги генераторду жасоодо трибоэлектрикалык эффект кубулушу пайдаланылган. Трибоэлектрикалык эффект- эки башка материал бири- бирине тийгенде же бири-биринен бөлүнгөн учурда электр тогун алууну мүмкүн кылат. Ал эми генератордун негизи катары ион гидрогели менен аралашкан эластомер кызмат кылат.

Өңсүз жана ийкемдүү заттын курамындагы жаңы эластомер - электр өндүрчү "электростатикалык" материал катары кызмат кылса, гидрогел зарядды бөлчү электроддун ролун аткарат. Жаңы генератордун созулуу жана деформация болуусу башка эластикалуу трибоэлектрикалык генераторлорго (TENG) салыштырмалуу 1000% өйдө.

Материалдын генератору туптунук болгондуктан, ал аркылуу 96.2% жарык өтөт. Генератор 30% чейинки нымдуулукта 30 градус Цельсияга чейинки температурада иштейт. Алдагы материалдын кубаттуулугу 1 квадрат метрине 35 милливат болгондо 145 вольт энергия өндүрөт.

Генераторду жасоодо жеңил, анча кымбат эмес жана кеңири жайылган материал колдонулган. Бул технология менен жасалган генераторлорду адамдын терисине же кийимине жабыштырып койсо болот. Аларды ток менен чөнтөк (уюлдук) телефону жана чакан электрондук приборлор камсыздай алат. Берегидей ийкемдүү генераторду каалагандай формага салуу мүмкүн болгондуктан, аны автомобилдердин жана роботтордун дөңгөлөгүнө орнотуп койсо, алар өзүн өзү ток менен камсыздай алат.

Hybrid Cloud компаниясынын вице-президенти жана IBM компаниясынын илимий изилдөөлөр боюнча директору Арвинд Кришнанын (Arvind Krishna) айтымында, жаңы технология жакынкы жылдарда жарым өткөргүчтөрдү жасоодо кеңири колдонору калетсиз.

(Булагы: https://phys.org/new, http://www.wired.co.uk)

Чокуга тез чыккан электромобил

Дүйнөдөгү эң ылдам жүрчү Faraday Future FF91 электроавтомобил АКШнын Колорадо штатындагы Пайкс-Пик (Pikes Peak) чокусуна чыгууда жаңы рекорд койду.

Электрокөлүк 2017 Pikes Peak International Hill Climb эл аралык мелдешинин алкагында өткөн сынак учурунда тоонун чокусуна 11 мүнөт 25.082 секундада жетти. Бул мелдешке сериялык өндүрүштөгү электроавтомобилдер гана катышат.

FF91 автомобилинин кубаты 1050 аттын күчүнө барабар. Ийри-буйру жолдо резина дөңгөлөгү жолго жакшы жабышуусу үчүн демейдеги шиналардан ичке жана диаметри кадыресе автомобилдердикинен кичине кылып жасалат.

Береги жарыш учурунда FF91 автомобилин Faraday Future компаниясынын башкы инженери Робин Шут (Robin Shute) өзү айдады. Ал жолдо баратып, күтүүсүз пайда болгон "кээ бир техникалык мүчүлүштүктөрдү" улам оңдоп жатты. Ага карабай FF91 марага атаандаштарынан мурда келди жана Tesla Model S моделине таандык 2016-жылкы рекордду 20 секундага жаңыртты.

"Биздин максатыбыз - FF91 автомобилин "өз мүмкүнчүлүгүнөн да бийик секирүүгө" мажбур кылуу болчу", - деп билдирди Робин Шут, - "Сыноо учурунда автомобилдин айрым кемчиликтерин аныктай алдык. Бул бизге автомобилдин конструкциясын оперативдүү түрдө өзгөртүүгө мүмкүндүк берет жана сериялык түрдө өндүрүлчү автомобилдерде алдагыдай проблема болбойт".

(Булагы: http://insideevs.com, https://www.engadget.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG