Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Күндөн да кубаттуу Күн...


ASASSN-15lh жылдызы (Сүрөт интернеттен алынды)
ASASSN-15lh жылдызы (Сүрөт интернеттен алынды)

Пилотсуз учак-дронду жок кылчу дрон жасалды. Айдоочусуз жүргөн автоунаа пайда болду. Кытайдын Кыргызстанга коңшулаш Шинжаң-Уйгур автоном районунда аркар кайып болуп кетиши мүмкүн.

Темир бүркүттөр да согушат

Дронду иштен чыгаруу үчүн анын кабыл алчу системасын сигнал жөнөтүп бузуп, анан кулатуу керек. Ал үчүн жерде антидрондук аппаратты башкарган адамдар же күзөттө учуп жүргөн робот болушу зарыл. АКШдагы Мичиган технологиялык университети (Michigan Tech) сыноодон өткөрүп жаткан октокоптер бөтөн дронду жайылма торго түшүрүп, жасоолдор келгенче жерге түшүрбөй кармап турат. Popular science журналынын жазышынча, мындай тузак тор азырынча 12 метрге гана жетет.

Sky TV каналынын крикет боюнча беттешүүнү чагылдырып жаткан дрону. Жаңы Зелландия, 7-январь 2015
Sky TV каналынын крикет боюнча беттешүүнү чагылдырып жаткан дрону. Жаңы Зелландия, 7-январь 2015

Невада штатында (Боулдер-Сити шаары) дрондор учуп-кончу дронпорт курулууда. Детройт, Мичиган, Хендерсон шаарларында аларды башкарып тейлөөчү адистер даярдала баштады.

Өткөн декабрда Токиодо дрондорду атып түшүрчү курал менен жабдылган полиция отряды түзүлгөн.

Айдоочусуз машине

Эгер Google автокомпаниясы убадасына турса, эки жылдан кийин айдоочусуз автоунаалар сатыкка чыгат. Google жасаган өзү жүрчү автомобиль 1 миллион миль аралыкты басып, үч жолу оор кырсыкка кабылган. 1 миль 1, 609 34 километр. Кадимки айдоочусу бар автомобиль 1 миллион миль жолдо төрт жолудан көп авария болуп, оңкосунан кетет. Виржиния политехникалык университетинин изилдөөлөрү көрсөткөндөй, айдоочулар майда-барат кырсыкка кабылса, анысын жашырып, полицияга каттатпагандыктан жол кырсыгынын статистикасына кошулбайт. Айдоочусуз автомобилдер менен болгон бардык кырсыктар расмий түрдө катталган. Google компаниясы жасаган автономдуу башкарылчу 53 автомобиль азыр жумасына шаар ичинде 16 миңден 24 миң чакырымга чейин жүрүп, сынактан өтүүдө.

Бул тушта Tesla автомобил жасоочу компаниясы айдоочусу жок өзү эле гаражга кирип-чыкчу жеңил машинени сыноодон өткөрдү. Автопилоттук режимде иштечү береги машине гараждын дарбазасын өзү ачып-жаба алат.

Күндөн 570 миллиард эсе кубаттуу жылдыз табылды

Былтыр июнда биринчи мертебе жалбырт деп жанган жылдызды астрономдор баарынан жарык, эң кубаттуу жана эң жаңы жылдыз деп боолгошууда. Science журналындагы макалада, ал жарылганда Күн 10 миллиард жылда бөлгөн энергиядан 10 эсе көп энергия бөлүнгөнү жазылган. Жаңы супер жылдыз Күндөн 570 миллиард эсе, Саманчынын жолундагы бардык Үркөр жылдыздардан 20 эсе жарык. Жерден 3.8 миллиард жарык жыл алыста жайгашкан супер жаңы жылдызды астрономдор ASASSN-15lh деп аташты. “Бул жылдыз жарылганда мурдагы рекорддон эки эсе көп жарык болду”, - дейт Бээжин университетинин астрофизиги Сабо Донг Science журналына. Супер жаңы жылдызды ааламдагы жаңы жылдыздарды автоматтык түрдө көзөмөлдөп турчу (All Sky Automated Survey for Superovae (ASAS-SN же Assassin) телескоп оболу 2015-жылы июлда байкаган. ASAS-SNдын линзасынын диаметри 14 сантиметрлик эгиз телескобу Чилидеги Америка ортолук обсерваторияда орнотулган. Ал адамдын көзүнө караганда асмандын коюнун 250 миң эсе таамай көрөт.

Уйкучуга “шибеге саат”

Сиз төшөктөн турмайынча коңгуроосу басылбаган көрпөчө саат сатыкка чыкты. Ал сааттын коңгуроосун басып, ызы-чууcун токтотуу үчүн анын үстүндө үч секунд турушуңуз абзел. Бул саат түнкүсүн чырактай күйүп турат, бирок төшөккө жатканыңыздан 30 секунддан кийин өчүп калат. Уйкучуларды шибеге сайгандай ойготчу саатты Италиянын Ruggue компаниясы жасады.

Тамеки чеккен достон кач

Автомобилде же көчөдө кимдир бирөө чылым тартып жатса, жанында турбаңыз. Анткени, тамекинин жыты сиздин ден соолугуңузга зыян келтирерин АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун акыркы изилдөөлөрү ырастады. Тамекинин жыты балдар арасында дем алуу органдарынын илдетин, көздүн инфекциясын, бронхит жана пневмония сыяктуу оорулардын күчөшүнө алып барат. Чоң кишилерде жүрөк оорусуна жана өпкөнүн рак илдетине шыкак болот. Бул тыянак, Pediatries журналы маалымдагандай, жогорку класстардын жана университет-колледждердин 17 миңден көп окуучу-студентин изилдегенден кийин жасалды.

Кашкарда аркар кайып болгону турат

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунда сейрек кездешчү жана жоголуп бараткан жаныбарлардын жаңы тизмеси жарыяланды. Бул Кызыл китепке айбанаттардын 99 түрү кирген. Пржевальск аты жана сайгак жоголгон, нельма балыгы менен илегилек Шинжаңдын аймагында калган эмес деп катталган. Ак баш өрдөк менен эки өркөчтүү төө, аркар, кадимки куну (латынча аталышы сastrol, орусча бобр) өтө аз калгандыктан, аларды зоологдор өлүп бараткан жаныбарлардын тизмесине киргизишкен. Шинжаң-Уйгур автоном району Кыргызстанга чектеш болгондуктан аркарлардын башына түшкөн алаамат Кыргызстанга да мүнөздүү болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG