Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:41

Болоттон бекем жана кагаздан жеңил материал. Кумурскага жабышып, жер кыдырган коңуз. Эки буттуу, бирок тула бою жок робот. Чыгырык жолдо жүгүргөн жүрөккө пайда.

Болоттон бекем жана кагаздан жеңил материал

АКШдагы атактуу Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары (МТИ) металлургияда чоң секирик жасачу инновациялык ачылыш жасашты. Алар графендин негизинде болоттон 10 эсе бышык жана 20 эсе жеңил материалды алышты.

Ошондой эле жаңы материал мыкты электр жана жылуулук өткөргүчтүк, химиялык жана оптикалык касиетке ээ.

Графен1 кадимки абалында калыңдыгы 1 (бир) атом углероддой келип, формасы жалпак темир сыңар болот. Илимпоздордун айтуусунда, анын узуну менен туурасы каалаган өлчөмдө болушу мүмкүн. Графенди иштетүү үчүн ага үч өлчөмдүү форма бериш керек. Ошого америкалык окумуштуулар графенге кошумча 3D формасын берген.

Буга чейин графенге үч өлчөм формасын берүү аракетинен майнап чыкпай келген. МТИнин илимпоздору графендин майда бөлүкчөлөрүн жогорку температура жана басым менен кысканда, структурасы майда тешиктүү, бекем жана туруктуу болуп калган. Бул майда тешиктүү материалдан оор жүккө майышпаган шайман-тетиктерди опоңой эле жасоо мүмкүн.

Эксперимент учурунда графендин үч өлчөмдүү формасындагы жана атомдорунун тыгыздыгы болоттун структурасынын тыгыздыгынын беш пайызын түзгөн, жаңы материал болотко салыштырганда 10 эсе бекем экени аныкталган.

Графен материалдын структурасынын тыгыздыгы абаныкынан төмөн болгондуктан, ал аба мейкиндигинде гелий менен жел толтурулган шардай жеңил уча аларын математикалык моделди изилдөө көрсөттү.

Илимпоздордун айтымында, графен сыяктуу структурасы үч өлчөмдүү материалдарды полимер, темир бетон жана башка объекттерди, имараттарды курууда пайдаланса болот. Андай турак үйлөр бекем да, жылуу да болот. (Булагы: https://www.journals.elsevier.com, https://naked-science.ru)

Кумурскага жабышып, жер кезчү коңуз

Мындай коңузду зоологдор Коста-Рикадан табышты. Анын илимий аты- Nymphister kronaueri жана чоңдугу жубалдыздын көзүндөй болуп кичине. Ал көчмөн кумурсканын курсагына үстүңкү жаагы менен жабышып алып, жер кезип кыдырганга кыныккан. А көчмөн кумурскалар бир саатта 20 метр жолду баскандыктан, эски конушун таштап, жаңы журтка жеткенче бир нече күн жүрүшөт. Ага карабай, Nymphister kronaueri коңузу кирээге такси жалдаган адамдай болуп, кумурскадан түшпөй жүрө берет. Коңуздун өңү көчмөн кумурсканын курсагынын өңүнөн айырмаланбайт.

- Алдагы коңуздар түсүн кумурсканын курсагындай өңдө кылып, балким, башка кумурскалардын аларды көрүп калуу мүмкүндүгүн азайтат, - дейт Нью Йорктогу Рокфеллер университетинин доценти Дэниел Кронаурер (Daniel Kronauer, The Rockefeller University). Мите коңуз дал ушул окумуштуунун урматына kronaueri деп аталган. Доктор Дэниел Кронаурер кумурскалардын көчмөн түркүмүн биринчи тапкан окумуштуу.

Кумурскага жабышып алган коңузду кумурска түгүл, адам оңой менен байкабайт.

- Түнкү көч маалында кумурскалардын кербени топтошкон учурда кээ бир кумурскалардын курсагы бизге кызыктай болуп көрүндү, - дейт илимий изилдөөнүн улук жетекчиси, доктор Христоф фон Бирен (Christoph von Beeren Technical University Darmstadt, Germany). - Себеби биздин ташпанарыбыздын жарыгын бөлөкчө чагылдырып жатты. Мите коңузду үстүнөн байкоо кыйын. Анткени кумурсканын курсагына аябай окшош. А капталынан карасаңыз, кумурскада эки курсагы бардай көрүнөт.

Мурда күмүш жөргөмүш же суу жөргөмүш (лат. Argyroneta aquatica), аары, коңуз, кене айбанаттар менен курт-кумурскалардын бооруна жабышып алып, мерчемдеген жерине чейин жетип алышканы илимпоздорго маалым болчу.

(Булагы: https://phys.org/news, http://www.dailymail.co.uk)

Эки буттуу, бирок тула бою жок робот

Тулку бою жок болгондон кийин, анын эки колу жана башы да жок. Cassie (Касси) деп аталган бул роботту АКШдагы Agility Robotics компаниясынын инженерлери жасады. Ал катуу чуркаганда саатына 70 чакырым ылдамдыкта жүгүрчү страуска окшоп кыймылдайт. Себеби роботту жасаганда страустун кыймылдоо принциби колдонулган.

Бул роботтун буту төрт муундан турат. Ал эми жамбашы адамдын жамбашындай эле кыймылдагандыктан, робот киши сыңары алдыга, артка, капталын көздөй баса алат жана кетип баратып, жеңил бурулат. Роботтун бутуна көлөч кийгизип койсо да болот. Ошого ал таманына таканчыктап, ордунан козголбой да тура алат.

Cassie роботун жасоодо колдонулган технологияны түрдүү протездерди, экзоскелеттерди жана башка жасалма интеллектуалдуу системаларды жасоо үчүн пайдалануу мүмкүн. Робот тулкуна орнотулган компьютерден башкарылат. Аны видеокамера жана автоматтык башкаруу системасы менен камсыздап, адам баралбаган же табигый кырсык болгон жерлерге тамак-аш, дары-дармек жеткирүү, адамдарды куткаруу үчүн, ошондой эле улгайган же майып адамдарга жардамчы катары пайдаланса болот. Cassie роботу жеке керектөө үчүн сатыла баштады.

Бир нече күн илгери АКШнын Google Boston Dynamics компаниясы эки буту дөмпөк роботту коомчулукка тааныштырды. Ал адамдан да тез басат жана ар кандай тоскоолдуктардан өткөндө, бурулганда же аң-дөңдүү жерлерде жыгылбайт. Айткан жүгүңүздү дайындаган жайыңызга жеткирип берет. (Булагы: http://spectrum.ieee.org/automaton, http://www.digitaltrends.com, http://www.dailymail.co.uk, https://www.extremetech.com)

Чыгырык жолдо жүгүргөн жүрөккө пайда

Эгер ден соолугуңузду чың кыламын десеңиз спорт менен такай машыгыңыз. Бул аксиоманы АКШдагы Мэриленд университетинин окумуштуулары баштаган илимий топ (University of Maryland, the University of Texas Southwestern Medical Center, East Carolina University, the Catholic University of Brasilia & Southern Methodist University) кайра далилдеди.

Изилдөө көрсөткөндөй, адам чыдамкай болуу үчүн же дайыма чыйрак жүрүү үчүн чыгырык жолдо же тасмада (англ.- a treadmill, орус.- беговая дорожка) жүгүрүп көнүксө же спорттун башка түрлөрү менен машыкса, денесинде ДНКнын жабыркаган бөлүктөрүн калыбына келтирчү процесстер жүрөт экен.

Окумуштуулар эксперимент жасап, чычкан чыгырык жолдо 30 мүнөт тынымсыз кыймылдагандан кийин, анын жүрөгү кандай иштегенине байкоо жүргүзүшкөн. Тактап айтканда, чыгырык жолдо машыккан чычкандын гендеринде жана антип машыкпаган чычкандардын гендеринде болгон өзгөрүүнү салыштырып көрүшкөн.

Жарым саат чыгырык жолдо машыккан чычкандардын организминдеги жүрөк кан тамырларынын булчуңдарын чыңдоочу гендер жанданып, катуу активдеше баштаган. Көнүгүүнүн натыйжасында спортсмен чычкандардын жүрөк булчуңдары чыңдалып, булчуңдардын коргонуу функциясы жакшырганын окумуштуулар эксперимет натыйжасында аныкташкан.

Адамдын жана чычкандын организминде гендерди жөндөп тескөө окшош жүргөндүктөн, эксперименттин натыйжасы кишиге да тиешелүү.

- Чыгырык жолдогу чыдамкай болууга үйрөтчү бир көнүгүүдөн соң геномдун2 туруктуулугу үчүн маанилүү жүрөк ткандары кубаттанды. Бул көнүгүүнүн жүрөк кан тамыр системасын коргоого оң салым кошору анык, - дейт Мэриленд университетинин кинезиология департаментинин профессору Стивен Рот (Stephen Roth).

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы болочокто жүрөк дарты бар адамдарды дары колдонбой эле айыктырууну мүмкүн кыларын адистер белгилешет.

Буга чейинки изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жүгүрүп машыккан - теннис, бадминтон, сууга сүзүү жана аэробика сыяктуу эле организмге, ошондой эле мээге пайдалуу экени аныкталган. (Булагы: http://www.physoc.org, http://physoc.onlinelibrary.wiley.com)

Түшүндүрмө

1Графен бир катмар атомдон турган жана гексагоналдык (формасы алты бурчтуу) эки өлчөмдүү кристалл.

2Геном организмдеги хромосомдогу гендердин жыйындысы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG