Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:34

Кул кармоочу кумурска ишти так бөлүштүрөт


Америкалык фотограф Ананд Варма тарткан сүрөт

Кулагы жок жөргөмүш беш метр алыстагы добушту угат. Жапонияда кишидей тердеген робот жасалды. Байыркы грек искусствосунун Кытайга тийгизген таасири. Кул кармоочу кумурскалар кулдары менен жумушту так бөлүшөт.

Кулагы жок жөргөмүш кулактуудан алысты угат

Буудан жөргөмүштөр ортоңку кулагы жок экенине карабай укмуштай жакшы угат. Илимде Phidippus audax деп аталган мындай жөргөмүштөр мурда белгилүү болгондон алда канча алыстан беш метр радиусундагы үндөрдү, ошондой эле зыянкеч курт-кумурскалар чыгарган төмөнкү жыштыктагы үндөрдү уга алат. Буга чейин буудан жөргөмүштөр чарадай көздөрү, денеси менен айланасын сезип, мейкиндикте багытын аныктайт деп саналчу. Бул теорияны АКШдагы Корнелл университетинин (Cornell University) окумуштууларынын изилдөөсү жокко чыгарды.

"Мен бул жандыктар менен узак убактан бери иштеймин. Эми капыстан алардын дүйнөсү биз ойлогондон такыр башка экенин түшүндүк," - дейт изилдөөнүн биринчи автору, Гарвард университетинин илимий кызматкери Поль Шэмбль(Paul Shamble).

Доктор Шэмблдин түшүндүрмөсү боюнча мындай жөргөмүштөрдүн кулагы жок. Адам мейкиндиктеги толкундун басымы аркылуу үндү укса, жөргөмүштөрдө “заттардын майда кыймылын сезчү атайын түктөрү бар” жана ошол түктөрдүн жардамы менен үндү угушат.

Бул ачылышка Поль Шэмбель менен чогуу изилдөө жүргүзгөн кесиптеши, Корнелл университетинин нейрофизиологу Гил Менданын (Gil Menda) кокустан эле отургучту түртүп алганы себеп болгон. Ошо учурда нейрондорго туташтырылган динамиктерден жымжырт лабораторияны жаңыртып, нерв клеткалары иштегенин билдирген добуш угулган. Доктор Менда отургучту кайра жылдырганда, «кыйч» деген үнгө нейрондор кайра реакция жасаган. Ушундай кокустуктан улам буудан жөргөмүштөр беш метрге чейинки алыстагы үндү уга турганы аныкталды. Бул аралык жөргөмүштүн денесинин узундугунан 350 эсе чоң.

Окумуштуулар жөргөмүштөр чындап эле денесиндеги түктөрү аркылуу угаарын текшерүү үчүн алардын денесине кол тийгизгенде, нейрондор кыймылга келип, динамик кайра жаңырган. Лабораториянын дубалдары үн өткөрбөс материалдар менен капталгандыктан, күтүүсүз эксперимент маалында үн жаңырып, кошумча добуш жаралып, жөргөмүштүн угуу жөндөмүнө таасир этиши мүмкүн эмес. Буудан жөргөмүштөр диапозону 80 герцтен 400 герцке чейинки чырылдаган үндү эшиткенде турган жайында селейип калышкан. Берегидей шоокумду жөргөмүштүн коркунучтуу жоосу чымындар менен аарылар чыгарат.

​Жөргөмүштөргө буттарындагы түктөрү кулак болуп берери энтомологдорго эзелтен маалым болчу. Ал түктөр үн абада вибрация болгондо, жооп ирети титирей баштайт. Ушуга таянып, окумуштуулар жөргөмүштөр бир нече сантиметр алыстыктагы үндү гана уга алат деп эсептешчү.

Жөргөмүштөрдүн Phiddipus audax түрү Кошмо Штаттардагы секирик жөргөмүштөрдүн кеңири тараган түрүнө кирет.

Жапондор кишидей тердеген роботту жасашты

Адам ысыкта, спорт менен машыкканда, же оор жумуш кылып жатканда тердеп, денесин суутат. Мындай учурда денеден бөлүнгөн ным теридеги тешиктер аркылуу сыртка чыгып бууланат жана жылуулук кошо чыгат. Жапонияда чыккан роботтордун кээ бир механизмдери да такай иштеп турганда ысыйт. Алар ысып кеткенде өз функциясын толук аткара албай жалпы ишине кедергисин тийгизет. Ага жол бербөө үчүн роботко вентилятор жана радиотор орнотулат. Бул арийне алардын салмагын оорлотот.

Токио университетинин JSK лабораториясынын инженер-изилдөөчүлөрү жасаган Kengoro роботу адам сыңары эле тердейт жана ал учурда моторуна жүк келтирбейт. Болгону узунунан жатып алып, 11 мүнөт тынбай жерден эки колу менен түртүлөт. Анын ички организмине түтүктөр аркылуу суу жүгүртүлүп коюлгандыктан, моторун ысытпай салкындатып турат. Эгер салмагы 56 кг, бою 1м 70 см береги роботко муздаткыч орнотулса анын конструкциясын чоңойтуп, тулкуна 100 электр кыймылдаткыч бекитүү керек эле.Тулку бою жана кебетеси адамга окшош Kengoro роботу жарым стакан суу менен жарым күн бою мотору ысыбай иштей алат.

"Демейде роботтун каркасы анын кубатын колдоо үчүн гана пайдаланылат. Биздин концепция роботтун тышкы конструкциясын сууну агызуу, жылуулукту бөлүү сыяктуу жаңы функцияны кошуп, анын кубатын колдоо үчүн пайдаланды,"- дейт илимий топтун жетектөөчү адиси Тойотака Козуки (Toyotaka Kozuki).

Токио университетинин JSK лабораториясынын буга чейинки роботтору адамдын мүчөлөрүн, анын ичинде ийин, тизе, чыканактын кыймылын иммитациялоого багытталса, эми адамдын ички органдарынын функциясын аткарууга киришти. Лабораториянын инженерлери улгайган адамдарга жардам берчү роботтун үстүнөн да иштешүүдө.

Грек искусствосунун Байыркы Кытайга таасири

Кытай императору Син Шихуандинин күмбөзүндөгү терракота аскерлер, акробаттардын фигурасы жана коло айкелдер байыркы грек искусствосунун таасири менен жасалган. Атүгүл эллиндик скульптор кытайлык усталарга бышырылган чоподон адамдын фигураларын кудум өзүндөй кылып жасаганды үйрөткөн болушу мүмкүн. Мындай гипотезаны кытайлык археолог, доктор Ли Сючжэн (Li Xiuzhen) жана Вена университетинин профессору Лукас Никел (Lukas Nickel) сунуш кылышты. Эки окумуштуу гипотезаны ырастаган түз далилдер жок болсо дагы кыйыр далилдер бардыгын айтышат. Ли Сючжэн (Li Xiuzhen) айымдын сөзү боюнча Си Шихуанди дооруна чейин Кытайда бийиктиги 20 см ашпаган айкелдер жасалган. Андан тышкары батыштагы Синзян провинциясындагы (расмий аталышы Синзян Уйгур автоном обулусу) көөнө археологиялык жайлардан байыркы европалыктардын ДНКсы табылган. Бул факт Азия менен Европа ортосундагы байланыш мурда эсептелгенден 1500 жыл мурда, же XIII кылымдын ортосу ченде Марко Поло Каракорумга келгенге чейин эле болгонун күбөлөйт.

“Бизде азыр Кытайдын биринчи императору жана Батыш арасында Жибек Жолу ырасмий түрдө ачылганга чейин эле жакын карым-катнаш болгону тууралуу далилдер бар. Бул биз мурда ойлогондон алда канча эрте. Терракота армия, акробаттар жана коло айкелдер байыркы грек скульпторлору менен искусттвосунун таасири астында жасалган деп ойлойбуз” - дейт Император күмбөзүнүн башкы археологу Ли Сючжэн

Император Син Шихуанди (б.з.ч. 259–210-жж.) байыркы Кытайдын бириктирүүчүсү жана реформатор деп эсептелет. Ал жалпы өлкө боюнча бирдиктүү мыйзам киргизген, кытай жазмасын, чен өлчөм системасын жана акчасын унификациялаган. Улуу Кытай дубалы дал Син Шихуандинин тушунда курулуп бүткөн. Анын күмбөзү 30 жылдан ашык тургузулуп, курулушта 700 миңдей адам иштеген деп эсептелет. Син Шихуанди өлгөндөн кийин дүйнөдө сегиз миң чопо аскер коштоп жүрүшү абзел болгон. Терракота аскерлер 1974-жылы кудук куруп жатканда табылган.

Профессор Никел жогорудагы гипотезаны күмбөз жайда табылган акробаттардын айкелдери ырастайт дейт. Анткени Кытайда нукура грек скульптурасы Искендер Зулкарнайдын (Александр Македонский) жортуулунан кийин пайда болгон жана император Син Шихуандиге катуу таасир эткен. Эллиндик устаздардын бири Байыркы Кытайда жергиликтүү айкелчилерди окуткан болушу ыктымал деп боолгойт.

Профессор Никел буга дейре Кытай жылнамаларынан Син Шихуандинин бийлигинин 26-жылы өлкөгө “бөтөн жердин кийимчен эңгезердей айкелдер” алынып келингени, алар императорго жаккандыктан айкелдердин нускасын колодон куюп, сарайынын алдына коюуну буйруганы тууралуу маалыматты тапкан. Айкелдерди жасоого коло жетишсиз болгондуктан курал жарак да эритилген.

Кул кармоочу кумурска ишти так бөлүштүрөт

Кумурска кул кармоочулар башка түркүмдөгү кумурскалардын уюгуна чабуул жасашып, жумурткаларын уурдап кетишет. Бөтөн жумурткадан чыккан кумурскаларды кулдай иштегенге тарбиялап, түрдүү жумуштарды аткартышат. Алардын ичинен сары түстөгү кумурска-амазондор (Polyergus rufescens) мыкты согушкер саналганы менен башка жумушка жөндөмү жок. Ошон үчүн алар өз ээлеринин ыктыяры менен жашашат. Мурда кул ээлөөчүлөр менен кулдар арасында эмгек бөлүнгөн: өкүмдарлар тамак-ашты чогултат, кулдар уюктун ичиндеги бардык кара жумушту аткарат жана байлардын ордун ээлөөчү тукумдарын өстүрүп берет деп эсептелчү.

Орусия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Систематика жана жаныбарлардын экологиясы институнун изилдөөсү өкүмдарлар өз кулдарына азык-түлүк чогулттурганын жана кант ширесин бөлчү чегирткелердин колониясына башка талоончуларды жолотпой кайтартканын көрсөттү. Алар Новосибирск облусунун аймагында миңдеген кумурска жашаган эки уюкка байкоо жүргүзүп жүрүп кызыл кумурска - Formica sanguinea кул катары күрөң түстөгү токой кумурскалары (Formica fusca) менен шамдагай кумурскаларды (Formica cunicularia) пайдаланышканын да аныкташкан. Ошондой эле кул кармоочу кумурскалар белок болчу башка курт-кумурскаларга аңчылык кылышат, ага катар өсүмдүктөрдүн ширеси менен тамактанган чегирткелер жана башка курт-кумурскалар бөлчү суюк ширени жыйнашат экен.

Углеводдук азыктарды өкүмдарлар кулдары менен кошо чогултушат. Бирок канттуу тамактын дээрлик 80 процентин кулдар жыйнашат. Эмгекти мындай бөлүшүү эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, таттууну ыкчам чогултууга мүмкүндүк берет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG