Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:42

​Дрондор догдурларга жардамдашат


Израилдин Airobotics компаниясы чыгарган дрон

Кумурскалар жарадарларын көтөрүп бараткан башкаларга кол салбайт жана жарадарларын майданда таштап кетпейт. 20-50 жыл аралыгында өнүккөн өлкөлөрдө адам аткарчу жумуштардын теңин роботтор аткарып калат. Швейцариянын Лугано шаарында дрондор пациенттердин анализин ташыйт. Мөмөлөр жана жашылча жемиш кан басымды ылдыйлатат.

Megaponera analis кумурскасы жортуул кезде жарадар болгон кумурскаларды кан майданга таштабай алып кетет. Кумурсканын бул түркүмү тропикалык жана субтропикалык Африкада жашап, бир үйүрүндө 500дөн 2000ге чейин кумурска болот. Алар күнүнө ак кумурскаларга (термиттерге) үч-беш мертебе кол салышат.

Оболу кумурскалар жиберген черүү 50 метр радиосун чалгындап, оозунан суюк феромон бөлүп, душмандын уюгун көздөй чыйыр салат. Анан алдыңкы күжүрмөн отряддагы 200-500 кумурска чыйыр кууп ак кумурскалардын сепилине жетет да, алардын чоңдору коргонду кыйратат, ал эми майдалары душманды өлтүрүп, чептин ичинен сыртка сүйрөп чыгат. Жоо менен демейде термиттердин жаагы кубаттуу чоң баш тандалма солдаттары салгылашат.

Германиянын Вюрцбург университетинин (University Würzburg) окумуштуулары Кот-д’Ивуарда береги кумурскалардын 52 колониясы уюштурган 420 жортуулду изилдешкен. Бул изилдөө көрсөткөндөй Megaponera analis кумурскалары ар бир жортуулда өз үйүрүнөн жарадар болгон солдаттарды өз уюгуна көтөрүп кетишкен. Минтип күнүнө 9-15 кумурска куткарылган. “Бул колония үчүн пайда. Жарадар кумурскалар келечекте жортуулдарга катышат жана колониянын ишке жарамдуу мүчөсү бойдон калат", - дейт изилдөөнүн жетекчиси, мирмеколог Эрик Т. Фрэнк (Erik T. Frank).

“Тез жардам“ жеңил жарадарларга, бир же эки бутунан ажыраган жоокерлерге гана көрсөтүлгөн. Эгер кумурскага термит жабышып калган болсо, ал оболу уюкка жеткирилип, андан соң термит денеден ажыратылган. Оор жарадарлар кан майданда кароосуз калган.

Кызыгы ар бир колониянын кумурскалары өз уясынын гана кумурскаларын куткарган. Жолдо бөлөк уядагы жарадар кумурскалар кезиксе аларды бөгөт болбосун деп жолдон сүйрөп, же сүрүп чыгышкан.

Окумуштуулар жарадар кумурскаларга жардам көрсөтүлбөгөндө эмне кылышарын билүү үчүн атайын эксперимент жүргүзүшкөн. Ошондо казаттан өз алдынча кайткан жарадарлардын 30% башка түркүмдөгү кумурскаларга же жөргөмүштөргө жем болгон, же ачкалыктан өлүп, уюгуна жетпей калган. Жапырык кезде үйүрүнөн бөлүнүп, жалгыз калган дени соо кумурскалардын 10% жолдо келатып курман болгон. Жарадар кумурскаларды сүйрөп бараткан кумурскаларга душман тараптан кол салуулар болгон эмес.

Куткарылган кумурскалардын 90% көбү, анын ичинде эки аягынан ажырап калгандары сакайгандан кийин казатка көптүн катарында чыга баштаган.

Буга чейин энтомологдор чоң Platythyrea conradti кумурскалары орто чоңдуктагы Strumigenys maynei кумурскалары менен жарнакташып жашарын, эгер биринчи кумурскалар уюкту куруу менен алек болсо, экинчилер уюкту душмандан коргоорун аныкташкан. Ал эми Formica paralugubris түркүмүндөгү кумурскалар дарактын чайырын пайдаланып, уюкту жана бири бирин дезинфекциялап, тазалыкты сактаары аныкталган.

Роботтор тейлөөнү колго алат

Июнь айынын тартып Нью-Йорк штатындагы жалпы билим берчү коллеждин (Orange County Community College, Middletown) кафесинде кардарларды жалаң роботтор же соода автоматтары тейлей баштайт. Нью-Йорк мамлекеттик университетине таандык окуу жайдын кафесинде азыр 12 адам иштейт. Кафени жабууга коллеждин азык-түлүк соода бөлүмүнүн 150 миң доллар чыгашасы негиз болгон.

Бул окуя азык-түлүк сатуу тармагын автоматташтырууда чоң өзгөрүү башталганынан кабар берет. 2015-жылы Миннесота штатындагы үч мектептин кафеси өзүн өзү тейлөөгө өткөрүлүп, сатуучуларсыз иштей баштаган. Пилоттук долбоорду өзүн өзү тейлөө технологиясына адистешкен Three Square Market компаниясы баштаган.

Ноябрда McDonald’s корпорациясы Кошмо Штаттардагы 14 миң дүкөндө кардарлар өзүн өзү тейлөөгө өткөрүлөрүн жарыя кылды. Азыр Түштүк Калифорния, Нью-Йорк жана Флоридада McDonald’s корпорациясынын кафелеринде кардардан заказды роботтор же аппараттар кабыл алат.

Англиядагы атактуу Оксфорд университетинин 2013-жылкы изилдөөсү боюнча ушу тапта "көк жакалуу" кара жумуш аткаргандар роботтор менен алмаштырылса, эмки кезекте бухгалтер, инженер, катчы сыяктуу орто класска кирген "ак жакалардын" 47% ордун жоготушу ыктымал.

McKinsey консалтинг компаниясынын соңку изилдөөсүнө ылайык, келерки 20-50 жыл аралыгында адам аткарчу жумуштардын теңин роботтор менен машинелер аткарып калат. АКШда 60 миллион жумуш орду толук же жарым жартылай автоматташтырылат деп айтылат изилдөөдө. Роботизация атүгүл эң байыркы кесиптин ээлери - сойкуларга коркунуч жаратууда. TrueCompanion компаниясы Roxxy жана Rocky деген интерактивдүү секс-роботтордун үстүнөн иштөөдө. Алар “кадимки адамдай сүйлөп, шеригин угат, баарлашат, жанындагы адамды сезет" деп айтылат компаниянын сайтында. Роботтор тогуз ай бала көтөрүп төрөп берерин Daily Star гезити кабарлады.

Австралия-британиялык Rio Tinto тоо-кен металлургия концерни ушу тапта карьерлеринде өзү жүрчү оор машинелерди сыноодон өткөрүүдө.

“Айдоочу сөзсүз эс алууга тийиш. Автоматташтырылган машинелер күнүнө 24 саат, жылына 365 күн тынбай иштейт. Ал май куйганда же ремонт үчүн гана токтойт. 2008-жылдан бери автономдуу режимде иштеген машиналар айдоочусу бар мындай машинелерден орточо 14% көп болуп калды. Алар машинени тейлөө чыгымын 13% азайткан,” - деп айтылат концерндин билдирүүсүндө.

Дрондор догдурларга жардамдашат

Лугано шаарында 14-марттан 4-апрелге чейин пилотсуз учуучу аппарат -дрон эки оорукана ортосунда бандероль ташып сыноодон өттү. Швейцария почтасы, Ticino EOC госпиталдар тобу жана АКШнын Matternet компаниясынын орток долбоорун Жарандык авиациянын Федералдык кеңсеси жактырып, батасын берди.

Быйыл жайында Луганодо квадрокоптер дрондор кайрадан бир ай бою сыналат. Ошондон кийин квадрокоптерлер шаардагы Ospedale Italiano жана Ospedale Civico госпиталдары ортосунда бейтаптардын анализинин үлгүлөрүн такай ташый баштайт. Азыр пациенттердин анализдеринин үлгүлөрү бул эки госпиталь арасында машине менен ташылат. Албетте, пилотсуз учуучу аппараттар береги маанилүү кызматтын чыгымын азайтып, тез жеткирет.

Matternet компаниясы жасаган логистикалык дрондун диаметри 80 см. Ал 2 кг чейинки жүктү 20 км аралыкка чейин жеткире алат. Орточо ылдамдыгы 36 км/саат же секундасына 10 метр аралыкка учат. Дрондун техникалык коопсуздугу үчүн автопилот, альтиметр, аселометр, гирометр сыяктуу электрондук сенсорлор экиден жасалгандыктан кокус бири иштен чыкса, запастагысы токтоосуз ишке кирет. Эгер дрондун электроникасы түгөл иштебей калчу болсо автоматтык түрдө парашюту ачылат. Дрондор абага көтөрүлгөндө жана конгондо инфракызыл нурдун жардамы менен автономдуу башкарылат. Ошон үчүн дрон мерчемделген жерге жеткенде сенсорлору инфракызыл нурду таап, анын жардамы менен ылайыктуу орунга конот.

Matternet ONE квадрокоптери жарандык авиация үстүнөн учууга тыйуу салган бийик имараттарды, чоң ишканаларды айланып учат.

Швейцариянын почта кызматы пилотсуз учуучу аппараттарды жеңил жүктөрдү ташуу боюнча 2015-жылдан бери эксперимент жүргүзүүдө. Америкалык Amazon компаниясы 1-майдан тартып, Цинциннати/ Түндүк Кентукки эл аралык аэропортунда дрондор менен коммерциялык жүктөрдү ташуучу Prime Air системасын пайдаланууга берет.

Ушу тапта Zipline жана Vayu компаниялары Руанда менен Мадагаскарда дрондорду бейтаптардын анадиздеринин үлгүсүн ташууда пайдаланат.

Мөмө-жемиш кан басымды ылдыйлатат

Гипертензия (организмдин кайсы бир системасында кан басымдын жогору болуусу) менен артериалдык басымга диета же тамакты мүнөздөп жеген таасир этет. Кан басымын азайтууну каалаган адам натрийди (тузду) керектөөнү кемитүү керек. Адам калийге бай мөмө жана жашылча-жемиштерди көп жесе кан басымы төмөндөйт. Анткени калийге бай азык оокат жегенде, бөйрөк туз менен сууну көп бөлүп, калий заараны айдайт, организмден ашыкча натрийди жууп кетирет.

Ушундан улам калийге бай кара буурчак, авокадо, банан, шпинат, таттуу картошка, атүгүл кофе артериалдык басымды төмөндөтөт деп эсептешет окумуштуулар. “Натрийди керектөөнү азайтуу - бул артериалдык басымды ылдыйлатуунун жакшы сыналган жолу. Бирок маалыматтар көрсөткөндөй, диетикалык керектөөнү көбөйтүү да гипертонияга олуттуу таасир этиши мүмкүн”, - дейт Түштүк Калифорния университетин Медицина мектебинин профессору Алисия Макдоноф. Ошон үчүн адамдар күнүнө жок дегенде 4,7 грамм калий жеши керек.

Гипертония - саламаттыкты сактоо тармагы үчүн глобалдык проблема. Анткени гипертониядан дүйнөдө бир миллиарддан ашык адам жабыр тартат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча инсульттан көз жумган адамдардын кеминде 51% өлүмү жана жүрөк дартынан жайран болгондордун 45% өлүмү түздөн түз гипертонияга байланышкан.

Окумуштуулардын айтымында диетикалык калийди керектөө адамдан аң сезим менен бекем эркти талап кылат. Профессор Макдонофтун түшүндүрүшүнчө, байыркы ата-бабаларыбыз калийи көп жана натрийи аз жашылча-жемиштер менен тамактанышкан.

Эволюциянын негизинде адамдар натрийи көп тамак-аш менен азыктанып калган. Бүгүн тамак-аш компаниялары кайра иштеткен азыктарда калий аз. “Эгер сиз типтүү Батыш диетасы менен тамактансаңыз, натрийди көп керектеп, калийди аз керектейсиз. Ушуну менен өзүңүздүн кан басымыңыздын жогорулашына шарт түзөсүз” - дейт профессор Макдоноф. Натрийди организмде баланстап турчу диетикалык калийдин аз болгону диетикалык натрийди көп керектеген менен тете дегенди билдирет.

АКШнын Улуттук медицина академиясынын Медицина институтунун 2004-жылкы докладын карасак кан басымды төмөндөтүү, диетикалык калийдин зыянын азайтуу жана бөйрөктө таштын чогулуусунун алдын алуу үчүн күнүнө 4,7 грамм калий керектөө зарыл. Мисалы, Макдонофтун айтышынча, ¾ стакан кара буурчак жеген күнүмдүк керектелчү калийдин 50% берет. Илимпоз ошондой эле өсүмдүктөрдөн алынган диетикалык калийди керектөөнү көбөйтүү боюнча өкмөттүк саясат иштеп чыгуу жана тамак-аштын этикеткасында калийдин үлүшүн көрсөтүү керек экенин айтат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG