Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:23

Британиядагы Skipping Rocks Labs инновациялык компаниясынын окумуштуу-инженерлери жаңы табылганы Ooho деп аташты.

Жапайы жаныбарлар арасында балдары үчүн кам көрүү жана аларды аман-эсен өстүрүү жалгыз ата-энеси эмес, бүтүн жамааттын милдети.

Бул сүт эмүүчү жаныбарлардын жүздөн ашуун түрүнө мүнөздүү көрүнүш. Британиядагы Эксетер университетинин (University of Exeter) окумуштуулары жогорудагы теорияны текшерүү үчүн боз темгил мангусттардын (Mungos mungo) жашоосун изилдешти. Алар Ортолук жана Чыгыш Африканы мекендейт.

Суурдан чоңураак бул макулуктар үйүр-үйүр болуп жашап, бар тиричилигин күндүз кылат. Чоңдору топтошуп аң уулаганы кеткенде жабытында калган күчүктөрүн бир нече ургаачы мангуст кайтарып калат. Чоңое баштаганда кээ бир гана күчүктөргө улуу курактагы мангусттар аталык кылып, башкалары турмуш мектебин өз алдынча үйрөнөт.

Британ окумуштуулары Уганданын Мвейя жарым аралындагы улуттук корукту байырлаган 12 үйүр мангусттун жашоосун изилдеп, күчүктөрүнө аталык кылып, тарбиялоо тууганчылыкка байланышпаганын аныкташты.

15 жылдык изилдөө макулуктар өз жынысындагы күчүктөрүн көзөмөлдөп чоңойторун, күчүктөр улууларынын, анын ичинде ата-энесинин көңүлүн өзүнө бурууга умтулбаганын көрсөттү. Окумуштуулар ушундан улам мангусттардын күчүктөрү тууганчылыгы алыс үйүрлөштөрүнүн жапырыгына кабылбас үчүн ата-энесине жакындыгын көрсөтпөйт деп боолгошот. Себеби, мангусттардын үйүрүндө күчүктөрүн өлтүрүү -инфантицид кадыресе көрүнүш. Анткени мангусттардын күчүктөрүн алгачкы бир айда бир нече эркек мангуст карагандыктан, күчүктөр үчүн улууларга бирдей мамиле кылган ыңгайлуу да, пайдалуу да. Ошого эне-мангусттар күчүктөрүнө өзгөчө камкордук кыла албайт. Мангусттардын ургаачылары көбүнесе бир күндө туушкандыктан, күчүктөргө тегин жашыруу оңой.

"Айбанаттардын көпчүлүк түрүндө энелери өз балдары үчүн кам көрүшөт деп ишенебиз, бирок эне-мангусттар күчүктөрүнө камкордук кыла албайт сыяктуу", - дейт доктор Эмма Витикайнен (Emma Vitikainen). - Себеби, ургаачы мангусттар төрөт күнүн синхрондуу кылып алган деп ойлойбуз жана күчүктөрү эволюциянын натыйжасында тегин жашырганга үйрөнгөн болушу ыктымал".

Бирок да мангусттардын сөз болуп жаткан түрүн узактан бери изилдеген профессор Майкл Кэнт: "Жетилген курактагы мангусттар жыныстык байланышка жана үйүрдөн душмандарды кууп чыгууга келгенде, туугандарын жаттардан ажырата аларын билебиз", - дейт. (Булагы: http://rspb.royalsocietypublishing.org, https://www.eurekalert.org)

Көлдө учуучу аппарат

Жалгыз адамдык суу үстүндө учуучу аппарат АКШдагы атактуу Силикон өрөөнүндө жайгашкан Kitty Hawk компаниясы жасады. “Учкуч” (The Flyer) деп аталган учуучу аппарат эки понтондун үстүнө орнотулгандыктан сууга конгондо чөгүп кетпейт. Сегиз ротору ага тикучардай ордунан асманга тик көтөрүлүүгө жана конууга мүмкүндүк берет. Бул өзү иштеткен электр кубаты менен иштечү учуучу аппараттын салмагы 100 килограммга чукул, ал эми максималдуу ылдамдыгы 40 км/саат.

“Учкуч” жеңил башкарылгандыктан, аны минүү үчүн эки сааттык даярдыктан өтүү жетиштүү.

Kitty Hawk компаниясынын президенти, Стэнфорд университетинин профессору Себестиан Трундун (Sebestian Thrun) билдиришинче, кардарларга “Учкуч” аппаратынын сыноо кезде көрсөтүлгөндөн такыр башка үлгүсү сунуш кылынат жана ал сатыкка үстүбүздөгү жылдын аягында чыгарылат. Анын баасы да быйыл жыл соңуна жакын маалымат болот. Бирок компаниянын маалымдашынча, “Учкуч” аппараты 5 миң доллар менен 10 миң доллардын ортосунда болот. Ага дейре кардарлардын бирикмеси түзүлөт.

100 доллар төлөп, бирикмеге үч жылга мүчө болгондор “Учкучту” сатып алуучулардын тизмесинде биринчи кезекке коюлат, аппаратка керек шаймандар менен кезексиз тейленет, компания уюштурган түрдүү оюн-зоок жана башка салтанаттарга чакырылат, аппарат стимуляторду үйрөнүүдө артыкчылык алышат.

Эң маанилүүсү бирикменин мүчөлөрүнө “Учкуч” аппараты 2 миң доллар арзан сатылат. Азырынча Kitty Hawk компаниясы жалгыз адамдык учуучу аппаратын АКШдан башка өлкөлөрдөгү кардарларга жөнөтүлбөсүн эскертти.

(Булагы: https://cleantechnica.com, http://abcnews.go.com)

Жапон окумуштуулары ойду окуй баштады

Жапон илимпоздору иштеп чыккан электроэнцефалографиялык система адамдын мээси иштеп жаткан кездеги сигналдарды окуп, адам ойлогон сандарды жана сөздөрдү билип алат. Ал адам ойлогон бирден тогузга чейинки сандарды 90% так билип тааныган, ошондой эле үндүү жана үнсүз тамгалар кезектешкен жөнөкөй сөздөрдү 61% тактык менен таанып билет. Береги системаны Тоехаси технологиялык университетинин профессору Сюн Нитта (Tsune Nitta, Toyohashi University of Technology) баштаган окумуштуу-инженерлери түзүшкөн.

Буга чейин электроэнцефалографиялык сигналдар аркылуу алынган сөздү түшүнүүгө кубатуу алгоритмдерди пайдаланууну мүмкүн кылганга жетерлик маалыматтарды топтоодогу кыйынчылыктар тоскоол болууда, деп белгиленет Тоехаси технологиялык университетинин билдирүүсүндө. Ал үчүн компьютердин мээни терең изилдеп, айтылчу ойду окуй билүүсүнө жетишүү керек эле. Ошондуктан, профессор Нитта башындагы илимий топ анча көп эмес маалыматты пайдаланып, мээдеги ойду чоң өндүрүмдүүлүк менен окуй алчу илимий усулду иштеп чыккан. Бул усул тийиштүү образдарды талдай жана тааный билүүгө, татаал алгебралык теңдемелерге негизделген.

Жапон окумуштуулары иштеп чыккан система келечекте түрдүү кырсыктардын кесепетинен улам ойлогон оюн айта албай калган адамдардын мээсиндеги маалыматты, тагыраак айтканда айтам деген оюн окуй алчу интерфейсти же системаны түзүүгө жол ачат. Мындай интерфейс адамдын компьютер менен азыркыдай маалымат жазбай эле сүйлөшүүсүнө же маалымат алмашуусун мүмкүн кыларын айтышат окумуштуулар. Андыктан жапон окумуштууларынын азыркы максаты айтылчу сөздү айттырбай эле мээден окуй алчу "Мээси бар интерфейсти" (Brain Computer Interface) иштеп чыгуу.

Алдагыдай машинени жасоо татаал. Себеби жасалма интеллект оболу өтө чоң көлөмдөгү баштапкы маалыматты окуп үйрөнгөндөй жана өздөштүрүлгөн материалдардын негизинде билим деңгээлин жогорулаткандай абалга жеткирилиши керек.

Бул иштен башка да профессор Ниттанын командасы азыркыдан алда канча аз сенсорлор менен иштечү шайманды жасаганга бет алышты. Андай шайманды алдыдагы беш жыл арасында компьютерге же смартфонго туташтырып алып да пайдалануу мүмкүн болот.

Былтыр Беркли шаарындагы Калифорния университетинин окумуштуулары адамдын мээсинин активдүүлүгүн байкап отуруп, ал ойлогон сөз формасында кайталоого жетишкен.

(Булагы: http://newatlas.com, http://www.dailymail.co.uk)

Тамак болчу бөтөлкө

Желим бөтөлкөлөр айлана чөйрө үчүн абдан зыяндуу. Пайдаланылып бүтүп, таштандыга ыргытылган андай желим идиштер жерде аябай көп. Британиядагы Skipping Rocks Labs инновациялык компаниясынын окумуштуу-инженерлери пайдалангандан кийин жеп алса болчу бөтөлкөнү жасашты. Алар жаңы табылганы Ooho деп аташты.

“Жеп койсо болчу бөтөлкөлөр” тамак-ашка пайдаланылчу 6-15 метр жана андан да тереңде өсчү суу өсүмдүктөрүнөн гел сыяктуу кылып жасалган. Аны жасоодо күрөң суу өсүмдүктөрүнөн өндүрүлгөн кальций хлориди жана натрийдин альгинаты пайдаланылгандыктан адамга жана табиятка эч кандай зыяны жок. Андай деңиз өсүмдүктөрүнө деңиз капустасы - ламинария, саргассум (Sargassum), эктокарпус (Ectocarpus), фукус (Fucus), падина (Padina) жана башкалар кирет.

“Жей турган бөтөлкөлөрдүн” сырткы кебетеси самындын көбүгүнө окшош болуп, кармаганда гелдей үлпүлдөп турат. Берегидей алгачкы бөтөлкөнү сыноого катышкан адамдар анын суусун ичкенден кийин кызыкчылык үчүн жеп алышкан. Жарым шар формасындагы чоңдугу муштай болуп-болбогон бөтөлкөнүн даамы жок. Ал түзүлүшү боюнча гель же желе сыяктуу.

“Желчү идиштин” алгачкы үлгүсүн 2014-жылы студенттер жасашкан. Идея интернетте кызуу талкууланганы менен кармаганда бүлкүлдөп турчу идиштен суу ичүү кыйын дештиби, британ илимпоздорунан бөлөк эч ким бул идеяны ишке ашырууга белсенип киришкен эмес.

Желим бөтөлкөлөр айлана-чөйрө үчүн зыяндуу. Желим идиштерди, анын ичинде бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча популярдуу: ар күнү 19 миллион желим бөтөлкө кайра иштетилет. Ага карабай, өлкөдө күн сайын 16 миллион желим бөтөлкө таштандыга ыргытылат.

Желим бөтөлкө ысыганда жүрөк-кан тамыр органдарына зыяндуу жана адамды депрессия кылган уулуу заттарды бөлөт. Андыктан окумуштуулар желим идиш ысыган болсо, анын суусун ичкенди жана желим бөтөлкөлөрдү кайра колдонбоону сунушташат.

“Жеп койсо болчу бөтөлкөлөр” жыл соңунда колдонууга чыгат. Андай бир бөтөлкөнүн баасы, маалымдалганга караганда, 2 центке жакын болот деп боолгонууда.

(Булагы: https://greatest.info, https://thecriticalspace.wordpress.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG