Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:54

Германияда Күндөй кубаттуу жасалма Күн жасалды. Кыймылы дээрлик каалагандай башкарылчу робот-амёба. Айыл чарба азыктарын өндүрүүдө революция жасачу "бионикалык жалбырак". Электр чоктуу коркуратма же кальян чеккен өпкөгө зыян экенин америкалык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Германиядагы Күндөй кубаттуу Күн

23-мартта Германиянын Юлих шаарында "дүйнөдөгү эң чоң жасалма Күн" жарык бере баштады. Synlight деп аталган жасалма күндүн өлчөмү 14Х16м. Анын бетинде чоң кинопроекторлордо колдонулчу 149 даана ксенон лампа орнотулган. Ксенон лампалардын жарыгы 20Х20см өлчөмүндөгү жайга фокусталып берилгенде, аердеги жарыктын деңгээли Күн кашкайып тийип тургандагыдан 10 миң эсе жогору болот. Жасалма күндү Германиянын аэрокосмостук изилдөөлөр борборунун (German Aerospace Center, DLR) алдындагы Күн энерегиясын изилдөө институтунун инженерлери жасаган.

Жасалма күн жараткан 3000 градус Цельсия ысык суутекти (водород) алуунун альтернативдүү жолдорун иштеп чыгуу максатында колдонуларын институттун мүдүрү Бернард Хоффшмидт (Bernhard Hoffschmidt) билдирди. Береги шайман күн бүркөлгөнүнө, болбосо кар же жамгыр жаап жатканына, же караңгыга карабай эксперимент жүргүзүп турганга мүмкүндүк берет.

Көпчүлүк окумуштуулар суутекти келечектин отуну деп эсептешет. Анткени суутекти жакканда көмүр кычкыл газы бөлүнбөгөндүктөн глобалдык климатка таасир этпейт. Суутек Ааламдагы эң көп жайылган элемент болгону менен Жерде сейрек кездешет. Ошондуктан сууну суутекке жана кычкылтекке бөлүү-суутекти алуунун негизги жолу болот.

Шайман ошондой эле экологиялык жактан таза процесстердин негизинде алынган суутек жана истүү газ катышкан изилдөөлөрдү өткөрүүдө колдонулат. Суутек менен истүү газды комбинациялап, авиация керосини жана дизель кара майы тейдеги суюк отунду бөлүп алуу мүмкүн.

Кубаты 350 кВт Synlight шайманын курууга 3,5 миллион евро сарпталды. Ал төрт саатта төрт адам жашаган орто чоңдуктагы үй бир жыл бою сарптаган энергияны коротот (пайдаланат).

(Булагы: http://abcnews.go.com, http://www.dw.com)

Робот-амёба

Тохоку университети (Tohoku University) менен Жапониянын илимди жана технологияны өнүктүрүү институтунун (Japan Advanced Institute of Science and Technology) окумуштуулары жасаган молекулярдык роботтун өзгөчөлүгү-анын кыймылын башка ушу типтеги микророботторго салыштырмалуу бир кыйла так контролдоо мүмкүн. Жапон окумуштуулары жасаган молекулярдык робот ДНК жана белок сыяктуу биомолекуладан турат. Ал чоңдугу боюнча адамдын клеткасындай гана болот: метрдин миллиондон бир бөлүгүнө барабар, ал эми формасы тамчы же амёба сыяктуу.

Робот-амёбанын мотору (кыймылдаткычы) катары мотор белогунун молекуласы пайдаланылган. Береги белоктордун кабыгы жана аларды туташтырган чынжырдын баары синтетикалык ДНКдан жасалган. Ошого робот-амёбанын тулку боюна ультрафиолет жарыкты багыттаганда мотор белоктору бир жагынан кабыгына жабышса, экинчи жагынан жасалма клетканын эластикалуу бетине жабышат. Андан соң белоктун молекулары дагы жыйрылып, механикалык кыймыл пайда болот. Ушинтип бөөн формасындагы робот-амёбанын кыймылын сайгылап жана керип (созуп) жөнгө салып турса болот.

Молекулярдык "улашууну" өчүрүү үчүн робот-амёбага башка узундуктагы жарыкты багыттоо жетиштүү. Жарык берилгенде робот баштапкы абалына келет да кыйымылдабай калат. Ушинтип окумуштуулар биринчи жолу жарыктын түрдүү типтеги импульстарын берүү аркылуу роботту тирүү амёба сыяктуу башкара алышты. Деген менен окумуштуулар анын кыймылын азырынча 100 процент тактык менен тирүү организмдей иштегендей абалга жетише элек. Бирок анын бир артыкчылыгы бар. Робот- амёбаны тоңдуруп коюп, почта менен башка жакка жиберип, ал жактан жумшартып алып, кайра кадимкидей эле пайдалана берсе болот.

Мындай компоненттери молекулярдык деңгээлде долбоорлонуп, адамдын организми сыяктуу татаал чөйрөдө иштей алчу молекулярдык роботту тирүү клеткаларды өстүрүүдө жана айлана чөйрөнүн канчалык булганч экенин текшерүүдө пайдалануу мүмкүн дешет илимпоздор.

Тохоку университетинин Жогорку инженердик мектебинин доценти Шин-ичиро Номуранын (Shin-ichiro Nomura) айтымында, түрдүү аралашмадагы жыйырмадан көп химиялык затты пайдаланып, молекулярдык роботтор иштегендей жакшы шартты түзүүгө бир жарым жыл убакыт кеткен. "Роботтун өз формасын өзгөрткөнүн микроскоптон көрүп аябай толкундадык. Бул анткени биз долбоорлогон ДНК-илгич татаал шартта мыкты иштегенин билдирди,"-дейт илимпоз.

Доцент Омура жана анын кесиптештеринин ийгилигин Мюнхендеги Техникалык университеттин профессору, доктор Фридрих Зиммель (Friedrich Simmel) автономдук режимде иштечү жумшак роботторду жасоодогу маанилүү кадам деп сыпаттады.

(Булагы: http://www.tohoku.ac.jp, https://phys.org)

"Бионикалык жалбырак"

XX кылымдын экинчи жарымында жер семирткичтерди кеңири колдонуу айыл чарбасынын дүркүрөп өсүүсүнө түрткү берген. "Жашыл революция" деп аталган бул жараян глобалдык азык-түлүк кризисин болтурбоодо маанилүү роль ойногон. Окумуштуулар келерки айыл чарба революциясына өбөлгө түзүү үчүн "бионикалык жалбыракты" ойлоп табышты. "Бионикалык жалбырак" өсүмдүк өскөн кыртыштын өзүндө жер семирткичти өндүрүү (пайда болуусу) үчүн бактерияларды, күндүн жарыгын, сууну жана абаны пайдаланат.

"Борборлоштурулган чоң процессте жана килейген инфраструктуранын шартында жер семирткичти өндүрүү жана аны менен камсыздоо оорчулукту туудурбайт. Ал Индиянын суусу ылай кайсы бир кыштагында мүмкүн эмес. Жарды өлкөлөрдө ал үчүн жетиштүү каражат жок. Ошон үчүн аларга зарыл бөлүштүрүү системасы жөнүндө ойлонуубуз керек,"-дейт Гарвард университетинин илимпозу, доктор Даниэль Носера(Daniel Nocera).

Доктор Носеранын командасы жер семирткич өндүрүү үчүн ойлоп чыккан жасалма жалбыракка күндүн жарыгы тийгенде ал кадимки тирүү жалбырактай болуп, сууну суутекке жана кычкылтекке бөлөт. Бионикалык жалбырак, сууну ажыратып бөлчү катализатор менен өнөктөшүп жана суутекти пайдаланып, абадан көмүр кычкыл газын бөлүп алат. Бул газ суюк отунду алуу үчүн пайдаланылат. Жаңы система биомассаны жана суюк отунду табигый фотосинтез кездегиден көп өндүргөндү же өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн олуттуу жогорулатканды мүмкүн кылды.

Ал үчүн Носера жетектеген илимий топ Xanthobacter бактериясын пайдаланып, жасалма жалбырактан жана атмосферадагы көмүр кычкыл газынан суутекти бөлчү системаны иштеп чыккан. Ал бактерия ичинде суюк отун сакталчу биопластикти жасоо үчүн колдонулган. Андан соң бактерияны же коңузду кыртышка койо бергенде, ал абадан азотту соруп алып, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жер семирткич иретинде колдонулчу аммиакты жасоого көмөктөшөт.

Даниэль Носера жетектеген лабораторияда бионикалык жалбырактын жардамы менен өндүрүлгөн аммиак себилген кыртышта өскөн шалгам (редиска) кадимки жол менен өстүрүлгөн шалгамдан 1,5 эсе көп түшүм берген.

Окумуштуулардын максаты индиялык фермерлер менен Сахара чөлүнүн түштүгүндө жашаган дыйкандар илимий табылганы пайдаланып, жер семирткич өндүрүүсүнө жетишүү.

Былтыр дүйнөдө 7,3 миллиард эл жашаган. Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, 2050-жылы элдин саны дагы 2 миллиардга өсөт жана баарынан көп жарды өлкөлөрдүн калкы көбөйт. Бирок айдоо жерлердин аянты көбөйбөгөндүктөн, береги өлкөлөрдүн элин жаңы технологияны колдонуп гана азык-түлүк менен камсыздоо мүмкүн. 1960-жылдардагы биринчи "жашыл революция" көрсөткөндөй, жер семирткичтерди мурдагыдан көп пайдалануунун натыйжасында айыл чарба азыктарынын, анын ичинде күрүчтүн жана буудайдын жаңы сортторунун түшүмдүүлүгү эки эсеге көбөйгөн.

(Булагы: https://phys.org, http://www.sciencenewsline.com)

Коркуратма өпкөгө зыян

Коркуратма чегүү соңку жылдары Кыргызстанда да популярдуу өнөкөткө айланды. Ал ден соолукка зыяндуу экенин АКШдагы Цинциннати университетинин (University of Cincinnati) профессору Жозеф Карусо (Joseph Caruso) жетектеген илимий топтун изилдөөсү көрсөттү.

Коркуратманы же кальянды суу түтүк аркылуу чегүү жүздөгөн жылдар мурда Түштүк Чыгыш Азияда башталып, анан Жакынкы Чыгышка жайылган. Ал бүгүн бүтүндөй дүйнөгө тараган. Асыресе коркуратманын түтүгүнө толтурулчу тамекини ага аралаштырылган глицерин жана гүл кайнаган сууга бууланып, жыттуу кылат.

Демейде коркуратманын түтүгүндөгү жыты буруксуган тамеки атайын даярдалган брикет көмүр менен күйгүзүлөт. Мындай көмүрдө организмди ууландырчу кадмий, күчала (мышьяк) сыяктуу оор металлдар жана башка зыяндуу заттар болушу ыктымал.

Египет.
Египет.

Райан Саадави (Ryan Saadawi) жүргүзгөн изилдөө пресстелип жасалган брикеттерге караганда чок катары бүгүн кеңири колдонулган электр дисктер же электр чоктор алда канча зыяндуу экенин айгинеледи. Тактап айтканда, уулуу заты аз жыгачтын көмүрү 24 сааттан кийин өпкөнүн клеткасынын 10% өлтүргөн. Уулуу көмүр өпкөнүн клеткасынын 25 %, ал эми электр чок өпкө клеткасынын 80% иштен чыгарган.

"Коркуратма өпкөнүн газдар алмашчу клеткаларын кыйратат. Натыйжада бронхит жана дем алуу жолдорунун сезгенүүсү пайда болот," -дейт доцент Майкл Борчерс (Michael Borchers). Илимпоздун айтышынча, коркуратманын түтүгү чылымдын кагазындай туруктуу абалда турбайт. Себеби кээ бирөөлөр түтүктөн түтүндү көп сорсо, башка бирөөлөр аз сорот.

"Чылымчылар "бир чегим топтолуп уу болот" дешет. Эгер 20 мүнөт бою коркуратманын канжасын оозуңуздан албай олтурсаңыз бир сигарет чеккендей болосуз. Бирок канжаны көп жолу терең -терең сорсоңуз, үч сигаретаны түгөткөнгө тете болот", - дейт Майкл Борчерс.

Нью-Йорк университетинин Маңзаттардын жана ВИЧ-инфекциясынын проблемаларын изилдөө борборунун (New York University's Center for Drug Use and HIV Research) 2014-жылкы изилдөөсү боюнча, америкалык окуучулардын дээрлик ар бир бешинчиси коркуратма чеккен.

АКШнын Азык-түлүк жана даары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча агенттиги 2016-жылдан тартып, коркуратма чегүүнү көзөмөлгө алган.

(Булагы: http://www.sciencenewsline.com, https://www.eurekalert.org)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG