Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:03

Ушул аптада Бишкекте кыргызстандык режиссер Алижан Насировдун "Ата-Бейит" даректүү тасмасынын бет ачары болот.

Буга чейин тасма Татарстанда өткөн Мусулман кинолорунун фестивалында биринчи орунду алган.

Тасмада 1938-жылы саясый куугунтукка кабылып, Чоң-Таш айылынын чет жагына жашыруун көмүлгөн шейиттердин сөөгүн табуу жана казып алуу иштери чагылдырылган.

Адистер бул 80 жыл мурун болгон саясий куугунтук тууралуу тартылган алгачкы даректүү тасма экенин белгилеп, Кыргызстанда репрессия темасын изилдөө коңшу мамлекеттерге караганда жайбаракат жүрүп жатканын айтышууда.

Тасмадан бир көрүнүш
Тасмадан бир көрүнүш

Тасма 1938-жылы күнөөсүз атылгандардын күбөсү болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын эскерүүлөрүнүн негизинде тартылган. Сюжетте 1991-жылы 138 сөөктү казууда башында турган ошол кездеги Мамлекеттик коопсуздук комитетинин капитаны Болот Абдрахмановдун жана бул теманы изилдеген тарыхчылардын маалыматтары камтылган.

Режиссер Алижан Насировдун айтымында, фильм тек гана эскерүүлөр менен чектелбейт. 38 мүнөткө созулган даректүү баянда сөөктөрдү казып алган учурда тартылган, буга чейин коомчулукка көрсөтүлбөгөн кадрлар пайдаланылды:

- Ошолордун баары архивдик материалдар менен далилденип көрсөтүлөт. Казуу ишине кимдер катышкан, сөөктөр кантип жатат, айтор баары тартылган. Алардын ичинен менин зээнимди кейиткен кадрлардын бири: ошол жерде көмүлгөндөрдүн биринин коюнуна катылган нан табылат. Жусуп Абдырахмановдун кээ бир эскерүүлөрүн эске алганда, демек ага бирөөлөр сырттан азык-түлүк алып кирген. Бирок маркум ошол нанын жегенге да жетишпей калган экен.

"Ата-Бейиттеги" Үркүн жаңырыгы

1916-жылкы улуттук боштондук күрөшүнө арналган эстелик кечээ, 2-сентябрда "Ата-Бейит" комплексинде ачылды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ачылышка Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын өкүлдөрү келген жок.

Алижан 30-жылдардагы саясий репрессия тууралуу тасма тартуу аракетин мындан үч жыл мурун тарыхчы-журналист Абдыбек Казыевдин сунушу менен баштаган экен. Бирок ал каражатты көп талап кылган, анан калса тарыхчылар тарабынан толук изилденбеген өтө чоң тема экендигине көзү жеткенден кийин чогулган материалдардын арасынан "Ата-Бейит" даректүү тасмасын өз алдынча алып чыккан.

Тасманын сценарийин жазган Абдыбек Казыев 30-жылдардагы репрессия дагы да тереңден, ар тараптан изилдене турган тема экенин, бул тасмада ошол саясий репрессиянын бир гана өңүтү тууралуу кеп болгонун айтты:

- "Ата-Бейитте" табылган сөөктөрдүн арасында ошол доордун эле эмес, бүгүнкү күндө да кыргыз интеллигенциясынын көч башында деп айтса боло турган инсандар болгону белгилүү. Алардын кийген кийиминен өздөрү тууралуу чыккан соттун өкүмүнүн көчүрмөсү табылган. Айрымдарынын жанында өздүгүн аныктаган документтер болгон экен. Ал тасмада даана көрсөтүлүп жатат. Кийин сыртка алып чыгып музейге койгондо упурап, сапатын жоготкон. Тасмада казуу ишине катышкандар кагаздарды даана окуп берип жатат.

Тасмадан бир көрүнүш.
Тасмадан бир көрүнүш.

Казыев буга чейин "Ата-Бейит" таржымалы телеберүү форматында гана тартылып келсе, бул жолу даректүү окуя кинонун тилине салынып, көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болду деген ойдо.

Тарыхчы Жумагул Байдилдеев Совет мамлекетинде саясый куугунтуктардын күчөп турган учуру 1937-1938-жылдарга туура келерин айтып, Кыргызстанда бул тема тууралуу кино тартуу эле эмес, тарыхый жактан изилдөө да коңшу мамлекеттерден айырмаланып өтө жай жүрүп жатканын белгиледи:

- Көркөм фильмдер тууралуу айтпай эле коеюн. Репрессия темасы боюнча даректүү тасма тартуу жагынан да эң арттабыз. Илимпоздор колунан келишинче аракет кылып, мындан үч-төрт жыл мурун ошол саясый куугунтуктун курмандыгы болгон Ишеналы Арабаев тууралуу даректүү тасманын сценарийин түзүп, даярдап, өкмөткө чейин кайрылуу кылып бергенбиз. Бирок акчанын жоктугунан улам бул долбоор токтоп калды. Ошондуктан мен бул багытта мамлекеттик деңгээлде камкордук керек деп ойлойм.

Байдилдеев тарыхчылар арасында 1938-жылы Кыргызстандан 40 миңге чукул киши репрессия курмандыгы болгону тууралуу божомол бар экенин, ушул убакка чейин алардын сөөгү кайда жашырылганы сыр болуп жүргөнүн, ал эми "Ата-Бейит" ошол белгисиз кабырлардын бири болгонун кошумчалады.

Бишкекте Алижан Насировдун "Ата-Бейит" даректүү тасмасынын бет ачары 16-мартта өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG