Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:44

Ажалды күттүргөн көп кырдуу акын


Хан Абдул Гани Хан жаш кезинде.

Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, ойчул, саясатчы, гуманист.

Элинин диний караңгылыктан бошонуп, билим алуусу үчүн күрөшкөн Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, жазуучу, бедизчи, художник, ойчул, саясатчы, гуманист. Индостанды диний негизде бөлүүгө атасы - британ оторчулугуна каршы куралсыз күрөшүүнүн лидери экөө каршы чыккан.

Калкы бүгүн-эртең 200 миллионго жетчү Пакистан адабияты килемдин өңүндөй ар кыл боёктуу. Ошого кокус Пакистан поэзиясы менен түп нускада таанышам десеңиз, урду, бенгал, синх, пуштун, белуж, гужарат, араб, перс жана англис тилдеринин билүүңүз абзел. Мына ушул көп улуттуу адабиятта пуштундар сыймыгы, ариет намысы катары тааныган жана табиятынан түркүн таланттуу Хан Абдул Гани Хандын ордун эч ким менен алмаштырып болбойт.

Анын өмүрүн Индостан жарым аралынын акыркы жүз жылдагы коогалаңдуу тарыхынан, акылы кыска саясатчылардын жылаңач амбициясынын кесепетинен ата-бабалары кылымдар жашаган жеринен ажыраган миллиондогон адамдардын тагдырынан бөлүп кароого болбойт. Себеби Абдул Гани Хан өзү айткандай, "Акын өз чөйрөсүнүн кулу болот. Мисалы, денесин коргогон териси жок айбанга окшоп. Эгер тикенектин учун анын денесине катуурак тийгизсеңиз, ал жаны чыкканча өкүрөт. Жаны бир аз жеңилдесе, ал өзүн бактылуу сезип, акылын жоготот".

Бул саптар акын, жазуучу, сүрөтчү, скульптор, ойчул-философ, саясатчы Абдул Гани Хандын козголоңчул жана катып калган каада-салтка сыйбаган кыялкеч мүнөзүн жана поэзиясын түшүнгөнгө жардамдашчу ачкыч деп ойлойм.

Күткүн, ажал! Чыдагын. Менде али да жалын бар!

Жашоо оту канда бийлеп, колдо ойногон чилдирман.

Ушул алоо, ушул аваз менден калган күнү кел,

Ажал досум, кел ошондо: мен жалт бербейм алдыңдан.

Ансыз дагын кучак жайып топуракка айланам.

О, досум, мен ишенбейм, ишенбейм!

Өлүм соңу – жашоо соңу дегенге.

Көөкөрдө түгөнсө шарап, ичкенге мусала табылат

эмеспи, үлпөт бүтөр ченемде.

Абдул Гани Хандын мүрзөсүндөгү эпитафия.
Абдул Гани Хандын мүрзөсүндөгү эпитафия.

Хан Абдул Гани Хан 1914-жылы декабрь айында азыркы Пакистандын Хайбер-Пахтунква провинциясында туулган. Ал кезде бул аймак Түндүк-батыш чек ара провинциясы деп аталып, англис оторчуларынын ээлигиндеги Британ Индиянын курамына кирчү. Болочок акындын атасы Хан Абдул Гафар Хан (6-февраль 1890 – 20-январь 1988) британ орточулугуна каршы куралсыз жана кан төгүүсүз күрөшкөн пацифисттик кыймылдын руханий көсөмү, такыба мусулман жана Индиянын күнкорсуздугу кыймылынын көсөмү Махатма Гандинин жакын санаалашы болгон. (Ошого ал көзү тирүүсүндө эле “Гандинин тиреги”деген ылакап атка конгон). Ошого ал Индияны диний негизде бөлүүгө умтулган Жалпы Индия Мусулман Лигасына каршы турган. 1947-жылы Пакистан Индиядан бөлүнүп чыккандан кийин, өлкөнүн бүтүндүгүн жактаган, бирок Пуштунстан автономиясын түзүүнү талап кылганы үчүн, эчен жолу абакка салынган. Абдул Гафар Хандын агартуучулугу өзүнчө сөз. Ал аялы өлгөндөн кийин бүт өмүрүн өз эли -пуштундарга кызмат кылууга арнайт. 1920-жылдардын башында Түндүк-батыш чек ара провинциясынын эли кат таанып, дүйнөгө көзү ачылсын деп мектеп ачканын жана элге өрнөк болсун деп, ал жакка билимдүү кызын жибергенин пакистандык журналист Абубакр Сыдыки айтат:

- Бүгүнкү күн үчүн маанилүү бир жагдай: Гафар Хандын такыбалыгы жана прогресске ишенгени. Ал бардык адамдар бирдей укукка ээ болуусун жактаган, ал пуштундарга үлгү болсун, аялдар жана кыздар үчүн билим алуу абдан маанилүү экенин пуштундар түшүнсүн деп, кызын аларга жиберген.

Абдул Гафар Хан тун уулу Абдул Гани Хан мектепти бүткөндөн кийин Делидеги Миллия университетинде билимин улантат. Ал эми Гани Хан 1928-жылы атасынын каалоосу боюнча Лондонго кетип, ал жерде мартабалуу тарса диниятчынын көзөмөлү астында Тооратты (Библия) окуп үйрөнөт. Абдул Гафар Хан сыягы уулум англичандар дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөсүнө кантип айланганын билсин, анан мен түзгөн пацифисттик кыймылга жан оту менен кызмат кылсын деп тилек кылган окшойт.

Абдул Гани Хан Лондондон кийин АКШда инженер-химик кесибине окуйт. Америкадан илим доктору болуп келгенден кийин кайра эле атасынын ыктыярына ылайык, көрүнүктүү саясатчы Жавахарлал Нерунун үйүндө туруп, таалим-тарбиясын алат. Нерунун кызы Индиянын болочок премьер-министри Индира Ганди менен чогуу университетте окуп жүрүп, студенттик кыймылга активдүү катышат. Ошондой эле сүрөтчүлүк өнөргө да окуйт.

Эгер сүрөтчүлүктүн сырларын Индиянын жаңы багыттагы живопись мектебинин алгачкы пионерлеринин бири Нандлал Боздон окуса, бедизчилик өнөрүн атактуу Рабиндранат Тагордон үйрөнөт. Акын, жазуучу, художник, композитор, коомдук ишмер Р. Тагор 1913-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ал Нобель сыйлыгын алган европалык эмес биринчи жазуучу.

Гаффар Хан жана Мохатма Ганди
Гаффар Хан жана Мохатма Ганди

Ошого мындай билимдүү адамдын атасынын жолун улап, пацифисттик кыймылга кошулуусу, Британ оторчулугундагы Индия парламентине эң жаш депутат болуп шайлануусу мыйзам ченемдүү эле.

Абдул Гани Хандын акындык жаңычылдыгы тууралуу Абубакр Сыдыки буларды айтты:

- Менимче, Абдул Гани Хан көп жагынан алганда уникалдуу инсан. Ал химиядан илим доктору даражасы бар абдан билимдүү адам жана өтө атактуу инсандын уулу. Ал көп кырдуу талант. Ал акын, бедизчи, көйгашка художник. Эң маанилүүсү, ал Бенгал адабиятынын шаасы Рабиндрант Тагордун шакирти катары да белгилүү. Ал өтө кызыктуу адам. Анын ырлары пуштун тилиндеги салттуу поэзияны формасы жагынан жаңы ыргактар, көптөгөн жаңы эксперименттер менен толуктайт. Ал өзүнөн мурдагы акындардай газел жазбайт. Ал назам же ыр жазат. Газел - бул ар бир куплети түрдүү маанидеги жана ар түркүн субъекттерди ар түрдүү ритмдүү куплеттердин комбинациясы.

Түшү окшойсуң акындын,

Бирок тулкуң адамдай.

Гүлү окшойсуң жаннаттын,

Сенде түркүн тозоктун мүнөзү бар.

Марал сымбат, жетик бышкан мөмөсүң.

А жүрөктөн көлкүгөн нур төгөсүң,

Багындырып Ганы Ханды парпырар.

Ганы энчиси туулгандан турпатың

Насилиң пуш, перс ажары артылар.

Ровшан Хан
Ровшан Хан

Абду Гани Хан өйдөкү ырды өзү сүйүп, 1939-жылы баш кошкон жары Рошанга арнаган. Күбөлөрдүн айтымында, Абдул Гафар Хан уулунун дини отпараз перс кызына үйлөнүүсүнө оболу каршы чыккан. Атүгүл уулу үйлөнүүгө уруксат сураганда жаакка чаап, көңүлүн ооруткан. Бирок Абдул Гани Хан атасын көндүрүп, жүрөгү тандаган сулууга үйлөнөт. Акын төмөнкү саптарда Ровшан Ханды жараткандын жердеги образы катары сыпаттайт.

Мен кудайды не мечиттен,

Не Мекеден таппадым.

Кудай менин көөдөнүмдө туюлду,

Сүйүктүүмдү өпкөнүмдө жүзүнөн.

Абдул Гани Хан махабатынан бакыт тапканы менен, сүйүүгө, көркөм сүрөткө, музыкага, поэзияга исламдын атынан тыюу салган бейсабат молдолор менен элдеше албайт. Себеби көрүнүктүү Пакистан публицисти Ауранг Зеб Хан Залмай жазгандай,пуштун уруулары үчүн ислам бардык нерсенин чен-өлчөмү. Ошого ар бир пуштун мусулман болушу керек.” (Мындай коомду жоошутуу үчүн Рошан айым ислам динине таат кылат). Берегидей бейчекилик сабатсыз элди экстремизмге түртөт. А экстремизм дайыма забын-зордук менен коштолот. Табияты кайнар булактай оргуп турганы менен дили зулумдук менен зомбулукту жек көргөн Абдул Гани Хан болсо атасы менен бирге саясий күрөштүн тынч жолун ташбыйкаттаган Кудайдын пенделери кыймылын түзгөн.

Алардын мындай позициясы Пакистандын эл шайлабаган өкмөтүнө да жакпайт жана Абдул Гани Хан 1948-жылы алты жылга түрмөгө отургузулат. Атасы да 1988-жылы көзү өткөнчө эле өмүрүнүн көбү же абакта же сүргүндө өтөт. Эмне үчүн Абдул Гани Хан жана атасы Индиянын диний негизде бөлүнүшүн, Мусулман лигасынын Пакистанда шариятка негизделген мамлекет курулушуна каршы болушкан? Бул суроого Абубакр Сыдыки мындай деди:

- Бул түшүнгөнгө татаал суроо эмес. 20-кылымдагы Түштүк Азияга карасаңыз, эки саясий агым: индиялык улутчулдар менен мусулман улутчулары үстөмдүк кылганын көрөсүз. Мусулман улутчулдарын негизинен Британ империясы менен коюн-колтук иштеген адамдар түзгөн. Алар Индиядагы мусулман аристократиясынын бир бөлүгү болгон. Кийин алар Мусулман лигасы деген бир партияга же саясий кыймылга биригет. Бул кыймыл биринчи кезекте Түндүк Батыш Индияда-бүгүнкү Пакистанда жана Бенгалда-азыркы Бангладеште өз өлкөсү болуусун талап кылат. Бирок Гафар Хан сыяктуу көптөгөн мусулмандар, алардын ичинде Индия Улуттук Конгрессинин көсөмү, 20-кылымдагы көрүнүктүү ислам аалымы Олан Абдул Хазад Индиянын диний негизде бөлүнүүсүнө каршы чыгышкан. Алар “биз, шиитердин келечеги демократиялуу, плюралисттик, көп тилдүү, мультимаданияттуу, көп диндүү өлкөдө“ деген жүйөнү бетке кармаган. Андай өлкө деп, балким азыркы Индияны айтышкандыр. Кийин Пакистанда ал күрөш токтобогон. Бүгүн Пакистанда мусулмандар үстөмдүк кылат. Чынын айтканда, Индияда да андай күрөш уланууда. Себеби Индияда түрдүү жикчилдер бар, ар кандай таарынычтар бар; али диний жана жамааттар арасында толук гармония жок. Ошентип Гафар Хан, Олан Абдул Хазад жана башкалар гармониялуу, толеранттуу жана демократиялуу коомду курганга умтулушкан.

Ушу жерден Абдул Гани Хандын инисинин уулу, пакистандык пуштундардын Авами улуттук партиясынын анабашы Асфандияр Вали Хандын атактуу байкесинин каза тапканынын 20-жылдыгын утурлай Кабулда өткөн расмий мааракесиндеги сөзүнө кайрылганыбыз оң. “Ганы Хан байкем бир жолу экөөбүз сүйлөшүп жатып, өзү жана молдолор ортосунда айырма жок, бирок диниятчылар дайыма эле Кудай - баарын башкаруучу жана баарынан кубаттуу дей беришет, а мен болсо Алла эң мээримдүү жана эң кечиримдүү деймин".

Абдул Гани Хан абакта поэзияга башын байлап, абактан чыккандан кийин саясатка активдүү катышпайт. Бирок саясатчылардын сөзүнөн өтүмдүү жана эл жүрөгүнөн орун тапкан ырларды жазат. Жарым көчмөн пуштун урууларынын оозеки чыгармачылыгын жана Абдул Гани Хандын акындык өзгөчөлүгү тууралуу Абубакр Сыдыкинин сөзү.

- Эң өкүнүчтүүсү, советтик темир көшөгөгө байланыштуу Борбор Азия менен Түштүк Азия ортосундагы, өзгөчө, Ооганстан, Пакистан жана Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан арасындагы мамиле бир кылым мурда үзүлүп калганы.

"Махабат". Абдул Гани Хан.
"Махабат". Абдул Гани Хан.

Борбор Азия элдериндей эле пуштун жамааты уруулук жана бир аз көчмөн коом. Менимче, пуштун коомунун адабий салты Борбор Азия коомундай элдик оозеки чыгармачылыкка таянат. Ошого биздин элдердин поэзия жана адабий салты тарыхый жактан абдан окшош. Көңүл бурчу бир нерсе: Борбор Азиянын бир чоң тили пуштун тилине тууган тил. Бул Гани Хандын тили. Азыр Ооганстан менен Пакистанда 50 миллион пуштун бар. Муну көпчүлүк билбейт. Абдул Гани Хан жана анын атактуу атасы, Махатма Гандинин таянычы катары белгилүү Хан Абдул Гафар пуштун коомунун чыгаан уулдарынан. Пуштун коому дүйнөдөгү эң чоң уруу. Гафар Хан реформачыл кыймылды түзүүнүн демилгечиси болгон. Бул кыймыл кийин күнкорсуздук үчүн күрөшкөн, бирок тынчтык жолу менен күрөшкөн саясий кыймылга айланат. Гафар Хандын кыймылы төбөлсүздүк үчүн көп курмандыкка барды.

Пакистан өкмөтү улуу уулу Абдул Гафар Ханды элди саясий атаандаштарынын канын төгүүгө же забын-зордукка эмес, саясий идеалдар үчүн тынчтык жолу менен күрөшүүгө үндөгөнү үчүн түрмөгө салуу жаңылыштык болгонун алиге моюнуна ала элек.

Бирок эл арасында Абдул Гани Хандын чыгармалары популярдуу экенин белгилейт Абубакр Сыдыки:

- Менин оюмча, Гани Хан пуштундар арасында өтө популярдуу. Анын поэзиясы пуштун тилинен башка тилдерге которулса, ал азыркыдан да популярдуу болмок деп ойлойм. Поэзияны түшүнгөн адамдардын баары Гани Хандын чыгармаларын билишет. Себеби анын ырлары эл ичинде, жаштар арасында абдан популярдуу. Анткени атактуу өнөрпоздор Гани Хандын ырларын көпчүлүк чогулган жайларда, телевизордон такай ырдашат. Анын поэзиясы өкүмзорлукка каршы маанайга сугарылган. Бул тополоңду жана кан төгүүнү жактабайт; өз ара түшүнүүчүлүккө, сүйүүгө, урмат-сыйга үндөйт. Мунун баары экстремизм жек көргөн, бирок көпчүлүк эл зарурат деген нерселер. Гани Хан биринчи кезекте эстет акын экенин айта кетейин. Эстет дайыма көпчүлүккө кайрылат. Гани Хан пуштун поэзиясынын даркан өкүлдөрүнүн бири. Ал сулуулукту, дүйнөнү, өмүрдүн баалуулугун такыр жаңы жол менен ырдаган эстет-акын.

Күткүн, ажал! Чыдагын. Менде али да жалын бар!

Жашоо оту канда бийлеп, колдо комуз чалдырган.

Ушул алоо, ушул аваз менден калган күнү кел,

Ажал досум, кел ошондо: мен жалт бербейм алдыңдан.

Ансыз дагын кучак жайып топуракка айланам.

О, досум, мен ишенбейм, ишенбейм!

Өлүм соңу – жашоо соңу дегенге.

Көөкөрдө шарап түгөнсө, ичкенге мусала табылат

эмеспи, үлпөт бүтөр ченемде.

Хан Абдул Гани Ханды өз маалында булбулдай капаска салып, эркин майтарууну көздөгөн бийлик төбөлдөрүн ким эстейт? Эстесе да алар бийлик, мансап үчүн ыйманын, ариет намысын саткан, элдин руханий көрөңгөсү жана келечеги жөнүндө терең ойлобогон, тарых алдындагы жоопкерчиликти унутуп, утурумдук жашоонун азгырыгына алданган көр пенде экенин эсетешет. Ал эми Абдул Гани Хандын ырлары калың букара үчүн соолубас руханий булак жана кемибес дөөлөт. Ошон үчүн анын ырлары элдин көкүрөгүндө өчпөй алоолойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG