Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

ХРУЩЕВДУН СТАЛИНДИ АЙЫПТАГАН ДОКЛАДЫНА 50 ЖЫЛ ТОЛДУ


Бүгүн Орусияда экс-советтик жетекчи Никита Хрущевдун 1956-жылы Сталиндин бийлиги тушунда жасалган кылмыштардын бетин ачып, “жеке адамга сыйынуунун” бетин ачкан тарыхый докладынын 50 жылдыгы белгиленди. Жарым кылым өткөндөн кийин орусиялыктар Хрущевдун “жашыруун докладын” дагы бир сыйра таразага салып, өз өлкөсүнүн тагдырына тийгизген таасирин калчашты.

Мурдагы Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын ХХ сьездинде жасалган Никита Хрушевдун ал доклады тарыхка Сталин доорунун бетин ачкан алгачкы кадам катары кирип калды. Атап айтканда, Хрущев ал кезде Советтер Союзунда үч уктаса түшкө кирбей турган кадамга батынып, Сталиндин бийлиги килейген өлкөдө “жеке адамдын керт башына сыйынууга” алып келип, шектенүү, коркуу жана террорго негизделген деп элдин көзүн ачкан. Сталин андан 3 жыл гана мурдараак дүйнө салып, элдин көзүнүн жашы али кургай элек чакта жарыяланган бул доклад чыныгы эрдик болгону эми даана билинип отурат.

Никита Хрущев КПССтин ХХ сьездиндеги докладында андан сырткары Сталиндин Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жүргүзгөн тышкы саясатын, улутчулдук, жөөттөрдү жектөө сапаттарын сынга алып, 1936-жылдан 1938-жылга дейре Советтер Союзунда өкүм сүргөн массалык репрессия, куугунтук саясатын ашкерелеген.

Хрущевдун докладын угуп отурган адамдардын айтымында, алардын көбү эсин жогото жаздап, залда отургандардын бир даары көзүнөн жаш агызып ыйлап, кай бирлеринин жүрөк талмасы кармап, КПССтин сьезди өтүп жаткан залдан ооруканага жеткирилген. Жабык эшик артында өткөн сьездде жарыяланган жашыруун доклад кеңири коомчулукка бир айдан кийин, 1956-жылдын 18-мартында гана маалым болгон. Орусиялык белгилүү тарыхчы Рой Медведев ал кезде алыскы шаарлардын биринде орто мектептин директору эле.

-Компартиянын атайын чабарманы келип, партия мүчөлөрүн, колхоз-совхоз жетекчилерин, комсомол активисттерин чогултуп алып, кызыл китебин чыгарып алып, азыр мен силерге Никита Сергеевичтин ХХ сьездде жасаган жашыруун докладын окуп берем деди. Докладды 4 саат бою тынбай уктук. Угуп отургандар арасында Ата мекендик согушка катышып, Сталинди кудайындай көргөндөр жана мага окшоп, атасы репрессияга кабылып, түрмөдө көз жумгандар да бар эле.

Хрущевдун бул тарыхый докладынан көп узабай советтик түрмөлөрдөн он миңдеген саясий туткундар бошотулган. Сталин доорунун чыныгы жүзүн ачкан бул доклад атүгүл Чыгыш Европага да таасирин тийгизип, айрыкча Польша менен Мажарстанда саясий өзгөрүүлөрдү көксөгөн кыймылдар жанданган. Хрущевдун билдирүүсү бирок далай жылдар бою жашыруун документ катары сакталып, анын толук мазмуну 32 жылдан кийин гана, 1988-жылы жарыяланды. Тарыхчы Рой Медведев ал докладдын мааниси да узак жылдардан кийин айкын болгонун айтат.

- Ал кездери маалымат каражаттары Хрущевдун доклады жөнүндө ооз ачпады. Ал тапта биз билбеген бир топ олуттуу окуялар жүрүп жаткан эле. ХХ сьездден эки күн өткөн соң, Батыштагы коммунисттик партиялар Хрущевдун докладын айыптаган билдирүү таратышты. Советтер Союзу менен Кытайдын ортосунда жашыруун талкуу жүрүп жатты, анткени Кытайдын компартиясы ХХ сьездди катуу айыптап чыккан эле. Хрущевдун доклады тарыхты өзгөрткөн окуя болгон.

Ушу тапта да Орусияда Хрущевдун доклады туурасында ар кыл пикирлер айтылууда. Коммунисттик партия мүчөлөрү жана алардын тарапкерлери КПССтин ХХ сьезди өлкөгө пайдадан көрө зыянды көп алып келди деп белгилешсе, көпчүлүк байкоочулар Хрущевдун докладынын аркасында элди эзген сталинизм доору аяктаган деген баасын беришет. Эмнеси болсо да, 1956-жылы чет элдик эксперттер Советтер Союзунун жаңы жетекчиси либералдык реформатор деп жар салып бүтө электе, тарыхый сьездден 9 ай өтүп-өтпөй Мажарстанда антисоветтик көтөрүлүш чыгып, аны Хрущевдин бийлиги жөнөткөн аскерлер менен танктар талкалап-кыйратып, миңдеген кишилер өмүрүнөн ажырады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG