Линктер

шейшемби, 24-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:33

1937: Сталин эркелеткен кыздын кайгылуу тагдыры: Геля Маркизова


Советтик тургундар Сталин менен Геля Маркизованын плакаттагы сүрөтүнүн жанында сүрөткө түшүүдө. Артек, Крым. 27.8.1937.

Хрестоматияга айланган сүрөттө ‑ “Бактылуу балалыгыбыз жолдош Сталинге рахмат!” деген ураанга жем таштаган фотодо - Иосиф Сталин көтөрүп турган бурят кызы Геля (Энгельсина) Маркизова тартылган. Бирок бул сүрөттөгү бактылуу учур кыздын ата-энесин жазалоо алааматынан сактап кала алган эмес.

1937-жылдын ызгаардуу күзү. Ардан Маркизовдун камалышы

Алааматтуу 1937-жылы 17-ноябрда чекист, кенже лейтенант Бюраев кол койгон тергөө ишинин токтомуна караганда, Бүткүл союздук Коммунисттик (болшевиктик) партиянын – ВКП(б)нын Бурят автономиялык облустук комитетинин мурдагы экинчи катчысы, теги бурят, 38 жаштагы Ардан Ангадыкович Маркизов (тергөө документинде анын ысымы Ардын Андыкович Маркизов деп көрсөтүлгөн) контрреволюциячыл жалпы монголдук уюмдун мүчөсү катары контрреволюциячыл тыңчылык-диверсиячыл иш-аракеттерди жүргүзүп келгендиги “жетишерлик далилденгендиги” айтылган (Кыргызстанда жана жалпы түрк жумурияттарында “пантүркчү” деген термин камоо үчүн “мода” болсо, Буриятия менен Монголияда – “панмонголчу” термини “ишке жараган”) ..

Анын күнөөсү “опол тоодой” болчу. Негизги жазалоочу органдын – СССР Ички иштер эл комиссариатынын айыптоочу документинин корутундусунда мындайча бүтүм бар:

Гелянын атасы Ардан Маркизовго коюлган айыптоо жана анын сүрөтү. 17.11.1937.
Гелянын атасы Ардан Маркизовго коюлган айыптоо жана анын сүрөтү. 17.11.1937.

“1937-жылдын октябрь – ноябрында Бурят-Монгол АССРинин аймагында жапондук чалгындын тапшырмасына ылайык көтөрүлүшчү, бүлдүргүч (диверсиялык) иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан буржуазиялык-улутчул, антисоветтик, панмонголдук уюм ойрон кылынды... Бул уюмдун жетекчилеринин бири – Маркизов болчу... Маркизовдун жетекчилиги астында зоотехникалык курулуш тармагында өлчөөсүз зор зыян келтирилди. Анын айынан мал ылаңга жана жутка кабылды. Жаңы төлдүн чыгымы 40 000 туякты түздү...”

Ошентип, 1937-жылы кеч күздө Ардан Маркизов камакка алынган. 1938-жылы 14-июнда ал “эл душманы” жана “жапон тыңчысы” катары атууга кеткен.

Маркизовдордун үй-бүлөлүк таржымакалынан

1937-жылдын күзүнө чейин СССРдеги эң бактылуу кыздардан болгон Геля (толук аты – Энгельсина) дал ошол “эл душманы”, “панмонголчу” жана “жапон тыңчысы” делген Ардындын кызы болчу.

Геля 1928-жылы 16-ноябрда Байкал көлүнүн түштүк-чыгышындагы Верхнеудинск шаарында туулган. (Бул шаар 1920-жылы Ыраакы Чыгыш Республикасынын борбору болгон. 1934-жылдан бери Селеңга дарыясына куйган Үдэ өзөнүнүн атынан Улан-Удэ, бурятча – Улаан-Үдэ, б.а. Кызыл-Үдэ деп аталат).

Жогоруда кыскача маалымдалган инсан – советтик буряттардын чыгаан мамлекеттик ишмерлеринин бири Ардан Ангадыкович Маркизов болгон. Ал 1889-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1898-жылы) Иркутск облусуна караштуу Көйтүн жергесинде бурят дыйканынын үй-бүлөсүндө туулган. (тарыхчы Кыяс Молдокасымов тастыктагандай, демократ акын Токтогул Сатылган уулу оболу абакта отуруп, андан соң дал ушул Көйтүн жергесине сүргүнгө айдалган эле).

Ардан Маркизов 1919-жылдан бери болшевиктер партиясынын мүчөсү болчу. Кызыл армияда “актарга” каршы согушкан. 1936-1937-жылдары ал Бурят-Монгол АССРинин айыл чарба (жер иштери) эл комиссары жана ВКП(б)нын Бурят автономиялык облустук комитетинин экинчи катчысы болчу.

Гелянын энеси Доминика Фёдоровна Маркизова Байкал боюндагы Фёдор Пушкарёв деген казак-орустун кызы эле. Гелянын таятасы Фёдор 1896-жылы падыша Николай Экинчи Сибирди кезип жүргөндө анын белеги катары алтын саат алгандыгы маалымдалат. Демек, Фёдор таята оокаттуу жана кадыр-барктуу казак-орустардан болууга тийиш.

Ардан менен Доминика бир уул, бир кыздуу болушат. Алардын тун уулу Владлен (1926—1998) Баргузин кыштагында туулган. Кызы Энгельсина агасынан эки жаш кичүү болгон. Булардын ысымдары пролетардык илепте берилген (Владлен – Владимир Ленин, Энгельсина – Фридрих Энгельс ысымдарынан алынган).

Маркизовдордун кызы – СССРде бардык балдар суктанган даңазалуу кыз эле

1936-жылы январда Бурят-Монгол АССРинин ири өкүлчүлүгү СССРдин брборуна келет жана Иосиф Сталин тарабынан кабыл алынат. Бурят элинин чыгаан уулу, ошол кезде ВКП(б)нын Бурят автономиялык облустук комитетинин Биринчи катчысы болгон Михей Николаевич Ербанов (1889-жылдын 26-февралы — 1938-жылдын 8-февралы) өзү бул делегацияны жетектеген.

Михей Ербанов 1923‑1927-жылдары РСФСРдин курамындагы Бурят-Монгол АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болгон жана бир эле учурда 1929-жылдын декабрынан — 1937-жылдын октябрына (өзү камалганга) чейин Бурят-Монгол автономдук жумуриятынын коммунисттеринин облустук комитетин жетектеген.

Сталин менен Геля Маркизованын сүрөтү. Арттагы киши – Михей Ербанов (1889-1938), бурят коммунисттеринин ошол кездеги Биринчи катчысы. Москва. 27.1.1936.
Сталин менен Геля Маркизованын сүрөтү. Арттагы киши – Михей Ербанов (1889-1938), бурят коммунисттеринин ошол кездеги Биринчи катчысы. Москва. 27.1.1936.

Кремлдеги буряттар үчүн эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу маалында кичинекей Геля Маркизова ВКП(Б)нын Борбордук Комитетинин Башкы катчысы Иосиф Сталинге бурят балдарынын атынан кош гүлдесте тапшырган.

Айтмакчы, бул кош гүлдестени жана татынакай матростук күрмөнү кызга энеси Доминика сатып берген болчу. Ага жаңы туфли да сатып беришкен, бирок атасы аны алмаштырууну унуткарып, Геля жыйындын төрүнө кийиз чокою менен эле чыгып кетиптир. Эки гүлдүн бирин Климент Ворошиловго бер деп үйрөтүшкөн, бирок кичинекей Геля гүлдестенин экөөн тең Сталинге берип койгон.

Геля быдылдап тез сүйлөп: “Бул – сизге Бурят-Монголиянын балдарынын саламы!” - деп айткан. Чет жактагылардын “өөп кой” деп шыбыштаганын угуп, андан кийин Сталиндин бетинен өпкөн.

Ыраазы болгон Сталин бурят кызын бооруна көтөргөн. Журналисттер бул көз ирмемди илгиртпестен сүрөткө тартып алышкан.

Сүрөттө арттараак турган үчүнчү киши – бул ВКП(б)нын Бурят автономиялык облустук комитетинин Биринчи катчысы Михей Ербанов. (Кийинчерээк, ал камалып жана атууга кеткен соң, албетте, анын сүрөттөгү элеси өчүрүлгөн. – Бул окуяны Николай Ежовдун сүрөтүнүн өчүрүлүшү менен салыштырыңыз).

Салтанаттуу жыйын аяктап калганда Гелядан “алтын саат каалайсыңбы, же патефонбу?” деп сурашса, ал экөөн тең каалаарын айткан. Бул белектерди ага эл көзүнчө тапшырышкан. Алтын саатта “Партиянын жолбашчысы И.В.Сталинден Геля Маркизовага. 27.1.36-ж.” («От вождя партии И. В. Сталина Геле Маркизовой. 27.1.36 г.») деп чегип жазылган текст түшүрүлгөн.

Ал кезде Гелянын энеси Доминика Москва медициналык институтунда таалим алып жаткан. Албетте, Гелядан мурда анын ата-энеси өздөрүн бактылуу сезгени түшүнүктүү. Ал эми 1-февралда Гелянын атасына Эмгек Кызыл Туу ордени ыйгарылган.

Сталин менен Геля Маркизованын сүрөтү «Известия» гезитинде. 01.5.1936.
Сталин менен Геля Маркизованын сүрөтү «Известия» гезитинде. 01.5.1936.

Ошол эле 1936-1937-жылдары бул фото ай-ааламга жар салган фото чыгармага айланды. Бул окуя советтик кино хроникага да түшүрүлдү.

Бүткүл Советтер Биримдигинин аймагында бул фото “Бактылуу балалыгыбыз үчүн жолдош Сталинге ыракмат!” жана ушул сыяктуу ураандар жазылган плакаттарды таркатуу өнөктүгүнө ургаалдуу колдонулду.

Геля Улан-Удэге кайтканда аны тим эле космонавт кыз Жерге кайтып келгендей барктап тосуп алышкан.

Буриятиядагы табигый кырсык жана сталиндик алаамат

1937-жылдын күзү, бирок, бир чети, Сталин колдойт деген эйфорияда турган, экинчи чети, сталинчил жазалоолордун эпкининен чочулаган Бурят-Монгол АССРинин жетекчилиги үчүн каргашалуу болду.

1937-жылдын күзүндө Буриятияда малдын жапырт ылаңга учурашы жана жутка кириптер болушу ансыз да “эл душмандарын табуунун” планын ашыра аткаргысы келгендердин чырагына май тамызган “үчтүктөр” жана алардын кызматындагы чекисттер үчүн зор шылтоо болду.

Мурунку, 1936-жылдын 31-январында, мал чарбачылыгы боюнча мамлекеттик планды ашыра аткаргандыгы үчүн Ленин орденине татыган Михей Ербанов 1937-жылы 7-июлда Сталинге жашыруун телеграмма жөнөтүп, НКВД багыттаган “үчтүктөр Бурят-Монголияда жөн гана тизмени текшерүү менен алектенеби, же өкүм чыгаруу ыйгарым укугуна да ээби?" – деп сураган. Ошол айдын 21инде ага Сталинден жашыруун телеграмма аркылуу жооп келген: “Турмушка ашырылып жаткан тажрыйбага ылайык, үчтүктөр биротоло деп каралган өкүмдөрдү чыгарышат” (“По установленной практике тройки выносят приговора, являющиеся окончательными”).

Ошол кат алышуудан көп узабастан, жогоруда айтылгандай, Бурят-Монголияда ири жут катталган. Муну чекисттер “сырткы диверсиянын жана атайылап уюштурулган ички душмандык аракеттин кесепетинен болду” деп жорум кылган.

1937-жылы сентябрда Михей Ербанов Москва (Маскөө) шаарында камакка алынган жана 1938-жылы алиги үчтүктөрдүн чечимине негизделип атууга кеткен. (Ал өлгөндөн кийин, 1956-жылы, кайра акталган).

Эгерде Гелянын атасы Ардан Ангадыкович Маркизов контрреволюциячыл жалпы монголдук уюмдун жигердүү мүчөсү катары айыпталса, анын жашы улуу замандашы жана шериги Михей Ербановго “пантүркчү” деген да жарлык тагылган. Бурят-Монгол АССРинин ички иштер эл комиссары В. А. Ткачев 1937-жылы күзүндө чүргөгөн телеграммада Михей Ербанов Турар Рыскулов жетектеген Борбордук Азиядагы “пантүркчү борбор менен байланыш түзүп алгандыгы тергөөнүн жүрүшүндө далилденген” деп маалымдалган.

Бул чуулгандуу иш боюнча 142 киши камакка алынган. Алардын ичинде 5 эл комиссары, ВКП(б)нын 5 райондук катчысы, райаткомдун 5 төрагасы, НКВДнын 3 кызматкери, кулактар менен ламалардын 68 өкүлү камалган.

Ткачевдун телеграммасы боюнча СССРдин ички иштер эл комиссары Николай Ежов Иосиф Сталинге 1937-жылдын 17-ноябрында кайрылып, Маркизов жана башкаларды камакка алууну сунуштайт. Сталин бул катка “Жолд. Ежовго. Камоону колдойм. Ст.” («Т. Ежову. За арест. Ст.») деп макулдугун берген кыска чечимин жазат.

Жетим кыздын кийинки тагдыры

1938-жылы бир жагынан Геля Маркизова атасынан ажырап, “эл душманынын урпагы” жарлыгынын зардабына кабылган. Экинчи жагынан, анын жолдош Иосиф Сталин менен бирге түшкөн сүрөтү сталинизмди чыңдоого үгүт каражаты катары байма-бай колдонулуп жаткан.

Геля энесинин көрсөтмөсү менен Сталинге өз атасы “чыныгы болшевик экендигин, эч кандай тыңчы (”шпион”) эместигин, партияга жана жеке Сталинге берилгендигин” жана башка артыкчылыктарын жазып, кат менен кайрылган. Ага өзүнүн Сталин менен түшкөн сүрөтүн да тиркеген. Бирок катка эч жооп келген эмес.

Көп узабай, Ардан Маркизовдун жубайы Доминика да камакка алынып, кичинекей кызы жана уулу менен Түркстанга (Казакстандын түштүгүндөгү шаарга) сүргүнгө айдалган. Доминика ар аптада чекисттердин органдарына барып, эч жакка качпагандыгын билдирип, катталып турууга тийиш болгон.

Ал күйөөсү тууралуу сурамжылаганда, ага “күйөөң эч кат жазып туруу жана кат алуу укугу жок шартта он жылдык абакка кесилген” деген жалган маалыматты беришкен.

Доминика айым шаардык ооруканада балдар дарыгери болуп иштеп жаткан чагында түнкү нөөмөт учурунда белгисиз себептерден улам каза болгон.

32 жашында дүйнөдөн мезгилсиз өткөн айым, айрым маалыматтарга караганда, киши колдуу болгон, бирок “эл душманынын аялы” эмнеден өлгөнүн эч ким тергөөгө алып, териштирген деле эмес.

Ал эми Геля өзүнө Сталин берген алтын саат менен патефонду дайыма жанында алып жүргөн. Кийинчерээк бул белектерди ал мамлекеттик музейге тапшырган.

Энеси өлгөн соң Владлен менен Геля убактылуу балдар үйүндө кармалгандыгы жоромол кылынат. Акыры, болжол менен 1941-жылы аларды Москвада турган таяжеси багып алат. Аларга таяжездеси Сергей Дорбеевдин ысымы берилет.

Москвадагы, кийин Йошкар-Оладагы мектептен окуганда Гелянын - Энгельсинанын документинде "Сергеевна Дорбеева" деген жаңы тегаты жазылып калган. Тегатты өзгөрткөн мындай ыкма “эл душманы” болгон кишинин урпагын болочокку ар кандай кысымдардан коргоо боюнча жалпы СССРде таркалган көрүнүш эле.

Гелянын сүрөтү тууралуу айрым жалган маалыматтар

Атасы “эл душманы” болуп, энеси да сүргүнгө айдалган соң, Сталин бооруна көтөрүп түшкөн кыз - Гелянын жеке таржымакалы совет басма сөзүндө ачык айтылган эмес.

Иосиф Сталин менен жоолукчан тажик пионери Мамлакат Нахангова. 04.12.1935. Б.Игнатовичтин сүрөтү.
Иосиф Сталин менен жоолукчан тажик пионери Мамлакат Нахангова. 04.12.1935. Б.Игнатовичтин сүрөтү.

Ал түгүл аны пахтачылыкта мыкты көрсөткүчкө жетишкен деп даңазаланган жана өспүрүм болсо да Ленин орденине ээ болгон мектеп окуучусу, пионер, теги тажик Мамлакат Акбердиевна Нахангова (тажикче Мамлакат Оқбердиевна Наҳангова; 1924‑жылы туулган) менен чаташтырган учурлар да болгон.

Чоң кишилер эптеп ар күнү 15 кило пахта терсе, Мамлакат эки колу менен шыпылдап күнүгө 80 килого чейин пахта терип, ал түгүл 102 кило терүүгө убада кылган. Айрым жашы улуу кишилер аны коркутуп-үркүтүшкөн. Ошентип, ал дагы СССРдеги стахановчулардын тизмесине илинип калган. Албетте, Тажикстанда да кимдир-бирөөнү жаңычыл катары даңазалап чыгуу керек болгон.

Улуттук кийимчен, топучан кичинекей Мамлакат чын эле Сталин менен 1935-жылы декабрда сүрөткө түшкөн, бирок аны матрос күрмөчөн кичинекей Геля менен чаташтырууга эч мүмкүн эмес эле.

Дагы бир жалган окуя – Сталиндин грузинче айтканы жоромол кылынган адептүүлүккө сыйбаган сөз менен байланыштуу.

Айрым анти-сталиндик анекдоттордо матрос күрмөчөн кичинекей кызды бооруна көтөргөн соң, Сталин жанындагы Берияга кыз түшүнбөгөн бир тилде «Момашоре ег тилиани» деп айткан имиш. Муну жаттап калган Геля эрезеге жетип, чыгыш таануучу болгон чагында гана бул сөз грузинчеден “Бул биттеген кызды ары алып кетчи!” деп которулаарын үйрөнгөн имиш.

Бирок адистер бул анекдотту таптакыр ойдон чыгарылган деп санашат. Анткени өз оюн тайманбай билдирчү инсан болгон Энгельсина киийинки эч бир эскерүүсүндө бул сөз тууралуу айткан эмес. Андан тышкары, Сталин менен Энгельсина (Геля) чогуу сүрөткө түшкөн маалда – 1936-жылдын 17-январында – Лаврентий Берия дагы эле алыскы Тбилиси шаарында иштеп жаткан.

Энгельсинанын жетилген курагы жана кийинки жашоосу

1947-жылы Геля Мары мамлекеттик педагогикалык институтуна окууга тапшырган.

Кийинки, 1948-жылы ал Москва мамлекеттик университетинин (ММУнун) тарых факултетинин чыгыш таануу бөлүмүнө өткөн жана Иосиф Сталиндин кызы Светлана менен чогуу бир факултетте окуп калган. Өзү “эл душманынын кызы” болгондуктан, ал Светлана менен деле эч жакындашкан эмес. Бирок алар бири-бирин жакшы билген. Себеби бүткүл СССР аймагы боюнча Сталиндин Геля менен түшкөн сүрөтү жайнап турган.

1945-жылдан тартып ММУда окуган, кийинчерээк көрүнүктүү диссидент болгон Людмила Алексеева Энгельсина Дорбеева (Маркизова) менен жакын курбулардан болгон.

Энгельсинанын алгачкы күйөөсү – чыгыш таануучу-индолог Эрик Наумович Комаров болгон. Андан төрөгөн кызы Лола Эриковна Комарова – таанымал психолог окумуштуу. Күйөөсү менен Индияда жашап жүргөндө Энгельсина бир топко кошулуп Жавахарлал Неру менен чогуу сүрөткө түшкөнү маалым.

1960-жылдары Энгельсина экинчи ирет турмушка чыккан. Анын бул жолку күйөөсү – чыгыш таануучу Марат Чешков. Андан Алексей деген уулдуу болгон. Өзү да тегатын Чешкова деп өзгөрткөн. 1974-жылы Энгельсина Чешкова “XIX кылымдын биринчи жарымындагы вьетнам-камбожа мамилелери” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Энгельсина СССР Илимдер академиясынын Москвадагы Чыгыш таануу институтунда да эмгектенген.

2004-жылы 11-майда Энгельсина Чешкова (мурдагы тегаттары: Маркизова, Дорбеева) Түркиянын Анталия шаарында уулу менен эс алып жүрүп, капысынан жүрөгүнөн кармап, дүйнөдөн кайткан.

Ак ийилет, бирок сынбайт

Тарыхый инсандар жана окуялар мезгилдин өтүшү менен гана акыры калыс баага арзыйт.

Бурят элинин 1936-38-жылдары саясий кыргынга учураган залкар ишмерлери кийинчерээк акталышкан.

Гелянын өзү да коммунисттик чидер жок болгон эркин коомдо жашоого үлгүрдү. Ал өз кадыр-баркы менен жашады. Советтик типтеги тоталитардык коммунисттик системанын ойрон болгонуна күбө болуп, бул дүйнөдөн узады.

Бурят коммунисттеринин жазыксыз жерден сталиндик-чекисттик ыкмалар менен жазаланышы жана кийинчерээк толук акталышы акыры тоталитардык түзүлүш кулай турган күн келээрин тастыктады.

Кыргыз эл макалында айтылгандай, ак ийилди, бирок эч сынбады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG