Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 22:03

Жерге аркандалган батперек электр кубатын өндүрө баштады. Америкалык жаш окумуштуулардын илимий ачылыштары. Түркияда жер астындагы байыркы кент табылды.

Биринчи робот-полициячы жумушка чыкты

Дубайда дүйнөдөгү биринчи робот- полициячы калкты тейлөө ишине чыкты. Ал дүйнөдөгү эң бийик имарат - “Бурж Халифанын” (Халиф мунарасынын) алдында кызмат өтөйт. Ал алты тилде, анын ичинде арабча жана англисче сүйлөшө алат.

Робот-полициячыга медициналык камсыздоонун, башка кесиптештериндей денесин чымыр кармоо үчүн машыгуунун зарылдыгы жок. Анын бою 170 см, салмагы 100 кг жана ары-бери жылганда таманындагы дөңгөлөктү пайдаланат. Ал адамдын кыймыл-аракетин жана кол жаңсоосун 1,5 м жерден ажыратып билет.

Робот-полициячы тулкусундагы детектордун жардамы менен адамдын жакшы-жаман маанайын жүзүнөн билип, ошого жараша мамиле кылат. Адамдар робот-полициячынын көкүрөгүнө орнотулган планшет аркылуу жол эрежесин бузганы үчүн айыппулду төлөп, бейбаштыктар тууралуу полиция кеңсесине кабарлай алат.

Тунгуч робот-полициячыны испаниялык PAL Robotics компаниясы жасаган робот-гуманоиддин негизинде жасашкан. REEM деп аталган береги робот аэропорттор, музейлер, ооруканалар жана башка мекемелерде пайдалануу үчүн 2011-жылы жасалган.

Дубайдын полиция башкармалыгы 2030-жылга карата ар бир төртүнчү кызматкерин (25%) робот-полициячы менен алмаштырууну мерчем кылууда.

"Биз Дубай полициясындагы бардык иштерди акыл менен жасайлы деп жатабыз. 2030-жылга бизде жалаң роботтор тейлеген биринчи акылдуу полиция кеңсеси болот", - деп билдирди Дубай полициясынын интеллектуалдуу тейлөө департаментинин башкы мүдүрү, бригада генералы Халид Насер ар-Разуки.

Дубайда 2020-жылы алгачкы жолу көчүп жүрмө робот-полициячы кызматка чыгууга тийиш. Ал коомдук жайлардагы тартипке көз салгандан башка дагы кылмышкерлерди кармоого катышат.

(Булагы: http://www.engadget.com, http://www.telegraph.co.uk)

Жерге аркандалган батперек электр кубатын өндүрө баштады

Баш кеңсеси Калифорнияда жайгашкан Makani Power компаниясы кубаттуулугу 600 киловаттык (kW) батперек менен электр кубатын өндүрө баштады. Көмүртектин буласынан жасалган батперектер жерге болот зым менен аркандалган планерге орнотулган.

Планердин канаты 25,9 м узун. Планердин сегиз генератору узундугу 2,3 метрлик сегиз батперекке туташтырылган. Ал шамал жүргөндө асманга көтөрүлүп чыгат да, батперектер айланып, электр кубатын бере баштайт. Тагыраак айтканда, батперек роторду айлантып, электр иштеп чыгуучу аспап кыймылга келет да механикалык энергияны электр кубатына айлантат. Анан электр кубаты электр агымын топтоочу жабдууларга жиберилип, андан ары керектөөчүлөргө жөнөтүлөт. Бир чакан үйдү электр кубаты менен камсыздоо үчүн 1 киловатт агын жетиштүү деп саналат.

Power компаниясынын максаты - шамалдын түгөнгүс кубатын пайдалануу. Бүгүн дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн электр кубатынын 4% гана шамалдан алынат.

АКШда учма жел генераторун жасоо Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика тармагындагы жаңы технологияларды изилдөө агенттигинин колдоосу менен жүрүүдө.

Аралыктан башкарылчу (учкучсуз) учактарга орнотулган жел генераторлорду пайдалануу боюнча долбоордун үстүнөн Нидерландиянын Ampyx Power компаниясы да иштөөдө. Алардын концепциясына ылайык, платформага орнотулган электр кубатын өндүрүү жабдуусу жылма болот аркан менен учкучсуз учакка (дронго) туташтырылат. Шамал жүргөндө дрон асманга көтөрүлөт да, казыгын айланып, электр өндүрө баштайт. Ampyx Power жасап жаткан 250 киловаттык жел генератор келерки жылы электр тогун өндүрө баштоосу абзел.

(Булагы: https://renewablesnow.com, https://blog.x.compan)

Америкалык жаш илимпоздор дүйнөнү өзгөртүүгө даяр

АКШда жогорку класстардын окуучуларынын 2017-жылкы илимий мелдешинин (Regeneron Science Talent Search) финалисттерине 1,8 миллион доллардан көп акчалай сыйлык берилди.

Мелдештин жеңүүчүсү 17 жаштагы Индрани Даз (Indrani Das, New Jersey) үч жылдык изилдөөсү үчүн 250 миң доллар алды. Ал баш сөөк жана мээнин жаракатын изилдеп, нейрондун өлүүсүнүн башкы механизмин жана дарылоонун ыктымал жаңы усулун тапкан.

Экинчи орунду жеңген Арон Эйзер (Aaron Yeiser, Pennsylvania) 175 миң доллар менен сыйланды.18 жаштагы илимпоз татаал геометриялык формаларды дифференциалдык теңдемелерди колдонуп эсептөөнүн жаңы усулун иштеп чыккан. Ал тапкан усул авиалайнерлердин сапатын жана жасалма жүрөк насосторун жакшыртышы мүмкүн.

18 жаштагы Аржун Рамани (Arjun Ramani, Indiana) үчүнчү орунду жеңип, 150 миң доллар алды. Рамани иштеп чыккан математикалык усул социалдык группа же чарбалык системалардын өнүгүүсүн тездетүүгө алып баруусу ыктымал.

Төртүнчү орунду жеңген 17 жаштагы Байрон Сюй (Byron Xu, Texas) 100 миң доллар алды. Сюй азыркы усул мүмкүн кылгандан да кеңири аймактагы суунун температурасын эсептөө үчүн деңиздердин сейсмологиялык маалыматтарын - үн толкундарынын чагылуусун пайдаланган.

Бешинчи орундагы Арчана Верма (N.Y.) илимий эмгеги үчүн 90 миң доллар алды. 17 жаштагы кыз боёктор бөлгөн энергиянын молекулярдык орбиталдык динамикасын изилдеген. Бул изилдөө болочокто Күн энергиясын өндүрчү терезелерди жасоону мүмкүн кылат.

Алтынчы жеңүүчү Лаура Пирсон (Laura Pierson, California) математикалык симметриялык группалардын репрезентация теориясын изилдөө үчүн теориялык алгебраны колдонгон. 17 жаштагы кыз береги изилдөөсү үчүн 80 миң доллар менен сыйланды.

Жетинчи орунду 18 жаштагы Пратик Найду (Prathik Naidu, Virginia) жеңип, 70 миң доллар алды. Ал ракка чалдыккан адамдын геномунун өз ара катнашын үч өлчөмдө изилдөө үчүн компьютерге жаңы программа түзгөн.

Сегизинчи орундагы 18 жаштагы Этан Новек (Ethan Novek, Connecticut) 60 миң доллар алды. Ал иштетилген төмөнкү температурадагы мол жылуулуктан көмүртекти бөлүп алуунун жаңы жолун иштеп чыккан.

Тогузунчу орунду жеңген Вринда Мадандын (Vrinda Madan, Florida) эмгеги 50 миң долларга бааланды. 17 жаштагы окумуштуу кыз безгекти дарылоодо колдонулушу мүмкүн болгон 24 химиялык аралашманы изилдеп, колдонууга мүмкүн делген эки аралашманы аныктаган. Бул ачылыш кошумча изилдөөнү талап кылышы ыктымал.

Онунчу орун 17 жаштагы Стефан Ванга (Stefan Wan, Florida) ыйгарылып, ал 40 миң доллар алды. Ал агын суулардан жана жамгырдын суусунан фосфатты бөлүп алчу жаңы материалды ойлоп тапкан. Береги фосфат жер семирткич жасоого иштетилет.

Сынактын калган 30 финалистинин ар бири 25 миң доллар менен сыйланды.

Regeneron Science Talent Search деп аталган бул илимий сынак 57-жылдан бери өткөрүлөт. Анын катышуучулары оригиналдуу изилдөөнү үйүндө же университеттерде, ооруканаларда же менчик лабораторияларда илимий топтор менен кызматташып жүргүзүшөт. Сынакка каалоочулар көп жана атаандаштык күчтүү. Ошого жарым финалга чыккан ар бир окуучуга жана мектебине демөөрчүлөр тарабынан 2 миң доллардан сыйлык берилет.

1942-жылдан бери бул сынакка 147 миң окуучу катышкан. Анын жеңүүчүлөрү арасында Нобель сыйлыгынын сегиз лауреаты бар.

(Булагы: https://www.sciencenewsforstudents.org, http://www.prnewswire.com)

Жер астындагы байыркы кент - Белагази

Жер астындагы байыркы Белагази шаары Түркиянын ортолугундагы Кайсери вилайетинде табылды. Анын 52 кемери бар. Белагази кенти Түркиядагы 50дөн көп кемери бар жер астындагы биринчи шаар. Бул жерде чоң кемер бар экени жөнүндөгү маалыматты бийликтер 2014-жылы койчулардан жана жергиликтүү элден угуп, окумуштууларга кабарлашкан. Окумуштуулар кемерди изилдеп жатканда жердин астынан узундугу 80 метрлик Белгази кентин жана анын сыртындагы тоолордон чиркөө жана башка имараттарды табышкан.

Тоолордогу кемерлерди изилдөө борборунун өкүлү Доктор Осман Өзсойдун билдиришинче, кемерлердин саны береги кентте жашаган байыркы элдин талабы өскөндөн улам көбөйгөн болуш керек.

Жер астындагы кенттин кемерлери
Жер астындагы кенттин кемерлери

Жер астындагы байыркы кент коңшулаш Невшехир вилайетиндеги байыркы Каппадокиадагы жер астындагы шаарлардан бир кыйла айырмаланат. Каппадокиада шаардын кемерлери бири биринин үстүнө же вертикалдуу салынса, Белагази кентиндеги кемерлер бири бирине жанаша же горизонталдуу салынган. Мындай горизонталдык стиль Кайсери провинциясындагы жер астындагы кенттер үчүн мүнөздүү экенин белгилейт Осман Өзсой.

Тоолордогу кемерлерди изилдөө борборунун маалымдашынча, “Түркияда Византия доорунда курулган жер астындагы шаарлар өтө аз. Жер астындагы көпчүлүк кенттер Сасанийлер сулалеси басып кирген VI кылымда, араптардын VII жана VIII кылымдардагы жапырыгы маалда, ошондой эле селжуктар Анадолуга келген кезде курулган.

Бул деген адамдар жер астындагы кенттерди VI жана XI кылымдарда талап-тоноолор менен улуу согуштардан сактануу үчүн курганын билдирет. Таза аба жана азык-түлүк чектелүү болгондуктан, адамдар ал жерде ашып барса эки жума болушкан. Анадолудагы жергиликтүү тарсалар (христиандар) береги жер астындагы шаарларды баш паанек катары дээрлик 500 жыл пайдаланышкан”.

Байыркы элдер жер астындагы шаарды душман басып киргенде жашынуу үчүн пайдаланган жана ал жерде унаа-көлүктөрүн, азык-түлүктөрүн сакташкан. Анын өзүнүн канализациясы да болгон.

Каппадокиадагы жер астындагы Каймаклы жана Деринкуйа шаарлары туристтер көп келген жай.

(Булагы: https://www.dailysabah.com, http://www.ancient-origins.net)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG