Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:02

Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкордун Күнбатыш айылында жарык дүйнөгө келген.

Оренбург менен Уфадагы медреселерде окуган. Анын демилгеси менен жер-жерлерде мектептер ачылып, алгачкы кыргыз китептери, окуулуктары чыгарылган. Араб, латын тамгасында кат таануучулар үчүн "Алиппеден" баштап, ыкчам билим алууга арналган окуу китептерин жазган. Ишеналы Арабаев жалган жалаа менен камакка алынып, 1933-жылы Ташкенттеги түрмөдө каза тапкан.

Ишеналы Арабаевдин колунан чыккан окуу китептердин жалпы саны жыйырмага чукул. Анын алгачкы эмгектери 1917-жылкы октябрь революциясына чейин жарыяланып, кийин жаңы заман тушунда араб, латын тамгасында кат таанууга арналган китептери жарыкка чыккан.

Маселен, 1928-жылы чыккан "Жаңылык" окуу китеби ЮНЕСКОнун сейрек кездешчү кызыктуу китептер тизмесине киргизилген. Ал библиографиялык баалуу китептердин катарында ушул тапта Москвада сакталып турат.

Ал эми реформаланган араб тамгасын үйрөтүүгө арналган "Алиппе" окуу китебин жазууда казак аалымы Ахмет Байтурсуновдун "Казак алиппесинин" түзүлүш ыкмасы эсепке алынганын автор өзү атайын белгилеген жайы бар.

"Алиппе" демекчи, Ишеналы Арабаев жол ачып берген кыргызча "Алиппе" он төрт ирет жаңыланган. Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийинки "Алиппенин" автору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевдин ырасташынча, Ишеналы Арабаев кыргыздын туңгуч агартуучусу, окуу китептеринин гана автору эмес, алгачкы жазуучусу да болгон.

- 1924-жылы кыргыз “Алиппесин" жазган. Арабаевдин агартуучулук иши андан он жыл мурда башталган. 1911-жылы атайын комиссия түзүлүп кыргыз-казак балдары үчүн “Алиппе” жазуу тапшырылган. Ал кезде кыргыз-казакта окумуштуу деле жок экен. Казак студенти Сарсекеев экөө биргелешип “Алиппе” жазышкан. Ал китеп “Жаки төтө окуу китеби” деп аталган, ал “Алиппе жана шар окуу китеби” дегенди түшүндүрөт. Кийин 20-жылдары кыргыз, өзбек, казак алиппелери жазылган. Бул “Алиппе” кыргыз баласына кыргызды таанытууну көздөгөн. Араб арибин кыргыз турмушуна ылайыкташы анын билиминин жогору экендигин көрсөтөт. Кыргыздын жан-жаныбарларынын түрлөрүн, куштарынын аталышын, тоосун, суусун, нукура табиятты мыкты билген адам экени көрүнүп турат. Андагы куштардын, чөптөрдүн аталышын көп кишилер азыр биле бербейт. Себеби унутулуп кеткен. Кыргыз балдары үчүн аңгемелердин башатында да Ишеналы Арабаев турат.

Элинин сабаты үчүн жан үрөгөн

Өз мезгилинин билимдүү адамы катары Ишеналы Арабаев кыргыз элинин сабаттуу болушуна, анын жазуу-сызуусу өнүккөн калктардын катарына кошулушуна аябай кызыкдар болгон. Казан, Уфада окуп жүргөн жылдары кыргыз акындарынын китептерин чыгарып, окуу китептерин түзүп, улутташтарынын арасынан сабаттуулар көп чыгышына колдон келген аракетин жасаган. Анын үстүнө ал кездери татар, башкыр, казак агартуучуларынын арасында жаңы усул, "Усули жадид" маданий агымы таасирдүү болгон. Мына ушул кыймылдын чоо-жайын белгилүү тарыхчы Аида Кубатова изилдеп келатат:

- Совет бийлиги орногонго чейин эле аны куугунтуктап келишкен. Түркиянын Константинопол (Стамбул) шаарына барып окуп калганда революциялык гезиттерди окуганы үчүн жергиликтүү бийликтин куугунтугуна кабылып, Орусияга кетүүгө аргасыз болгонун жазган. Уфадагы “Галия” медресесин бүтүп келгенден кийин Тоңдо Сагаалы манап ачкан жадид мектебинде иштеп калат. Ал жерден үйлөнүп, жакшы билим бергени үчүн 200дөн ашуун жаштар андан билим алышкан. Ошол мектепте иштеп жүргөндө орусиялык падышанын тыңчылары – жандармдар жадидчилерди куугунтукка ала баштаган. Падышалык бийлик мусулман элинин жаңы усулдагы мектептеринен чочулаган. Ал жерде светтик билим да окутулган. Совет бийлиги тушунда аны пантүркчү, панисламчы деп кодулашкан.

Ишеналы Арабаев.
Ишеналы Арабаев.

Оренбург, Уфа, Казандагы белгилүү медреселерден билим алган, өз элинин илим-билимдүү болушуна кызыкдар Ишеналы Арабаев бир аз жыл Көл менен Нарында мектептерди ачып, өзү жазган окуулуктарын, азыркы тил менен айтканда, сыноодон өткөрөт. Агартуучунун андай изги тилегине 1916-жылкы алаамат жолтоо кылып, Үркүндө эл менен кошо Кытайга чейин барып, ал жерден келгенден кийин жаңы бийликтин жетекчиси Владимир Ленинге кат жазып, андан кыргыздарды жерине кайтаруу боюнча 50 миллион рубль акча бөлдүрүүгө жетишкен, убагында жерине кайта албай калган улутташтарын Ала-Тоого кайтаруу маселесин чечүү үчүн эки жолу Кытайга барган. Айрым маалыматтарга караганда, 1920-жылы 300 000 кыргыз-казак өз жерине кайтышкан.

Жаңы бийликтин жактоочусу

Ишеналы Арабаев жаңы бийликти жактыруу менен кабыл алган, айрыкча анын карапайым калкты караңгылыктан чыгарып, сабатсыздыгын жоюу аракети агартуу ишине өмүрүн арнаган аалымга жагат. Ишеналы Арабаевдин демилгеси менен улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1922-жылы "Манас" эпосун жазып алуу иши башталат. Сагымбай манасчынын көркөм өнөр дүйнөсүндө сейрек кездешчү "Манас" үчилтигинин биринчи бөлүмү жазылып, кийинки бөлүмдөрү манасчынын ооруп калгандыгынан, кийинчерээк бул ишке жакшы көңүл бурулбагандыгынан улам аягына толук чыкпай калган. Анын үстүнө отузунчу жылдары кыргыз интеллигенциясынын арасынан эл душмандарын издөө, саясий куугунтук күчөп, Ишеналы Арабаев каршылаштарынын жалган жалаасынан кантип кутулуунун аргасын издеп калган. Баш көтөргөндүн баарынын башын кыя чапчу мамлекеттик репрессия бул учурда күчөй баштаган. Анын алгачкы курмандыктарынын бири Ишеналы Арабаев болгон. Кыргыз деп күйгөн улуу аалымдын эл үчүн жасаган эмгегин көрө албагандардын жалган жалаасынын негизинде 1933-жылы камакка алынып, Фрунзеден Ташкентке алынып кеткен. Ташкенттеги абакта табышмактуу жагдайда каза болгону айтылып, анын себеп-жөнү белгисиз калган. Тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиевдин ырасташынча, Кыргызстандагы саясий куугунтукка кайсы бир деңгээлде уруучулук, жек-жааттык, көралбастыктар себепкер болгон:

- Бул жалаң гана 30-жылдардагы эле окуялар эмес. Ага чейин да, андан кийин да кайталанды.

Кыргызстанда саясий куугунтукка кабылып, мамлекеттик жазалоо институттарынын колунан азап чеккендердин так санын айтуу кыйын. Өкүмзор бийликтин колунан набыт кеткендердин сөөгү кайсы жерге жашырылганы да белгисиз. Бийликтин курмандыгына айланган кайрандар тууралуу иликтөө-изилдөө иштери да системалуу жүргүзүлө элек. Анын себеп-жөнүн тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Өмүрбеков учурдагы илимий изилдөөлөрдүн абалына байланыштуу деп түшүндүрөт.

- Инсан таанууга кызыккан илимпоздор саналуу болуп жатпайбы. Тарыхчылар арасында он чакты эле киши бар. Ал эми тилчилер арасында канча экенин билбейт экем. Эми бул келечекте боло турган иш.

Ишеналы Арабаевдин эли үчүн жасаган эмгектери эске алынып ысымы республикадагы белгилүү университеттердин бирине берилген.

Жаңы кылым шартында деле анын эмгектеринин мааниси кемибей, бир кылым илгери билимин тереңдетүүгө дилгир жаш илимпоздун каламынан жаралган окуу китептеринин барк-баасы төмөндөбөй, алгачкы кат тааныткан кыргызча "Алиппенин" башатында Ишенаалы Арабаев турганын кийинки муундагы авторлор эске алып, аты тарыхта калды. Профессор Сулайман Рысбаев кыргыз "Алиппелерин" салыштырып чыккан.

- Арабаевден кийин “Алиппе” жазгандар андан кандай үлгү алышат деген суроо койгум келет. Материалды бул киши туура тандаган экен. Анын багытын да так аныктаган. Анын “Алиппеси” кыргыз “алиппелеринин” улуттук концепциясын биринчи аныктаган. Улуттук китеп кандай болорунун идеясын баштаган. “Алиппе” заман менен жүрүп отурган китеп.

Репрессияга туш келген Кыргызстандын алгачкы муун аалымдарынын эмгектери илимий комментарийлери менен толук чыгарылбай, алардын мурасын изилдеп-үйрөнүү иштери системалуу жүргүзүлбөй, экен-токондо гана эскерилбесе, башка убакта унутта калып келатканы өкүнтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG