Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Мурундун формасына жергиликтүү климат таасир этет. Жаңы Зеландиядагы күлкүчү тоту куш. Студенттерди жакшы окуганга кызыктырса болот. Каалаган формага салынчу касиеттүү полимер.

Студентти сабакка кантип кызыктырса болот?

"Муну эмнеге окушум керек?" Бул көпчүлүк жаштарга мүнөздүү суроо. Ошондуктан "балабыз же кызыбыз канткенде жакшы окуйт", "окуусун жакшы окуcа экен" деген түйшүк бардык эле ата-эненин башында бар. Кошмо Штаттардагы Мичиган мамлекеттик университетинин соңку изилдөөсү көрсөткөндөй, теманы жана сабакты окуунун зарылдыгын жаштарга мугалим эмес, өз теңтуштары түшүндүргөн учурда, алар жакшы окуйт экен.

Университеттердин студенттери эки топко бөлүнүп, бир тобуна окуунун зарылдыгын өздөрү курактагы жана өздөрүн жаш кесипкөй адиспиз деп тааныштырган артисттер түшүндүргөн; экинчи топко аргументтер менен ошол предметтен дарс окуган мугалимдер түшүндүргөн. Андан соң эссе жаздырганда, биринчи топтогулар эссени бир кыйла кызыктуу, мазмундуу жазган. Жыйынтыгында, теңтуштары түшүндүргөн студенттер орточо 92 балл, мугалимдер түшүндүргөн студенттер орточо 86 балл алышкан. Кызыгы, курстун зарылдыгы тууралуу эч кандай түшүндүрмө албаган студенттер орточо 90 балл алышкан.

"Изилдөөнүн жыйынтыгы мугалимдер кургак фактыларды мыкты талдап түшүндүрөт, ал эми тең курактагы жаштар студенттерге өздөрүн идентификациялоого (аңдап түшүнүүгө) жардамдашканын күбөлөйт", -дейт педагогикалык психология боюнча адис", - доцент Кэри Розет (Cary Roseth).

"Башкача айтканда, мен студент катары өзүм теңдүүлөргө окшоштуруп, сабактын материалдарын алар сыяктуу эле пайдаланам деп элестетем. Бул сабактын мазмунун эске туткандан тышкары турмушка жана алдыга койгон максатына айкалыштырып түшүнүүгө өбөлгө болот. Мен теңтушумдун аңгемесин угуп жатканда, өзүмдүн болочокто ким болорумду көрүп жаткансыйм".

Илимпоздун айтымында, бул изилдөө мугалим студенттердин эмгегин баалап, аларга эмне кылуу керектигин айтып, мотивация бергенин, студенттер жакшы окуусу үчүн аларды баа аркылуу мажбурлаганын, класста окуган ошон үчүн маанилүү экенин дагы бир жолу ырастайт; мугалимдердин студенттерди предметке кызыктырууда алар курактуулардын аргументтерин кошо колдонуу пайдалуу болушу мүмкұн экенине ишара кылат.

International Journal of Educational Research журналынын изилдөөсүнө ылайык, АКШда өткөн 10 жылда түрдүү коллеждерде online окуган студенттер абдан көбөйгөн. Жогорку окуу жайларда окуган 7 миллиондон ашык студенттин ар бир үчүнчүсү жок дегенде бир адистик же кесип боюнча online курста окуйт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.journals.elsevier.com)

Сыйкырдуу материал

Жаңы полимер материалга жарыкты багыттап, түрдүү формага өзгөртүү менен аны бузбай кармап турса болот.

Түндүк Каролина унверситетинин окумуштуулары иштеп чыккан технология параметри куб, пирамида сыяктуу элементтерден турган 3D форматындагы татаал формаларды каалагандай өлчөмдө жасоону мүмкүн кылат.

Америкалык илимпоздор жаңы технологиянын негизи катары өздөрүнүн 2011-жылкы илимий ачылышын пайдаланды. Ошондо алар полимерге инфракызыл жарыкты багыттап, параметри үч өлчөмдүү объекттердин формасын жасоого жетишкен. Алдагы технологияда жумуру полимердин кара өңдөгү бөлүгү жарык затка тийиштүү форманы берүүчү болгон. Себеби, кара өңдүү материал жарыкты өзүнө тез сиңирип, тез ысыйт, формасын өзгөртөт. Бул технологиянын бир кемчилиги - шаблондун бардык бөлүгүн бир учурда тегиз ийип жибергени.

Америкалык окумуштуулар иштеп чыккан жаңы технология материалдын керектүү бөлүгүн гана ийгенди жана тийиштүү формага салганды мүмкүн кылды. Ага жетишүү үчүн жарыкты өзүнө сиңирчү полимердин түсү жана колдонулган жарыктын толкунунун узундугу өзгөртүлдү. Материалдын бети түрдүү өңдөгү атайын сыялар менен боёлуп, адегенде көк жарык материалдын сары бөлүгүнө, кызыл жарык көк сыя менен боёлгон бөлүгүнө зарыл форманы берет. Береги технологияны пайдаланып, атлас сыяктуу түрдүү өңдөгү материалга да каалаган форманы берсе болот.

Мындай жарыктын таасири астында формасын өзгөртүп, керектүү параметрдеги объект болуп калчу полимердин келечеги кең. Бул технологиянын негизинде зарыл болгондо же мерчемделген жайга жеткенде жалпак же компактуу абалынан чыгып, иштей баштаган робот-трансформерди жасаса болот. Же космоско жыйналган абалында жеткирилип, анан пайдаланылчу күн панелдеринде пайдалануу мүмкүн.

(Булагы: http://advances.sciencemag.org, https://www.researchgate.net)

Тоту куштардын шайыры

Кээ бир адамдар башка бирөөнүн кыткылыктап күлгөнүн укса, жылмайып коёт же аргасыз күлөт. Ал эми Жаңы Зеландияда жашаган кеа тоту кушу ойноп күлгөндө аны уккан башка тоту куштар токтоосуз күлүшөт. Муну Венадагы Ветеринария университетинин алдындагы Мессерли илимий изилдөө институтунун кызматкери Раул Швинг (Raoul Schwing, Messerli Research Institute University of Veterinary Medicine ) австриялык жана зеландиялык коллегалары менен чогуу аныкташты. Береги акылдуу, тынчы жок тоту куштар атайылап добушун күлкүлүү чыгарып, башка туугандарын “тамашага” кошулууга чакырат. Бул үндү уккан кеа түркүмүндөгү тоту куштар “кыткылыктаган” тоту куштарга кошулуп, күлө башташат. Доктор Швингдин айтымында, кеа тоту кушунун күлүп, ойноого чакырган үнү жалпы оюнга кошулбай турган тоту куштарды башкаларга кошулуп,“кыткылыктай” баштоосуна стимул берерин алар мурда жазып алынган берегидей үндөрдү угузуп көрүп байкашкан. “Адамдын күлкүсү сыяктуу эле кеа тоту куштары алардын үндөрүн эшиткен башка канаттууларга эмоционалдык жактан таасир этчү касиетке ээ. Ал үндү уккан кеа тоту куштарынын көңүлү көтөрүлүп, бул “оюнга” даяр болуп калышат”, - дейт доктор Швинг.

Изилдөөдө айтылгандай, "чакырыкты уккан көпчүлүк тоту куштар оюнга кошулган эмес. Бирок алар өздөрү сыяктуу оюндан четте турган тоту куштар менен ойной баштаган. Жалгыз өзү болсо объект менен же абада акробатика кылып ойногон. "Бул мисалдар кеа оюнга чакырбаганын, бирок алдагы спецификалык чакырык, ырдап ойноо оң эмоцияны пайда кылат деген гипотезаны тастыктап, тоту куштарды артисттерче кылыктантарын айтышат илимпоздор. Алар кеа тоту куштарынын оюнга чакырган үнүн күлкүгө окшоштурушат. Балким тоту куштар берегидей үндү башка куштар менен байланыш түзүү жана өздөрүн социалдык топ катары сезүү үчүн чыгарышы мүмкүн" деп боолгошот окумуштуулар.

Доктор Раул Швинг тамаша-чынга салып айткандай, "Эгер жаныбарлар күлө алса, биз алардан көп айырмаланбайт турбайбызбы?".

Кеа тоту кушунун салмагы 800 грамдан 1000 граммга чейин, узундугу 48 сантиметрге чейин болот. Эркек тоту куштар ургаачыларына караганда 5 % узун, эркектеринин үстүңкү тумшугу ургаачыларынын үстүңкү тумшугунан 12-14% узун болот. 1992-жылы Жаңы Зеландияда 15 миң чамалуу кеа тоту кушу болгон.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.vetmeduni.ac.at)

Мурундун формасына жергиликтүү климат таасир этет

Чыгыш азиялык, Түштүк азиялык, Батыш африкалык жана Түндүк европалык жүздөгөн адамдардын үч өлчөмдөгү сүрөттөрүн изилдөө- алардын мурдунун формасына жергиликтүү климат, өзгөчө температура жана нымдуулук катуу таасир эткенин көрсөткөн.

Жалпак жана таноосу бородой мурундар көбүнесе климаты жылуу жана нымдуу өлкөлөрдүн калкында, таноосу кичине кыр мурундар негизинен климаты суук жана кургак өлкөлөрдө көп учурайт.

"Мурундун негизги функциясы дем алуу жана жыттоо. Мурундун ичиндеги капиллярлардын жана кандын былжырлуу кабыкчасы дем алганда муздак абаны дем алуу органдарынын сезимтал бөлүгүнө жеткенче жылытууга жана кургак абаны нымдуу кылганга жардамдашат. Мурундун ичке дем алуучу жолу дем алгандагы аба менен мурундун ички ткандарынын байланышын жакшыртат",- дейт АКШдагы Пенсильвания университетинин генетиги Арслан Заиди (ArslanZaidi).

Адамзаттын түпкү теги 200 000 жыл мурда Африкада пайда болуп, кийин дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө тараган. Илимпоздордун билдиришинче, таноосу ичкерээк адамдар таноосу кең адамдарга караганда чоң ийгиликтерге жетишип, көп бала-чакалуу болгон болушу ыктымал. Себеби суук жана кургак жерлерде мурундун чоң таноосу бара-бара кичирейген.

Арслан Заиди жана анын коллегаларынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы британ анатому жана антропологу Артур Томсондун (1858-1935) суук, кургак климата жашаган адамдарга нымдуу климатта жашаган адамдарга салыштырмалуу узун жана ичке мурун мүнөздүү деген эрежесин тастыктайт.

Доктор Заидинин сөзүнө караганда, Томсондун эрежесин далилдеген буга чейинки изилдөөлөрдүн көпчүлүгү адамдын баш сөөгүн өлчөп алынган. Алардын изилдөөлөрүндө мурундун тышкы формасы анализделген. Ошондой эле мурундун туурасы, бийиктиги, учу же таноо жагынын узундугу, таноосунун кеңдиги, мурундун сырт жагынын аянты жана эки таноосунун жалпы аянты изилденген.

"Биз мурун жөнүндөгү эң жөнөкөй гипотезаны текшерип көрдүк. Ал балким өтө татаал эволюциялык жолду басып өткөн. Биз мурун тууралуу дагы көп нерсени билбейбиз", - дейт Арслан Заиди.

(Булагы: http://ibusinesslines.com, http://journals.plos.org)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG