Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Алмурут жүрөк оорудан сактайт


 Караманке алмуруту
Караманке алмуруту

Испанияда римдиктердин дооруна караштуу 600 килограммдык коло тыйын табылды. АКШда дарчы-робот жасалды. Кытай автоөндүрүшчүлөрү айдоочусуз жүргөн автомобилди эки-үч жыл ичинде сата баштайт. Алмурут кан басымын жөндөп, кан тамырларынын иштөөсүн жакшыртарын америкалык илимпоздор аныкташты.

Испанияда римдиктердин 600 килограммдык коло тыйындары табылды

Чака тыйындар Севиль провинциясындагы Томарес шаарында курулуш иши жүрүп жаткан жерден табылган. Алар римдиктердин кумрасында сакталып, дээрлик жапжаңы бойдон турган. Адистердин айтымында, 19 чопо идишке салынган коло тыйындар салыктан чогултулган же аскерлерге маяна төлөө үчүн камдалган болушу ыктымал. Тыйындардын бир бетине императордун сүрөтү, арткы бетине римдиктердин аллегория сөздөрү чегилиптир.

Испаниянын Римге байланыштуу бай тарыхы бар. Кээ бир лингвисттер өлкө аталышын римдиктердин Испания деген сөзүнөн алган дешет.

Cеговия шаарындагы байыркы акведук, Испания.
Cеговия шаарындагы байыркы акведук, Испания.

Испанияда римдиктер доорунда курулган архитектуралык имараттар арбын. Алардын атактуулары Галиция аймагындагы “Геркулестин мунарасы”. Ал дүйнөдөгү эң эски маяк деп эсептелет. Ал эми Сеговия шаарындагы акведук (суу каналы) Иберия жарым аралындагы эң жакшы сакталган түтүк болуп саналат. Шаардыктарды суу менен камсыздачу акведук - түтүк биздин замандын I кылымында курулган. Анын сакталып калган бөлүгүнүн узундугу 72, бийиктиги 28 метр. Акведукту ЮНЕСКО тарыхый эстелик катары коргоого алган. (Караңыз: thelocal.es, Xinhua)

АКШда "дарчы-робот" жасалды

Токидо өткөн экономикалык саммитте (NEST 2016) меймандарга кадам таштап басчу робот тааныштырылды. Робот тепкичтен жыгылбай өйдө чыгып, ылдый түшө алат. Аң-дөң жерде тең салмактуулугун жоготпойт. Аны Токио университетинин Роботторду жасоочу лабораториясынын (JSK Robotics Laboratory) башатында негизделген SCHAFT тобу жасаган.

Топтун өзү Калифорниядагы Alphabet холдингине карайт. Компанияны түзүүчүлөрдүн бири жана анын аткаруучу директору Юто Наканишинин (Yuto Nakanishi) билдиришинче, жаңы робот 60 килограмм жүктү көтөрөт жана куурдун үстүнө чыгып, дарчы сыяктуу жыгылбай тура алат. Маалымат булактарынын кабарлашынча, жаңы роботтун баасы арзан, өзү чакан болгондуктан, адамга күнүмдүк тиричиликте жакшы жардам берет. Alphabet компаниясы жаңы робот жөнүндө кеңири маалымат бере элек. SCHAFTты 2013-жылы декабрда Google компаниясы сатып алып, кийин фирма Alphabet холдингине өткөндөн бери анын ишмердиги коомчулукка купуя бойдон калууда. (Булагы: spectrum.ieee.org, www.techcrunch.com).

Кытай автоөндүрүшчүлөрү айдоочусуз жүрчү автомобилди базарга даярдоодо

Changan Automobile компаниясы Бээжинде 25-апрелде ачылган эл аралык автосалондо айдоочусу жок жүрчү Ruicheng автомобилин көргөзүүдө. 360 градус мейкиндикти көрчү радары бар жаңы автоунаа, компаниянын мартабалуу өкүлү Ли Юшенгдин (Li Yusheng) билдиришинче, эки-үч жыл арасында “кымбат эмес баада” сатыкка чыгарылат. Көргөзмөдө жергиликтүү Chery Automobile жана Baic Motor компаниялары, ошондой эле LeTV интернет компаниясы жасаган өзү жүрчү электромобилдер көрөрмандардын сынына коюлган. Бардыгы автосалондо ар кайсы өлкөлөрдөн 1179 автомобиль, анын ичинде 150дөй электромобиль менен гибриддик автоунаа көргөзүлүүдө.

Кытайдын чоң шаарларында аба ден соолукка коркунучтуу деңгээлде булганч болгондуктан, жаңы электромобилдер өлкө үчүн абдан актуалдуу. Ошондуктан ички базарда ата мекендик жана чет элдик автожасоочулар ортосунда катуу атаандаштык бар. Айдоочусуз автоунаанын пионери саналган АКШнын Tesla Motors компаниясы Кытайда 1500дөн ашуун электромобилдерди заряддачу станция курган. Быйыл январь-март айларында Кытайда 62 миң 663 электромобиль жасалып, 58 миң 125 электромобиль сатылган. Бул былтыркы тийиштүү үч айдагыдан эки эсеге көп. (Караңыз: news.cn, chinaview.cn)

Алмурут жүрөккө жана кан басымга пайдалуу

Орто курактагы1 метаболика синдрому бар адамдар күн сайын алмурут жеп жүрсө, кан басымы жана кан тамырларынын согуусу жакшыруусу мүмкүн. Метаболика синдрому2 жүрөк кан тамырларынын оорусу жана диабеттин II түрү сыяктуу көнүмүш илдеттер үчүн абдан кооптуу.

Алмурут нерв талчалары менен С витамининин баа жеткис булагы болуп саналат. Орточо бир алмурут адамга күнүнө зарыл тамак-аш булаларынын (фибранын)3 24% камсыздайт да бир жолкусунда 100 калорийден көп алмурут жеген сунуш кылынбайт.

АКШнын Колорадо мамлекеттик университетинин окумуштуулары өткөргөн изилдөө 12 жумага созулуп, ага 45-60 жаш курагындагы 50 адам катышкан. Аларга эксперимент маалында ар күнү орточо эки алмурут же алмуруттун ширесинен жасалган 50 грамм таблетка берилип турган. Эксперимент бүткөндөн кийин ага катышкан 36 адамдын кан басымы жана көк тамырдын (артериянын) согушу базалык деңгээлге салыштырганда төмөн болгон. Изилдөөнүн жетекчиси Сара А. Жонсон айымдын айтышынча, мөмө жана жашылча-жемиштерди, анын ичинде алмурутту такай жеген организмдин пайдалуу микроэлементтерди, тамак-аш буласын, витаминдерди, калийди жана фитохимиялык элементтерди алып туруусу үчүн абдан пайдалуу.(Булагы: www.techtimes.com)

------- -------- -------------- ---------------

145 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар.

2Метаболика синдрому - адам толуп кеткенге байланыштуу организмде заттардын алмашуусу бузулуп, атеросклероздун өнүгүүсүнө жагдай түзүлөт. Ткандар инсулинди өзүнө сиңире албай калып, ал канда көп жыйналат. Бул кант диабетин пайда кылат.

3Тамак-аш буласы тамакты сиңирүүдө жана организмдин ишмердигинде абдан пайдалуу. Ал канга сиңбейт, энергия бербейт, бирок ичеги-карындын микрофлорасы үчүн пайдалуу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG