Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:52

Чикаго университетинин эки студенти заттарды температуралар ортосунда түзүлчү жасалма айырманын эсебинен абага көтөрүүнүн жаңы жолун тапты. Алты буттуу макулуктан калышпай жүгүрчү робот жасалды. Чоң пандалардын тулкундагы ак жана кара тактардын сыры ачылды. Семиздик айыкпас рак оорусунун 11 түрү менен түз байланыштуу экени аныкталды.

Студенттер физика илиминде жаңы ачылыш жасады

Температуралар ортосунда түзүлчү жасалма айырманын эсебинен иштечү жылуулук левитациясынын жаңы усулу. Табиятына жана өзгөчөлүктөрүнө карбай, бардык объекттерге бирдей колдонулчу береги усулду Чикаго университетинин окумуштуулары иштеп чыкты.

"Магниттик левитация - жалаң магниттик материалдар менен, оптикалык левитация - багытталган жарык менен иштейт. Биз ойлоп тапкан усул объекттин материалына, формасына жана башка касиеттерине карабай, бирдей колдонулат",- дейт профессор Ченг Чин (Cheng Chin).

Береги илимий ачылыштын авторлору Чикого университетинин 3-курсунун студенти Фрэнки Фанг (Frankie Fung) жана 4-курстагы Михайло Усатюк (Mykhaylo Usatyuk).

Жылуулук левитация усулу термофорез процессине негизделген. Бул процесс маалында түрдүү температура ортосунда күч пайда болот. Эксперимент кезде изилдөөчүлөр керамика, айнек, пластмасса, муздун сыныктары, өсүмдүктөрдүн уруктары жана башка майда заттарды бир сааттан узак абада былкылдатпай кармап турушту. Ал эми жылуулуктун бир булагы катары бөлмө температурасындагы (20 °C- 25 °C) жез пластина болсо, экинчи булагы болгон пластина суюк азоттун жардамы менен 184 градус Цельсияга ысытылды.

Жаңы усул жылуулук левитациясы технологиясына таянып, түрдүү объекттерди өйдө көтөрүүнү мүмкүн кылат. Бирок окумуштуулар өздөрү моюнуна алгандай, алдагы усул басымдын кууш диапозонунда, чектелүү температурада жана колдонулган пластиналардын тийиштүү геометриялык өлчөмү сакталганда гана иштейт. Арийне, жылуулук гравитациясынын күчү өйдө көтөрүлчү объекттин формасы жана материалына да багыңкы болот.

Жаңы усул изилдөөнүн объекттин космоско жибербей Жерде лабораториялык шартта изилдөөнү жана ашыкча тазалыкты сүйгөн объекттерге жакын барбастан эле манипуляция жасаганга мүмкүндүк берерин Чикаго университетинин профессору, илимпоз-физик Томас Уиттен (Thomas Witten): "Ал (жаңы технология) микроэлектромеханикалык системалардын майда деталдарын жана алдагыдай системалардагы оңой байкалбаган күчтөрдү өлчөөнүн мүмкүнчүлүгүн дагы кеңейтет".

Азыр магниттик левитация өндүрүштө, анын ичинде темир жол транспортунда, оптикалык левитация илимий изилдөөлөрдө, акустикалык левитация дары-дармектерди жасоодо колдонулат.

Алты аяктуу робот өзү сыяктуу макулуктан чапчаң кыймылдайт

Алты буттуу курт-кумурскалар менен чымын-чиркейлер ылдам чуркап баратканда бир жактагы эки жана экинчи жактагы бир аягы дайыма жерге тийип турат. Алты аяктуу роботтор жасалганда береги макулуктардын кыймылдоо принциби дал өзүндөй кайталанат. Бирок үч аякка таянып жүгүрүү макулуктар үчүн дайыма эле оптималдуу эмес экенин Швейцариянын Лозанна шаарындагы Федералдык политехникалык университеттин (Swiss Ecole Polytechnique Federale de Lausanne, EPFL) окумуштууларынын изилдөөсү көрсөттү. Эгер макулуктун бутунда жабышчаак бөлүгү жана тырмактары болсо, ал дубалдын бетинде жана шыпта үч аяктап тез, эффективдүү жүгүрөт. Эгер андай бөлүгү жана тырмагы жок болсо, жүгүргөн кезде бир учурда жерге эки аягы тийип турганда ылдам жана эффективдүү жүгүргөн.

Алар дрозофил чымыны кандай шартта ылдам да, эффективдүү да жүгүргөнүн аныктоо максатында эволюциялык алгоритмди пайдаланышты. Дрозофил чымын илимий эксперименттерде эң көп колдонулган макулук.

Береги теория канчалык реалдуу экенин аныктоо үчүн изилдөөчүлөр салттуу үч аяктап жана жаңы ыкмага ылайык эки аяктап жүгүргөн роботторду жасашты. Эксперимент учурунда эки аяктап жүгүргөн робот жеңди жана эволюциялык алгоритм теориялык жактан туура экени ырасталды.

Швейцариялык окумуштуулар жаңы теорияны макулуктарга пайдаланып көргөндө да теория туура чыкты. Тактап айтканда, алар дрозофил чымындын бутундагы жабышкак бөлүгүнө жана тырмактарына полимер жабыштырып коюшканда, бут кийимчен макулуктар бир аз убактан соң эки аяктап чуркап калган.

"Бул изилдөөнүн натыйжасы макулуктар көпчүлүк роботтордон айырмаланып, баскандын жаңы жолун табуу үчүн жаңы шартка тез ыңгайлашып кеткерин көрсөттү", - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Робин Тандиакл.

- Робот техникасы жана биология ортосунда табигый диалог бар: Көптөгөн роботтор табияттын таасири астында жасалган. Биологдор айбанаттардын жүрүм-турумун терең түшүнүүдө роботторду пайдаланса болот. Биздин эмгегибиз макулуктардын жана роботтордун кыймылын изилдөөгө олуттуу салым кошот деп ишенебиз".

(Булагы: https://phys.org,http://www.roboticstomorrow.com, http://www.sciencenewsline.com)

Пандалар эмнега ала болушат?

Кытайдын ортолугундагы тоолуу Сычуан жана Тибет бөлүгүндө жашаган чоң панда же бамбук пандасынын терисинде эмне себептен ак жана кара тактар бар экени аныкталды. Анын себебин билүү үчүн Калифорния университетинин профессору, доктор Тим Каро (Tim Karo) пандалардын тулкундагы жүндөрдүн карала бөлүгүн ушундай ала айбандардын 195 түрү, анын ичинде пандаларга окшош аюулардын 39 түркүмү менен салыштырып көрүштү.

Ар бир түрдөгү айбандын терисиндеги ак жана кара тагы ал жашаган жерге, жашоо өзгөчөлүгүнө жана жүрүм-турумуна шайкеш келерин талдап чыгышты. Анын жыйынтыгында пандалардын жүнүнүн өңү менен чөйрөнүн температурасы арасында эч кандай байланыш табышпады. Ошондой эле көзүнүн тегерегиндеги кара тактар көздү кардан чагылган күндүн кубаттуу нурунан коргойт жана ал тактар макулуктарга өз ара байланышуу үчүн керек деген гипотеза ырасталган жок.

Панданын жүнүнүн өңүн жана айлананы анализдөө жаныбардын тулкунун ак жүндүү бөлүгү карлуу жерлерде жашынууга, алдыңкы жана арткы буттарынын тамандарындагы кара жүнү токойдо жашынганга мүмүкүндүк берери аныкталды. Бирок төрт аягындагы кара жүнү карда жашырынганын кыйындатары шексиз дешет окумуштуулар.

Айбандын тумшугундагы кара тактар алардын коомдогу жүрүм турумуна байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби кулагы менен тумшугундагы тактары катуу айырмаланган пандалар башка кандаштарына караганда алда канча заарлуу жана коркунучтуу болушары такталды. Ошондуктан пандалар дене боюндагы түрдүү чоңдуктагы тактарды бири бирин таануу үчүн же жырткыч мүнөзүн көрсөтүү үчүн колдонушат. Ошентип алардын өңү түрдүү эволюциялык өнүгүүнүн натыйжасында жетишилген мунапыстын (компромисттин) белгиси. Анткени пандалар тропикалык токойлордон тартып, карлуу чокуларга чейин байырлашкандыктан, аларга чөйрөдө бири бирин таанууга, душмандарынан жашынууга жардамдашат, деп бүтүм чыгарды биологдор.

Профессор Каро айткандай, бир да башка сүт эмүүчү айбандын жүнү панданыкы сыяктуу ала болбогондуктан, анын тулкунун кайталангыс өңүнүн сырын билүү биологдор үчүн узактан берки жандырмагы чечилбеген табышмак эле.

"Биздин командага бир сүрөт үчүн ондон көп көрүнүштүн жыйырмадан ашуун ыктымал болчу өңдөрүн табууга миңдеген сүрөттөрдөгү көрүнүштү эсептеп чыкканга туура келди. Панда эмнеге агала деген жөнөкөй суроого жооп табуу үчүн кээде жүздөгөн саат тынбай иштөө керек", - дейт изилдөөнүн соавтору, доцент Тед Станкович (Ted Stankowich). (Булагы: https://academic.oup.com, http://www.foxnews.com, www.livescience.com)

Семиздик менен рактын 11 түрү түз байланышкан

Лондондогу Империал колледжи (Imperial College) башындагы бир нече илимий борбор өткөргөн изилдөө ашыкча салмак жана тамакты сиңирүү органдарынын гормондоруна байланыштуу залалдуу шишиктерге рактын изилденген 36 түрүнүн 11 түрүнүн түздөн түз катышы бар экенин аныктады. Алар мындай тыянакка дененин салмагынын бийик индекси жана рактын ортосундагы байланышка тийиштүү 2 миңден көп изилдөөнү анализдеп чыгышкандан кийин келишти.

"Ашыкча салмакты жоготуу семиз адамда рактын кээ бир түрлөрүнүн пайда болуу коркунучун азайтат", дейт береги жогорку окуу жайдын Коомдук саламаттык мектебинин окумуштуусу, доктор Костас Тсилидис (Kostas Tsilidis,School of Public Health). Анын айтымында, “Семиздик менен рактын ортосундагы байланыштын аныкталышы, айыкпас илдетке кабылуу коркунучу жогору адамдарды дарылоонун жолун кылдат тандоого мүмкүндүк берет".

Дүйнөдө рак оорусунан өлгөн адамдардын саны басымдуу. Акыркы 40 жылда семиз адамдардын саны эки эседен көп көбөйгөн.

Дененин массасынын индекси (англ. body mass index (BMI), орусча ИМТ)- адамдын салмагын боюнун бийиктигине ылайыктуу экенин баалоо үчүн колдонулган көрсөткүч. Ал ошондой эле кишинин салмагы аз, нормалдуу же ашыкча экенин кыйыр түрдөө баалоого мүмкүндүк берет. Бул индекс бейтапты дарылоо үчүн пайдалуу көрсөткүчтөргө кирет.

Дененин салмагынын индекси береги формула боюнча эсептелет:

I =m/h2

Анын ичинен

m — дененин салмагы, кг

h — бойдун бийиктиги, метр

Эгер сиздин салмагыңыз 60 кг, боюңуз = 170 см болсо, денеңиздин массасынын индекси:

ДМИ = 60 : (1,70 × 1,70) = 20,7 кг/м² болот.

Индекс 18,5-24,99 чейин болсо нормалдуу, 25-30 дененин массасы ашыкча, 30-35 биринчи даражадагы семиздик, 35-40 экинчи даражадагы семиздик деп эсептелет.

Бул көрсөткүчтү бельгиялык социалог Адольф Кетле 1869-жылы сунуш кылган. (Булагы: http://www3.imperial.ac.uk, http://www.bmj.com)

-----------------------------------

1Левитация (латынча levitas "жеңил салмак") — гравитацияны кошумча шаймандарды колдонбой жеңүү. Ал учурда мейкиндикте калкып жүргөн субъект же объект катуу же суюк телого тийбейт. Куштар сыяктуу абадан күүлөнүп учуу левитацияга кирбейт.

(Булагы: https://news.uchicago.edu, http://www.sciencenewsline.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG