Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:29

Сооронов: Илим курмандыкты талап кылат


Омор Сооронов (сүрөт "Кабар" агенттигинин сайтынан алынды)
Омор Сооронов (сүрөт "Кабар" агенттигинин сайтынан алынды)

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, акын жана адабиятчы Омор Сооронов кыйла жылдык чыгармачылык өмүрүн кол жазма адабиятын жарыялоо иштерине жумшаган. Анын аракети менен кыргыз окурмандары Сайпидин Аксылыктын "Маджму-ат Таварих" баянын, Магзунинин "Фаргана кандарынын тарыхы" дагы башка тарыхый булактарды кыргыз тилинде окуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

“Азаттык”: Сиз Кол жазмалар корунун проблемаларын абдан жакшы билесиз. Сыртынан караганда кол жазмалардын көбү жарыкка чыгып жаткандай таасир калтырат. Мында мен “Эл адабияты” деген серияны эске алып жатам. “Манас” эпосу басылып чыгууда, кол жазамалар жаңы электрондук форматка көчүп жатат. Дегеле кол жазмалардын азыркы абалы кандай?

Сооронов: Кол жазмалар азыр сакталып, “уктап” эле жатат. Жанагы чыгып жатат деген китептердин баары мурда эле чыккан. Анча-мынчасы жаңылар, алар да даярдалып коюлган. Калганы – мурда чыгарылгандарын эле чыгарып келатабыз.

Мына “Манастан” деле Сагымбай менен Саякбайды чыгарып жатпайбызбы. Анткени башталган кезде эле бирөө сагымбайчы, бирөө саякбайчы болуп экиге бөлүнүп калышкан. Ошол эле Сагымбай 1926-жылы Ташкенге барганда “мени угат, баа берет” деп барса карабай коюшкан да. Ошону Ыбырайым Абдырахманов жазып койгон, бул жерде турат. Бул жер-жерликтен, уруучулуктан улам чыккан. Сагымбай чыкса башка тараптагылар турушкан. Башка толгон манасчылар бар. Мен азыр ачык эле айта алам, мына Тоголок Молдодой жазма манасчы жок экен бизде. Эми аттиң деп гезитке төрт макала жаздым.

Ошол 30-жылдары Тоголок Молдонун “Манас”, “Семетей”, “Сейтеги” чыгып калса Сагымбай менен Саякбайдын катарында турмак экен. Ал бирок жата бербедиби. “Турар” басмасынын директору Тилек Мураталиевдин демилгеси менен 2013-жылы Тоголок Молдонун “Манасы” китеп болуп чыкты. Ошондон бери жатат. Мына эми мен “Семетейин” көчүрүп даярдап койдум. Бирок “Семетейди” жазып бүткөндөн кийин Тоголок Молдо кайтыш болуп кетпедиби. Бүт күчүн ушул эпоско жумшаптыр. Беш-алты жыл дагы өлбөй турганда Тоголок Молдо эң мыкты чыгармаларын жазмак. “Жолборс терисин жамынган баатырды” которгондон кийин Алыкул Осмонов кандай өстү. Тоголок Молдо да “Манастан” кийин ошондой деңгээлге жетип калган.

“Азаттык”: Мунуңуз кызыктуу ачылыш экен. Биз Мукай Элебаевди билебиз деп жүрсөк сиз аны билбей турганыбызды ырастабадыңыз беле. Анын кыйла жыл жарыяланбай келген кол жазмаларын чыгардыңыз. Тоголок Молдодон улам бир суроо. Сиз кол жазмаларды жакшы билесиз, кол жазмалар арасында бийликтин кысымына кабылган, абакка камалган Молдо Багыш сындуу акындардын тагдырларына токтоло кетсеңиз.

Сооронов: Молдо Багыш да чоң акын экен. Аны бийлик атайын куугунтуктабаптыр. Аялына ашык болуп, алам деп жүргөн бирөөлөр коопсуздук кызматына жамандап, жалган жалаа жаап, койлорун сатып басмачыларга мылтык алып берет деп, кой сатып жаткан жеринен карматыптыр да. Ушак сөздөн келип чыгып жатпайбы. Анан ал камалып кетип, ал жерден “Абак дептерин” эптеп сыртка чыгарган экен, ошолору китеп болуп чыкпадыбы. Бирок ал түрмөдөн келгенден кийин өлүп калды.

“Азаттык”: Мына 20-жылдары адабиятка келген акындар Шарип Көкөнов, Бөрү Кененсариев, Сыдык Карачевдер жалган жалаа менен абакка түшүп калышпадыбы.

Сооронов: Мен ушуларды байкап отурсам, жалгыз эле кыргызда эмес, адам баласынын баарында бул көралбастык деген балакет бар экен. Анан мен биринчи болом деген дымак. Ошол көралбастыктын айынан Шарип Көкөнов камалып жатпайбы. Касым Тыныстановдун демилгеси менен жазылган “Академия кечелерине” Шарип Көкөновдун бир чакан пьесасы кошулуп калган. Анан ошолордун баары жок кылынып жатпайбы. Ал чыгармалардын ичинде совет өкмөтүнө каршы эч нерсе жок. Баары көралбастыктан чыккан кесел.

Мен дагы эле Тоголок Молдону айтайын. Ал “Манас”, “Семетей”, “Сейтекте” башынан-аягына чейин казак-кыргызды “алаш” деп атайт. Экөөнү “алаш” деп эле атайт. Ал кезде Молдо Нияз чыкса замбирек менен атып ийишмек экен. Басып алуучуларга каршы Молдо Кылыч, Арстанбек, Калыгулдардын айткандары Молдо Нияздын жанында эч нерсеге турбайт. Молдо Нияздын “Санат дигарастарын” окуп көр, ошол кезде окулбай калып кол жазмалар сакталып калып атпайбы.

“Азаттык”: Кол жазмаларда катылган кенчтерди ачып, алардын проблемасын айтып, жазып келатасыз. Ушул ишке бел байлап, сиздин жолуңузду жолдогон шакирттериңиз чыктыбы?

Сооронов: Ушул жерге келип, “мен ушуну кылайын” деген кишини көрө элекмин. Бул ишти жөндөй алчу кадрларды алып, аларды үйрөтүш керек. Ушул жерге бирөө келип, ушуну мен үйрөнөйүн деген бирөө жок. Себеби андайга көңүл бөлүнбөйт, тоодой эмгекти көчүрүп чоң иш кылсаң ал эске алынбайт. Анын мааниси чондорго жете элек. Иши кылып көңүл бөлүнбөй келатат. Бая күнү угуп калдым, университеттерде араб тамгасын окуткан сабак жок имиш. Жок болуп калыптыр. Зияш Бектенов агай бизге үч айда эле үйрөткөн.

Университеттеги филологдор менен тарыхчылар латын арибин, араб тамгасын билиш керек. Ансыз кантип тарых жазат, тилден сабак берет. Ал эми Ишеналы Арабаевдин ачылбай жатканы ошол. Анын жасаган эмгеги элге көрсөтүлбөй, жетпей жатпайбы. Мына кечээ эле 40-жылдары Мукай Элебаев өмүр баянын араб тамгасы менен жазып атат. Алардын биринчи үйрөнгөн тамгасы, ошого көнүп калган. Маданият дегенибиз ушул жакта жатпайбы. Маданиятты элге жеткириш керек да.

“Азаттык”: Сиз илимге сүңгүп кирип кетип акындыгыңыз басылып калгандай болду. Болбосо акындыгыңызды деле акырын улантып атасызбы?

Сооронов: Менин табиятым ушундай, бир нерсеге кирип кетсем башкасын калтырып коём. Эгер уста болсом ошону эле узанып, башканы таштап коёт экенмин. Аны өзүмөн байкап жүрөм. Анан илимге кирип кеттим. Мунун аяк-башы көрүнбөгөн токой турбайбы. Меникиндей ырларды жазгандар толтура. Муну бүтүрүп коёюн, муну жасайын деп отуруп мына сексенге чыгайын деп калдым. Бирок мен поэзияны эң биринчи, бийик өнөр деп эсептейм. Поэзия ар бир адамдын жүрөгүнө жетет.​

Эгер илимге кызыккан жаштар болсо мен аны кош колдоп колдойт элем. Наам алайын дебей илим деп келсе анда бардыгы болот. Илимге чын жүрөгү менен өзүн курмандыкка чалыш керек. Илим баарынан жогору туруш керек. Жогору турган нерсеге жетиш үчүн өмүрдү сайыш керек. Жасалбай жаткан нерселерди жасап жатканыма мен өзүм аябай сүйүнөм, мындан ырахат алам. Илимге ошондой болуп келишсе, эгер андай болбосо жаштардын илимге келбей эле коюшканы оң. Бирдемелерди чиймелеп, орундарды жөн эле ээлеп отурбастан өзүнө да, элге да пайдасы тие турган иш жасашса дейм.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG