Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:04

Адам алысты бүркүттөй көрчү аппаратка ээ болду. Адамдын буйругун аткарчу робот-жоокер. Түштүк корейлер келечекте эң узак жашоочу калкка айланат. Жерге окшош планетага жетүү үчүн тынбай кырк жарык жыл учуу керек.

Бүркүттөй көзу курч микрокамера

Германиянын Штутгарт университетинин окумуштуулары бүркүттүн көзүндөй алысты мыкты көргөн микрокамераны жасашты. Бүркүт 3 чакырым алыстагы коёнду көрөт. Бул адам 10 кабат тамдын үстүндө туруп жерде жылып бараткан кумурсканы көрөт деген кеп.

Бүркүттөй көрөгөч камераны жасоодо 3D кластерине маалымат жазуучу фемтосекундалык лазердик технология колдонулду. Бул технологияда орто чоңдуктагы кумдун данындай (300Х300 микрометр) төрт линза колдонулат. Бул линзалар бир затка багытталганда бүркүттүн көзүнүн карегиндей болуп, алыста турган нерсени жакын алып келип, дапдаана көрсөтөт. Бул линзаны жасоодо алыстагы бир нерсени көрөйүн деген адам үчүн көңүл чордонундагы ошо затты дапдаана көрүү маанилүү экени эске алынган.

Жаңы объективдин жардамы менен сүрөткө (видеого) тартуунун foveated imaging технологиясы ишке ашырылды. Мындай технология менен тартылган жаныбарлар менен курт-кумурскаларды National Geographic (Улуттук Географиялык) телеканалынын берүүлөрүнөн кудум жанында тургандай көрөсүз.

- Биз жырткыч куштардын көзүнүн түзүлүшүнөн айырмаланбаган супер-миниатюралык камераны жасадык. Линзанын катмары жана линза өзү жарым өткөргүчтүн бетине “мөөрдөй” басылган. Бардык төрт линза бир мезгилде принттелип жасалгандыктан, аларды корректировка кылып, тетиктерин камера сыяктуу бирден чогулткандын зарылдыгы жок, - дейт Штутгарт университетинин Техникалык оптика институтунун илимий кызматкери Симон Тиле (Simon Thiele, Institute of Technical Optics).

Анын ырасташынча, "мындай шайман мурда кушка аны кызыктырган жай (нерсе) тууралуу болушунча маалымат алганга мүмкүндүк берсе, эми андай жөндөмгө пилотсуз учуучу аппарат да ээ болду.

Жаңы линзанын дагы бир айырмачылыгы, ал үч өлчөмдүү 3D принтеринде жасалгандыктан кадимки линзаларга караганда алда канча арзан жана ага тийиштүү форманы берүү үчүн бетин кымбат баалуу аппараттар менен жылмалап чыгуунун кереги жок.

Доктор Тиле жана кесиптештеринин эмки максаты эң кичинекей сенсорлорго ылайыктуу, чоңдугу 1 квадрат миллиметрлик линзаларды даярдоо жана линзаны жасоону азыркыдан да оңой кылуу. Азыр бир линзаны жасаганга бир-эки саат убакыт кетет.

Жаңы линзаны пилотсуз учуучу аппараттарда, адамдын ички органдарын дүрбүдөй көрчү эндоскопияда, бир нерсенин көлөмүн ченөөчү, изилдөөчү жана байкоо жүргүзчү микророботтордо пайдалануу мүмкүн.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.livescience.com, http://chelorg.com)

Тил билген робот-жоокер

АКШ армиясы роботторду жоонун колдо жасалган миналарын таап жок кылуу үчүн Иракта он жылдан бери колдонот. Андай робот бир кыйла алыс жерде турган жоокер тарабынан башкарылат. Ал жоокердин коопсуздугун башка солдат камсыздайт. Мындан жакшы кабардар аскер башчы Скотт Брониковски (Scott Bronikowski) роботторду сөздү түшүнгөнгө жана айтылган буйрукту аткарганга үйрөтүү боюнча АКШнын Пердью университетинде (Purdue’s School of Electrical and Computer Engineering) докторлук диссертациясын былтыр жактаган. Ал ойлогон робот, өзүнүн айтымында, “Жылдыздар согушу” фильминдеги R2D2 дроид-астромеханикке окшош болууга тийиш.

- Бул технология болочокто түрдүү иштерге, анын ичинде автономдуу транспорт каражаттарында пайдаланылат деген үмүттөбүз, - дейт долбоордун жетекчиси Жеффри Марк Сискинд (Jeffrey Mark Siskind).

Доцент Сискинд башчылык кылган топ роботторго сөздү түшүнүп, өз сунушун айта билгенди мүмкүн кылган программанын үч алгоритмин иштеп чыгышты. Робот алгоритмди жана айрым кошумча маалыматтарды пайдаланып, бейтааныш киши айткан сөздү түшүндү жана бөлмөдө көргөн объекттерди таанып, аларды айланып өттү.

- Ушундай бир нече машыгуудан кийин робот басып өткөн жолун сүрөттөп бере алды. Атүгүл жолдун айрым бөлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн сүйлөм түздү. Робот мунун баарын тулку-боюндагы камера жана сенсорлордон алган маалыматтарын уккан сөздөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берген алгоритмди пайдаланып жасады, - дейт доцент Сискинд.

Алыстан башкарылчу робот-автомобилдер кайсы бир жерде жылып баратканда ошо жердин картасын жана видеокамерадан алынган маалыматты пайдаланып, жолундагы тоскоолдуктарды, жолдогу жолоочуну жана жол белгилерин тааныйт. Бирок алар адамдан уккан маалыматты жолунда көргөн объекттер менен байланыштырып, объектти тааный алышпайт.

Ушу тапта Пердью университетинин окумуштуулары роботтордун азыркыдан да көп сөздөрдү түшүнүп, объекттерди таануусун жана өз оюн дагы кенен билдирүүсүн мүмкүн кылчу алгоритмдин үстүнөн иштешүүдө. Жаңы технология болочокто түрдүү тармактарда, анын ичинде табигый же өндүрүштүк кырсык болгон аймактарда, ошондой эле түрдүү автономдуу транспорт каражаттарында пайдаланыларын илимпоздор ырасташууда.

(Булагы: http://www.laboratoryequipment.com, https://techxplore.com/pdf407571987.pd)

Жашоо үчүн шарты бар жаңы планеталар табылды

Былтыр табылган TRAPPIST-1 жылдызын чоңдугу Жердей жети планета жандап учат. Бул жөнүндө 22-февралда астрономдордун эл аралык тобу, анын ичинде Түштүк Европа обсерваториясынын Very Large Telescope жана НАСАнын Spitzer телескоп командалары жарыялады.

Окумуштуулар адегенде TRAPPIST-1 жылдызын үч гана планета айланып жүрөт деп маалымдашкан эле. Соңку билдирүүгө ылайык, алыстан “томуктай” көрүнгөн кызыл жылдыздын орбитасында айланган жети планетанын бетинде суу болгон күндө да, алардын үчөөндө гана жашоо үчүн ыңгайлуу шарт болушу ыктымал.

TRAPPIST-1 жылдызы Юпитер1 планетасынан бир аз чоңураак жана анын массасы Күндүн массасынын 8% түзөт.

Табылган планеталар TRAPPIST-1b, c, d, e, f, g жана h деп аталды. Жети планетанын Жерге эң жакыны TRAPPIST-1b, ал эми эң алысы- TRAPPIST-1h. Британиядагы Кембридж университетинин астроному Амори Трайоддун (Amaury Triaud, Institute of Astronomy) айтымында, жаңы ачылыш аалам коюнундагы Жерден башка планеталарда жашоо бар экенин изилдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Анткени жаңы ачылыш жашоого мүмкүн деген планеталар мурда болгондон арбын экендиги тууралуу ишенимди бекемдегенин илимпоздор ырастоодо.

Планета жашоого ыңгайлуу болушу үчүн ысык да, суук да, газ түрүндө өтө эле суюк же темирдей өтө эле катуу болбой, бирок кыртышы жерге жакын, жарык жашоого жетерлик, атмосферанын калыңдыгы климаттын мелүүн жана суулардын жетиштүү болуусун камсыз кылып турушу абзел. Себеби атмосферадагы озон планетанын бетин Күндүн зыяндуу ультракызыл нурунан коргойт. Арийне, жашоо үчүн кычкылтек жана метан да зарыл.

- Эгер сиздин планетада көмүр кычкыл газы жана сууга катар озон менен метан болсо,- жашоо бар экенин далили, - дейт Бельгиянын Льеже университетинин окумуштуу-астроному Майкл Гиллон (Michael Gillon, University of Liege).

Жер менен TRAPPIST-1 планеталар системасынын арасы 40 жарык жылына барабар же 400 триллион километр. Бул бүгүнкү эң мыкты технологияны пайдаланып учканда ага жетүү үчүн 44 миллион жыл керек деген сөз. Бирок космостук масштабдан алганда 40 жарык жылы өтө эле аз деп саналат.

Түштүк корейлер бактылуу карылыкка кадам таштаганы турушат

2030-жылы түштүк кореялыктардын өмүрүнүн узактыгы 90 жаштан ашары күтүлүп жатканын, ошентип корейлер дүйнөдө эң узак жашачу калк болору болжолдонууда. Лондондун империялык колледжи Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташтыкта өнөр жайы өнүккөн 35 өлкөнү камтыган изилдөөсүнүн натыйжасында ушундай тыянак чыгарды. Ал өлкөлөрдүн ичинде жогорку кирешелүү АКШ, Канада, Британия, Германия, Австралия жана экономикасы тез өнүгүп бараткан Польша, Мексика жана Чех Республикасы бар.

Илимпоздордун эсептөөсү боюнча, 2030-жылы туулган түштүк кореялык кыздар орточо 90,8 жыл жашайт, ал эми балдар орточо 84,1 жыл жашайт. Ал жылы 65 жашка чыккан кореялык аял дагы 27,5 жыл жашашы мүмкүн. Түштүк кореялыктардын өмүрүнүн узун болуусуна бир катар факторлор: бала кезде жакшы тамактануулары, кан басымынын төмөндүгү, чылымды аз чегүү, саламаттык сактоонун мыкты деңгээли, медицинадагы жаңы жетишкендиктерди жана технологияны колдонуу өбөлгө түзөрүн изилдөөнүн жетекчиси, профессор Мажид Изати (Majid Ezzati) ырастоодо.

Бир жылдары окумуштуулар арасында өмүрдүн узактыгы 90 жаштан ашпайт деген пикир үстөмдүк кылган.

Европалыктардын ичинен 2030-жылы төрөлчү франциялык аялдардын өмүрүнүн узактыгы 88,6 жашка, ал эми швейцариялык эркектердин курагы 84 жашка жетери иликтөө аркылуу ырасталган. Бирок экономикасы кубаттуу АКШда бул жылдары туулган эркектер орточо 79,5 жашка жана аялдар 83,3 жашка чыгат жана бул көрсөткүч боюнча АКШ орто кирешелүү Хорватия менен Мексикага теңелип калат.

АКШнын мындай абалы жалпы элдик саламаттыкты сактоо системасынын жоктугу, балдардын жана энелердин арасында өлүм деңгээлинин жана жанкечтилик коэффициентинин бийиктиги, кирешеси жогору өлкөлөргө мүнөздүү ашыкча семиздик менен байланыштуу болушу ыктымал экендиги иликтөөдө белгиленген.

2030-жылы аялдар менен эркектердин күтүлгөн өмүрүнүн узактыгы ортосундагы айырма кыскара баштайт.

- Салт боюнча, эркектер чылымды көп тартат жана алкоголду көп ичет, жол кырсыгына көп кабылат, өмүрүн көп кыят деп эсептелет. Бирок эркектер менен аялдардын жашоо жолою окшошуп баратат. Ошого алардын өмүрүнүн узундугу бирдей болуп калат, - дейт профессор Изати.

Адамдардын узак жашай баштоосу улгайган курактагыларды тейлөө үчүн саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо системасынын ишин дагы жакшыртууну талап кылат. Бул катаал үнөм саясатына төп келбейт. Анан да азыркы пенсия системасы жарандардын татыктуу жашоосун камсыздай алабы же жакшыртууга муктажбы? Муну аныктап алуу зарыл экенин окумуштуу баса белгилейт.

- Кирешеси бийик өлкөлөрдө өмүрдүн орточо узундугунун көбөйүүсү 65 жаштан өйдө курактагылардын мурдагыдан узак жашаганына байланыштуу. Кирешеси орто өлкөлөрдө 2030-жылы адамдардын бейажал өлүүсү же 40 жана 50 жаштын ортосунда өлгөндөрү азаят, - деп билдирди Дүйнөлүк саламаттык уюмунун илимий кызматкери, профессор Колин Мазерс (Colin Mather).

Өмүрдүн орточо узундугу жалпы элдин ичинен улгайгандан улам көз жумчу адамдардын жаш курагын эсептөө менен аныкталат. Мисалы, өлкөдө балдардын өлүмү бийик, жаш адамдар арасында түрдүү жараат жана кырсыктан өлгөндөр көп болсо, өлкөдөгү өмүрдүн орточо узактыгы олуттуу кыскарууга туш болот. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.imperial.ac.uk, http://www.thelancet.com)

Түшүндүрмө.

1. Микрометр метрдин миллиондон бир бөлүгүнө барабар =0,000001 м.

2. Юпитер Күн системасындагы эң чоң планета. Анын экваторундагы радиусу 74, 1 миң км же Жердин радиусунан 11, 2 эсе чоң.

Юпитердин массасы Күн системасындагы сегиз планетанын жалпы массасынан 2,47 эсе чоң, ал эми Жердин массасынан 317, 8 эсе чоң жана Күндүн массасынан болжол менен 1000 эсе кичине.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG