Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:14

Изденүү өрнөгү болгон залкар калемгер (Кеңеш Жусуповдун 80 жылдыгына)


Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов Эчки-Башы суусунун боюнда. 04.4.2012.

Кыргыз эл жазуучусу, "Манас" орденинин ээси Кеңеш Жусупов үстүбүздөгү жылы чын куран (апрел) айынын 14үндө 80ге чыкты. Анын торколуу тоюна арналган атайын коомдук жыйын шейшембиде, чын курандын 25инде, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлмөкчү.

Миң кырлуу багытты багынтууда

Заманбап кыргыз адабиятында жазуучу Кеңеш Жусуповдун салымын бир сап менен баалап-чагылдырууга эч мүмкүн эмес.

Сыртынан караганда өтө жоош, өтө карапайым, кичи пейил, эч ким менен кайым айтышпаган бул калемгер, иш жүзүндө, кылымдар бою топтолуп, бууракандап келген кыргыз деминин кубатына толукшуп, калеми аркылуу тынымсыз козголоңчу жана мээнеткеч атуул катары элине кызмат кылып келет.

Бул күч жана касиет – улуу жомокчулар, дастанчылар, төкмөлөр, жазгыч калемгерлер жана кеменгер ойчулдар сыйдырган кудуреттин жаңыча улантылышы.

Манас таануучу

“Манас” дастанынын кара сөз түрүндөгү кыска вариантын жаратып, Кеңеш агай жатык тил аркылуу бул залкар эпостун мазмунун кеңири окурмандар катмарына жеткире алды. Бул кара сөз вариант дүйнөнүн жети тилине которулган.

Индиялыктардын “Махабхарата”, “Рамаяна” дастандары жана гректердин Гомер калтырган “Илиада”, “Одиссея” дастандары дүйнө калктарына көбүнесе толук оригиналы аркылуу эмес, жеңилдетилген баяндар аркылуу көбүрөөк таркагандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан дүйнөнүн чар тарабын кезген жана айдыңдык тажрыйбага сугарылган Кеңеш агайдын “Манас” дастанын даңазалоого багытталган жогорудагы эмгеги көркөм дүйнөнүн башка өкүлдөрү (киночулар, драматургдар ж.б.) үчүн да өрнөк.

Жазуучу Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж.
Жазуучу Кеңеш Жусупов кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен. Бишкек. 1989-ж.

​Тыныбек, Сагынбай, Сайакбай, Жусуп Мамай ж.б. айткан варианттарды дүйнөнүн ар кыл тилдерине которуу менен чектелбестен, Теодор Герцендин гравюралары, бедизчилердин чыгармалары, Мелис Убукеев, Нурбек Эген сыяктуу киночулардын эмгектери, Кеңеш Жусуповдун жана анын досу Ашым Жакыпбековдун кара сөз бермети аркылуу тааныштырган варианттары, Самар Мусаевдин чакан илимий этюду, манас таануучулардын изилдөөлөрү аркылуу да бул улуу жомоктун дүйнөгө маалым болушунун чектерин кеңейтүү иши жүзөгө ашырылууда.

Кыргыз таануучу

“Кыргыздар” көп томдугун жарыкка чыгаруу аркылуу Кеңеш агай миңдеген ата-бабалардын арбагы ыраазы болгондой милдетти аркалап келет. Анда жалпы Евразиянын кеңирсиген мейкиндигине чачылган тарыхый кыргыз этносунун дээрлик бардык чөлкөмдөрү жөнүндөгү тарыхый булактар, санжыралык жана башка фолклордук казына, сейрек жыйынтыктары бар изилдөөлөр камтылган.

Бул – азыркы окурманга бүркүт жете алгыс космостук бийиктикке чыгып алып, Евразия мейкиндигин оңой-олтоң багындырып, жыйырма эки кылымдан ашык мезгилдеги орчун закымдарга сересеп салууга мүмкүн кылган энциклопедиялык казына.

Бул көп томдукта кытай тарыхынын “атасы” Сыма Цяндын жазгандары да жүрөт, рун сымал жазмалар аркылуу бабалар тарыхын калтыргандардын эмгеги да жүрөт, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин (11-кылым), Ахсыкентинин (16-кылым), Арстанбектин, Жеңижоктун, Нур Молдонун (19-кылым), Тыныбек Жапый уулунан Жусуп Мамайга чейинки улуу жомокчулардын, Осмонаалы Сыдык уулу менен менен Белек Солтоноевдин (19-кылымдын соңу – 20-кылымдын башы), ж.б. мурастары, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Т.Океев сыяктуу залкарлар жөнүндө иликтөөлөр жүрөт.

Кеңеш Жусуповдун “Кыргыздар” жыйнагында жана ал 1987-жылдан бери редакторлук кылган “Ала Тоо” журналында чуваш Николай Бичурин, казактар Чокон Валиханов, Муктар Авезов (Ауэзов), орусташкан немистер В.Радлофф (Радлов), В.Бартольд, орустар Н.Аристов, Е.Поливанов, А.Бернштам, С.Абрамзон, Ю.С.Худяков, хакас Астайбек (Виктор) Бутанаев, франсуз Реми Дор, ала-тоолуктар Өмүркул Караев, Салмоорбек Табышалиев, Имел Молдобаев, Дөөлөт Сапаралиев, Абылабек Асанканов, Муратбек Кожобеков, Сынару Алымкулова, Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Капай уулу, ошондой эле Анвар Байтур, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Хы Жихоң, Макелек Өмүрбай, Амантур Абдырасул, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак баштаган кытайлык кыргыз, ханзу, дунган тектүү ж.б. илимпоздордун эмгектери жарык көргөн.

Атуул таануучу

Кеңеш агай телескоп менен гана эмес, микроскоп менен да куралданган инсан. Анын тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, акын Алыкул Осмонов тууралуу иликтөөлөрү өз заманында жаңы дың бузган эмгектер болгону маалым.

“Кыргызстан маданияты” гезитинин баш редактору, журналист Нуралы Капаров менен курган маегинде Кеңеш Жусупов чыныгы ата уулдары тууралуу суроого жооп узатып:

ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти”, - деп жооп бергени эсибизде.

Бул инсандардын ичинен Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин чыгармасынын эч жарыялана элек кол жазмасын Кеңеш агай 1980-жылдары Алматыдан таптырып, “кайра куруулар” доорунда “Ала Тоо” журналына биринчи жолу жарыялаган. Бул - каармандык иш эле.

“Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илимпоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына, советтик идеологиянын каргашасы”, - деп Кеңеш агайдын айтканы чындык.

Кеңеш агайдын XX кылымдагы Б.Солтоноев, К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов сыяктуу кыргыз залкарлары жөнүндө:

Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр-дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)”, - деп айткан сөзү чып-чыргасы коробой анын жеке өзүнө да мыкты мүнөздөмө боло алат.

Абрамзондун алкоосуна татыган

Жогоруда Кеңеш агайга “козголоңчу” деген мүнөздөмө бере кеттим. Аны айрым далилдер менен чечмелеп берсем, жаш муундар бул залкар калемгердин өз бетинче коомдук ишмер катары жүзөгө ашырган атуулдук иштерин дурусураак аңдашат ко дейм.

Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.
Саул Абрамзон, залкар кыргыз таануучу этнограф.

1971-жылы Ленинградда заманбап кыргыз этнографиялык илиминин негиз салуучуларынын бири Саул Менделевич (Матвеевич) Абрамзондун (1905-1977) кыргыздардын теги, этностук-маданий байланыштары тууралуу өзгөчө маанилүү монографиясы жарык көргөн. Бул – кыргыз таануунун ошол кездеги салтанатына айланган китеп эле. Бирок ал кездеги жападан-жалгыз бийликтеги партиянын – Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги бул китепти жана анын авторун адилетсиз сынга алган.

Бул жөнүндө тарыхчы, кыргыз таануучу, булак таануучу, этнолог Өмүркул Караев мындайча эскерген:

“...Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К.К.Орозалиев, С.И.Ильясов жана А.Г.Зималар С.Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С.Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этностук түзүлүшүн (структурасын) иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт.

Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги коммунисттик партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.

С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган.

Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч.Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «...Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп жалпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз....”, - деп Өмүркул агай 1999-жылы калыс жазган.

Ал эми Кеңеш агайга келсек, ал тээ 1973-жылы, С.Абрамзон адилетсиз сынга кабылгандан көп узабай, Ленинградга (Санкт-Петербургга) барып, ага атайын жолуккан. Ала-Тоодон атайы ала барган ак калпакты С.Абрамзонго кийгизип, чапан жаап, айтылуу кыргыз бальзамын өз элинин атынан тапшырган.

Бул жөнүндө Кеңеш Жусупов агай жакында, 2017-жылы чын курандын 18инде, маркум этнограф Имел Молдобаевди эскерген эл аралык илимий жыйын маалында да эскерип өттү.

Кеңеш агайдын: "Сизди кыргыздар өтө сыйлайт, сыймыктанат, урматтайт. Кээ бир басма сөздө сиздин эмгегиңиз жазылган сындарга жалпы эл кошулбайт, интеллигенция сизди колдойт", - деген сөзүнө Саул Менделевич ыраазы болуп көзүнөн жаш тегеренип:

"Мен өмүрүмдү чыгармачылык излдөөлөрүмдү кыргыздарга жумшадым, эмгектендим. Мен кыргыздардын патриотумун. Мен дагы сиз айткандай ойлогон элем. Сизге алкыш!" - деген экен.

Бул – күжүлдөп ылдый аккан идеологиялык толкунга карама-каршы башат тарапка тайманбай сүзүүнүн бир көрүнүшү эле.

Тымызын атуулдук ийрим түзүү ниети

Нуралы Капаров байкебизге айткан ыймандай сырларынын биринде Кеңеш агай 1960-жылдардагы романтикалуу козголоңчу рухун эскергени бар:

“Буга чейин эч айтылбаган сырды чечилип айтайын. 1950-60-жылдары биз анда студентпиз, жаш кезибиз. Насаатчы таппай, ар кандай адабиятты окуп алып, келечектеги турмушубузду кандай курсак деп кыялданып жүргөн маал. Адабиятка кызыгабыз, кээде эл тагдырын ойлоп, кейип калабыз. Көчөдө жүргөн бир автобус эл түшсө, ичинде араң төрт-беш кыргыз болчу, калганы башкалар.

Биз баскынчылык заманга, андагы башкарууга, советтик идеологияга, анын үстөмдүгүнө нааразы элек. Бугубузду бири-бирибизге жашыруун айтып, ошол “советтик” деп аталган, орусташкан идеологияга, саясатка каршы кружок топ (ийрим) уюштурууну ойлодук.

Мен бул сырымды университетти бүтөр жылы Капар Алиев деген диктор, журналист, котормочу агама айттым. Ал киши өтө интеллектуалдуу, таланттуу, нарктуу, башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн акылман адам эле. Ал мени дароо түшүндү да, "Кокуй, от менен ойнобо, жаштыгың куруйт. Андай кыйын болсоң, айылга барып, элиңдин кудурет-дээрин байка. Жакшылап ойлонуп көрчү", - деди.

Анын акылы боюнча эки жылдай Нарында редакцияда иштеп, элдин абалын байкап-көрүп, аралашкан соң, баягы туталанган рух кыйла өчүп, шаабайым сууган. Анан саясий күрөштөн көрө маданият күрөшүнө өткөнгө бел байлагам. Анүчүн көп окуп, көптү билип, элдин тарыхына кызыгып, ошол билгениңди, тапканыңды кайрадан элге жеткирүүнү ойлонгон элем” – деп эскерет Кеңеш агай.

Мында ысымы эскерилген Капар Алиев (8.5.1927 - 12.5.1970) Эчки-Башы айылындагы бай кишинин тукуму болгон. Анын агасы Абдыракман Аалы уулу экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, андан соң нацисттик концлагерден качып, Югославиядагы партизандык кыймылга катышкан, бирок согуш бүткөн соң жазыксыз жерден ГУЛагга айдалып, кийин гана акталып келген. Капар Алиев кыргыздын көрүнүктүү журналисти, сыналгы жана үналгы диктору, юморчу жазуучу болчу, аны замандашы Райкан Шүкүрбеков “Кыргыздын Левитаны” деп атаганы белгилүү.

Шибер таануучу

Кеңеш агай кыргыздын бай тарыхынын Сибирдеги (Шибердеги) катмарын иликтөөгө да бараануу салым кошуп келе жаткан калемгер.

“Ошол мезгилде, 1980-жылдарда, басма сөздө болсун, жалпы эле саясий-маданий турмушубузда болсун: "Кыргыздардын тарыхы тайкы, маданият жок, Октябрь революциядан кийин гана эл болгон" деген саясат, идеология жүрчү. Кыргыздардын байыркы Түштүк Сибирдеги тарыхына тыюу салынган. Буга мындайча каршы чыксаң, кендириңди кесип койчу: кесибиңен, ишиңен, партиялуулугуңан кол жууп, атургай камакка кетчүсүң. Биздин, Кубатбек Жусубалиев экөөбүздүн Түштүк Сибир, Алтай, Хакасия, Тува элдерине эки ай сапарыбыздын максатын кыскартып айтканда: ошол учурдагы саясатка каршы өзүбүздүн бунтубуз, күрөшүбүз эле. Экинчиси - бабаларыбыздын байыркы мекенине барып сыйынуу жана тарыхты, ата конушту таануунун алгачкы рухий жолун чабуу болду...” – деп ал кичүү кесиптеши Нуралы Капаров агабызга айтканы эсте.

Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов маркум Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25.3.2016.
Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов маркум Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25.3.2016.

Кеңеш агай досу Кердегей (Кубатбек Жусубалиев) менен чогуу Эне-Сайга саякаты маалында аларга айылуу хакас этнографы Астайбек Бутанаев көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу 1988-жылы Кубатбек Жусубалиев агайдын үйүндө Астайбек байке менен чогуу болгонубузда, алар кыраан каткы күлүп, ошондогу атуулдук рух менен жүзөгө ашкан саякатты эскерип отурушканы азыр да көз алдымда турат.

Кеңеш агайдын мындагы козголоңчулугун даана түшүнүү үчүн 1970-жылдардын акыры – 1987-жылдары Кыргызстан Компартиясы жана ага түз кыңк дебей баш ийген Кыргызстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетекчилиги илимий жактан таптакыр туура эмес жобону карманганын – Эне Сай Кыргыз каганатынын тарыхына теңир-тоолук кыргыздардын эч тийешеси жок деген азыр эч түшкө кирбестей болгон концепцияны расмий таңуулаганын айта кетүү эп.

Буга тарыхчылар Өмүркул Караев, Александр Грач, Николай Сердобов, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев, Мидил Жамгырчинов, Ысман Кожомбердиев, Имел Молдобаев ж.б. каршы чыгышкан, ал эми жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов ж.б. каршы турушкан.

1974-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести орусча жарык көрдү (После сказки: («Белый пароход»). – Ф.: Кыргызстан, 1974). 1982-жылы “Мектеп” басмасынан мектеп окуучулары үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Бугу-эне: Жомок” чыгармасы кыргызча өзүнчө китеп болуп чыкты. Мындагы негизги идеялардын бири – “маңкурт болгуң келбесе, Эне-Сай, Алтай жана жалпы Сибир жана Ички Азия менен байланыштуу тарыхыңды унутпагын” деген тымызын ураанда камтылган.

Жазуучулар Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиевдин, кинорежиссер Мелис Убукеевдин Алтай – Эне-Сай сапарларын, Түгөлбай Сыдыкбек уулунун Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун жана Кыргызстан Компартиясынын идеологдорунун тайкы жоболорун айыптаган катын, археолог Юлий Худяковдун, чыгыш таануучу Өмүркул Караевдин, этнографтар Астайбек Бутанаевдин, Имел Молдобаевдин, манас таануучулардын, фолклор таануучулардын ж.б. илимий эмгектерин эске алсак, демек, маңкурттукка каршы күрөштө Чыңгыз Айтматов жалгыз болгон эмес.

Саякатнаамачы

Кеңеш Жусупов агай кыргыз адабиятында саякаттарды кызыктуу жазуу аркылуу элди ойготкон калемгерлердин ана башы болду. Ал Италияга, Жапонияга, Индияга, Түркияга жана башка аймактарга саякат менен барган соң, окурман өзү да аралап жүргөндөй кылып тамшандыра баян жазып келчү.

Чоң аталар четтеги айылга барып, устукан ала келишсе, Кеңеш агабыз кызыктуу китептерди жана руханий дүйнөнү ажарланткан таасирлүү жолсапар баяндарды жалпыга олжо кылып ала келчү. Ушул калыбынан агабыз эч жазбайт деп ишенебиз.

Айыл таанытуучу

Бир кезде томуктай болгон Эчки-Башы айылы азыр таанылгыстай өзгөрдү. Мурдагы “Коммунизм” орто мектеби эми Кеңеш агайдын атасы, агартуучу Жусуп Иманаалы уулунун ысымын алып жүрөт.

Ал эми айылдыктардын турмушун ай-ааламга тааныткан калемгер – Кеңеш Жусупов болду.

Кеңеш агабыз көркөм чыгармасында тагдырын шөкөттөп жазган экинчи дүйнөлүк согуш ардагери, көзү көрбөй калган Аянкул атаны мен да көрүп, салам берип калдым. Ал эми өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштап, кыядан кулаган жаткан автоунааны өз денеси менен токтотуп калган Акылбекти көрбөсөм да, Акылбек-Кыяда тестиер кезимде чана тээп ойноп калдым. Азыр Акылбек-Кыя жок (Эмгекчил, Миң-Булак сыяктуу коңшу айылдарга суу жеткирчү ири канал курулганда, бул чакан кыя басырылып жок болду), бирок ысымы кыяга коюлган Акылбек ата жөнүндө татынакай баян Кеңеш аганын калеми менен түбөлүккө жазылып калды.

Тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар, далай чыгаан эчки-башылыктар жана он-арчалыктар (манасчы Дуңкана Кочуке уулу ата, акын Жумакан Тынымсейитова, коомдук ишмер Күмүш Суранова, диктор Капар Алиев, журналист Сулайман Мамбеталиев, этнограф Какен Мамбеталиева, обончу Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева, генерал Бейше Молдогазиев, ж.б.) тууралуу Кеңеш агайдын публицистикалык жана даректүү эскермелери жана чыгармалары 1920-80-жылдардагы Теңир-Тоодогу тепкедей айылдын турмушун жана андагы инсандардын өмүр жолдорунун урунттуу учурларын чагылдырат.

Айылга трактор же башка мүлк сатып берген же мечит курган кишилерди гана даңазалагандарга айтаарым – Кеңеш агай сыяктуу өз кыштагын ай-ааламга даңазалаган калемгерлер өтө сейрек.

Ата журт таануучулардын данакери

Эсимде, дал ошол 1970-80-жылдары “родина” сөзүн да көкөлөтүп, кыргыз лексиконуна “саясий жактан туура термин – ушул орус сөзү” деп таңуулоо аракети болгон жылдары, Кеңеш Жусупов агай “Ата журт: Публицистикалык ой толгоо жана повесть” деген аталыштагы китебин (Мектеп, 1977) жарыялаган. Бул кезең – нукура элдик термин аркылуу маңкурттукка каршы тымызын руханий күрөштүн учуру болчу.

Кеңеш агайдын дагы бир козголоңчул руху – совет доорунда эч жарытылуу айтылбаган тарыхый инсандар жөнүндө өзү гана казбастан, башка да ачык жазууга бел байлаган калемгерлерге “Ала Тоо” журналын платформа, пайдубал катары сунуштагандыгында болгон. Ошол “Кайра куруулар” жылдары “Кыргызстан маданияты” жумалыгын жетектеген замандаштары да Кеңеш агай менен эриш-аркак иштешкен тайманбас үзөңгүлөштөр болушкан. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигине жалпы жетекчи болгон Чыңгыз Айтматов аларга руханий жана саясий калка болгону да жашыруун эмес.

Энциклопедиячы айдың

Ал эми эгемендик доорубузда Кеңеш Жусупов агайдын тапкан-ташыганынын көпчүлүгү тарыхчы илимпоздорго жана педагогдорго өзгөчө огожо болду. Азыр дагы калайык тарых илимине таандык эне тилдеги адабиятка суусап турган чак. Кеңеш агай негизги түзүүчүсү болгон жыйнактын - “Кыргыздар” көп томдугунун 90 пайыздайы – совет доорунда карапайым окурман түгүл тарых факультетинин окутуучулары менен студенттери да эч таба албай келген чыгармалардын жана жаңы жазылган же жаңыдан которулган эмгектердин жыйындысы болуп саналат.

Бул жыйнакты илимпоздордун бири булак таануучу катары караса, бири – тарыхнаамачы катары, дагы бири – фолклор таануучу катары, дагы бири – инсан таануучу катары карашат. Демек, бул – кыргыз адабиятында буга чейин болуп көрбөгөндөй энциклопедиялык жана хрестоматиялык жыйнак.

Эгерде Кеңеш Жусупов өз өмүрүндө “Кыргыздар” жыйнагы менен гана чектелсе, ошонун өзү дагы анын ысымын өлбөс-өчпөс кылып калтырууга жетет болчу.

Бирок калемгерлердин дулдулу азыр дагы көп тарамдуу иш-аракетин улантып келет.

Сый-урматка ээ аксакал

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон 2016-жылдын бештин айынын (декабрынын) 31индеги жарлыкка ылайык, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды жана бул сыйлык ага 2017-жылдын жалган куран (март) айынын 6сында салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Кыргыз эл жазуучусу К.Жусуповго президент А.Атамбаев II даражадагы “Манас” орденин тапшырууда. 06.3.2017.
Кыргыз эл жазуучусу К.Жусуповго президент А.Атамбаев II даражадагы “Манас” орденин тапшырууда. 06.3.2017.

Бул жогорку сыйлык кыргыздын чыныгы атуулуна ыйгарылды деп санайбыз.

Урматтуу Кеңеш байке! Сизге энциклопедиялык терең билимин элине талбай арнап келе жаткан калемгер агабыз катары чың ден соолук, бери дегенде 120га чыккандай узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы чыгармачыл бийик серелерди, урпактарыңыз жана сиз тарбиялаган муундар эгемен жана демократиялуу Кыргызстанды ырааттуу өнүктүргөн сиз сыяктуу нагыз атуул болушун каалайбыз.

Кеңеш Жусупов тууралуу айрым маалыматтар:

Википедияда: http://ky.wikipedia.org/wiki/Жусупов,_Кеңеш

Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү. 10.01.01 - Кыргыз адабияты. Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. - Бишкек, 2014. - 30 бет. - КР УИАсы: Жусуп Баласагын атныдагы КУУ. - (2014-жылы 28-ноябрда Бишкекте УИАда корголду. Илимий жетекчиси академик А.Акматалиев).

Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Улуттук баалуулук К.Жусуповдун калеминде // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. - 2013. -= № 2. - Б. 140-142.

Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.

Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.

Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - (мында: 246-247-бетте). - ISBN 5-660-00084-3.

Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.

Кыргыз адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG