Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Робот таракан ийненин көзүнөн да өтөт


Биологдор тозоктун микробу - архейдин жаңы түрүн табышты. Кытайда сырткы өңүн өзгөртчү робот-хамелеон жасалды. Кош бойлуу кезде балыкты көп жесе, баласы ашыкча семиз болуп калышы мүмкүн. Нур өтчү жылчыкка батчу робот-таракан Калифорния университетинде жасалды.

Тозоктун микробу - архей

АКШ микробилогдору архейдин жаңы түрүн Түштүк Африка Республикасынан миң метрден 3 миң метрге чейин тереңдеги алтын кендердеги суулардан жана кыртыштан табышты. Андай түпкүрдө жарык жана кычкылтек эгерим болбойт. Уппсала университетинин (Uppsala university) сайтында басылган макалада айтылгандай, жаңы архей энергиянын булагы катары суутекти, азот кычкылын жана истүү газды пайдалана алганы менен өзгөчөлөнөт.

Аталган заттар жер астында көп кездешет. Архейлерди 40 жыл мурда америкалык биолог Карл Вёзе (Carl Richard Woese) тапкан.

Мындай микробдор жердин түпкүрүндө жашаганга ыңгайлашкан, аларды биологдор “тозоктун микробу” деп аташты жана ага байыркы гректер менен римдиктердин жер астындагы дүйнөсүнүн кудайы - Гадестин ысымын беришти. (Караңыз: UU.se)

Өңүн өзгөртчү робот-хамелеон

Хамелеон сыяктуу айлана-чөйрөнүн өңүнө жараша тонунун түсүн өзгөртүп турчу механикалык хамелеонду Кытайдын Ухан (Wuhan) университетинин изилдөөчүсү Гуапинг Ван (Guaping Wang) жана анын кесиптештери жасашты. Алар үч өлчөмдүү принтер менен хамелеондун желим скелетин жасашып, анын сыртын квадрат формасындагы электрондук оптикалык модуль менен капташкан.

Ар бир модуль коргошун жана индийдин аралашмасынын оксиди менен жалатылган. Бул өңү тунук материал өзү аркылуу токту өткөрүп, суюк кристалдуу сенсордук дисплейлерде, күндөн кубат алчу батареяларда колдонулат. Аскерлер түсүн өзгөртчү материалды алмашкыс костюм-маскировка же жамынчы катары жоодон жашынуу үчүн пайдаланса болот (Бул жөнүндө кенен маалыматты Engadget.com жана Newscientist.com сайтарынан окуңуз).

Буудандан күлүк квадрокоптер

Пентагондун канаты астында жасалып, түркүн навигациялык жана чалгындоо шаймандары менен жабдылган пилотсуз тикучар-квадрокоптер сыноо учурунда ылдамдыгын 72 километр саатка жеткире алган. Ал сырткы навигациялык системасы жок автономдук режимде учкан. Квадрокоптерлер аскерий- чалгындоо маалыматтарын топтоо, катаал, барганга алыс жана кооптуу жерлерди сүрөткө тартканга пайдаланылат. Азыр секундасына 20 метр ылдамдыкта учуучу аппараттар бар. Бирок аларга татаал шартта автономиялуу учканына мүмкүндүк берчү ар кандай приборлорду орнотууга болбойт же мүмкүн эмес, - дейт Пентагондун DARPA FLA программасынын жетекчиси Марк Микайр (Mark Micire). (Маалымат булагы: Darpa.mil)

Нур өтчү жылчыкка батчу робот таракан

Дептердин барагындай жука кычыкка же жаракадан өтө алчу робот-тараканды АКШнын Калифорния университетинин (Беркли шаары) инженерлери жасашты. Ал CRAM (Compressible robot with articulated mechanisms) деп аталат жана кадимки таракан сыңары аябай кууш жарака же кычык жерге келгенде денесин кылдай созуп, сойлоп өтүп кетет.

Таракандын бийиктиги демейдеги абалында бир сантиметрден ашышы мүмкүн. Бирок жылчыктан өткөндө денесин бештен бирге чейин кичирейтип, жалпак абалына карабай кадимкидей жылып кетет, деп айтылат National Geographic журналына чыккан макалада.

Болочок энеге кеңеш: балыкты чактап же!

Аял кош кабат кезинде балыкты көп жесе, ичтеги баласы ашыкча эткээл болуп төрөлүшү мүмкүн. АКШ жана Британиянын илимпоз-медиктери 15 жылдык изилдөөнүн натыйжасында ушундай жыйынтык чыгарышты. Алар 26 миң боюнда бар аялды жана алардын балдарын төрөлгөндөн алты жашка чыкканга чейин байкоого алышкан. Изилдөө жумасына үч жолудан кем эмес балык жеген аялдардын балдарынын салмагы төрөлгөндө жана алты жаш курагында өз курдаштарынан бир кыйла чоң (семиз) экенин көрсөткөн. Алдагы балдар төрт жашка чыкканда алардын 14% салмагы апасы кош кабат кезде аз балык жеген балдардан чоң болгон. Ал эми алты жашында алардын 22% салмагы курдаштарынын салмагынан алда канча оор болгон. Врачтардын айтымында, болочок чүрпөнүн мээси жакшы өнүгүүсү үчүн боюнда бар аял балык жеши керек. АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек агенттиги адамдарга жумасына 226, 8 граммдан 310, 19 граммга чейин балык жегиле деп сунуш берген. Балыктын omega-3 майы мээ үчүн пайдалуу. (Булагы: АКШда чыкчу Jama peditaries журналы).

XS
SM
MD
LG