Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:48

Жашоо 3 млрд жыл мурда пайда болгонун астробиологдордун изилдөөсү көрсөттү. Сөздөрдүн популярдуу болуусунун 14 жылдык цикли аныкталды. Миллиардер-инвестор Элон Маск көп деңгээлдүү туннел жол кура баштады. Сыраны чени менен ичсе баш ооруну басат.

Жашоо океанда эмес, жердеги көлдөр менен көлмөлөрдө пайда болуу ыктымалдыгын австралиялык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Жаңы Түштүк Уэльс университетинин Астробиология борборунун доктору Тара Жокич айым баштаган изилдөөчүлөрү Батыш Австралиядагы жылуу булактардан 3,48 миллиард жылдык гейзериттин (кремний туфту) катмарынан бактериялардын изин табышты. Буга чейин Африкада 2,7-2,9 млрд жыл мурда жашаган бактериялар табылган эң байыркы микробдордун жашоосунун далили деп эсептелчү.

“Биздин изилдөөбүздүн жыйынтыгы жылуу булактарда жашоонун пайда болуусун 3 млрд жыл артка жылдыргандан башка дагы жашоо мурда эсептелгенден болжол менен 580 миллион жыл илгерирээк пайда болгонун далилдеп турат. Бул өзү - азыр көп айтылып жүргөн версиядагыдай - жашоо океандын түпкүрүнөн чыгып, жерге ылайыкташпастан, кургактагы суусу ичимдүү термалдык булактарда пайда болгон дегенди билдирет”, - дейт Тара Жокич айым.

Алар мындай тыянакты Пилбар кратонундагы (жердин сырты катмарындагы Архей эонунан бери өзгөрүлбөй сакталган) байыркы Дрессер геологиялык формациядагы микроорганизмдердин ишмердигинин натыйжасын күбөлөгөн катмарлар - старомолиттерди изилдеген соң жасашты. Эң маанилүү далил: старомолиттерде көбүктөй болгон көнөкчөлөр бар экен. Аларды байыркы бактериялар же микробдор бөлгөн газ түрүндөгү заттар гана жаратышы мүмкүн. Мындай көнөкчөлөр тирүү клеткалар бөлгөн полимер заттарда - субстанцияларда эле пайда болот жана сакталат.

Мурда бул старомолиттер деңиз чөйрөсүнүн калдыктары деп эсептелчү. Мындай түшүнүк натуура экенин австралиялык астробиологдордун илимий табылгасы айгине кылды.

Архей эон, архей (байыркы грек тилинде - байыркы деген) - Жердин төрт эонунун (геологиялык жашынын) бири жана 4 млрд жылдан 2,5 млрд жыл мурдагы убакытты камтыйт. Бул Жер планетасындагы жашоонун эң байыркы этабы жана 4 млрд жылдай мурда Жерде жанар тоолор атылып, космостон Жерге метеориттер такай жаап турганда башталган. Архей болжол менен 1,5 млрд жыл созулуп, ал бүткөндөн кийин деңиздерде биринчи тирүү жандыктар-бактериялар пайда болгон жана Жерде жашоо өнүгө баштаган деп эсептелчү.

Архей терминин 1872-жылы америкалык геолог Жеймс Дана сунуш эткен. Архей төрт эрага (эң кийинкиден байыркыга көздөй) бөлүнөт: Неоархей, Мезоархей, Палеоархей, Эоархей.

Эон (байыркы грек тилинде кылып, доор деген) геологияда эонотема калыптанган геологиялык тарыхтын бир бөлүгү жана бир бир нече эраны камтыйт. Геологияда төрт эон бар: Фанерзой, Протерозой, Архей, Катархей. (Булагы: http://www.nature.com, http://www.npr.org)

14 жылда сөз эскирип жаңырат

Британиянын Манчестер университетинин профессору Марсело Монтемурро (Marcelo Montemurro, University of Manchester) жана Аргентинанын Илимий-техникалык изилдөөлөр боюнча Улуттук кеңешинин мүчөсү Дамиан Занетт (Damián Zanette, Argentina’s National Council for Scientific & Technical Research) кеңири колдонулган 5630 зат атоочту өздөрү жазган алгоритмди пайдаланып, акыркы 300 жылда (1700-2008-ж.) алардын популярдуулугу кандай өзгөргөнүн Google Ngram маалымат базасында талдап чыгышкан.

Google Ngram маалымат базасына 5 миллионго жакын китеп санарипке оодарылып киргизилген. Изилдөө кызыктуу мыйзам ченемдүүлүктү тапкан: англис сөздөрүн колдонууда 14 жылдык айлампа бар экен.

Береги цикл өткөн кылымда 16 жылда кайталанып турган. Бул циклде кээ бир сөздөр популярдуу болуп, көп колдонулса, башка бир сөздөр эскирген буюм сыңары керектен чыккан. Жазма тилде сөз бүтүндөй сүйлөмдүн мазмунуна жана грамматикага ылайык тандалат. Ал эми адамдын сүйлөө стилине, бир нерсени түшүндүрүү манерасына жана сөзүнүн контекстине (жазылган же сүйлөнгөн речтин ичиндеги айрым сүйлөмдөрдүн жана сөздөрдүн байланышы) маданий чөйрө менен тарыхый окуялар таасир этип турат.

Окумуштуу физиктер мындай циклдер француз, немис, италия, орус жана испан тилдерине да мүнөздүү экенин аныкташкан. Мисалы, падыша (king), каныша (queen), герцогиня (герцогдун кызы же аялы) (duchess) сыяктуу тектеш зат атоочтор бир учурда популярдуу болуп, кайра бир маалда аз колдонулуп калган. Ал эми дүйнөлүк согуштаручурунда көп сөздөр колдонуудан чыккан же сейрек айтылган. Бул саясий себепке байланыштуу болушу ыктымал деп жоромолдойт Монтемурро.

Береги изилдөө Рединг университетинин профессору Марк Пагелдин (Mark Pagel, University of Reading, UK) изилдөөсүн ырастайт. Анын айтымында, ген ата-энесинен балдарына берилгендей эле тил да шаблон менен өнүгүп отурат.

Изилдөө ошондой эле жаш балдарга берилчү кээ бир ысымдар бир муун өтүп же 20-30 жыл арасында алмашып турарын көрсөткөн.

Монтемурро цикл эмне үчүн 14 жыл болгону түшүнүксүз экенин белгилеп, болочоктогу изилдөөлөр адамдардын сөз колдонуу өзгөчөлүгүн, сөздөрдүн популярдуулугун тенденциясын түшүндүрөт деген ойдо. “Эгер илимий моделдөө кандайдыр бир маданий өнүгүүнүн динамикасын чагылдырат дей турган болсок, биз талкуулап жаткан сөзүбүздүн темасын эмнеге өзгөрткөнүбүздү жакшыраак түшүндүрөт деп ишенем. Эмне үчүн жазуучулар кайсы бир сөздөрдөн чарчап, жаңы сөздөрдү тандаган себебин биле алабыз”, - дейт ал.

(Булагы: https://www.newscientist.com, http://www.palgrave-journals.com, http://www.nature.com, http://centaur.reading.ac.uk)

Көп деңгээлдүү туннел жол

Кыялды чындыкка айлантуу үчүн миллиарддаган акчаны сары чакадай чачкан Элон Маск жер астында туннел жолдордун жаңы, татаал системасын курмак болууда. Мындай The Boring Company деп аталган жолдун концепциясын чагылдырган кыска видеотасма Ютубда (YouTube) жарыяланды.

Маск өзү Technology Entertainment Design (TED) конференциясында маалымдаганга жана жарыяланган видеотасмага караганда, чоң жолдун боюнда машинелерди туннелге түшүрчү атайын лифт-платформалар болот.

Автомобиль же жүргүнчүлөрдү тартчу микроавтобус платформага токтор замат лифт аны туннел жолго түшүрүп, электроарабага жайгаштырат жана алпарчу багытына зымырап жөнөйт. Туннелде ылдамдык чектелбегендиктен араба 200 км/саат ылдамдыкка чейин күүлөнө алат. Туннел жол 30 деңгээлге чейин болуп, анда автомобилдер, поезддер жана Hyperloop вакуумдук поезди жүрүүгө тийиш. Hyperloop саатына 1200 км ылдамдыкта жүрөт. Кенен маалыматты бул жерден окуңуз.

Жаңы туннель жол системасын миллиардер-инвестор АКШнын борбордук бөлүгү кеңейип бараткан чоң шаарларында курам деген ниетте.

Элон Маск быйыл февралда көп кабаттуу туннел жолду куруу боюнча атайын ишкана түзгөн. Ушу тапта алдагы ишкана SpaceX компаниясынын Хоторн шаарындагы (Калифорния) баш кеңсесинин парковкасынын астында эксперимент өткөрүлчү туурасы 15 метрлик чуңкурду каздырууда. Жер астын бургулоо үчүн узуну 122 м, салмагы 1200 тонналык Nannie деген машине да сатып алынган.

(Булагы: https://www.theverge.com)

Сыранын шыпаасы

Англиялык окумуштуулар сыранын (пива) дарылык касиети да бар экенин аныкташты. Бирок Лондондогу Гринвич университетинин (University of Greenwich) доктор Тревор Томпсон башындагы илимпоздор тобу сыраны чени менен ичкенде гана ооруну анальгетиктей жеңилдете турганын, кеселди басуу үчүн же баш жазуу үчүн эки кружка же бир литр сыра жетиштүү деп эскертишет.

Изилдөөгө башы дайыма ооруган жаш курагы 30га чейинки 400дөн ашуун эркек таналар катышкан. Ал эми сыранын таасири атайын чен-өлчөм (0-10) менен өлчөнгөн. Ошондо илимий изилдөөгө катышкан адамдар бир литр сыра ичкенден кийин алардын канында 0,08% алкоголь пайда болгон. Бул алкоголь баш оору синдрому пайда болгон чекти төрттөн бирге жогорулаткан.

Сыраны ичкенден кийин алардын баш оорулары толук басылып калган эмес. Бирок алар мас (кайф) болуп, аларга парацетамол, анальгин, цитромон сыяктуу дары ичип, баш ооруну басуунун зарылдыгы жок болуп калган.

Окумуштуулар алкоголь баш оорууну кантип басарын так аныктай алган эмес. Ошон үчүн адам алагүү болгондо оорусу жөнүндө унутуп, жеңилдеп калабы же болбосо сыра борбордук нерв системасындагы оорууну кабыл алчу рецепторлор – NMDAга таасир этеби, белгисиз дешет илимпоздор.

Англиялык окумуштуулардын изилдөөсү “кууп ичкендер" эртеси баш жазабыз деп жүз грамм издеген себебин түшүндүрөт десе да болот.

Чынында эле, байыркы дүйнөдө алкогол же шарап ооруну жеңилдетчү дары катары ичилгени тарыхтан маалым. Алгачкы операциялар жасала баштаган кезде адамга анестезия үчүн алкогол берилген.

(Булагы: http://www.jpain.org, http://www.bodyinmind.org, https://edsinfo.wordpress.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG