Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:21

Кыргыз коому теолог адистерге муктаж


Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов.

Кыргызстандын алгачкы теология факультети 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинде ачылган.

Ушул күнгө чейин аны 600гө жакын улан-кыз бүтүрдү. Бирок факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн 10 пайызы гана диний тармакта кызмат кылат. Диний жаатта адис болчу теология факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү эмнеге өз тармагында эмгектенишпейт? Теология факультеттери экстремизмге жана терроризмге каршы идеологиялык күрөш жүргүзө алабы?

Бул суроолорду Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимовго жана анын орун басары Фархат Гөкчеге узаттык.

Мырзаибраимов: Теология факультетин ачуу туура чечим болгон

"Азаттык": ​Самаган мырза, алгач факультетиңиздердин максаты, миссиясы жөнүндө айтып берсеңиз?

Самаган Мырзаибраимов: Ош мамлекеттик университетинин теология факультети 23 жыл мурда Кыргыз Республикасындагы жарандардын негизги бөлүгүн түзгөн мусулмандардын диний түшүнүгүн жогорулатуу жана калыптанган диндик түшүнүктү туура түшүндүрүү максатында Түркия мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Ошол мезгилдеги факультетти ачуу чечими туура болгондугу бүгүнкү күндө сезилип турат. Себеби факультетти ачуудагы негизги миссиябыз - ислам дининин матуридий жана ханафий мазхабына тиешелүү динди үйрөтүү эле. Бүгүнкү күндө ал экстремизмге, фундаментализмге каршы күч, калкан экендигин көрүп турабыз. Ошондуктан факультетибиздин маанилүүлүгү бүгүнкү күндө да сезилип турат деп ойлойм.

"Азаттык": ​Макул, муну сиздер сезишиңиздер мүмкүн, бирок мамлекет же болбосо коомчулук, өзгөчө диний чөйрө сезип жатабы?

Радикал топтор аялдарды желдет кылууда

Жалал-Абад облустук соту “шейит” катары жалдап Сирияга жөнөтүү үчүн кыз-келиндерди азгырган деген айып менен соттолгон эне-кыз боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Самаган Мырзаибраимов: Жасалып жаткан иш-аракеттерге карасак, сезилерлик иштер бар экенин байкоого болот. Себеп дегенде, ошол эле биздин муфтиятыбыз, казыяттарыбыз менен аткарып жаткан иш-чараларыбыз, имамдар курсунун биздин факультетте уюштурулушу жана биздин мугалимдердин сабак өтүүсү, Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна барып семинарларды уюштуруусу, тиешелүү мамлекеттик органдар менен болгон биздин иш-чараларыбыз муну көрсөтүүдө. Демек биздин факультеттеги окутулуп жаткан диний баалуулуктардын, диний түшүнүктөрдүн Кыргызстанга, дегеле исламды түшүнүп жашагысы келген жарандарыбыз үчүн керектүү маалыматтар экендигин айтууга болот. Факультеттеги окутуучулар, теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү тармагында, айрыкча динди түшүндүрүү жаатында милдеттерин аткарууда.

"Азаттык": Албетте, бул жерде илимдин докторлору, кандидаттары отурат да. Бирок бүтүрүүчүлөрдүн абалы кандай, бүтүрүүчүлөр эмне кылып жатышат?

Самаган Мырзаибраимов.
Самаган Мырзаибраимов.

Самаган Мырзаибраимов: Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу бүгүнкү күндө бир эле биздин факультетке эмес, дегеле бардык окуу жайларга тиешелүү оор маселе. Мүмкүн кайсыл бир учурларда факультеттеги бүтүрүүчүлөрдүн сапаты жетишээрлик деңгээлде болбогондур. Мүмкүн биз аларга ушул факультеттин маанилүүлүгүн түшүндүрө албагандырбыз. Мүмкүн билип-билбей бут тосуулар болгондур. Буга бир нече факторлор бар, бирок акыркы беш жылды алып карай турган болсок, биздин окуу программаларыбыз Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырылганын, окуулардын сапатынын жогорулаганын жана абитуриенттерди кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөрдү берүүдө ийгиликке жетишкенибизди айта алам. Мисалы, жакында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Ош шаардык жана облустук казыяттардын жетекчилерин чакырып биз жөнүндөгү бардык сын-пикирлерин, сунуштарын уктук. Азыр ошол кемчиликтерибизди жоюуга аракет кылуудабыз. Бүгүн Кыргызстандын шарттарына ылайык, динди түшүндүрүүдө кандай кемчилигибиз болсо, биз оңдогонго даярбыз. Мындан сырткары бизге түздөн-түз тиешеси жок маселелер да бар. Мисалы, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу, мектептерге диндер маданиятынын тарыхы предметин киргизүү сыяктуу.

Теология факультети даярдап, басып чыгарган китептер.
Теология факультети даярдап, басып чыгарган китептер.

"Азаттык": ​Мамлекеттин факультетке болгон колдоосу мурдагыга караганда жакшырдыбы? Көз карашы кандай? Сиздердин керектүү экениңиздерди жеткиликтүү деңгээлде түшүнүп жатат деп ойлойсузбу?

Самаган Мырзаибраимов: Президенттин жетекчилиги менен уюштурулган Коопсуздук кеңешинин жыйындарында жана чечимдеринде теология факультеттеринин маанилүүлүгү жөнүндө айтылып келет. Экинчиден, бизде теологиялык багыттагы сабактар Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген мамлекеттик стандартка ылайык өтүлүп жатат. Бул деген сөз азыркы учурга жараша түшүнө алган жана түшүндүрө алган адистерди берүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы мезгилде мамлекеттик органдар шартка жараша, өздөрүнүн деңгээлине, мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бизге маани берип жатат деп ойлойм. Ал эми кээ бир учурларда, кээ бир мамлекеттик кызматтарга, же болбосо бизге тиешелүү болгон диний чөйрөдө бүтүрүүчүлөрүбүз жумушка орношо албай калып жатса, биз аны масштабдуу бир маселе катары карабайбыз. Факультет катары биз азыр бардык мамлекеттик уюмдар жана диний уюмдар менен жакшы ымала менен иштешип жатабыз деп айта алам.

Ферхат Гөкче: Муфтият ишибизди жогору баалоодо

"Азаттык": Ферхат мырза, сизге да белгилүү болгондой, мамлекет жана муфтият ханафий мазхабы жана матуридий ишеними Кыргызстандын дин түшүнүгүнүн негизин түзөт жана ханафий мазхабын колдоо керек деген көз карашты карманууда. Бирок бул ислам түшүнүгү жөнүндө элдин калың катмары көп биле бербейт эмеспи. Сиздердин факультет акыркы мезгилде ханафийлик жана матуридий ишеними жөнүндө көп китептерди чыгара баштады. Факультетиңиздердин ачылганына 23 жыл болсо да эмне себептен бул китептерди эми чыгарып жатасыздар?

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Ферхат Гөкче: Чындыгында бул китептердин жарык көрүшү ушул учурга туш келди. Себеби китептерди илимпоздор жазат эмеспи. Биздин теология факультетибиздин мугалимдери эми бышып жетилди, ошондуктан бул китептер эми жарык көрүүдө. Буга кошумча факультетибиздин мугалимдеринин докторлук диссертациялары алардын кабинеттеринде эле турган. Биз бул эмгектердин системалуу жана ирети менен жарык көрүүсүнө шарт түзүп бердик.

"Азаттык": Дагы тагыраак айтып берсеңиз, кандай китептерди жарыяладыңыздар?

Ферхат Гөкче: Алгач элибиз Курандын маанилеринин кыргызча котормосуна муктаж деп ойлодук. Куранды кыргызчага котортсокпу же Курандын даяр котормосун басып чыгаралыбы деп ойлодук. Курандын даяр котормолорунун ичинен кайсынысы сиздерге жагат деп муфтиятка суроо салдык. Алар Садыбакас Доолов мырзанын котормосун сунушташты. Биз болсо, ошол котормону дагы бир жолу редакциялык текшерүүдөн өткөргөндөн кийин сапаттуу кылып, өзгөчө жана кооз кылып басып чыгардык. Куран котормосунун алгачкы бөлүгү Түркияда басылып келди. Калгандары да келет буюрса.

Теология факультети даярдап, басып чыгарган китептер.
Теология факультети даярдап, басып чыгарган китептер.

Экинчи иш катары хадис тармагы боюнча китеп чыгаралы деп чечтик. Түркияда 10 жылдык убакыттын ичинде “Хадистердин негизинде ислам” деген 7 томдук китеп даярдалган эле. Биз ошол китепти кыргызчага которолу деп чечтик. Бул китеп жалгыз эле хадистердин жыйнагы болуп эсептелинбейт. Хадистер 320дан ашык теманын айланасында чечмеленип берилген. Жалгыз эле ишеним, ибадат маселеси эмес, тарых, маданият, илим-билим сыяктуу да маселелер каралган. Мунун баары хадистерге негизделген. Китепти которуп эле тим болбостон, аны тилчилерге да текшерттик. Маанисинин өзгөрүп-өзгөрбөгөнүн билиш үчүн эки жолу атайын комиссия түздүк. Алар кайра-кайра окуп чыгышты.

Ферхат Гөкче.
Ферхат Гөкче.

"Азаттык": Коомчулук тарабынан сынга кабылбайлы дегенсиздер го.

Ферхат Гөкче: Албетте. Бирок биз үчүн хадистердин маанисинин өзгөрбөшү жана чечмеленишинин да хадистерге ылайык болуусу маанилүү эле. Ошол себептен бул иш аябагандай көп убакыт алды. Апрель айында бул жумуш аягына чыгат го деген ойдобуз.

Мындан сырткары, сабак берип жатканда теология жаатында кыргыз тилиндеги окуу китептеринин жетишсиз экенин байкадык. Медреселерде да мугалимдер сабак берип жатканда окуу китептерине аябай муктаж экени шексиз. Андыктан биз укук, тарых, ишеним жана башка тармактар боюнча адис мугалимдерге өздөрүнүн адистигине байланыштуу окуу китептерин жазууну сунуштадык. Көпчүлүгү даярдап бүтүп калышты. Кээ бир китептер кийинки жылда даяр болчудай.

Анан дагы биз, жогоруда айтылгандай, мугалимдерибиздин доктордук эмгектерин кыргызчага жана орусчага которууга аракет кылуудабыз. Илимпоз мугалимдерибиз Кыргызстан жана Борбордук Азияга байланыштуу маанилүү маселелерди өздөрүнүн илимий иштеринде изилдешкен. Андыктан аларды да басып чыгарууну туура деп таптык. Басылып чыгарылган китептер коомчулук жана илимий чөйрө тарабынан жогору бааланууда. Мисалы, Али Жусубалиев агайыбыздын “Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы” деген китеби Ош мамлекеттик университетинде “жылдын эң мыкты китеби” деп таанылды. Ошондой эле Зайнабидин Ажымаматовдун “Абу Ханифа жана анын окуусунун Фергана өрөөнүндөгү калыптануусу” деп аталган китеби диний чөйрөдө өз ордун тапты деген ойдомун.

Теология факультети даярдап, басып чыгарган китептер.
Теология факультети даярдап, басып чыгарган китептер.

"Азаттык": ​Ханафий мазхабынын негизделишине салым кошкон борборазиялык аалымдардын китептерин да которуп жатыпсыздар.

Ферхат Гөкче: Бул аймактан чыккан аалымдар жана алар жазып калтырган эмгектер элибиз үчүн баа жеткис деп ойлойбуз. Бул максатта оштук аалым Али бин Ошинин китебин арапчадан котордук жана ал китептин аркасына Ошинин китебинин арапча текстин да кошуп чыгардык. Элибиз ордолуу Оштон чыккан бул аалымды таанып билиши керек го деген ойдобуз. Мындан ары да ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин негиздеген аалымдарыбыздын китептери менен коомчулукту тааныштырууну улантмакчыбыз. Өзгөчө дин кызматкерлери жана имамдар аалымдардын китептерине аябагандай чоң маани беришүүдө.

"Азаттык": ​Муфтияттын сиздер басып чыгарып жаткан китептерге көз карашы кандай? Колдоо көрсөтүп жатабы?

Ферхат Гөкче: Муфтият биздин бул аракетибизди жогору баалоодо жана ал тараптан жакшы пикирлерди угуп жатабыз. “Хадистердин негизинде ислам” деген 7 томдук китепти биз муфтияттын аты менен чыгарууну пландаштыруудабыз. Ошондой эле муфтияттын талабына ылайык аймактагы ар бир чоң мечитке 30 китептен турган жыйнак тараттык.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, биз жаш балдар-кыздарга арналган китептерди да басып чыгаруудабыз. Мен Ошко алгачкы жолу келгенде китепканаларда жаш балдарга арналган диний китептердин аз экенин байкадым. Балдарыбызга динди жөнөкөй жана жеткиликтүү кылып түшүндүрүү максатында кыска дубалардан турган, кыска хадистерди камтыган, аңгемелерден турган китептерди чыгара баштадык. 40 аят, 40 хадис сыяктуу китептерди балдарыбызга арнап чыгардык. Жаш балдар китепти сүйсүн деп китептерди сапаттуу кагаз менен даярдап, башка китептердей эле бекер таратып жатабыз.

Мындан сырткары диний терминдердин сөздүгүн даярдоо боюнча иш алып баруудабыз. Жети киши азыркы учурда бул максатта иштөөдө. Себеби терминдер илимий иш-аракеттин негизин түзөт эмеспи. Келе жаткан жылда бул сөздүк даяр болот деп ишенебиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG