Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:26

Сталиндик диктатураны түшүнүү үчүн кээде азыркы Түндүк Кореянын саясий турмушуна үңүлүү жетиштүүдөй сезилет. Бирок дагы эле Сталинди актагысы келгендерге анын өзүнүн эле жакындарынын оор тагдырына таандык фактыларды ачып берип, аларды агартуу өзгөчө зарыл сыяктанат.

Сталиндин кайындары да болшевиктерге ишенген

Иосиф Сталиндин биринчи аялы – Екатерина (Като) Семёновна Сванидзе (1885—1907) болгон. Ал оорунун айынан мезгилсиз каза болгондо Иосиф экөөнүн уулу Яков болгону сегиз айлык ымыркай эле.

Катонун бир тууганы Александр Семёнович Сванидзенин болшевиктик партиялык жашыруун аты “Алёша” болгон. Ал 1920—1921-жылдары Советтик Орусиянын Тышкы иштер эл комиссариатында иштеген, ал эми 1921—1922-жылдары Грузияда жана Түштүк Кавказ (Закавказ) Социалисттик жумуриятында Каржы боюнча эл комиссары болуп иштеген. 1924‑1935-жылдары Германияда советтик соода кичи элчиси болуп иштеп турган. 1935-жылы СССРге кайтып, СССР Тышкы соода банкыын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Андан тышкары ал чыгыш таануу менен да алектенип, “Байыркы тарых кабарчысы” (“Вестник древней истории”) илимий журналын негиздеп, редакторлук кылган. Ал айтылуу Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын эски грузин тилинен орусчага которгон. Александр Сванидзе СССРдин Мамлекеттик банкынын төрагасынын орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.

Сергей Яковлевич Аллилуев (1866—1945), Сталиндин кайнатасы, өзү да революционер болгон. Ал тымызын үгүт жүргүзгөндөргө жана сүргүнгө айдалган революционерлерге көмөк көрсөтчү экен. Ал түгүл 1917-жылы июлда анын Питердеги батиринде Батыштан Финляндия аркылуу жашыруун келген Владимир Ленин баш паана тапкан. Сосо Жугашвилиге (Сталинге) да көмөк көрсөткөн.

Анын кызы Надежда Аллилуева (1901-жылдын 9(22)-сентябры, Бакы шаары — 1932-жылдын 9-ноябры, Маскөө шаары) 17 жашында Иосиф Жугашвили менен үйлөнгөн, бирок алардын никеси 1919-жылы 24-мартта расмий катталган. Сталинге 1921-жылы Василий деген уулду, 1926-жылы Светлана деген кызды төрөп берген Надежда өзүнүн тегатын (фамилиясын) сактап калган. Иосиф Сталин менен кер-мур айтышкан соң, 9-ноябрга караган түнү өзүн-өзү атып өлтүргөн кезде - ал болгону 31 жашта эле.

Сергей Аллилуевдин уулу Павел Аллилуев (1894—1938) да ыңкылапчы болгон. Атуулдук согушка катышкан. 1929—1932-жылдары Берлинде иштеп, СССРден Германияга жашыруун сатылып алынып жаткан учактардын жана кыймылдаткычтардын сапатын көзөмөлдөө ишин аткарган. Кийинчерээк генерал-майор даражасына чейин жетип, Жумушчу-Дыйкан Кызыл армиясынын Авто унаа жана чопкуттуу танк башкармалыгынын Саясий башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап турган.

Павел Аллилуевдин кызы Кира Павловна Аллилуева (Политковская) 1920-жылы туулган. Кичинекей кезинде Кираны Иосиф Сталин көп эркелеткен.

Куугунтук жана жазалоолор доору

1937-жылдан тартып Сталиндин кайындары да “тазалоо” өнөктүгүнүн курмандыгына айланышкан.

Александр Сванидзе 1937-жылы, СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК) башчысы Николай Ежовдун тушунда, камакка алынган. 1937-жылдын декабрынан 1940-жылдын декабрына чейин тергөө жүргөн. Ал “1922-жылдан тартып Грузиядагы улутчулдардын тобуна кирген жана 1929-жылдан тартып оңчулдардын антисоветтик уюмуна мүчө болгон, Германиянын кызыкчылыгында тыңчылык кылган” деген сыяктуу жалаага ылайык өлүм жазасына өкүм кылынган. 1941-жылы 23-январда бул өкүм жумшартылып, 15 жылдык абак мөөнөтү менен алмаштырылган, бирок бул жаңы чечим 20-августта кайра жокко чыгарылып, ошол эле күнү ал СССР ИИЭКинин Ежовдон кийинки башчысы Лаврентий Бериянын буйругуна ылайык аттырылган.

Өмүрүнүн акырында Александр Сванидзеге “Сталинден кечирим сурасаң жаның калат” деп билдиришкенде, ал эч кандай кылмыш кылбагандыктан, кечирим суроонун кажети жоктугун айткан экен. Бул жооп Сталинди ого бетер ачууланткан.

Александр Сванидзенин жубайы Мария Анисимовна Сванидзе 1938-жылы декабрда 8 жылдык абакка кесилген. Ага өзүнүн күйөөсүнүн антисоветтик ишмердигин жаап-жашырган деген айып тагылган. СССР ИИЭКинин Өзгөчө кеңешмесинин токтомуна ылайык, ал 1942-жылы 3-мартта атууга кеткен.

Александр Сванидзенин карындашы Мария (Марико) Семёновна Сванидзе да жогорудагы органдын токтомуна ылайык 1942-жылы 3-мартта аттырылган.

Бул – Сталиндин биринчи аялы Катонун төркүндөрү.

Ал эми анын экинчи аялы Надежданын бир катар тууган-туушкандары да сталиндик репрессиянын курмандыктарынан болгон.

Маселен, Надежданын агасы, генерал-майор Павел Сергеевич Аллилуев 1938-жылы жайында Сталинге кайрылып, Кызыл армиядагы жазыксыз жерден жазалоолорго учурап жаткандарга болушуп, куугунтуктарды токтотуу сунушун билдиргендердин биринен болгон. Санаторийде эс алып кайра кайткан соң, 1938-жылы 2-ноябрда иш кабинетинде жүрөгүнөн кармап өлгөн. Бирок анын капыс өлүмү шек туудуруп, балким, ууландырылып өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деген жоромол таркалган.

Павел Аллилуевдин сулуу аялы – Евгения (Женя) Александровна (1898—1974) күйөөсү өлгөн соң, Лаврентий Бериядан коркуп, 1939-жылы Николай Владимирович Молочников деген ойлоп табуучу инженерге турмушка чыккан. Баары бир Евгения 1947-жылы камакка алынып, 10 жылга абакка кесилген. Сталин өлгөн соң, 1954-жылы 2-апрелде Лубянка абагынан эркиндикке чыкканда да, Евгения өзүн Сталин бошоттурган деп ойлогон.

Анын экинчи күйөөсү Николай Молочников 1947-жылы жок жерден камакка алынган. 1954-жылы гана Н.Молочников мырза абактан бошотулган.

Сталиндин кайын эжеси Анна Семёновна Аллилуева (1896—1964) болчу. Анын күйөөсү – теги поляк Станислав Францевич Реденс (полякча: Stanisław Francewicz Redens; 1892-жылдын 17-майы — 1940-жылдын 12-февралы) өзү чекист болгон. С.Реденс Орусияда, Украинада жана Казакстанда иштеп турганда, жүз миңдеген жазыксыз кишилерди жазалоо ишине катышкан. 1938-жылы январда Казак ССРинин ички иштер эл комиссары болуп дайындалган. Бирок ошол эле жылы ноябрда камакка алынып, 1940-жылы 12-февралда “Польшанын кызыкчылыгында тыңчылык кылды” жана “чекисттердин арасында кутумчул уюм түзүүгө катышты” деген доолор боюнча айыптуу деп табылып, аттырылган.

Анна Аллилуева өзү 1946-жылы “Эскерүүлөрүн” жарыялап, анда Иосиф Сталин жактырбаган бир канча окуяларды камтый кеткен. Анда Иосифти бала чагында “Сосо” деп эркелетишкендиги, анын сол колунун катып калгандыгы ж.у.с. жагдайлар камтыла кеткен. Бул китеп 1947-жылы май айында “Правда” гезитиндеги макалада ачуу сынга кабылган. 1948-жылы Анна “тыңчылык кылды” деген шек менен камакка алынып, оболу 5 жылга, андан кийиин кошумча 5 жылга кесилген. 1954-жылы ал абактан бошотулганда, дээрлик акыл-эсинен ажырап, өз балдарын тааный албай калган.

Иосиф Сталин өзү эркелеткен Кираны да жөн койгон эмес. Кира Павловна Аллилуева жаңыдан гана актер Борис Политковскийге турмушка чыккан кези эле. Кира айымды (ал кездеги Политковскаяны) 1948-жылы 6-январга караган түнү камакка алышып, ал “Лефортово” абагында кармалган. Андан соң ал айтылуу үчтүктүн чечими менен болбогон жалаа менен айыпталып, Иваново облусуна 5 жылга сүргүнгө айдалган. 1953-жылы гана Кира боштондукка чыккан.

Эркиндикке чыккан соң, Кира Бористин жакындарынын өтүнүчүнө ылайык өзүнүн биринчи күйөөсүнө өзү менен ажырашууга уруксат берген.

Сталинге жана анын дооруна кыска-нуска баа

Бир ирет Сталиндин эрке кызы Светлана атасынан сурап калыптыр:

Ата, сен эмне үчүн менин таяжелеримди каматып салдың? Алар мени тарбиялап чоңойтушпады беле?

Иосиф Сталин кызына жооп кайтарыптыр:

Эгерде тийиштик кылып асыла берсең, анда сени да камап койом!

Деги, эмне үчүн Сталин өз жакындарынан бери абакка отургузду болду экен?

Бул суроого байланыштуу Кира Павловна Аллилуеванын Иосиф Сталинге берген кыска баасы төмөнкүдөй:

“Бул – анын кылык-жоруктары таптакыр чектен тыш киши болгондугунун айынан (Из-за того, что был глубоко неадекватным человеком). Аны кадыресе чен-өлчөм менен ченей албайсың: аны алдын-ала боолголоп билүү мүмкүн эмес эле, ал – кытмыр болчу; канчалык сенин ичи-койнуңа кирсе, ошончолук сени камакка алуу үчүн кепилдик көбүрөөк жаралчу”.

“Эл душманынын” баласы саналган Сергей Павлович Аллилуев Москва Мамлекеттик Университетинин физика-техника факултетин аяктаган, бирок ага аспирантурага өтүүгө тоскоолдук пайда болгон. Ошондо Иосиф Сталиндин уулу Василий Сталин анын аспирантурага кабыл алынышына көмөк көрсөткөн экен. Бирок миллиондогон кишилер жазыксыз жерден набыт болгон жана ГУЛагда кармалган кырдаалда Сталиндин уул-кыздары деле тоталитардык жазалоочу машиненин жазыксыз туткундарынан болушкан.

Сталиндин жакындары болсо аны 1910-20-жылдарда кандай көрүшсө, ошондой мамилесин 1930-жылдары ырааттуу улантышкан. Өз көз караштарын ачык айтышкан. Тамаша аркылуу же олуттуу мүнөздө сындарын билдиришкен. Алар бир гана нерседен жаңылышкан: өзүнүн саясий атаандаштарын, анын ичинде 1917-жылдын өктөбүрүндөгү болшевиктик ыңкылапты жүзөгө ашырган Владимир Ленин менен үзөңгүлөш болгон эски муундагы жана көз каранды эмес ой айта алган болшевиктердин катмарын кыргынга учураткан соң, Иосиф Сталин “партияга таянган падышага” – бир кезде өзү тайманбастан күрөшкөн ажыдаарга айланган.

Ал эми миллиондогон коммунисттерди ажалга же сүргүнгө айдаган ажыдаар өз жакындарын деле карабайт; өзүнүн миллиондогон аскеринин туткундагы тагдырынын алдын алып, согуш туткундары жөнүндөгү эл аралык гумандуу келишимдерге кол коюудан баш тарткан ажыдаар туткунга түшкөн өз уулу Яковду деле чекесинен сылабайт; бүтүндөй этносторду депортация кылып, жазыксыз жерден жазалаган ажыдаар үчүн өзүнүн мурдагы саясий талапташтарынын сары изине чөп сала кубалап, ал түгүл тээ алыскы Мексикага чейин киши өлтүргүчтү жалдап көзүн тазалоо – кадыресе көрүнүш.

1937-жылдагы кайгылуу окуялардын 80 жылдыгы эскерилип жатканда, “жаңыча Сталиниаданын” улам жаңы штрихтерин жалпылап чийишибиз абзел.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG