Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Азия акылдуулардын саны боюнча алдыда


Түштүк Кореядагы студенттер.
Түштүк Кореядагы студенттер.

Европанын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму мектептеги билим сапаты боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Иликтөөдө Азиянын беш өлкөсү алдыңкы беш орунда болсо, тизменин эң акыркы саптарын Түштүк Африка жана Гана өлкөлөрү ээледи.

Европанын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму мындай баяндаманы биринчи жолу жарыялады. Ал буга чейин уюмага мүчө жана аны менен кызматташкан өлкөлөрдө өткөрүлүп келген PISA жана TIMMS сынактарынын жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн.

13-майда жарыяланган тизменин сап башында Сингапур, экинчи орунда Гонконг турат, ал эми үчүнчү орунду Түштүк Корея ээлеген. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Финляндия алтынчы орунду ээлеп, эң мыкты көрсөткүчкө жетишти. Орусия 34-орунда, Украина андан төрт сап артта турат.

Адистер эл аралык тест 2000-жылдан бери өткөрүлө баштагандан тарта эле Чыгыш Азиянын өлкөлөрү алдыңкы орундарды ээлеп жүргөнүн белгилешет. Астанадагы Назарбаев атындагы университетинде эмгектенген, профессор Дүйшөн Шаматов чыгыш жана түштүк-чыгыш азиялык балдардын билиминин күчтүүлүгүн бул өлкөлөрдүн өнүккөн экономикасы менен гана байланыштырбайт.

- Албетте экономикалык жактан да өнүгүүсү, ошол эле учурда алардын билим берүүгө бурган көңүлү, билим сапатына жумшаган каражаты турат. Ошол эле учурда анда эмнеге АКШнын билим берүү системасы биринчи орунда эмес деген суроо туулат. Ошол эле эле илим-билим жактан күчтүүбүз деген Орусия дагы тизмеде ортодон төмөн болуп, көптөн бери алдыңкы орунга жете албай келет. Муну ар кайсы жагынан талдап чыгуу керек. Ошол мамлекеттин билим берүүгө берген мааниси, билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана коомду, экономиканы жакшырта алабыз деген максаты турат. Мына ошондуктан алдыңкы он өлкөнүн ичинде Финляндия, Канада турат. Ал эми бизге тааныш өлкөлөрдү карасак, Эстония алдыңкы он өлкөнүн ичине кирет. Демек мунун бардыгы бир гана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу эмес.

Профессор Шаматов белгилегендей эле мурдагы СССРге кирген республикалардан жалгыз Эстония биринчи он өлкөнүн ичине кирип, жетинчи орунду ээлеген. Дагы бир кызык факт – 28-орунда турган АКШдан Вьетнам алдыга өтүп, 12-сапта турат.

- ПИСА сынагы жалпы орто билим берүүнүн сапатын аныктайт. Окуучулар шаардан, айылдан, алыскы тоолуу аймактардан тандалып алынат. АКШнын көп шаарларында билим деңгээли өтө күчтүү. Маселен, Бостон жана башка шаарлар. Ошол эле маалда билим деңгээли өтө жакшы эмес да штаттар бар. Мына ошолордун баарын эске алганда, орточо билим сапаты төмөн жыйынтыкты көрсөткөн. Бул эмнеден кабар берет? Демек шаар менен айылдагы мектептердин ортосунда ажырым чоң. Ал эми Финляндияда айыл-шаарындагы, же булуң-бурчтагы мектептеринде билим сапатында айырма дээрлик жок. Андыктан жакшы жыйынтык берген.

Профессор Шаматов коңшу Казакстанда мектептеги билим берүүгө, мына ушундай эл аралык тесттердин жыйынтыгына аябай көңүл буруп жатышканын кошумчалай кетти.

Эл аралык баяндама жетимиштен ашык өлкөдөгү мектеп окуучуларынын математика, так илимдер (химия, биология, физика) жана окуу жөндөмдүүлүгү боюнча тапшырган сынактардын жыйынтыгында түзүлгөн. Иликтөөнүн негизги максаты - дүйнөдөгү ондогон бай жана жарды өлкөлөрдүн билим сапатын салыштырып, окутуунун алсыз жана күчтүү жактарын аныктап, анын сапатын жогорулатуу үчүн кандай чаралар көрүү зарылдыгын аныктоого өбөлгө берүү.

Уюштуруучулар кайсы мамлекет болбосун, мектептеги окуучунун канчанчы кластта окуганына эмес, анын жаш курагына гана көңүл бурушат.

Кыргызстан мындай эл аралык сынакка 2006 жана 2009-жылдары катышкан. Жыйынтыгында эки жолу тең дээрлик акыркы орундарды ээлеген. Билим берүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаров мындан өлкө бийлиги тиешелүү жыйынтык чыгарып, билим берүүдө туура реформаларды өткөрүүсү зарыл эле дейт.

Финляндияда айыл-шаарындагы, же булуң-бурчтагы мектептеринде билим сапатында айырма дээрлик жок. Андыктан жакшы жыйынтык берген.

- Ал мезгилде Дүйнөлүк банктын айылдык билим берүүгө багытталган атайын долбоорунун алкагында Кыргызстан бул сынакка катышкан. Анткени ага катышуу дагы бир канча чыгымдарды талап кыла турган нерсе, бир өлкө менин билишимче, 500 миң евронун тегерегинде каражат төлөйт. 2006-2009-жылдары Кыргызстан ПИСАга катышып, жаман көрсөткүчтөргө ээ болгон соң биз альтернативдүү өз жүйөлөрүбүздү бергенбиз. Биз Кыргызстандагы билим саясатын жүргүзгөндөргө кайрылып, мындай болуп калды деп кайгыруу ордуна, бул жыйынтыкты күзгүдөгү элесибиз катары кабыл алышыбыз керек жана аны сындырып салуунун ордуна өзүбүздү оңдоп-түздөшүбүз керек деген кеңештерибизди айтканбыз. Бирок тилекке каршы, андай болбой жатканы өкүнүчтүү.

Ошол эле учурда мындай эл аралык билим сапатын баалоочу сынактарды сындагандар да четтен чыгат. Көп өлкөлөр билим сапатын көтөрбөстөн эле, эл аралык сынактан жогорку көрсөткүчтөргө канткенде илинсек болот, ага кандай жол менен жетүү керектигин гана ойлошот деген сын айтылып жүрөт. Атургай айрым өлкөлөр атайын компанияларды жалдап, мектеп окуучуларын дал ушундай сынактарга даярдап бергиле деп кайрылышат.

Рейтингдеги акыркы орундарды Оман, Марокко, Гондурас, Түштүк Африка, Гана өлкөлөрү ээледи.

Иликтөөнүн толук жыйынтыгы кийинки аптада Түштүк Кореяда Улуттар уюмунун жыйынында жарыяланат. Жыйын 2030-жылга чейин дүйнөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

XS
SM
MD
LG