Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:47

Арктикадагы кызыл кочкул шаркыртманын сыры ачылды. Жарды мектепте да окуучуларды жакшы окутуу мүмкүн экенин АКШдагы изилдөө ырастады.

Миллиардер Илон Маск он жыл аралыгында адамдарга башка бирөөнүн оюн окуганга мүмкүндүк берет. Ургаачы көк ийнелик зөөкүр эркек ийнеликтен качканда өлүмүш болуп кутулат.

Кандуу шаркыратманын табышмагы

Кандуу шаркыратманын суусунун өңү кызыл кочкул. Шаркыратма Антарктиданын чыгышындагы Тейлор мөңгүсүнүн четинен агат. Аны 1911-жылы австралиялык географ Томас Гриффит Тейлор (1880-1963) ачкан. Ал кезде окумуштуулар шаркыратманын кызыл кочкул өңүн суу өсүмдүктөрүнүн түсүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бирок сууда темирдин кычкылы көп болгондуктан, шаркыратманын өңү кызыл экени аныкталган. Себеби, сууда металлдын микробөлүкчөлөрү тез кычкылданып, суу кызыл кочкул болуп көрүнөт.

Шаркыратма куйган көлдү 1 миллион жылдан көп мезгилден бери 400 метрлик муз курчап турат жана ал дүйнөлүк океанга салыштырганда алда канча туздуу. Күндүн нуру жетпегенине жана сууда кычкылтек жок экенине карабай, көлдө микробдордун Thiomicros ira, Desulfoca sa жана башка түрлөрү жашайт.

Микробдор көл суусундагы оголе көп сульфат менен темирди пайдаланып, неорганикалык заттардагы көмүр кычкылтегин өздөштүрөт. Суудагы туздар жаңы мөңгүдө кызгылт из калтырганын, ал өң изди радарлардан көрүүнү мүмкүн кылганын айтууда изилдөөнүн жетекчиси, гляциолог Жесика Бэджли (Jessica Badgeley).

Буга чейин Кандуу шаркыратманын касиети тууралуу тыянак кыйыр маалыматтарга таянып жасалган эле. Ал эми америкалык окумуштуу-гляциологдор (University of Alaska Fairbanks жана Colorado College) калың муздун астындагы суунун агымын радарлардын жардамы менен толук изилдеп чыгышты. "Биз муздун астында эмне бар экенин көрүү үчүн мөңгүнү айланта жайнаган радарларды орноттук. Бул "жарганат" айланасындагы заттарды көрүү үчүн жаңырыкты пайдаланганга окшош жараян болду", - дейт экинчи изилдөөчү Кристина Карр (Christina Carr).

Окумуштуулардын ырасташынча, Тейлор мөңгүсү туруктуу суюк суусу бар дүйнөдөгү эң суук мөңгү.

(Булагы: https://www.cambridge.org, https://www.sciencedaily.com, https://phys.org)

Билим акчадан күчтүү

Көпчүлүк мугалимдер, ата-энелер жана адистер бай мектептерде балдар жакшы билим алат жана жакшы окуйт деп ойлошот. Бирок акчасы жок мектептерде да окуучуларды жакшы окутуу мүмкүн экенин АКШдагы Огайо мамлекеттик университети (Ohio State University) баштаган үч университеттин окумуштуу-педагогдорунун изилдөөсү көрсөттү.

Изилдөөгө алынган мектептерде мектеп жетекчилиги, мугалимдер, ата-энелер жана жамаат сабакты жакшы окутуу, балдарды сабакка кызыктыруу боюнча жигердүү кызматташып, академиялык ийгиликке жетүүнүн жалпы нормасын иштеп чыккан. Балдардын сапаттуу билим алуусуна чоң өбөлгө болчу бул фактор илимий тилде "социалдык капитал" деп аталат.

Огайо штатындагы береги тажрыйбаны колдонгон мамлекеттик 96 мектептин жогорку класстарынын окуучулары математика жана окуу (логика) боюнча мамлекеттик тестти ийгиликтүү тапшырган. Тесттин жыйынтыгы шаарлардын жарды райондорундагы мектептер менен шаарга чектеш бай мектептерде бирдей болгон.

Социалдык капиталы бийик мектептердин мугалимдери ата-энелер менен тез-тез кабарлашып, окуучулардын ой-мүдөөлөрүн тең бөлүшүп, аларга жакшы сырдаш болгон жана мектепте окуу процессине катуу көңүл бурулган.

"Социалдык капитал бардык мектептер үчүн бирдей ачык жана окуучулардын ийгиликтүү окуусу үчүн реалдуу салым кошот. Буга тесттин жыйынтыгы далил", - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, Огайо университетинин профессору Рожер Годдард (Roger Goddard).

"Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, окуучунун ийгилиги анын дүнүйө-мүлкүнө же бай райондо жашаганына негизделбейт, байланышпайт. Бул маанилүү көрсөткүч,- дейт проф. Годдард. - Балдардын сабакты өздөштүрүүдөгү ийгилиги ата-энесинин жана жамаат мүчөлөрүнүн колдоосуна да багыңкы болот. Ошого социалдык капиталды түзүүдө мектеп жетекчилигинин ролу чоң".

Окуу (логика) боюнча тестте окуучулар илимий жана адабий китептерди окуп, текстти талдайт, түрдүү маалыматтарды иргеп, ал боюнча өз көз карашын айтып берет.

(Булагы: http://www.sciencenewsline.com, https://news.osu.edu)

Келечекте адамдар башканын оюн окуй алат

Адамдарды мындай жөндөмгө ээ кылуу үчүн миллиардер-инвестор Илон Маск 8-10 жыл арасында адамдын мээсин компьютерге тутуштырууну мерчем кылууда. Мунун үстүнөн ал негиздеген Neuralink Corp компаниясы иштөөдө.

Компаниянын максаты - мээ инсульт болгондо, рак илдетине кабылганда жана башка оор жараат алганда, ал дарттын деңгээлин аныктоого жана сакайтууга көмөктөшчү аппаратты жасоо. "Бул технология биринчи кезекте инсульттун натыйжасында же рактын очогун кесип алган соң мээнин жабыркаган бөлүгүн калыбына келтирүүдө пайдаланылат. Демейде мындай операциядан кийин адамдын аңдап, түшүнүү жөндөмү бир кыйла начарлап калат.

"Бул шайман квадроплегия (колу-буту кыймылдабай шал болуп калган) же параплегия (бир жак колу жана буту кыймылдабай калган) болгон адамдардын мээсинин иштебей калган бөлүгүн айланып өткөн жасалма кан тамырын же нейрондук шунт жасаганды мүмкүн кылат", - деди Маск. Андай шайман, 20-апрелде Илон Масктын билдиришинче, төрт жылдан кийин сатыкка чыгарылышы керек.

"Жөнөкөйлөтүп айтканда, адамдын мээсин компьютер менен байланыштырып, ойду аралыкка берип турчу чип орнотулат. Натыйжада, адам телепатия касиетине ээ болот" деп түшүндүрдү миллиардер-ишкер. "Адамдын башында толтура маалымат бар. Мээ ал маалыматтардын баарын электен өткөрүп, кыска, түшүнүктүү кылып айтат же машинкеде текст кылып басат. Эгер сизде мээнин эки интерфейси (байланышуу системасы) бар болсо, сиз башка адамга өз оюңузду айтып, түз баарлаша аласыз".

Айтылганга караганда, алдагыдай телепатиялык касиетке 8-10 жылда бейтап адамдарга катар дени соо адамдар да ээ боло алат. Ал үчүн дени соо адамдар берегидей чипти же сенсорду мээсине орнотууга макул болушу керек. Мээсине чип орнотулган адам башка бирөөнүн оюн окуу, билүү жөндөмүнө ээ болгону менен өз оюн үн чыгарып айта албай калат. Илон Масктын айтышынча, болочокто Neuralink компаниясы иштеп чыкчу технологияны колдонгон адамдардын сүйлөшпөстөн эле, ой-пикир алмашуусу популярдуу өнөкөткө айланышы ыктымал.

Адамдын мээсин компьютер менен туташтырган береги технология мээдеги маалыматты санариптик маалымат сактагычтарга жазып алып окуганды да мүмкүн кылат.

Илон Маск электромобилдерди чыгарчу Tesla компаниясын жана космоско туристерди ташуучу SpaceX компаниясын негиздеген. Бүгүн анын байлыгы 10,7 миллиар долларга тете деп бааланган.

(Булагы: https://www.usatoday.com, http://www.reuters.com)

Ургаачы ийнеликтин амалы

Aeshna juncea ийнелигинин ургаачысы аңги ийнеликтен качып кутулуунун айласы калбаганда канатын каккылап учканды токтотуп, өлүмүш болуп жерге кулап түшөт. Буга алданган эркек ийнелик жолго түшкөндө ургаачы ийнелик ”ордунан туруп, кагынып-силкинип алып”, тирилигин улантат.

Көк ийнеликтин мындай амалкөйлүгүн он жылдан бери ийнеликтерди изилдеп жүргөн Цюрих университетинин окумуштуу-энтомологу Рассим Келифа (Rassim Khelifa, University of Zurich, Switzerland) аныктады.

Келифанын жазышынча, көк ийнеликтин ургаачылары башка ийнеликтерден айырмаланып, жумуртка таштаганга чейин өз үйүрүндөгү эркектерден бөлөк жашайт. Бирок уруктай баштаган маалда чоочун ээликме ийнеликтер менен жыныстык катнашка баруу зыяндуу. Ошон үчүн Aeshna juncea ийнелигинин ургаачысы көлмө же өзөн боюндагы камыштуу жерлерди байырлап калат жана кокус ээликкен эркек ийнелик пайда болсо, өлгөн немедей болуп тарбайып жатып калат.

Илимпоз Швейцариянын Альпы тоолорунда 31 ургаачы көк ийнеликтин аңги ийнеликтерден качканын, анын ичинен 27 ургаачы ийнелик өлүмүш болуп жатып калганын, бул тактика 21 жолу аларды зордуктоодон куткарганын байкаган.

Виго университетинин энтамологу Адольфо Кордерьо-Риверанын (Adolfo Cordero-Rivera at the University of Vigo, Spain) айтымында, ийнелик учуп баратып, жаны жоктой жерге кулаган учурда, канатын сындырып алышы ыктымал. Ошон үчүн берегидей айла-амал зөөкүр эркек ийнеликтерден кутулуунун башка жолу калбаганда колдонулушу мүмкүн дейт ал.

Ал эми Рассим Келифанын айтымында, сазда жашачу көк ийнеликтердин ургаачылары сексуалдык чатак учурунда көзү тунарган эркек өнөктөрүн жеп салат.

Буга чейин чымындын эки-үч түркүмү, жөргөмүштүн бир түркүмү жана жаачынын бир түркүмү зөөкүр эркектеринен кутулуу үчүн өлүмүш болуп калганы окумуштууларга белгилүү болчу.

(Булагы: https://www.newscientist.com, http://www.dailymail.co.uk)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG