Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:09

“Ата-Бейит” мемориалдык комлексинде өткөн жарандык форумда өлкөдөгү адам укугу менен эркиндигинин абалы начарлап жатканы айтылды.

Жарандык активисттер жана саясатчылар башкача ойлонгондорго карата куугунтуктоо чаралары мурдагы бийлик режимдеринин учурундагыдай абалга түшкөнүн белгилешти.

Жарандык коом өкүлдөрү бийликке тарыхтын сабактарын эстен чыгарбоону талап кылган Хартияга кол чогулта башташты. Бирок бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда адам укугун абалы жакшы экенин жана эркиндиктин деңгээли кээде чегинен ашып жатканын мисал келтирген учурлар арбын.

Жарандык форумдун жагдайы

Бишкектин четиндеги сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде “Эркиндик жана тилектештик” деген аталыштагы жарандык форум өттү. Анда өткөндүн сабактарын унутпастан, өлкөдөгү адам укугун жана эркиндигин сактоого чакырык ташталды.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бул жарандык форумду уюштурууга негиз болгон жагдайга мындайча токтолду:

- Соңку мезгилде Кыргызстанда эркиндикке жана демократияга болгон басым күчөдү. Бийликтин айтканы менен болбогон саясатчыларга, жарандык коомдун өкүлдөрүнө, укук коргоочуларга жана журналисттерге карата кысым көрсөтүү кайрадан улантыла баштады. Аларга карата ар кандай соттук доолор, коркутуп-үркүтүүлөр жүрүп жатканы дагы белгилүү. Бийликке ыңгайсыз саясатчылар менен жарандык коом активисттерин байма-бай каралоо кадимки көрүнүшкө айланды. Бул бизди бардыгыбызды бириктирип, ага каршы күрөшүүгө жана каршылык көрсөтүүгө түртөт.

Тарыхтын сабагы

“Ата-Бейитте” өткөн жарандык форумда 1937-38-жылдары атууга кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилди.

Унутта калган репрессия курмандыктары

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

Учурунда ар кандай мамлекеттик кылмыштарга жалган жалаа менен айыпталып, сотсуз эле атылып, сөөктөрү Чоң-Таштагы чуңкурга көмүлгөндөрдүн арасында кыргыз мамлекетин түптөгөн ошол кездеги белгилүү инсандар болгон. Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов жана Касым Тыныстанов сыяктуу ондогон партиялык жана мамлекеттик ишмерлер улутчулдукка айыпталып, атууга өкүм кылынган.

Кыргызстандын Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы Баялы Исакеевдин кызы Лариса Баялы кызы мындай дейт:

- Менин атам Кыргызстандын союздук республика болуп түптөлүшүнө салымын кошуп, өнүгүүсү үчүн көп аракет кылган экен. Бирок ал жалган жалаа менен 37-жылы камакка алынып, бир жылдан кийин ушул жерде башкалар менен бирге атылган экен. Мен анда атамдан үч жашта ажыраптырмын. Мен Казакстанда балдар үйүндө чоңойдум. Кийин эс тартканда Кыргызстанга келип, атамдын кандай тагдырга туш болгонун билгем. Бирок сөөгү каякка жашырылганын билбейт элем. Аны 91-жылы гана билдик. Мына ушуга окшогон репрессия эми Кыргызстанда эч качан болбосун.

Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыктагы Чоң-Ташта 19 улуттан турган 137 адам саясий репрессияга тартылып, сөөктөрү белгисиз бир чуңкурга көмүлгөн. Бул жерде жалган жалаа менен камакка алынып, атылган саясий ишмерлердин сөөгү жашырылганы 1991-жылга чейин коомчулукка белгисиз болгон.

Бул сырды алгач Бүбүйра Кыдыралиева аттуу жаран айтып чыккан. Мына ошондон кийин гана алардын сөөктөрү 53 жылдан кийин табылып, “Ата-Бейитке” кайрадан расмиси менен жашырылган.

Учурда жашы токсонго келип калган Бүбүйра апа бул сырдын оор жүгүн көп жыл көтөрүп жүргөнүн мындайча белгиледи:

- 38-жылы болгон окуяны атамдан угуп, ушул жерде чоңоюп, ушул жерде жашап жүрүш аябай эле оор экен. 91-жылга чейин ушул маселени ачык жарыялап айтайын деп, канчалаган мекеменин эшигин жырттым. Көпчүлүк учурда барып, бирок ачык айтууга эрким жетпей жүрдү. Атам айтып кеткен аманатты жеткире албай айлам кеткен учурлар болду. Анан калса ошол жылдары ооруп жүргөн элем. Өлүп калсам, бул сыр мени менен кетпесин деп акыры ачыкка чыгардым.

Тилектештикке чакыруу

Ошол эле кезде бийлик Кыргызстандагы эркиндиктин жана адам укугунун абалы кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ жакшы деген жүйөнү карманып келет.

Эркиндик үчүн күрөшкөндөрдү эскерүүгө келген “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жарандарды куугунтукка каршы күрөштө бирге болууга чакырды:

- Эгерде биз тилектеш болуп, жалпы кызыкчылыгыбызды бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандай коргобосок, бул бийлик баарын бириндетип укугун тебелеп, басмырлап жок кылат. Фейсбукта “жакты” дегенди баскан салт бар экен. Мен ошол маалыматтардын астына ошентип “жактыны” баскандарды жалкоо жана жоопкерчилиги жогураак адамдар катары кабыл алчу элем. Анткени жарандык позициясын ачык айтып, кандайдыр бир кол кабыш кылуунун ордуна “жакты” дегенди басат дечү элем. Азыр эми аны басуу дагы эрдик болуп калды. Анткени азыр атайын кызмат интернеттеги мына ошондой адамдарга карата дагы чара көрөбүз деп коркутуп жатыптыр. Бул аябай коркунучтуу тенденция.

Бул иш-чараны Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир Дүйнө - Кыргызстан” уюму, “Кылым шамы” коомдук фонду, “Азман” cтудиясы жана Кыргызстан кинематографисттер бирлиги уюштурду. Иш-чаранын аягында өлкөдөгү эркиндикти жана адам укугун коргоого багытталган Жарандык хартия кабыл алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG