Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

Жарым кылымга созулган куугунтук


Касым Тыныстанов
Касым Тыныстанов

Быйыл 1937 – 38-жылдардагы сталиндик кандуу жазалоолорго 80 жыл толот. “Азаттыкта” канды булоондун башаты болгон 1917-жылкы Орусиядагы Октябрь ыңкылабы тууралуу уктуруу обого чыгарылган.

Бул ирет кандуу жазалоонун курмандыгы, жарым кылымдан ашуун коммунисттик заманда аты аталбай, чыгармалары жарыяланбай келген кыргыздын чыгаан уулу Касым Тыныстановдун кайгылуу тагдыры тууралуу сөз кылабыз. Анын социализм заманында акталышы да узак жылдарга созулуп, Горбачевдук "кайра куруу" жылдарында аты айтыла баштаган.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Касым Тыныстановдун каламынан чыккан илимий-көркөм эмгектеринин көлөмү 120 басма табакты түзөт. Мынчалык үлкөн ишти социализм заманында жүздөн ашуун кадры бар илимий институттун кызматкерлери бир жыл ичинде аткарган.

Мына ушундай зор эмгекти 1924-жылдан 1937-жылга чейинки 13 жыл аралыгында колду байлаган коомдук иштерине карабай Касым Тыныстанов жалгыз өзү эле аткарып койгон. Акыйкатта да, көркөм чыгармачылык менен алектенип, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, республиканын маданий иштерин уюштурууга жетишүүгө бул адам кантип убакыт тапканына таң калбай коё албайсың.

Касым Тыныстанов өз мезгилинен кыйла алдыга озуп кеткен, улуту үчүн чындап күйгөн намыскөй, илим менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак ала жүргөн инсан болгон. Жаш кезинен кандуу бийликтин каарына калбаса анын адабий чыгармачылыкта, илимде аткарчу иштери мындан да бийик, мындан да барандуу болмок.

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу - ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Бирок 1933-жылдан тарта Касым Тыныстановдун асманында кара булут айланып, артынан сая түшкөн куугунтуктан кара башын кантип куткарып калуунун аргасын издеп, каршы тараптын койгон айып-күнөөлөрүнө деле макул болуп, жалган жалааларга бекем каршы тура албай, гезит аркылуу кечирим сура десе анысын да бир нече ирет жасап, бирок сталиндик кандуу жазалоодон кутула албай 1938-жылы атылып кеткен.

Сталиндик бийлик анын кайсы жерде көмүлгөнүн жашырып, Кыргызстан эгемендигин жарыя кылгандан кийин Бишкектен анча алыс эмес Чоң-Таш айылындагы бейкүнөө атылып кеткен кайрандардын катарында сөөгү табылды. Өкүнүчкө, Касым Тыныстановдун куугунтук курмандыгына айлангандан кийинки акыйкатка жетиши өтө эле узакка созулуп кеткен.

Адабиятчы Курманбек Абакиров муну таңкалычтуу жагдай катары мүнөздөйт.

- Өлгөн кишини партиядан чыгарып, кайра калыбына келтирип, кайра чыгарып койгон окуялар дүйнөлүк тарыхта сейрек кездешсе керек. Анан Касым Тыныстановдон башка кишилер да бар. Бул жерде белгилүү кишилердин жеке салымы да бар деп ойлойм. Касым Тыныстановдун атын биротоло өчүрүү, атын элге жеткирбөө максатында ошол кездерде республиканын башында турган адамдарга таасири бар башка бирөөлөрдүн демилгеси менен ушундай иштер жасалса керек. Партиянын Борбордук комитетине ошондой адамдар кайрылып, муну чыгарбоо керек, өтө зыяндуу нерсе, бул советтик түзүлүштүн, идеологиянын талаптарына туура келбейт, дегендей сөздөрдү айта берсе, балким жазышкандыр. Бул маселе дагы иликтенет болушу керек. Мына Самсак Станалиевдин Жоомарт Бөкөнбаев менен Касым Тыныстановго арналган “Чагылгандын көз жашы”, “Жылдын эң узак күнү” деген романдарында мунун чет-бучкагы айтылган. Эми аны биз жазуучунун жеке көз карашы, позициясы деп койсок да болот. Анан ушул маселенин көп жагы бизге ушул күнгө чейин бүдөмүк. Орой айтканда, сөөгү сөпөт болгон кишини кайра көрдөн сууруп алгандай болуп, башка бирөөлөрдүн арызы менен партиялыгын калыбына келтирип, кайра чыгарып, муну коомго ачык айтышпай, тымызын жасашканы табышмак. Мунун түпкү максаты эмне? Түпкү максаты эле ошол, кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы бар. Касым Тыныстановбу, башкасы болобу биротоло атын чыгарбашы керек. Элдин эсинен өчүрүү керек дегендей жеке кызыкчылык болгондур деп ойлойм. Болбосо партиялык бийликтин башында отургандарга андан башка иш жок беле? Ошолор ушул маселеге кечке эле кызыгып отурушуптурбу? Демек, муну сөзсүз козгогон кишилер болгон.

Тыныстановдун акталышы социалисттик Кыргызстан шартында жарым кылымдан ашуун убакытты алары, бул иш коммунисттик бийликтин жүзүн кашкайта көрсөтчү окуяга айланары, ага кандайдыр бир деңгээлде аралашпаган кыргыз аткаминерлери калбаганын эгемендик заманда архивдик маалыматтар ачыкка чыгарды.

Сталиндик кандуу жазанын капшабына кабылган миллиондордун катарында Касым Тыныстанов акталганын 1957-жылы СССРдин Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы ырастаган. Бир жылдан кийин Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин бюросу Касым Тыныстановду актап, партиялыгын калыбына келтирген. Ошону менен кыргыз тил илими менен профессионал адабиятынын башында турган кайталангыс таланттын эмгеги эске алынып, адилеттик калыбына келиши керек эле.

Бирок да 1960-жылы Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети мурдагы токтомун жокко чыгарган. Кайрадан Касым Тыныстановду каралоо өнөктүгү башталган, "эл душманынын" атын атоого тыюу салынган. Хрущёвдук бийликтин тушунда азыноолок жумшара түшкөн саясий жагдайда Касым Тыныстановдун акталып кайра караланышы кандайынан келгенде да Кыргызстан шартында гана кездешчү кайгылуу окуя. Аны Касым Тыныстановдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн окумуштуу Нуржан Нарынбаева субъективдүү жагдайларга байланыштырат.

- Тыныстановдун мурастары, поэзияда болсун, кара сөздө, көркөм котормодо болсун стили өзгөчөлөнүп турат. Тыныстановдун 38-жылы ак жерден атылып кетишин курал катары пайдаланып кетишкен. Тыныстановдун деңгээлине жете албагандар пайдаланган.

Эмнеликтен сталиндик кандуу жазалоонун капшабына туш келген репрессия курмандыктарынын арасынан Касым Тыныстановдун совет бийлиги тарыхый тактысынан кулай баштаган чакта акталышы, ал кездеги бийлик менен илим, адабият жаатындагы кыргыз интеллигенция өкүлдөрүнүн айрымдары чочулап, башкалары чындап эле жек көрүп, жада калса атынын аталышына каршы чыгып келиши ушу кезге чейин табышмак.

Тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова өткөн кылымдын 20 - 30-жылдардагы куугунтукка кабылган интеллигенциянын тагдырын иликтеп келаткан окумуштуу. Анын ырасташынча, акталып чыккан илимпоздун кайрадан караланып, аты аталбай келиши ошол кездеги жергиликтүү коммунисттик бийликтин куугунтуктоо күүсүнөн тайбай келатканын көрсөтөт.

- Акталып чыгып, кайрадан караланып калганы бул ошол мезгилде саясий куугунтуктар кайрадан башталганын билдирип турат. Касым Тыныстанов “Академия кечелеринде” Шабдан баатырды тарыхый инсан катары көтөрүп чыккандардын бири. Ал кездеги көз караш боюнча тарыхты эл жасачу. Советтик эл деген түшүнүк пайда болуп калган. Тарыхый инсандардын ролун төмөндөтүүгө, алардын терс жактарын гана көрсөткөн учур болгон. Менин оюмча, Касым Тыныстановдун кайрадан репрессия болушуна ошол тарыхый инсандарды көтөргөнү себеп болду го деп ойлойм.

"Ырды Пушкинден кем жазбайт"

Касым Тыныстановду мектеп партасынан бери мыкты билген айтылуу аалым Кусейин Карасаевдин ырасташынча, ал илимде болсун, көркөм чыгармачылыкта болсун башкалардан айырмаланып турган таланттуу инсан болгон.

"Касым кара сөзгө да чыйыр салган. Анын которгон ырлары да мыкты чыгаар эле. Котормолордун көбү чыкпай калды. «Манаста» «Алмамбеттин жомогу» деген бөлүмү бар эмеспи. Ошону кыргыз тилинен орусчага которду. Ошол котормону басып отурган машинистканын окуп алып ыйлаганын көргөм. Көркөм сөздү орусча да дал өзүндөй жаза билген киши болчу. Ал гана эмес, орус тилинде ыр жазган. Орусча жазылган ырлары чыккан жок. Аны менен бирге иштешкен орус достору: «Ырды Пушкинден кем жазбайт» – деп макташчу. Ал орусчаны акцент менен сулуу сүйлөчү да, өтө мыкты билчү. Бул да болсо табияттын ага берген сыйы. Касым өзү дайым толкуп отурчу. Сөзгө уста болгон адам искусствого да абдан жакын болот эмеспи. Ал дайыма Карамолдону үйүнө чакырып, комузун черттирер эле", деп эскерген Кусейин Карасаев.

Унутта калган репрессия курмандыктары

Унутта калган репрессия курмандыктары

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

Кыргыз адабияты менен илими үчүн опол тоодой эмгек өтөгөн улуу инсандын бейкүнөө атылып кеткенин борбордук бийлик моюнга алып актаганына карабай, Кыргызстанда Касым Тыныстановду каралоо аракети жарым кылым токтолбой келгенин түшүндүрүү кыйын. Касым Тыныстановго байланышкан архивдик маалыматтар чыпчыргасы коробой жарык көрдү. Тарых кимдин кандай позицияны карманганы, кимдер чыгармалары менен илимий эмгектерин окубай эле жалаакор сындын жебесин жаадырып турганын ачыкка чыгарды.

Партиялык жыйындарда, чоң чогулуштарда Касым Тыныстановдун илимий эмгектерин жарыялоо тууралуу кеп кылган академик Болот Юнусалиев, сынчы Шаршенбек Үмөталиев, акын Кубанычбек Маликовдор кандай ур-тепкиге алынышканы ошол документтерде сакталып турат. Шаршенбек Үмөталиев менен Кубанычбек Маликов партиялык кысымга чыдабай баштагы позициясынан тайып, башкача сүйлөп калышканы, бирок академик Болот Юнусалиев акыйкаттык үчүн аягына чейин тик турганы да тарыхта калды.

Академиктин аракети менен КПСС БКнын партиялык комиссиясы 1964-жылы Касым Тыныстановду экинчи ирет актаган чечимин чыгарган. Бирок ал чечимди аткаруу ордуна Москванын айткан-дегенин илгиртпей аткарган Кыргызстандын парттөбөлдөрү документти катып коюшуп, дагы бир топ жыл Касым Тыныстанов менен ХIХ кылымдагы "Замана" адабий агымынын көрүнүктүү өкүлү Молдо Кылычтын чыгармалары басылбай, аты аталбай келди. Мунун себеп-жөнүн тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев мындайча түшүндүрөт.

- Москвага жаман көрүнүп калбайын деген кыязда эл арасынан чыккан айрым интеллигенттердин ой-пикирлерине, ураандарына каршы чыгууга аргасыз болушту. Антпесе, биз билебиз, арабыздан эле бирөө Москвага кат жөнөтмөк.

Касым Тыныстановду актоо аракети Горбачевдук "кайра куруу" кезинде дагы башталган. Андай ишке Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун окумуштуулары кирип, 1986-жылы басмага даярдалган эки томдук "Кыргыз совет адабиятынын тарыхында" Касым Тыныстановдун чыгармачылыгы тууралуу кең-кесири маалымат берилген.

Совет өлкөсүндө айкындуулуктун желаргысы согуп, тарыхтын "актай" барактары толукталып жаткан чакта деле Касым Тыныстановдун атынын аталышына каршы чыккан, анын чыгармаларынын жарыяланышын жактырбагандар көп экен. Эки томдуктун чыгышы кечеңдеп, эмгектин авторлору менен коммунисттик догма, стереотиптерди жактагандар ортосунда талаш чыгып, соңунда ошол кездеги партиялык, коопсуздук кызмат жетекчилеринин каршылыгынан эки томдукта Касым Тыныстанов тууралуу кыска маалымат берүү менен чектелишкен.

Бул ирет Кыргызстан компартиясынын аткаминерлеринин сунушу менен талаштуу маселени чечип берүү милдети КПСС БКнын тапшырмасы менен келген москвалык белгилүү адабиятчыларга жүктөлгөн. Алардын сунушуна ылайык Молдо Кылыч, Касым Тыныстановдун чыгармаларын илимий түшүндүрмөлөрү менен толук басып чыгаруу чечими 1987-жылы кабыл алынган. Жарым кылымдан ашуун Касым Тыныстановду куугунтуктоого ошону менен чекит коюлган. Бирок мурдагы коммунисттик өкүмзор бийликтин жаалы кайткан менен, бул жылдары Кыргызстанды экономикалык оорчулук каптап, кыйла жылдар басылып жаткан баа жеткис интеллектуалдык байлыктардын жарыкка чыгышы арасат ишке айланып, ортодо СССР деген коммунисттик империя кулап түштү. Москвалык адабиятчылардын сунушу менен жарыкка чыкчу Касым Тыныстановдун илимий эмгектери, көркөм чыгармалары ушул кезге чейин толук жарыялана элек. Демократия, базар экономикасы шартында бул маселенин алдында каражат деген чоң тоскоол туруп калган.

Эмнеликтен сталиндик заманда атылып, Хрущевдук доордо толук акталган Касым Тыныстановдун жарым кылымдан ашуун аты аталбай, анын кыргыз илими менен адабият тарыхындагы ордун аныктап, илимий эмгектери менен чыгармаларын чыгарып, ак жерден куугунтук курмандыгына айланган инсандын акталышына көшөрүп каршы турушун, мындайда өкүмү зор Москваны да укпай, кабыл алынган чечимди аткарбай, кыйла жылдар маанилүү документти катып отурушканы ушу азыр да табышмак.

Архивдик документтерде ал кездеги республика жетекчиси Исхак Раззаковдун, кийин анын ордун баскан Турдакун Усубалиевдин, бийликтин жогорку тепкичинде турган белгилүү тарыхый инсандардын Касым Тыныстановдун эмгектери менен чыгармаларын окубай туруп ачуу сынга алган сөздөрүн окуп отуруп, кыргыз тили илими менен адабиятына ак дилден кызмат кылган таланттуу инсандын атын тарыхтан биротоло өчүрүп коюу аракетинин артында кандай максат, мүдөө-кызыкчылыктар турганын түшүнүү кыйын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG