Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Кыялы чатак басканынан билинет


Украин парламентиндеги мушташ
Украин парламентиндеги мушташ

Майыптар тик абалда да жүрчү жана өздөрү башкарчу робот-көлүк, химиялык энергия менен кыймылдаган жумшак тогуз аяк робот чыгат. Клеткадагы коркунучтуу шишикти тапчу лазер-клетка жасалат. Ал эми адамдын мүнөзүн кандай басканына карап билсе болот.

Израилде майыптар тик абалда да жүрчү көлүк жасалды

UPnRIDE деп аталган көлүк-экзоскелет белинен ылдый жагы шал болуп калган адамдардын кыймылдап жылып жүргөнгө мүмкүнчүлүк түзөт. Майып адам робот-көлүктү отурган жеринен топчуну басып которуп жылып жүрө алат. Гироскоп жана атайын программа ээсине көлүктү асфальт жолдо жеңил башкарганга мүмкүндүк берет.

- Сиз көлүк-экзоскелетти таза абада, ошондой эле имараттын ичинде коопсуз башкара аласыз. Себеби ал сизди автоматтык түрдө баланстап да, денеңизди стабилдүү кармап да турат. Бул жаңы концепция: анткени көчөдө тик туруп алып, робот-көлүгүн башкарып бараткан майыпты кезиктирбейсиз. Ошондуктан, робот-экзоскелет майыптар үчүн көлүк жасоо өндүрүшүндө чоң жаңылык,- дейт UPnRIDERobotics Ltd. компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы техникалык инженери, доктор Амит Гоффер (Amit Goffer).

Гоффер мырза жыйырма жыл мурда жол кырсыгына кабылып, ошондон бери белинен ылдый жагы иштебейт. Ал азыр өзү жасаган робот-көлүктү минип алып, жумушка өз алдынча барып келет.

Көлүк-экзоскелет чукул арада Израилде жана Нью-Йоркто сынала баштайт жана келерки жылы сатыкка чыгарылмакчы. Анын баасы, компаниянын адистеринин айтуусунда, 30 000-35 000 доллар болушу мүмкүн.

Азыр майыптардын тике турганга, басканга жана тепкичтен өйдө чыкканга мүмкүнчүлүк берген ReWalk бионикалык системасы 70 миң доллар турат. Бул аппаратты жасоонун демилгечиси Амит Гоффер болгон.

- ReWalk майыптар көлүгүн пайдалангандардын 10 % үчүн ылайыктуу. Себеби алардын белинен өйдө жагы кыймылдагандыктан, балдакчан жүрө алышат. А дүйнөдө 70 миллионго жакын адам майыптар көлүгүн пайдаланат, - дейт Орен Тамари (Oren Tamari) Израилде жайгашкан Yokneam стартап-компаниясынын аткаруучу директору. (Маалымат булагы: timesofisrael.com, straitstimes.com)

Адамдын мүнөзүн басыгына карап билсе болот

Адамдын басканы анын канчалык агрессивдүү же чатак киши экенин көрсөтөт. Англиянын Портсмут университетинин (University of Portsmous) изилдөөсү буту-колун кенен шилтеп кыймылдаган адам чогоол болорун аныкташты. Окуу жайдын Психология факультетинин изилдөөчүлөрү оболу 29 адамдын мүнөзүн үйрөнүшүп, андан соң алар кадимки калыбында басып бараткандагы кыймылын видеого жазып алышкан.

Илимий топтун жетекчиси Лиам Сатчел (Liam Satchell): “Басып баратканда дене бир аз айлангансып турат; адам сол бутун алга таштаганда, сол жамбашы буту менен кошо жылат, сол мүрүсү артка кетет жана балансты сактоо үчүн оң мүрүсү алдыга кетет. Агрессивдүү кыймылдаганда дененин оңго-солго айланганы ылдамдайт,”-дейт.

Стамбул аэропортундагы жардырууну жасады деген үч жигит аэропорттун ичинде баратат. Коопсуздук камерасы тартып алган видео. 28-июнь 2016.
Стамбул аэропортундагы жардырууну жасады деген үч жигит аэропорттун ичинде баратат. Коопсуздук камерасы тартып алган видео. 28-июнь 2016.

Эксперименттин катышуучулары​ ​адамдын өзгөчөлүгүн, анын ичинде мүнөзүнүн ачык- айрымдыгын, чынчылдыгын, экстраверсиясын (шатыра-шатмандыгын), чөйрөгө жагымдуулугун жана нейротизмин (эмоциясын контролдоосун) аныктоочу чоң беш деп аталган стандарттык тестке да жооп беришкен. Андан соң адамдын кыймылы тууралуу маалыматты 3D формасында анимация жолу менен кыймылга келтирип, анын мүнөзүнүн санариптик моделин түзүшкөн. Адамдын мүнөзү көкүрөк клеткалары менен жамбашынын кыймылы, ошондой эле басыгынын ылдамдыгы негизинде аныкталган. “Адамдар жалпысынан адамдын өзүн элге салабаттуу көрсөтүү аракети менен психологиясы ортосунда тыкыс байланыш бар экенин билишет. Биздин изилдөөбүз адамдар басканы менен өзүнүн кандай адам экенин көрсөткөнүн эмпирикалык жол менен далилдеди,”- дейт Лиам Сатчел.

Бул изилдөө кылмыш жасалгандан мурда аны токтотуу мүмкүн экенин теориялык жактан көрсөтөт. Илимпоздордун айтымында, эгер коопсуздук камералары акылдуу программа менен камсыздалса, полицияга кылмышкерди тапанчасын атканча же бычагын шилтегенден мурда аныктап, кылмышты токтотууга мүмкүндүк берет. (Булагы: sciencedaily.com, psychcentral.com, maxim.com)

Octobot-жумшак робот жасоодогу революция

АКШдагы атактуу Гарвард университетинин Биологиялык инженерия институтунда (Wyss Institute for Biologically Inspired Engineering ) кыймылдоо үчүн химиялык энергияны колдонгон жумшак робот жасалды. Бул дүйнөдөгү алгачкы сегиз аяктуу жумшак робот. Эластикалуу Octobot (сегиз аяк) роботу отун катары суутектин кычкылы менен платина бөлүкчөлөрү бар аралашманы колдонот. Роботтун платина катализаторлуу аралашмасы кычкылтектин өтө кычкылынын аралашмасы менен кошулганда, өтө кычкылдар сууга жана кычкылтекке бөлүнүп, басым пайда болот да суюктук роботтун башкаруу системасынын каналдары аркылуу ага баштайт. Ал эми газ формасындагы кычкылтек роботтун буттарына жан киргизип, кыймылга келтирет. Сегиз аякка суюк отун кадимки эле медициналык ийненин жардамы менен куюлат. Азырынча Octobot “мешине” бир жолу жагылган отуну менен 4 мүнөттөн 8 мүнөткө

чейин кыймылдайт. Роботтун ички каналдарына кычкылтек толгондо, денеси жана буттары жанданып, суунун үстүнө калкып калат. Анын жумшак денесинде автономдук режимде иштегенге же кыймылдаганга керектүү отун сакталчу эки челеги, химиялык элементтер реакция жүрчү реактору, суюктук акчу кан тамырлары - микроканалдары жана клапандары бар. Суюктукту береги каналдардан кандай иретте агызганга жараша сегиз аяк кыймылга келет. Ушу жол менен болочокто аларга керектүү жумуштарды аткартса болот. Эми жумшак роботтун денесине сенсорлор орнотулмакчы. Ошондо Octobot турган чөйрөсү өзгөргөнүн сезип билчү болот.

Азыркы роботторду кыймылдатуу үчүн электр өткөрчү зым проводдор, пневматикалык же гидравликалык механизмдер, электроника жана аккумлятор пайдаланылат.

Ал эми сегиз аяк толук бойдон үч өлчөмдүү принтердин жардамы менен силикон гелинен жасалган. Адистер үлпүлдөк денелүү Octobot- жумшак робот жасоодогу революциялык ачылыш экенин, энди үлпүлдөк денелүү роботтордун заманы келерин айтышат. (Кеңири маалымат үчүн төмөнкү булактарды караңыз: news.harvard.edu, wyss.harvard.edu, nature.com)

Клеткадагы өзүндөгү шишикти таба алат

Америкалык окумуштуулар кандын клеткасын коркунучтуу шишиктерди тапчу лазер менен камсыздашты. Мичиган университетинин изилдөөчүлөрү канды лазерге айлантуу үчүн indocyanine green (ICG) боёгун колдонушту. Илимий ачылышты профессор Худонг Фан (Xudong Fan) баштаган биомедицина боюнча инженерлер жасашты. Бул боёк инфракызыл нур диапазонунда жарык бөлгөн флуоресценттик касиетке ээ болгондуктан рентгенографияда кеңири колдонулуп жүрөт.

Клеткадагы вирус
Клеткадагы вирус

ICG боёгу кан плазмасындагы агымга кошулганда белоктор менен аралашып, анын жарыкты бөлүүсүн күчөтөт. Профессор Худонг Фандын айтышынча, ICG канга кошулганда гана жарык бөлө баштайт, а таза түрүндө жарык бөлө албайт.

Окумуштуулар ICG боёгун жана канды кичинекей күзгү цилиндрдин ичине куюп, ага кадимки лазер нурун багыттаганда кан инфракызыл жарык бөлө баштаган. Ошондо ICG боёгу негизи кандын клеткаларынын кабыгына жана шишик бар жерге топтолуп, жарыкты көп чачат. Дарыгерлерге зыяндуу шишикти табуу үчүн адамдын денесин лазер менен жарык кылып туруп, ага инфракызыл камерадан кароо жетиштүү болот. Биомедицина боюнча инженерлер жаңы технологияны организмдин негизги кан тамырлары өтпөгөн бөлүктөрүн изилдөө үчүн да пайдаланууну көздөөдө. Ошентип, сиз мурда кинолордон жана виртуалдык оюндардан көрүп жүргөн лазер ракты пайда кылчу зыяндуу шишиктерди табууга кызмат кылмакчы. (Булагы: newscientist.com, engin.umich.edu, physnews.com)

XS
SM
MD
LG