Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Кумурскалар да дыйканчылык кылат


Иллюстрация

Адамдын клеткасындагы улгайган клеткаларды алмаштыруунун жаңы жолу табылды. Дыйканчылык кылып жан баккан кумурскалар. Биотаракандар технокырсык болгон жерлерде адистерге жардамдашат. Келечекте тоют чөбү маңыздуу жана кубаттуу болот.

Дыйканчылык менен жан баккан кумурскалар

Мындай кумурскалар Тынч океандын Фиджи аралдарында табылды. Philidris nagasau түркүмүнө кирген бул кумурскалар Squamellaria өсүмдүгүнүн кеминде алты түрүнүн уругун дарактардын жаракаларына эгип, аларды өсүшүн такай көзөмөлдөп турат. Атүгүл аны өстүрүүдө өздөрүнүн заңдарын жер семирткич катары пайдалануу ыктымалдыгын (Себеби, кумурскалар утуру келип өсүмдүктүн плантациясына заңын таштап турушат) Германиянын Мюнхен университетинин доктору Гиом Хомски (Guillaume Chomicki) башындагы илимпоздору иликтеп жазышты. Буга чейин кумурскалардын кээ бир түрлөрү козу карынды азык үчүн өстүрүшкөнү белгилүү болчу.

Squamellaria өсүмдүгү уругун өстүрүүдө жана ал өзү жер семирткич алып туруусунда толук бойдон кумурскаларга көз каранды экени; Philidris nagasau кумурскалары да береги өсүмдүктүн ашы жок жана ал өскөндө пайда болгон алачыксыз жашай албаганы; өсүмдүк улам өсүп жатып өз кучагынан кумурскалар жашаганга жана тукумун таштаганга орун берери изилдөө маалында аныкталган.

Squamellaria-башка даракта же даракка жабышып өсчү эпифиттик өсүмдүк, бирок ага эч кандай зыян келтирбейт. Анткени сууну жана тамакты аба менен жамгырдан алат.

Фиджи феномени кумурскалар менен алар өстүргөн өсүмдүктөрдүн бири биринен көз каранды экени жана бири-бирисиз жашай албаганы тууралуу биринчи илимий ачылыш.

Доктор Г. Хомски башындагы илимпоздор курт-кумурскалардын жана алар тиккен өсүмдүктөрдүн өсүү эволюциясын иликтеп отуруп, фиджилик кумурскалар мөмө берчү өсүмдүктөрдү 3 миллион жылдай мурда эле өстүргөн деген бүтүмгө келишкен.

Австралияда дагы кумурскалар дарактардын бутагына оролуп өскөн Squamellaria түркүмүндөгү өсүмдүктөрдү уялап жашагандары мурда байкалган. Бирок анын себебин эч ким билчү эмес. Австралиянын Жеймс Кук университетинин профессору Саймон Робсондун (Simon Robson) айтымында, Фиджи жана Австралиядагы береги кумурскалар менен өсүмдүктөр ортосундагы байланыш али да үзүлбөгөнүн күбөлөйт.

(Булагы: https://www.newscientist.com, http://www.nature.com, http://phys.org/news)

Улгайган клеткаларды алмаштыруунун жаңы жолу

Калифорния техникалык институту (Caltech) менен Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин (UCLA) окумуштуулары организмде чогулган жараксыз клеткаларды алмаштыруунун усулун табышты. Аны пайдаланып, клеткадагы кичинекей органиддер - митохондриялардагы ДНКнын түрү өзгөргөн молекулаларын алып салуу мүмкүн. Береги митохондриялар тирүү клетка керектөөчү энергиянын чоң бөлүгүн иштеп чыгат. Ошого митохондрияларды - клетканын батареясы деп да коюшат.

Ар бир клеткада жүздөн миңге чейин митохондрия бар жана алардын ар биринин митохондрия аткарчу маалымат сакталган шакек формасындагы ДНКсы болот. Митохондриянын ДНКсында клетканын ядросундагы клетка сыяктуу өзүн өзү калыбына келтире алчу жөндөмү жок. Ошондуктан убакыт өткөн сайын клеткада мутация болгон ДНКлардын саны көбөйүп, клеткалар өз милдетин мурдагыдай аткара албай калат же өлөт. Бул жараянды илимпоздор картаюунун кыймылдаткычы деп аташат. Ошентип картаюу жараянынын натыйжасында ДНК түрүн өзгөртөт да Альцгеймер, Паркинсон дарттары, саркопения же булчуңдардын шалбырап генерация болуусу жана сөөктүн морт боло баштоосу сыяктуу ооруларга себепчи болот.

Митохондрия ДНКсынын кээ бир кемчиликтери (дефекттери) укумдан- тукумга берилип, аутизм тейдеги илдетке шыкак болот.
“Биздин изилдөөнүн натыйжасында мутация болгон ДНКлардын санын кыскартунун жолу табылса, организмдин картаюу жараянын жайлатса, атүгүл артка жылдырса болот деген тыянакка келдик”, - дейт Калифорния техникалык институтунун биология жана биологиялык инженерия боюнча профессору Брюс Хей (Bruce Hay).

Илимпоздор клеткалары жетерлик кубат бере албагандан улам уча албай калган дрозофил чымынынын (лат. Drosophila) булчуңдарынан митохондрия ДНКсынын 75 % митофагия (mitophagy) усулунун негизинде чыгарышкан; ошентип клетка кемтиктүү ДНК бар митохондриядан тазаланган. Жыйынтыгында клеткадагы кемтиктүү ДНКлардын саны “Паркин” генинде 75 пайыздан 5% жана “Atg1” генинде 4% түшкөн. Ушинтип, профессор Брюс Хей айткандай, “клеткалардагы метаболизмдин бардык кемтиктери жок кылынган соң, алар толук жашарып, зарыл өлчөмдө кубат бергендей абалга келишкен”.

Илимпоздордун эмки максаты - мээдеги, булчуңдардагы жана башка ткандардагы мутация болгон ДНКлардын кемтиги бар бөлүктөрүн маал-маал тазалап турууга жетишүү. Бул адам картайганда да интеллектуалдык жөндөмүн жоготпой, шайдоот кыймылдап, дени соо жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.

(Булагы: http://www.caltech.edu, http://www.nature.com, http://www.rdmag.com.)

Келечектин тоют чөбү

Жаңы Зелландиялык окумуштуулар болочоктун тоюттук чөбүн өстүрүүгө аракет кылышууда. Өкмөттүк AgResearch илимий изилдөө жана өнүктүрүү компаниясы өстүрчү чөп жаныбарлар үчүн пайдалуу, түшүмдүүлүгү жогору жана табияттын өзгөрүүсүнө чыдамкай болууга тийиш. Андай тоюттук чөпкө үй буудайы же жапайы буудай (лат. Lolium) негиз болорун Жаңы Зелландиянын чөп өсүмдүктөрү боюнча көрүнүктүү окумуштуусу Тони Коннер (Tony Conner) кулак какты кылды. Генетикалык жактан модификацияланган жапайы буудайды өндүрүү үчүн Инновация боюнча өкмөттүк фонд, AgResearch жана түрдүү акционерлер беш жылга 25 миллион доллардан көп каражат чегеришкен.

“Биз жапайы буудайдын сапатын жакшыртабыз. Ошондо бул чөптүн мурдагыдан кубаты көбөйүп, татымдуу болот. Бул деген жаныбарлар ден соолугуна пайдалуу азык жейт жана фермерлер өнүмдүү иштейт дегенди түшүндүрөт. Жыйынтыгында айыл чарбасы үчүн чоң стимул болот”, - дейт доктор Коннер. Агроном-генетиктин айтымында, жапайы буудайдагы өзгөрүүлөр жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири да чоң мааниге ээ. Себеби, болочоктогу чөптү жеген жаныбарлардын тезегинде метан газы алда канча азаят. Модификацияланган чөп азотту аз талап кылгандыктан, андан пайдалуу маңыздын же нитраттардын сыртка агып кетүүсү азайышы ыктымал.

(Булагы: http://news.agropages.com, http://seedworld.com, http://www.stuff.co.nz)

Биотаракан адамга жардам берет

Дрон же пилотсуз учуучу аппарат көзөмөлдөгөн кибернетикалык таракандардын үйүрү табигый кырсыкта кыйраган имараттардын жана инфраструктуранын картографиясын сызып, алардын абалы тууралуу кенен маалымат берип тура алат. АКШдагы Түндүк Каролина мамлекеттик университетинин (North Carolina State University (NCSU)) илимпоз-инженерлери иштеп чыккан алыстан башкарылчу импланттар системасы таракандарды же биологиялык роботторду (Кыскача, биоботторду) дрон сызган жана дайыма кыймылдагы виртуалдык географиялык коргондон чыгарбай кармайт. Ал эми биоботтун жонуна орнотулган сенсорлор алар жүргөн жердин абалын дронго үзбөй маалымдап турат. Мындай биоботторго табигый же технокырсык болгон аймактагы адистер бара албаган жерлердеги адамдарды табуу, аларга көмөктөшүү, имарат жана инфраструктуранын абалын изилдөө милдети жүктөлөт. Мунун натыйжасында адистер адам өмүрүнө кооптуу жайларга тобокелге салып барбай калышат.

"Биздин идеянын максаты жонуна сенсор орнотулган жана алыстан башкарылчу кибертаркандардын (биоботтордун) үйүрүн кыйраган имаратка же башка кооптуу жайга жиберүү эле", - деп түшүндүрөт аталган университеттин Электротехника жана компьютердик инженерия кафедрасынын доценти Эдгар Лобатон (Edgar Lobaton). Анын айтымында, биоботтор күчтүү радиосигнал аркылуу башкарылат жана алар радиосигнал жеткен бардык кычык-кучуктарга кирип кете алат. Буга жетүү үчүн таракан биоботторду көзөмөлдөп башкаруучу жана аларды барган жеринин картасын чийгендей программа түзүлгөн.

"Биз адегенде биобот жүргөн жайдын картасын түшүрүүнү мүмкүн кылган программалык камсыздоонун концепциясы туура экенин далилдедик", –дейт доцент Лобатон. "Бирок бул иш бизге алда канча чоң аянттын деталдуу картасын түшүрүүгө мүмкүндүк берет".

(Булагы: http://newatlas.com, http://www.engineering.com, http://www.constructiondive.com)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG