Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:49

Депрессия муун оорусун күчөтөт


Иллюстрация

Зымсыз ток берүү мүмкүн экени лабораториялык шартта далилденди. Орусияда абада торгойдой калкып турган мотоциклдин прототиби жасалды. Кабырчактуу чакалай муун оорусун пайда кылат. Археологдор матриархалдык башкаруунун далилдерин табышты.

Зымсыз ток берүү чындыкка айланды

Келечекте электрондук приборлордун зымын токко туташтырбай эле батареясын кызытып (заряддап) иштей аласыз. Ток берүүнүн мындай технологиясы квазистатикалык көлөмдүү резонанс (англ.- quasistatic cavity resonance, QSCR, орусча квазистатический объемный резонанс) деп аталат. Бул Кошмо Штаттардагы инновация жана технология боюнча адистешкен Disney Resech компаниясынын адистеринин табылгасы.

Жаңы технология 5Х5 метр өлчөмүндөгү лабораторияда атайын сыноодон өттү.

QSCR технологиясынын алюминий тунике менен капталган дубалдардын, шыптын жана полдун ортосунда пайда кылган магниттик талаасы уюлдук телефондорду заряддоону, электр лампочкасын күйгүзгөндү жана желдеткичти (вентилятор) иштетти. Алюминий туникелер алюминий каркаска жабыштырылган. Бөлмөнүн дал ортосуна резонанстык контурдун карама-каршы талаасынын (полюс) милдетин аткаруу үчүн жез мамы орнотулган.

Бөлмөгө тегиз жайылган (толгон) магниттик талааны атайын система иштеп чыгат жана ал электрондук приборлорго туташтырылган катушка аркылуу батареяны кызытат. Ал эми адам өмүрүнө коркунучтуу электромагниттик талааны дискреттик конденсаторлор нейтралдаштырып жок кылат. Жез мамынын көңдөйүнө жайгаштырылган конденсаторлор системанын резонанстык жыштыгын аныктап, электр талаасын басып турат.

"Биздин эсептөө көрсөткөндөй, биз алдагыдай жол менен, электрокоопсуздук боюнча Федералдык комиссия орноткон чектөөнү бузбастан 1.9 кВт чейинки электр кубатын бере алабыз" деп билдирди доктор Мэтью Ж. Чабалько (Matthew J. Chabalko). Изилдөөчүнүн айтымында, бул энергия менен бир маалда 320 смартфонду заряддаса болот.

"Системанын иш жыштыгы 1 мегагерцтен ашпайт жана бул жыштыкка ылайыкташтырылган бардык приборлор бөлмөнүн кайсы бурчунда турганына карабастан энергия ала берет" деп түшүндүрдү доктор Чабалько. Пайдаланылбай калган магниттик талаа мейкиндикте тегиз бөлүнгөндүктөн, кадимки материалдардан жасалган буюмдарга таасир этпейт жана тегеректеги башка жандууларга коркунуч келтирбейт".
Жаңы технологияны дагы модернизациялап, бөлмөнү металл менен каптагандын ордуна ток өткөрчү атайын боёк менен сырдап же дубалга атайын панелдерди илип койсо болот. Береги системаны чоң имараттарда колдонуу үчүн магниттик талааны тегиз жайылтуучу жез полюстардын санын көбөйтүү жетиштүү.

"Биз бул экспериментти бөлмөнүн чоңдугундай лабораторияда демонстрация кылдык. Масштабды муштумдай кичирейткендин же килейген кампадай чоңойткондун эч айырмасы жок", - дейт изилдөөнүн илимий жетекчиси Алансон Сэмпл (Alanson Sample).

Зымсыз электр кубатын берүү инженерлердин узактан берки технологиялык кыялы. Теги серб америкалык ойлоп тапкыч Никола Тесла (Nikola Tesla, 1859-1943) зымсыз жарык берүү системасын 1890-жылы эле демонстрация кылып, технологиялык ачылышын турак үйлөрдү жана завод-фабрикаларды электр кубаты менен камсыздоодо пайдаланганды сунуш эткен. Бирок атактуу ойлоп тапкычтын тилеги алиге орундала элек.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://journals.plos.org, https://www.disneyresearch.com)

Учма мотоцикл Scorpion-3

Орусиянын Hoversurf компаниясы хавербайк (hoverbike) типтүү учма мотоциклдин прототибин жасады. Scorpion-3 деп аталган бул аппарат роторлору өндүргөн электрдин күчү менен иштейт. Ал абага ордунан тик көтөрүлөт жана жерге тигинен төмөндөп конот. Бирок ал азырынча ангардын ичинде гана учуп конот. Учма мотоцикл абада казыкка байлангандай бир орунда калкып тура берет. Англис тилинде андай учма аппараттар хавербайк (hoverbike) деп аталат.

Scorpion-3 учма аппараты 10 метрге чейинки бийиктикке көтөрүлөт, учканда ылдамдыгы 50 км/саатка чейин жетет, 120 килограмм жүк көтөрөт.

Scorpion-3 аппаратынын конструкциясы өтө эле жөнөкөй болгондуктан, баасы арзан жана тейлөөгө кетчү чыгымы да аз болору айтылат.

Кемчилиги - диаметри бир метрге жетип жетпеген роторлору жерге жакын жайгашкан. Ошондуктан, ал мүмкүн болушунча бетондолгон жана асфальтталган аянтка гана конууга тийиш. Эгер жылаңач талаага кончу болсо, батперектери айдаган шамал куюнду пайда кылып, учкуч жана жүргүнчүлөр бозала чаң болушат. Аппарат тегиз эмес жерге конгондо пилот эки бутунан айрылышы кажетсиз. Себеби учкучтун бут жагы ишенимдүү корголгон эмес. Ошондой эле кокустан учма мотоциклдин моторлорунун бири же электрондук стабилдештирүү элементтеринин бири иштен чыкса, анын абада оңторулуп кетери турган иш экенин айтышат адистер.

Төрт роторлуу аппарат гироскоп, акселерометр жана тийиштүү программа менен камсыздалганына карабай, андай типтеги системаларды башкаруу аябай эле татаал деп эсептелет.

Маалымдалгандай, орусиялык компания Scorpion-3 учма мотоциклин сатыкка кеңири чыгарбайт. Анткени ал спорттун экстремалдык түрүн сүйүүчүлөргө гана арналган учма аппараттын прототиби. Ошентсе да долбоор ийгиликтүү болсо, аны жүк ташуучу аппарат же тик учар катары колдонгонго ыңгайлаштыруу жеңил экени шексиз.

(Булагы: http://www.dailytechinfo.org, http://www.designboom.com)

Роботтордун беш кылымдык тарыхы

8-февралдан бери Лондон музейинде роботтордун 500 жылдык тарыхы деп аталган көргөзмө жүрүүдө. Көргөзмө адамзаттын роботторду адамга жакын кылуу боюнча 16 кылымдан берки аракети менен тааныштырат. Эң эски экспонат-кулагын бурап койсо, колундагы тапсисин чекесине тийгизип өөп, күнөөсүн кечирүүнү жараткандан сурап, көкүрөгүн койгулачу испан кечил. Кечил роботтун тулку бою жана бардык мүчөлөрү темир. Ал эми эң жаңы робот - териси латехстен жасалган аниматроник -робот бөбөк. Аниматроник-робот бардык кыймылдарды, анын ичинде беттин мимикасын жасаганга ылайыкталган программа. Моделди башкарчу экзоскелет жана сервомоторлор жасалма теринин астына катылган. Ал эки-үч айлык бөбөктөй колу-буттарын жай кыймылдаткандыктан ырас эле дем алып жаткандай көрүнөт.

Көргөзмөнүн жылдызы - адамга куюп койгондой окшош гуманоид Робо Теспиан (Robo Thespian). Ал музейдин кызматкери катары бардык иш -чараларга жигердүү катышууда жана конокторду да тейлейт. "Роботторго көп иштегенге туура келүүдө. Себеби алар аткарчу жумуш окшош. Роботтор кайталанма ишти аткарганга жакшы", - дейт доцент Вилл Стэнли.

Kodomoroid гуманоидди телеканалдардан жаңылык окуган дикторлордон айырмалап болбойт десек аша чаппайбыз. Ал робот ар 20 мүнөттө экрандан жаңылык окуп турат. Көргөзмөдө адамга окшобогон роботторду да жолуктурасыз. Швейцариялыктардын YuMi роботу эки колу менен кагаздан жасалган самолетторду учуруп ойноп жүрсө, АКШда жасалган Baxter жерде чачылган заттарды терип жүрөт.

Чоңдугу кадимки ак куудай механикалык "Күмүш ак куу" 400 жыл мурда жасалган робот. Инженердик жана зергерлик өнөрдүн мыкты чеберчилигин даңктаган береги робот ак куу моюнун тирүү ак куудай бура алат.

Көргөзмөдө кары адамдарга кам көрчү, шерик болуп, түйшүгүн жана санаасын тең бөлүшчү, ошондой эле адамга оор жумушту жеңил бүткөргөнгө көмөктөшчү көптөгөн роботтор да коюлган.

"Сиз 500 жыл ичинде жаралган роботторду көргөндөн кийин, роботтор коркунучтуу темир-тезек эмес, сыйкырдуу, ажайып жана пайдалуу экенин, биз каалаган нукка түшүп баратканын жана аларды кандай өнүктүрүү керектигин түшүнөбүз”, - дейт экспозициянын илимий жетекчиси Бен Рассель (Ben Russell).

Лондон музейиндеги роботторго арналган көргөзмө 1-октябрга чейин уланат.

(Булагы: http://english.cctv.com, https://www.washingtonpost.com, http://www.ien.com/automation)

Кабырчактуу чакалай муун оорусуна өбөлгө

Канаданын Калгари университетинин (University of Calgary) окумуштуулары псориаз менен ооруган адамдарда муун оорусу - артритке чалдыгуу коркунучу жогору болорун аныкташты. Алар берегидей тыянакты псориаз менен ооруган 70 миң британиялыктын оорусунун тарыхын анализдеген соң жасашты.

Муун оорусу - псориаттык артрит депрессияга баткан адамдарда депрессиянын белгилери жокторго салыштырганда алда канча жогору болору айтылат изилдөөдө. Ушундан келип, канадалык окумуштуулар псориазга чалдыккан пациенттерди дарылоодо психотерапиянын усулдарын колдонуу туура болот деп эсептешет. Псориаз дарты кыргыз тилинде - кабырчыктуу чакалай деп айтылып жүрөт.

Медицина илиминдеги жетишкендиктерге карабай, псориаз эмнеден пайда болору алиге чейин окумуштуулар үчүн табышмак. Бул дартка кабылган адамдардын денесинде ысык сууга күйгөн сыңары кызыл тактар пайда болуп, ал көөп калат жана дарт пайда болгон жерлерде тери кургап кетет. Береги кызгылтым тактардын бетинде ак кабырчыктар пайда болот. Кабырчыктар сыйрылганда теринин үстү кызгылтым тартып, жылтырап канталап калат. Тактар акырындык менен чоңоюп, жарага да айланат.

Ушу тапта псориаздын этиологиясы же келип чыгуу себебине байланыштуу эки гипотеза бар. Эки гипотезада тең псориазга чалдыккан адамдардын иммундук системасы бузулганы боолгонот. Медициналык статистика көрсөткөндөй, псориаз менен жалпы калктын 2-4 проценти ооруйт. Ал жашка карабайт. Аял менен эркекти ылгабайт. Псориаз дартына кабылган адамдарда псориаттык артрит, лимфосаркома (зыяндуу шишик), жүрөк-кан тамыр оорулары, Крон дарты (ичеги-аш казан илдети) жана депрессия күчөп кетиши ыктымал. Эскерте кетели, 2010-жылы америкалык атактуу сулуу Ким Кардашян катуу депрессияга кабылгандан кийин денесинде кызыл так пайда болуп, ага медиктер псориаз деген диагноз коюшкан.

(Булагы: http://www.jidonline.org, https://www.agroxxi.ru)

Археологдор матриархалдык башкаруунун далилдерин табышты

Пенсильвания мамлекеттик университетинин профессору Дуглас Кеннетт (Douglas Kennett) жана анын коллегалары пуэбло индеецтеринин ак сөөктөрү көмүлгөн жайларды анализдеген соң ушундай бүтүмгө келишти.

Пуэбло индеецтери АКШнын түштүк батышында жашаган эл. Окумуштуулар болжол менен биздин санакка чейинки 1130-800-жылдары Чако каньонунда жашаган пуэбло индеецтеринин ондогон төбөлдөрүнүн геномдорунун кесиндилерине анализ жасап, алардын баарынын митохондрия ДНКсы окшош экенин аныкташкан.

Митохондриалдык ДНК атадан балага берилбейт жана эркектердин жыныстык клеткаларында митохондрия болбойт. Митохондриалдык ДНК энеден балага гана берилет. Ушундан келип, америкалык окумуштуулар байыркы индеецтерде бийлик эне тарабынан мураска берилген деген жыйынтык чыгарышты. Ошондой эле энелердин династиясы жүздөгөн жылдар бийлик жүргүзгөн, ал эми ушундай бир династия азыркы АКШнын түштүк-батышындагы Нью-Мексико штатында жашаган байыркы пуэбло бонито элин 330 жылдан ашык мезгил башкарган жана маданиятында маанилүү роль ойногон деп жоромолдошот окумуштуулар.

"Бул мамлекет деңгээлиндеги коом болгон деп айтпайбыз биз. Биз муну теңдик өкүм сүргөн коом деп да ойлобойбуз",-дейт Пенсильвания университетинин профессору, антрополог Дуглас Ж. Кеннет (Douglas J. Kennett)

Бирок илимпоздор матриархалдык башкаруу пуэбло элине гана мүнөздүү көрүнүш болушу ыктымал жана жалпы байыркы адамзат коомунда андай башкаруу болбошу мүмкүн экенин айтышат.

XIX кылымдын ортосунан баштап көпчүлүк археологдор алгачкы жамааттык коом кыйрагандан кийин пайда болгон коомдо бийликти аялдар жүргүзгөн деген теорияны алга түртө баштаган. Бул теорияны айрыкча марксизмдин классиктери өнүктүрүшкөн. Алардын көз карашынча, ири жамааттарда баланын атасы ким экенин так айтуу кыйын болгондуктан, баланын теги энеси боюнча аныкталып, матриархалдык башкарууга негиз салган. Азыр бирок көпчүлүк окумуштуулар абсолюттук матриархат адамзаттын өнүгүүсүндө өкүм сүргөн эмес деген пикирде.

(https://www.sciencedaily.com, http://www.sciencemag.org)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG