Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:12

Маалыматты миң жыл жоготпой сактачу сандык жасалды. Дүйнөдөгү көлдөр мурда эсептелгендей терең чыкпады. Өсүмдүктөрдүн абалына эми робот-агроном көз салат. Ымыркай өзүнө жасалган мамилени териси менен сезип, ошого жараша мээси өнүгөт.

Маалыматты түбөлүк сактачу “сандык“

Жапониянын Кобе колледжинин окумуштуулары жасаган түбөлүк сандык же кампа маалыматты 1000 жыл бою жоготпой сактай алат. Береги сандыкта бинардык маалымат металл нанодоттордун жардамы менен кремний пластинанын бетиндеги белгилүү бөлүктөргө жайгаштырылган соң изоляциялоочу материал менен капталат. Сактоодогу маалыматты убагы келгенде же керек учурда сандыкты ачпастан эле кубаттуулукту тийиштүү пластинага зымсыз эле берип окуп алса болот.

Маалымат сактоонун жаңы технологиясы Жарым өткөргүч микросхемалар боюнча Сан-Францискодо 11-15-февралда болгон эл аралык конференцияда жарыяланганын Nikkei Technologies сайты кабарлады. Табылганы Макото Нагата менен Нориюки Миура (Makoto Nagata and Noriyuki Miura) жетектеген топ ачкан.

Мындай миң жылдык маалымат сактоочу пластинага маалымат кадимки хард дисктердин бетине жазылгандай жыш жазылат.

Маалымат металл бөлүкчөлөрдүн жардамы менен тийиштүү код боюнча жазылгандыктан, кремний платинага же маалыматтын сакталуусуна температуранын жана басымдын өзгөрүүсү таасир этпейт.

Түбөлүктүк сандыкта маалымат канча убакыт сакталарын окумуштуулар ылдамдатылган убактылуу деградация технологиясын пайдаланып текшеришти. Ал технология демейде бийик температурада сыналат.

Конференцияда жапон окумуштуулары маалымат бетине стандарттык 180 нанометрдик CMOS-технологиясы менен төрт катмар болуп жазылган микросхеманы көрсөтүштү. Алар мындай микросхеманын 1(бир) дюм квадратына (2, 54 кв см) 10 гигабит маалымат жазган. Эгер микросхемаларды жасоодо 14 нанометрдик технология колдонулса, маалыматты жети катмар кылып жазуу мүмкүн. Ошондо 1 квадрат дюмга жазылган маалыматтын жыштыгы 1 терабитке барабар болот. Азыр секундасына 40 килобит маалымат окулат.

Адистердин айтымында, металл платинага жазылган маалыматтарды окууну азыркыдан да тез окуу чоң кыйынчылык туудурбайт. (Булагы: https://fossbytes.com, http://atechpoint.com)

Көлдөр мурда эсептелгендей терең эмес

Дүйнөдөгү көлдөрдүн орточо тереңдиги мурда эсептелгендей 62 метр эмес, 42 метр гана. Бул мурда эсептелгенден 1/3ге аз. Ошондо жаңы такталган эсеп боюнча Жердеги көлдөрдө 196 миң куб километрден 202 миң куб км чейин суу бар.

Бул жөнүндө Американын физика коомунун (American Physical Society) соңку жыйынында маалымдалды. Жаңы маалымат илимпоздорго дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүн мурдагыдан тагыраак эсептеп чыкканга жардамдашат. Анткени, тайыз көлдөр өзүнө жылуулукту көп сиңирип алып, метанды көп бөлөт.

Көлдөр таза суунун маанилүү кенчи, табигый экосистеманын бай жана уникалдуу борбору саналат.

Алмурут жүрөк оорудан сактайт

АКШнын Колорадо мамлекеттик университетинин окумуштуулары өткөргөн изилдөөгө 45-60 жаш курагындагы 50 адам катышкан. Аларга эксперимент маалында ар күнү орточо эки алмурут же алмуруттун ширесинен жасалган 50 грамм таблетка берилген. Эксперимент бүткөндөн кийин ага катышкан 36 адамдын кан басымы жана көк тамырдын (артериянын) согушу базалык деңгээлге салыштырганда төмөн болгон.

Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) изилдөөчүсү Барри Кель (Barry Cael) жаңы Орлеандагы жыйында жасаган баяндамасында белгилегендей, космостук байкоолорго ылайык, Жерде аянты 1 гектардан чоң 100 миллиондой көл бар. Ал көлдөрдүн жалпы аянты болжол менен 30 млн гектарды түзөт жана алар ээлеген аянт Жердин 2 процентине тете болот.

Көлдөрдөгү суунун так көлөмүн эсептөө үчүн алардын тереңдигин так билүү керек. Бирок окумуштуулар көпчүлүк учурда көлдөрдүн тереңдигин аларды курчаган ландшафка жараша аныкташат. Ушундан улам буга чейин Жер бетиндеги көлдөрдөгү суунун көлөмү 160 миң куб километрден 280 миң куб км чейин деп эсептелип жүргөн.

АКШнын жана Швециянын окумуштуулары аянты 10 гектар жана андан чоң көлдөрдүн саны аянты 1 гектардан кичине көлдөрдөн 10 эсе аз экенин, аянты 1 гектардан кичине көлдөрдүн саны аянты 0,1 га көлдөрдөн 10 эсе аз экенин же түрдүү аянттагы көлдөрдүн чоңдугу даражалар мыйзамына (англис тилинде power- law деп аталат) баш ийгенин аныкташкан. Береги терминди түшүндүрүүдө Паретонун мыйзамы колдонулат. Ал мыйзам боюнча ар кандай мерчемделген ишти бүткөрүүдө: 20% аракет натыйжанын 80% берет, ал эми калган 80% аракетке натыйжанын 20% таандык.

Даражалар мыйзамы жана кошумча маалыматтар буга чейин окумуштуулар майда көлдөргө жетиштүү маани беришпегенин айгинелеген. Ошон үчүн Барри Кельжана анын кесиптештери жаңы маалыматтарга таянып, дүйнөдөгү көлдөрдүн аянтын мурдагыдан тагыраак эсептешкен.

(Булагы: https://eapsweb.mit.edu, http://www.sciencemag.org)

Робот-агроном

Жүгөрү, буудай, төө буурчак сыяктуу дан өсүмдүктөрүнүн абалына роботтор такай көз салып жана изилдеп турат. Мындай роботту АКШдагы Иллинойс университетинин Стивен П. Лонг башындагы окумуштуулары Корнелл университети жана Signetron инженердик компаниясынын изилдөөчүлөрү менен кызматташып жасашты.

Жарым автоматтык режимде иштечү бул робот ар кандай сенсорлор, анын ичинде спектралдык жана жылуулук камералары, импульстук лазер сканер менен жабдылган. Ал өсүмдүктүн фенотиби 2, бийиктиги, өзөгүнүн диаметри жана жалбырагынын чоңдугу тууралуу маалымат чогултат. Береги каз аяктуу робот GPS системасы менен камсыздалган.

Кыртыштын жана абанын нымдуулугу, температура жөнүндө маалымат чакан портативдик метеостанциянын жардамы менен жыйналат. Ал маалыматтар роботтун тулку боюндагы компьютердин мээсинде сакталып, роботту башкарчу адамдын ноутбугуна берилип турат. Алдагы маалыматтардын негизинде өсүмдүктүн 3D өлчөмдүү моделин түзүп, кандай өсөрүн, кандай тоют жана түшүм берерин мерчемдесе болот.

“Маалыматты түздөн түз алып туруу селекционерлер үчүн абдан маанилүү. Себеби өнүмдү көбөйтүүгө зарыл чечимдерди кабыл алганга мүмкүндүк берет”, - дейт биология жана айыл чарбасындагы инженерия боюнча профессор Гириш Чоудары (Girish Chowdhary).

Профессор Стивен П. Лонгдун айтымында, алар жасаган робот өсүмдүктүн генетикасын жакшыртууну тездетүүгө жана фермерлерге өндүрүмдүүлүгү жогору биоэнергетикалык маданиятты өстүрүүгө өбөлгө түзөт. “Биз өсүмдүктөрдүн генетикалык долбоорду кандай аткарганы тууралуу фонотиптик маалыматты түрдүүчө комбинациялап, гендердин эң өнүмдүү өсүмдүк үчүн керек комбинациясын аныктай алабыз”.

Маалымдалгандай, жаңы концепциядагы робот-агроном 2021-жылы сатыкка чыгарылат жана баасы 5 миң доллар болот.

Окумуштуулар ушу тапта роботтун алгачкы моделине караганда арык (салмагы аз) жана жеңил кыймылдачу түрүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

Робот-агрономду жасоо үчүн 3,1 млн долларлык грант АКШнын Энергетика министрлигинин Перспективдүү долбоорлорду изилдөө агенттиги тарабынан берилген.

https://terra-mepp.illinois.edu, http://newatlas.com, http://www.trendhunter.com

Ымыркай мээримди териси менен сезет

Бөбөктү колго жылуу-жумшак алуу анын мээсинин өнүгүүсүнө оң таасир этерин америкалык окумуштуу-медиктердин изилдөөсү көрсөттү.

Жаңы төрөлгөн баланын денесине ата-энесинин колу-бети, денеси тийгенде, бөбөктүн мээсинде пайда болгон реакция наристе менен ата-энесинин социалдык жана эмоционалдык байланышы үчүн зарыл.

Буга чейинки көптөгөн изилдөөлөр ара төрөлгөн жана өз маалында жарыкка келген балдар менен ата-энелеринин териси тийишип байланышканы наристелердин боюнун өскөнүнө, жакшы уктоосуна жана басуу жөндөмүнүн жакшыруусуна таасир эткенин көрсөткөн.

Эки энеден туулган бала

2016-жылы 6-апрелде эки эне, бир аталуу наристе Мексикада дүйнөгө келди. Иорданиялык Абдрахим Хасан донор аялдын генетикалык кодун пайдаланып төрөлгөн дүйнөдөгү биринчи бала.

Изилдөөнүн жетекчиси, доктор Натали Мейтренин (Nathalie Maitre of Nationwide Children's Hospital in Columbus, Ohio) билдиришинче, төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда бөбөктүн мээсинин өнүгүүсү биринчи кезекте анын денесине колдун же башка сезимтал нерсенин тийүүсүнө жана добушка байланышат. Себеби ал кезде наристенин көрүү системасы жакшы өнүкпөгөн. Ошого бөбөктөрдүн чөйрөнү билүүсү жана ата-энеси менен карым-катнашы денеси аркылуу жүрөт. Бөбөктөр денесине тийген бет, кол, дене аркылуу апасын, атасын жана бир туугандарын акырындап ажырата баштайт.

Береги илимий эксперимент кезде мөөнөтүнөн эрте жана убагы жетип төрөлгөн 125 бала денесин элпек кармаганга кандай реакция жасарына байкоо жүргүзүлгөн. Жалпысынан убагынан эрте төрөлгөн балдардын реакциясы тогуз айлык болуп төрөлгөн балдарга караганда солгун болору аныкталган. Бирок ата-энеси жана баккан адамынын элпек, сылык-сыпаа мамилесине наристелер жандуу реакция жасайт. Ал эми копол мамиле көргөн бөбөктөрдүн денесине ата-энеси жана баккан аялдын колу-буту тийгенде, алар илең-салаң реакция жасашат. Эрте төрөлгөнгө байланыштуу денесине көбүрөөк ийне сайылып, түрдүү процедураны башынан өткөргөн бөбөктөрдүн денесине тийгенде, алар илең-салаң реакция жасашкан.

"Биздин изилдөөбүз бөбөктүн денесин жардамдашып кармоо сыяктуу байланыш мээ денеге бир нерсе тийгенине, үйрөтүүгө жана социалдык-эмоционалдык байланышка кандай жооп берерин түшүнүү үчүн маанилүү", - дейт изилдөөнүн жетекчиси, доктор Натали Мейтре (Nathalie Maitre of Nationwide Children's Hospital in Columbus, Ohio). Анын айтышынча, денени ооруткан процедуралар да денеге бөтөн нерсенин тийгенин мээнин сезүүсүнө тескери таасир этет экен.

Окумуштуулар ошентип ара төрөлгөн бөбөктөрдүн денесине колду жана башка нерсени сылык-сыпаа тийгизүү аркылуу алардын аңдап сезүүсүнө, жүрүм-турумуна жана башка бирөөлөр менен карым-катнашына зарыл сапаттарды өнүктүрүү мүмкүн деген жыйынтык жасашты.

Демейде бала эненин курсагында 40 жума болот жана 37 жумадан кийин төрөлгөн балдар нормалдуу төрөлдү деп саналат. Ал эми береги изилдөөдө 24-36 жума ортосунда жарыкка келгендер ара төрөлдү деп, ал эми 38-42 жума арасында төрөлгөндөр өз убагында төрөлдү деп эсептелди.

(Булагы: http://www.foxnews.com, https://www.newscientist.com)

----------

1 Вильфредо Парето (1848-1923) италиялык инженер, экономист, социолог. Элиталар теориясынын көрүнүктүү колдоочусу.

2 Феноти́п – индивидге өнүгүүнүн белгилүү бир стадиясында таандык мүнөздөмөлөр топтому.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG