Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Тамекини таштагандын көңүлү тазарат


Иллюстрация
Иллюстрация

Тамеки тартуунун зыяны тууралуу көп эле айтылып келет, бирок аны таштагандан кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот? Тамекини таштоого эрк жетпесе, дары жардамга келеби?

Жолдош карыя 68 жашта. Чылымды алгач 13 жашында оозуна алган экен. Ошондон бери таштай албай келет. Жаман адаттын айынан кызыл өңгөчтүн залалдуу шишигине да кабылган. Ушу тапта операция болгонуна карабай күнүнө бир куту гана тамеки тартат:

- Тамекинин айынан минтип тамагыман операция болдум. Без чоңоюп отуруп өлүмгө жеткирген оору экен. Соо кезимде күнүнө эки кутудан чылым чекчүмүн. Догдур "өлүп каласың" дегенден бери коркуп, бир кутуга азайттым.

Ал эми экинчи маектешибиз Кылыч чылымды беш-алты жыл тарткан. Бир күн ичинде эле тамекини таштоо чечимине келген маектеш кийин өз денесинде болгон өзгөрүүлөр тууралуу буларды айтып берди:

- Мурда күн сайын үч кутуга чейин тартчумун. Анан өзүмдү байкап көрсөм, чылым тартып жатканда маанайым чөгүп, туталанат экем. Бир күнү "кой дедим" да оозума албай койдум. Ушунчалык өзүмдү жеңил сезип, жыргап калдым. Саламаттыгым да калыбына келди. Көңүлүм ачылып, жөн жерден ачууланганым калды.

Бир нече ай мурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору профессор Нурлан Бримкулов баштаган илимпоздор тобу чылымды таштоодо эң арзан дарыны эл аралык деңгээлде таасирдүү экенин далилдеп чыккан.

Алардын иликтөөсү Австралияда чыккан илимий журналга жарыяланып, Батыш окумуштуулары мурдагы СССРден чыккан «Табекс» же «Цитизин» таблеткасын чылымды таштоодогу эң арзан дары катары кабылдашканын Бримкулов «Азаттыкка» айтып берди:

- Бул дары алгач Болгариядан чыккан. СССРдин жакын досу болгондуктан биз да «Цитизинди» Болгариядан алчубуз. 40 жылдан ашуун убакыттан бери чылым таштоону жеңилдетүүчү каражат катары колдончубуз. Бирок анын таасири канчалык экени эл аралык деңгээлде атайын изилденген эмес. Биз жүргүзгөн тажрыйба алгачкы иш болуп калды. Анын үстүнө илимий изилдөөнү англис тилине которуп бир нече макала жарыялагандан кийин Батыш окумуштуулары да кызыга баштады. Азыр эми АКШдагы илимпоздор, чылымды таштоо боюнча адистер бул дарыга кызыгып жатышат. Муну колдонуу өтө оңой. Биздин дарыканалардын баарында эле сатылат. Баасы деле кымбат эмес. Ашып кетсе 300 сом. Биринчи күнү төрт таблетканы удаа ичет анан бара-бара азайтып отуруп, 20 күндүк дарылоо курсунан өтөт.

Биз бул ирет чылымды таштоо менен аны таштагандан кийин адам саламаттыгында болуучу кубулуштар тууралуу сөз кылып жатабыз. Эми таштагандан кийин адам денеси кандай өзгөрөт деген суроого жооп издеп көрдүк.

Healthline аттуу чылымды таштоого багытталган коом атайын иликтөө жүргүзүп, тамекини таштагандан кийинки 20 мүнөттөн тарта 15 жылдык убакыт ичинде адам саламаттыгындагы төмөнкү кубулуштарды жазган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG