Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:41

Чоңдугу койдун корголундай болгон бака Индияда табылды. Адамдарга стол теннисин үйрөтчү робот Жапонияда жасалды. Британ окумуштуулары бал аарыларды футбол ойногонго үйрөттү. Саунага такай барган мээге жана жүрөккө пайдалуу экенин Финляндиядагы изилдөө көрсөттү.

Индостандын Батыш Гаты тоолорунда баканын жети түрү табылды. Алардын төрт түрүнүн чоңдугу козунун корголундай жана 1, 6 см ашпайт (12.2-15.4 мм). Ошого эң кичине тыйындын же бармактын учунда жубалдыздын көзүндөй гана жерди ээлейт. Nyctibatrachus түркүмүнө кирген ал бакаларды Дели университетинин окумуштуу зоологдору табышты. Баканын бул түркүмү түнкүсүн тирилик кылгандыктан өңү кара болот. Алар чардашканда курт-кумурскаларга окшош үн чыгарышат.

Nyctibatrachus түркүмүндөгү бакалар негизинен суунун агымында байырлашса, козунун корголундай бакалар жерге түшкөн жалбырактар менен сазда өсчү өсүмдүктөрдүн бариги астында жашашат.

- Бул аймакта баканын бул түрү көп жана кеңири жайылыптыр. Кичинекей немелер жабык жайларда жашап, курт-кумурскалардай чырылдашканы үчүн аларды зоологдор мурда көрүшпөсө керек, - дейт илимий экспедициянын катышуучусу, аспирант Сонали Гарг (Sonali Garg).

Окумуштуулар жаңы табылган бакалар тез өздөштүрүлүп жаткан аймакта жашагандыктан келечекте тукум курут болот деп чочушат.

Азыр Батыш Гатадагы бакалардын үчтөн бири жоголуп кетүү коркунучу астында турат, ошого аларды жана жаңы табылган миниатюралык баканын беш түрүн токтоосуз коргоого алуу зарыл дейт изилдөөнүн башчысы, профессор Сатьябхама Дас Бижу (S.D. Biju). 54 жаштагы окумуштуу буга чейин Индияда табылган 80ден ашык кургакта жана сууда жашаган жандыкты толук изилдеп, мүнөздөп жазган.

Соңку изилдөөлөр түнкү бакалардын түрү мурда табылгандан алда канча көп экенин да көрсөттү. Мурда түнкү бакалардын 28 түркүмүнүн үчөөсүнүн гана чоңдугу 18 мм же андан чоңураак болот деп эсептелчү. Эми түнкү Nyctibatrachus бакасынын түркүмү 35ке жетти. Алардын 20 пайызы чоңдугу боюнча бакалардын миниатюралык түрүнө кирет.

(Булагы: https://peerj.com, http://abcnews.go.com, https://phys.org, https://www.sciencedaily.com)

Устат робот адамдарга теннис ойногонду үйрөтөт

Дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китеби (Guinness World Records) FORPHEUS роботун "стол тенниси боюнча дүйнөдөгү биринчи устат" деп тааныды. Мыкты оюнчу менен теңме-тең деңгээлде ойногондон башка да машыктыруучунун милдетин аткара алчу мындай роботту жапондордун Omron корпорациясы жасады.

Бул роботту башкарууда секундасына 80 кадр тартуучу видеокамера, сенсорлор колдонулгандыктан, ал теннис тобунун кыймылын, үйрөнчүк окуучунун тулкусунун абалын жана кыймылын тыкыр көзөмөлдөп, роботтун дасыккан устаттай болуусуна көмөктөшүп турат. Ал шакиртине топту столдун кайсы жерине уруу керектигин нур чачып багыттайт жана калакты (ракетканы) кандай урганда оптималдуу болорун темир колдору менен көрсөтөт. Ошондой эле стол теннисин үйрөнчү адамдын ойноо деңгээлин аныктап, машыгууну ошого жараша жүргүзөт.

Omron корпорациясынын адистеринин айтышынча, FORPHEUS роботу стол теннисинен машыктыруучу гана болуу менен чектелбейт.

- Биз пайдаланган технологиянын максаты роботтордун адам менен болгон мамилесин нормалдуу нукка салуу. Ушу тапта роботтор тиги же бу жагдайда өздөрүн кандай алып жүрүү керек экенин аларга адамдар үйрөтөт. Балким 20 жылдан кийин роботтор өздөрү же адамдар жасаган роботторду үйрөтүп окутканга жарап калат, - дейт долбоордун жетекчиси Таки Ойа (Taku Oya) мырза.

(Булагы: www.livescience.com, http://www.guinnessworldrecords.com)

Футболист аарылар

Аюу, ит, маймыл, дельфин, уй балык (деңиз уюу) жана башка жандыктарды үйрөтсө болорун циркте же зоопаркта болгон адамдар жакшы билишет. Аарыны - мээсинин көлөмү кичине экенине карабай-үйрөтсө болорун, алар шарды тоголотуп, майдандын ортосундагы оюк жерге же “дарбазага” сала аларын Лондондогу Падыша Мэри университетинин (Queen Mary University of London) окумуштуулары далилдешти. Проф. Ларс Читтка (Lars Chittka) жетектеген илимпоздор аарыларга топту томолотконду үч жол менен үйрөтүшкөн. Адегенде аларга үйрөтүлгөн аары шарды оюкка кантип тоголотуп барганы көрсөтүлгөн; андан соң окумуштуулар шарды магниттин жардамы менен кыймылдатып оюкка салышкан; эң соңунда аарыларга чакан аянттагы оюкта жаткан шар көрсөтүлгөн. Ар бир көрсөтмө сабактын соңунда аарыга таттуу сахарозанын ширеси берилген.

Башка аарылар шарды оюкка салып жатканын көргөн аарылар көнүгүүнү жакшы кайталаган, атүгүл топту оюкка ылдам томолотуп салгандары болгон. А майданга үч шар койгондо, аарылар шардын дарбазага жакын жатканын томолотуп жөнөшкөн. Ал эми эки шарды жерге желимдеп койгондо, аарылар желимделбеген шарды уяга тоголотуп кетишкен. Шарлардын өңүн жана чоңдугун өзгөрткөн аарылардын “футболисттик чеберчилигине” таасир эткен эмес.

- Бардык аарылар тапшырманы өз алдынча чечишти. Бул алардын дрессировка маалында көргөндөрүн гана кайталабастан, тапшырманы ойлонуп, атүгүл өзүнчө жаңылык киргизип жасаганын күбөлөйт. Бул ошондой эле аарылардын мээсинин көлөмү кичине экенидигине карабастан, аларда жакшы үйрөнүү жөндөмү бар экенин шарданалайт, – дейт университеттин Биология жана эксперименталдык психология департаментинин изилдөөчүсү, доктор Олли Й. Лоукола (Olli J. Loukola).

Проф. Ларс Читтканын айтымында, бул изилдөө "мээнин кичинекей көлөмү курт-кумурскалардын жүрүм-турумун ийкемдүү кылбайт жана аларга жөнөкөй гана нерселерди үйрөтүү мүмкүн деген идеянын капкагына акыркы мыкты какты".

Бул илимий ачылыш аарылар башка үйрөнгөнгө жөндөмдүү жаныбарлардай эле когнитивдик жол менен (ойлонуу, байкоо жана эксперимент же кайталоо аркылуу) мурда жасабаган иштерди аткарууга жөндөмдүү экенин тастыктайт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.nytimes.com, http://www.sciencemag.org/news, http://www.upi.com)

Саунага такай барган мээге жана жүрөккө пайда

Cаунага көбүрөөк барган адамда жүрөк оорусуна кабылуу коркунучу азыраак болот. Бул - Финляндиянын чыгыш бөлүгүндө жашаган орто курактагы эки миңден көп эркек менен он жыл бою Америкалык дарыгерлер ассоциациясынын (Medicine American Medical Association; April 2015) JAMA Internal журналы өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгы. Орто куракка 45 жаштан 65 жашка чейинки курактагылар кирет. Саунага көп баруу финдердин улуттук өзгөчөлүгү. Көпчүлүк финдер жумасына кеминде бир жолу саунага барышат.

Саунадан кийин береги кишилердин канынын басымы жана жүрөгүнүн кагуусу жакшырган. Себеби мончодо адамдын денеси эс алып, кан тамырлары кеңейип, ийкемдүү болуп калары жана организмдин жарааттан сезгенип калган жерлеринин шишиги же оорусу жеңилдеп калганы изилдөөдө ырасталган.

Бул изилдөө ошондой эле жумасына төрт-жети жолу саунага барган эркектерде саунага аптасына бир мертебе барган эркектерге салыштырмалуу деменцияга кабылуу же кемакылдык дартынын өнүгүү ыктымалдыгы 66 пайызга аз болорун жана Альцгеймер дартына чалдыгуу коркунучу 65 пайызга кем болорун да аныктаган. Альцгеймер оорусуна көбүн эсе улгайган же 65 жаштан өйдө курактагылар туш болот. Алар мурда айткан сөзүн унутуп, кайра-кайра кайталап айткандыктан, андай адамдарды кыргыз-казакта “алжыды” деп коюшат. 2015-жылы Альцгеймер дартынан жабыркаган адамдардын саны дүйнөдө 48 миллионго жеткен.

Буга чейинки изилдөөлөр саунага ырааттуу барып жүргөн адамдарда капылеттен жүрөгү кармап көз жумуу коркунучу, жүрөк ишемия оорусуна кабылуу коркунучу жана башка жүрөк кан тамыр илдеттери аз болорун көрсөткөнүн Чыгыш Финляндия университетинин профессору Яри Локканен (Jari Laukkanen) айтат. Анткени жүрөк кан тамыр оорусу мээге да таасир эткени мурдатан маалым, дейт илимпоз.

(Булагы: https://britishgeriatricssociety.wordpress.com, http://www.baltimoresun.comhttps, https://academic.oup.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG