Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:07

Бабалар Социал-Туран партиясын түзүштү беле?


Беларустун Витебск аймагынын Хайсы жергесинде сталиндик жазалоолор курмандыктарынын сөөктөрү табылды. 24.4.2017.

Жакында Кыргызстандын борборундагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1937-жылдагы сталиндик репрессиялардын 80 жылдыгына байланыштуу эл аралык кереге кеңеш өткөрүлүп, анда Социал-Туран партиясы болгон-болбогондугу тууралуу кызуу талкуу жүрдү.

Каргашалуу 1930-жылдардын акырында сталиндик абакта жатып чыккан кыргыздын залкар акыны Аалы Токомбаевдин түрмөдө жазган ырларынын биринде мындайча айтылат:

"Ышмыян дейт, ышмыяны эмине?

С.Т.П. дейт, с.т.п.сы эмине?

Кыйналганда "ышмыянмын" деп койдум,

Кылкындырып ургандардын бирине.

Жалынганды билбей турган ит экен,

Тилдегенден башка кирбейт тилине".

х х х х х

...Жайым капас, тереземде темир тор,

Кара цемент – жаткан жерим, өзүм кор...

Улуу Совет акыйкаттап караса,

Кубанарбыз, эрип кетээр каткан шор”.

Мурдагы макалаларыбызда белгилегенибиздей, бул ырдагы "С.Т.П." сөзү – “Социал-Туран партиясы” дегенди туюнтат. Айрым изилдөөчүлөр “мындай партия болгон” дешсе, көпчүлүгү “СТП - кыргыздын чыгаандарын жазалоо үчүн шылтоо катары ойдон чыгарылган уюм болчу” деп санашат.

"Ышмыян" деген сөз менен акын Аалы "шпион" ("тыңчы") сөзүн кыргызчалатып, өзүн кыйнаган сабатсыз жазалоочуларды келекелеп айткан. 1930-жылдары абактагы бир далай кыргыздарга жана башка улут өкүлдөрүнө "америкалык же жапондук империализмдин тыңчысысың" деп курулай доо коюшчу. Айрым кишилер Жапония же АКШ деген өлкө бар экенин өз жазалоочуларынан биринчи ирет угушса да, бөөдө ур-токмокко, кыйноого алынбас үчүн өздөрүн "шпионмун" деп каралаганга аргасыз болушчу.

(Булак: Токомбаев Аалы. (Балка). Момия. Ырлар, дастандар, бир шилтемдер (1963-1969). - Фрунзе: Кыргызстан, 1970. - 384 бет. 5000 нуска. - Редактор Т.Кожомбердиев. Терүүгө 29.6.1970-ж. берилди. Басууга 17.9.1970-ж. кол коюлду. – Б. 239, 337).

Акын Аалы таамай жазгандай (“С.Т.П. дейт, с.т.п.сы эмине?”), бул турмушта болбогон партия аталышы ал жөнүндө кабарсыз жүздөгөн же миңдеген кишилерге калып (клише) катары таңууланып, 1930-жылдары аларды ГУЛагга кириптер кылган.

2017-жылы чын курандын 22синде И.Арабаев атындагы КМУда “Тарыхый эс тутум – келечек үчүн” деп аталган эл аралык илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл) өткөрүлдү. Ал сталиндик доордогу совет өлкөсүндөгү репрессия курмандыктарын эскерүү чарасы катары уюштурулду.

Ага катышып, баяндама жасагандардын бири – бишкектик жаш илимпоз, тарых илимдеринин кандидаты Светлана Владимировна Плоских айым өз сөзүндө “СТП партиясы чын эле болгон деп санайм” деген тыянагын ортого салды.

Казакстандан келген окумуштуу, Казакстан Тарыхчылар Ассоциациясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Мамбет Кулжабаевич Койгелдиев мырза болсо өз жүйөөлөрүн келтирип, С.В.Плоскихтин пикирин толук четке какты жана СТП партиясы – адилетсиз жазалоолорду жүргүзүү үчүн ойдон табылган уюм болчу деп эскертти.

Кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Болот Жумабаевич Абдрахманов болсо С.В.Плоскихтин сөзүн колдоп, ошол кездери Кыргызстанда тергөө жүргүзгөн чекисттердин деңгээли өтө төмөн болгон себептүү, бул тергөөчүлөр СТП партиясынын бийик идеялар камтылган программасынын жана уставынын жоболору делген татаал текстттерди ойлоп табууга дармансыз болчу, деген жүйөөсүн айтты.

Маскөөдөн келген окумуштуу, Орусия Илимдер академиясынын өкүлү, тарых илимдеринин доктору, профессор Геннадий Егорович Корнилов мырза казакстандык илимпоз М.Койгелдиевди жактап, ал кездери жалпы СССР боюнча койондой окшош, бирок негизсиз айыптоолордун ар кандай калыптары бирдиктүү борбордон ар башка чөлкөмдөргө таркатылган; Кыргызстанда пантүркчүлүк менен айыпташса, Коми аймагында пан-финнчилик менен курулай жалаа жаап айыпташкан, деди. Чынында да, СССРдин башка жерлеринде панмонгол, пангермандык ж.б. негизсиз доолор “эл душманы” делгендерге таңууланган. Г.Корнилов мырза туура белгилегендей, бул чекисттик бирдиктүү борбордо интеллектуалдык көрөңгөсү чоң адистер иштеп турганы да анык.

Талкууда биз да өз жүйөөбүздү ортого салдык. СТПнын лидерлеринин бири саналган Абдыкерим Сыдыков, маселен, Кыргызстандын эгемендик укуктарын СССРдин федерациялык мамлекеттик шартында эле өзгөчө чыңдоо үчүн күрөшкөн инсан. Ал башканы кой, Кыргызстан коңшу Казак АССРинин курамында калбасын үчүн күрөшкөн, демек, өз атажуртунун коңшу казак жумуриятынан жана Орусиядан көз каранды эмес союздук жумурият макамына жетиши үчүн мамлекеттик ишмер катары жан-алы калбай күрөшкөн инсан. Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Мурат Салихов сыяктуу үзөңгүлөштөрү аны ырааттуу колдогон. Аларды механикалык түрдө “Туран” идеясына “чаптай” салуу – ал инсандардын ошол кездеги атуулдук көз карашына сыйбай турган доону сырт жактан жабыштырууга тете болчу.

Албетте, СТП менен байланыштуу айыпка кабылгандар социалисттик жана демократиялык идеяларды колдошкон, түрк элдеринин тарыхый боордоштугун дурус баалашкан, бирок эл аралык пантүркчүл Социал-Туран партиясын түзүү идеясын эч колдошмок эмес.

Демек, пикирибизде, СТП – бул сталиндик жазалоо механизминин Кыргызстанга ылайыкташтырылып таңууланган “беш өрдөгү”; бул - сталинчил тергөөчүлүк топтор түзгөн кагазда гана жашаган партияга байланыштырылган идеологиялык долбоор болгон.

Кыргызстандагы жана жалпы пост-советтик мамлекеттердеги мындан 90-80 жылдар илгерки чекисттик архивдик документтердин ачык жарыяланышы СТП сыяктуу далай “жалган партиялардын” жалаа катары чыныгы атуулдардын тагдырына балта чабуу үчүн колдонулгандыгы жөнүндө жалпы чындыкты ачууга өбөлгө түзөт деп ойлойбуз.

СТП партиясынын курултайы чындап болгондугу, анын программасы менен уставы чындап кабыл алынгандыгы жөнүндө эч дарек жок. Көп жоромолдор сталиндик жазалоолор курмандыгына айланган кишилердин токмоктолгондон кийинки “моюнга алуусуна” гана негизделген. Цивилизациялык дүйнөдө кыйноо менен алынган мындай маалыматтарды жалган маалымат катары гана баалап, четке кагышат.

Ата Бейит эскерүү жайы. Кыргызстан.
Ата Бейит эскерүү жайы. Кыргызстан.

Демек, 19320-30-жылдардагы сталиндик сот жүрүмдөрү тууралуу тарыхчылар айта турган сөздөр дагы да алдыда.

Кыргызстандын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия өзүнүн 2016-жылдын бештин айындагы (декабрындагы) чечими менен 2017-жылы сталиндик жазалоолордун 80 жылдыгына байланыштуу бир катар илимий иш-чараларды жүргүзүү планын кабыл алган.

И.Арабаев атындагы КМУдагы эл аралык кереге кеңеш – ошол чаралардын алгачкыларынын бири. Албетте, бул кереге кеңеш өзгөчө байсалдуу иш алып барды. Анын чечиминде мурдагы КГБнын пост-советтик өлкөлөрдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы сталиндик доорго - 1920-53-жылдарга таандык архивдик документтерин интернетте жана китептерде, маалымат каражаттарында ачык жарыялоо, бул жаатта эл аралык илимий жыйындарды ырааттуу уюштуруу сунуштары да киргизилди.

Менимче, пост-советтик мейкиндикте басма сөз эркиндиги жаатында кыйла ат чабым алдыга кеткен Кыргызстанда мурдагы КГБнын архивин ачуу мүмкүнчүлүгү алда канча жогору. 1990-жылдардын ортосунда Феликс Кулов Кыргызстандын коопсуздук мекемесин жетектегенде КГБнын архивин ачыктоо жаатында алгачкы саамалыктар пайда болгон. Эми бул саамалыкты жигердүү улантуу гана керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG