Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:26

Илим, техника, медицина дүйнөсүндө дээрлик ар күнү биздин жашообузга олуттуу таасир этчү ачылыштар болуп турат. 2016-жылы да бир нече ачылыштар болду. Алардын тарыхый жактан маанилүү экөөнө кенен токтолобуз.

Бир ата, эки энеден бала төрөтүү технологиясы

2016-жылы 6-апрелде эки эне, бир аталуу наристе Мексикада дүйнөгө келди. Иорданиялык Абдрахим Хасан донор аялдын генетикалык кодун пайдаланып төрөлгөн дүйнөдөгү биринчи бала.

Үч адам катышкан бойго бүтүү техникасын 2015-жылы Британия парламенти бекиткен. Бул технологияны пайдаланганда төрөчү эненин дефектүү митохондриялары бар эмбрионунан ядролору алынып, донордун эмбрионуна салынат. Ага чейин донордун жумуртка клеткасынын ядросу алып салынган болчу.

Төрөттүн мындай жаңы технологиясын Британиянын эмбриология жана жасалма уруктандыруу боюнча башкармалыгы декабрдын ортосунда бекитти. Ушинтип өлкөдө балалуу боло албаган ата-энелерди наристелүү кылуунун революциялык жаңы ыкмасына даңгыр жол ачылды.

Бул технологиянын мааниси тууралуу Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер атындагы университеттин госпиталынын кардиохирургу, медицина илимдеринин кандидаты Кубаныч Абдивасиев мындай деди:

- Бул жол менен туулган баланын дени соо болот. Азыр ЭКО деген жасалма жол менен да балдар төрөтүлөт. Британ илимпоздору иштеп чыккан технологиянын өзгөчөлүгү мында: эненин эмбрионунан генетикалык жактан оору митохондрия алып салынат да донордун эмбрионуна салынат. Ошону менен дени соо баланын төрөлүүсүнө шарт түзүлөт. Муну мен келечекти карай жасалган революциялык жол жана медицина дүйнөсү үчүн баа жеткис жаңылык деп эсептейм. Анткени тукум кууган генетикалык оорулардын алдын алуу дүйнөдөгү абдан көйгөйлүү проблема болуп саналат.

Бул жаңы технология менен балалуу болууга чиркөө жана диниятчылар каршы чыкты.

Иорданиялык Абдрахим Хасандын ата-энеси жыйырма жылдан бери балалуу боло албай жүргөнүнө карабай, жаңы ыкма ислам динине ылайык келбейт дешип, макул болбой коюшкан. Ошондуктан Нью-Йорктогу "Жаңы үмүт" борборунда эмгектенген профессор Жон Чжан айым баштаган илимпоздор бөлөк жаңы усулду иштеп чыгышты. Алар эненин жумуртка клеткасынын ядросун донордун жумуртка клеткасына салышты. Мурда донордун жумуртка клеткасындагы ядро жок кылынган. Натыйжада жумуртка клеткасында эненин ДНКсы жана донордун митохондриясы орун алды. Дарылангыс илдетти укумдан-тукумга берчү лея синдрому дал ушул митохондрияда сакталат. Андан соң окумуштуулар жаңы клетканы атасынын шабаты (спермасы) менен уруктандырышты. Алынган беш эмбриондун нормалдуу өскөн бирөө эненин жатынына салынып, 9 айдан кийин Абдрахим Хасан төрөлдү. Бул наристеде донордун 0,1 % гана ДНКсы болот.

Бул усулга АКШда али уруксат берилбегендиктен, америкалык догдурлар операцияны Мексикага барып жасаган эле.

Абдрахим Хасандын апасы күйөөгө чыккандан он жылдан кийин биринчи жолу жолу боюна бүтүп, бирок ара төрөгөн. Андан кийин дагы бир жолу ара төрөйт. Ал эми 2005-жылы төрөлгөн кызы тукум кууган илдет менен жарыкка келип, 8 ай гана жашайт. Себеби наристе митохондрия илдети - Лея синдрому менен төрөлөт. Бу илдетке чалдыккан адамдын клеткаларында клеткаларга кубат берчү митохондриялар жакшы иштебегендиктен, мээ өз милдетин ырааттуу аткара албайт, булчуңдар соолуп дистрофия болот, жүрөктүн иштөө ритми бузулат, көз начар көрөт.

Эксперттердин ырасташынча, баланы үч ата-энеден төрөтүү технологиясын колдонуу Британиянын өзүндө эле балдары тукум кууган генетикалык оору менен төрөлгөн 150 ата-эненин алты саны аман балалуу болуусуна мүмкүндүк берет.

Нихоний, Московий, Теннесен жана Оганессон деген кимдер?

2016-жылы Менделеев таблицасындагы жаңы төрт химиялык элементке расмий ат берилди. Ошентип орус илимпозу 1,5 кылымдай мурда түзгөн химиялык элементтердин мезгилдик системасында бош коюлган төрт орун ээсин тапты.

Менделеевдин мезгилдик системасын толуктаган жаңы төрт элемент: нихоний, московий, теннесен жана оганессон деп аталат. Алардын катар номурлары: 113, 115, 117 жана 118. Бул тууралуу Теориялык жана колдонмо химия боюнча эл аралык биримдик (International Union of Pure and Applied Chemistry-IUPAC) 30-ноябрда өз сайтында жарыялады. 2015-жылы декабрда биримдик жаңы төрт элемент Менделеевдин таблицасына киргизүү талабына ылайыктуу экендигин, эми аларга тийиштүү ат берүү маселеси калганын билдирген.

Эреже боюнча жаңы элементтер мифтик каармандардын, же астрономиялык объекттердин, же элементтин касиети, же географиялык аталыш, же илимпоздун ысымы менен аталат. Ушундан келип, 113-элемент нихоний деп аталды. Себеби аны жапон окумуштуулары 2004-жылы синтездеп алышкан. Нихоний сөзүнүн жапон тилинде эки мааниси бар: “жапон” жана “күн чыкчу жер” дегенди билдирет.

Калган үч элементти орусиялык жана америкалык химиктер жасалма жол менен синтездеп алышкан. Ошон үчүн алар элементтерге ат коюу укугун пайдаланышып, жогорудагы аттарды сунуш кылышкан. Московий жана теннесин элементи лабораториялык шартта синтезделип алынган жердин аты.

Оганессон - орусиялык чыгаан илимпоз Юрий Оганесяндын урматына аталды. Анткени, 118-элементти ал жетектеген окумуштуулар тобу биринчи болуп лабораториялык жол менен синтездеп алышкан. Элементти оганессон деп атоону Оганесян эмгектенген Дубна илимий шаарчасындагы Ядролук изилдөөлөрдүн биргелешкен институту жана АКШнын Беркли шаарындагы Ливермор улуттук лабораториясы окумуштуунун оор химиялык элементтерди жасалма жол менен синтездөөдөгү чоң салымын белгилөө үчүн сунуш кылган. Оганесян ушуну менен тирүүсүндө аты химиялык элементке берилген экинчи окумуштуу болду.

Ушинтип Менделеев мүнөздөп жазган мезгилдик системада жаңыдан ат берилген төрт химиялык элементтин орун алуусу үчүн 150 жылга чукул убакыт керек болду.

Ош технологиялык университетинин профессору, химия илимдеринин доктору Абдивали Токтоматов Химиялык элементтердин мезгилдик системасына төрт жаңы элементтин кошулуусун бул таблицаны түзүүчүсү Д. Менделеевдин көрөгөчтүгүн тастыктайт дейт:

- Төрт элемент: нихоний, московий, теннесен жана оганессон Менделеевдин мезгилдик таблицасынан мыйзамдуу ордун алды. Алар үчүн таблицада бош орундар калтырылган эле. Бул элементтердин ачылышына Дубна шаарындагы илимий борбордо эмгектенген орус окумуштуулардын катышканын айта кетүү керек. Алар оор металлдарды бомбалоо жолу менен төрт элементти тең алган. Мезгилдик системада дагы толо элек орундар бар. Менделеев Мезгилдик таблицасын 1868-жылы сунуш кылганда эле азыр эми жасалма жол менен алынган элементтерге мүнөздөмө берген. Мунун өзү Менделеевдин илимий көрөгөчтүгүн жана улуу окумуштуу экенин айгинелейт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Абдивали Токтоматов баамдагандай, бул жаңылыкта көңүл бурчу кээ бир жагдайлар бар.

1) Нихонийди жапондордон мурда орус жана америкалык окумуштуулар синтездеп жасалма жол менен алышканын, бирок алардын табылга боюнча жарыялаган макаласына Теориялык жана колдонмо химия боюнча эл аралык союз ишенбегенден улам, биринчилик жапондорго өткөн. 2) Московийди да орус физиктери АКШнын ошол эле Ливермор улуттук лабораториясы менен кызматташтыкта синтездеп алышкан. 3) Теннесинди да дубналык окумуштуулар АКШнын Ливермор улуттук лабораториясы жана Окридж улуттук лабораториясынын физиктери менен кызматташтыкта синтездешкен.

Химиялык элементтердин мезгилдик системасын (Менделеевдин таблицасы) элементтердин атомунун массасы жана химиялык окшоштуктарынын негизинде орус окумуштуусу Дмитрий Менделеев 1869-жылы 1-мартта алгач түзгөн. Бул таблицада ар бир элемент ядродогу протондор жана нейтрондордун санына ылайык мүнөздөлөт. Андагы протондордун саны электрондордун санына барабар болот. Ал эми нейтрондордун саны өзгөрө бериши мүмкүн.

Жаратылышта 90го жакын химиялык элемент бар. Атомдук номуру 92ге чейинки элементтердин ичинен технеций (катар номуру 43) жана франций (87) табиятта жок. Атомдун номуру ядродогу протондордун санына ылайык берилет. Протондору 93төн 100гө чейинки элементтер жер кыртышында болбогондуктан, ядролук реакторлордо алынат. Ал эми 100дөн көп протондору бар элементтерди бөлүкчөлөрдү ылдамдатуучу атайын лабораторияда алуу мүмкүн. Ырас, нептуний (93) жана плутоний (94) уран рудалары менен кошо кездешет. Окумуштуулар алиге чейин 20дан ашык элементти синтездеп ала албай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG